23 апреля, 2024

“Кулак-мээ тынч деп балага телефон кармата салбагыла!”

Коомдук транспортто же ар кандай мекемелерде, конокко барганда балага телефон кармата салган ата-энелерди байкасаңыз керек. Ата-эне да аргасыз, колунан жулуп алса баласы чырылдайт. Ɵкʏнʏчтʏʏ бирок, ушундай коомдо жашап жатабыз. Биз сɵз кыла турчу тема телефон эмес,  балдардагы агрессиянын кʏчɵп баратышы тууралуу болмокчу. А агрессиянын кʏчɵшʏнɵ смартфондор тʏздɵн-тʏз таасир этет дейт психологдор…

Дɵɵлɵткан Кабыкова, психолог:

Yй-бʏлɵ жана коомдогу агрессия

-Азыркы убакта балдардын агрессивдʏʏ боло баштаганына ʏй-бʏлɵдɵгʏ жана коомдогу агрессиянын кɵбɵйʏшʏ себеп болууда. Балдарга карата зордук-зомбулук кɵбɵйгɵнʏ тынбай айтылып келет. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой, жакында 7 жашар кыз тамак жебегендиктен каза болуп калды. Бул да зомбулуктун бир тʏрʏ. Эгер ушинтип кыздарга, балдарга кɵңʏл бурулбай, мээрим жетишпесе баары агрессивдʏʏ болуп чоңоюшат. Ошонун айынан бала ата-энесине нааразы болот. Кɵпчʏлʏк адамдар тʏшʏнбɵй эле “ата-энеге нааразы болгон туура эмес” деп айтышат. Ата-эне деле сыйга татыктуу болушу керек да. Эгер ата-эненин талаш-тартышы бʏтпɵй, атасы апасына кол кɵтɵрсɵ, апасы атасын жек кɵрʏп, балдарынын кɵзʏнчɵ жамандаса ошол нерсенин баарын бала ɵзʏнɵ сиңирип алат. Буга мектептеги балдар арасында бири-бирин бɵлмɵй, чоң балдардын коркутуп ар нерсени талап кылган сыяктуу окуялар да кошумча болот. Бул эле эмес, интернет тармагындагы тʏрдʏʏ мыкаачылыкты чагылдырган видеолор, бири-бирин атып ɵлтʏрмɵй оюндарды да кошпосок болбойт. Мисалы, коомдук транспортто баратып бирɵɵнʏн бутун басып алсаң жаңжал чыгып кетиши мʏмкʏн. Ушундай учурларда айрыкча чоң адамдар токтоолугун кɵрсɵтʏп, бири-бирин сыйлап, мектептеги мугалимдер окуучуларга талап коё бербей, сый мамиле жасай билсе агрессиялуу балдардын кɵбɵйʏшʏн алдын алган болобуз.

“Мээримдʏʏ балдар жакшы тамактан эмес, жакшы сɵздɵн жаралат”

-Кɵйгɵйдʏ чечʏʏнʏн жолун издеп баштаганда аны пайда кылган себептерин жок кылууга туура келет. Эң биринчиден ʏйдɵгʏ моралдык, психологиялык абал жакшы болсун. Бул баланын жакшы кийимдерди кийип, жакшы тамак жеп, жакшы мектепте окушуна байланыштуу эмес. Эң негизгиси жакшы сɵз угушунда. Эгер ата-эне баланы эле эмес, бири-бирин да сыйласа курсактын ач же ток экени ɵтɵ маанилʏʏ болбой калат. Жашоо-турмушу татаал, бир аз каражаты жетишпеген ʏй-бʏлɵлɵрдɵ деле акылдуу, мээримдʏʏ адамдар чыгып келген.

“Балага тегиз мамиле жасалбаса бир тууганын да жек кɵрʏп калуусу мʏмкʏн”

-Бир ʏй-бʏлɵдɵ 5-6 же андан да кɵп бала болушу мʏмкʏн. Айрым учурда ата-энеге балдарынын баарына тегиз мамиле жасагандай туюлат. Бирок, ɵздɵрʏ байкабаган абалда кичʏʏсʏнɵ же башка акылдуураак баласына кɵбʏрɵɵк кɵңʏл бɵлʏп, тынбай эркелетиши мʏмкʏн. Бул башка балдарда нааразычылык жаратат. Адатта мындай кɵйгɵйгɵ улуу балдар кɵп кабылышат. Ошондуктан ата-эне бир баласын ашыкча жакшы кɵрʏп, ашыкча эркелетип жатканда экинчисин да унутпашы керек. Болбосо, бала бир тууганын да жек кɵрʏп калуусу мʏмкʏн. Мындан сырткары ата-эне балдарын эле жакшы кɵрʏп калбастан, бир туугандарды бири-бирине кʏйʏмдʏʏ болууга ʏйрɵтʏʏ керек. Кантип ʏйрɵтɵт? Ɵздɵрʏнʏн бир тууганына, ата-энесине кылган жакшы мамилесин ʏлгʏ кылып. Эгер ата-эне ɵз бир туугандарына, жакындарына жакшы мамиле жасабаса, балдарды ʏйрɵтʏʏдɵн пайда жок.

