19 апреля, 2