Акчач Жолдошева, психолог:

“Балага кɵзɵмɵл керек”

-Биз жашап жаткан коомдо ар бир баланын колунда телефон бар. Мектептен келери менен сумкасын ыргытып, телефонун алганга шашышат. Оюндардын тʏрʏн ойноп, тикток, инстаграм, ютуб сыяктуу социалдык баракчаларды да активдʏʏ колдонушат. Мындай учурда ɵсʏп келе жаткан организмдин нерв системалары козголуп, балдар ɵздɵрʏнɵ жасалган мамилеге туруштук бере албай, ар бир сɵзгɵ жини келип, кыйкырып сʏйлɵп, эшикти катуу жаап мʏнɵзʏ терс жакка ɵзгɵрʏшʏ мʏмкʏн. Мындай балдарды тарбиялоодо психологдордун сунушу, ошол телефон балага кайсыл учурда керек экенин аныктап, колдонууга чектɵɵ киргизиш керек. Мисалы, мектепке эрте менен 8де кетип 11де келе турган болсо, кийимдерин алмаштырып, тамактанып, андан кийин тапшырмаларын карасын. Тапшырмаларын бʏтсɵ гана телефонду бериңиздер. Контроль сɵзсʏз болуусу керек. Тилекке каршы, кɵпчʏлʏк ата-энелер ушул нерсеге кɵңʏл бурбайт. Телефонду карматып коюп, кулак-мээси тынч ɵз иштерин бʏткɵрʏп жʏрɵ беришет. Негизи колубузда турган смартфондор атайы маалыматты ыкчам жеткирʏʏ иш-аракеттерин жасоого ылайыкташылган. Ушуну балдарга жеткире билиңиздер. Кээ бир балдар телефондо болуп жаткан мультфильм же берʏʏлɵрдʏ телевизордон коюп берсең кɵрбɵйт. Анткени ал балада телефонго болгон кɵз карандылык пайда болду, керектɵɵсʏн ошол нерсе кандыргандай туюлат. 

Бала ɵтɵ агрессивдʏʏ болсо…

-Эгер бала ɵтɵ агрессивдʏʏ болуп, эч кимди укпай, сырттагы адамдар менен мамиле тʏзɵ албай жаткан болсо тийиштʏʏ адистерден кеңеш алган оң. Балким, баланын бир жери ооруп жаткандыр же сʏйлɵй албай, сɵздɵргɵ тили келбей кежирленип жаткандыр, буга ата-эне кылдаттык менен байкоо жʏргʏзʏшʏ керек.

“Мультфильмдерди талкуулоо баланын ой жʏгʏртʏʏсʏн ɵстʏрɵт”

-Балким, азыркы балдар мурдагыдай жомок угуп, китеп окубай калгандыр. Ошондуктан телевизор аркылуу тарбиялык мааниси бар берʏʏлɵрдʏ кɵргɵнʏ жакшы. Балага айткандан кɵрɵ кɵз менен кɵргɵн кɵбʏрɵɵк таасир калтырат. Телеканалдарда кыргыз, орус тилдʏʏ берʏʏлɵр, мультфильмдер абдан кɵп. Ошолорду кɵргɵн соң жɵн эле калып калбай, аны талкуулашса баланын ой жʏгʏртʏʏсʏн ɵстʏрɵт.

“Салт-санааларыбызды чагылдырган тойлор балага укмуш таасир калтырат”

-Албетте, улут болгондон кийин ɵзʏбʏзгɵ тиешелʏʏ баалуулуктарды, салт-санааларыбызды унутта калтырбай ала жʏрʏшʏбʏз абзел. Мунун баарын оозеки айтып жеткирем десеңиздер баланы бир аз тажатышы мʏмкʏн. Ошондуктан аларды кʏнʏмдʏк жашоодо оюндар аркылуу жасап кɵргɵзгɵнгɵ аракет кылалы. Мисалы, жентек той, сʏннɵт той жана башка ʏрп-адаттарыбызды кенен чагылдырган тойлорго балдарды ээрчите барган жакшы. Бала ал тойго катышып, ар кандай белектерди алып кайтса, мындай эмоционалдуу жʏрʏм-турум укмуш таасир калтырып, кɵпкɵ чейин эсинде сакталат.

Айжылдыз  Тойчиева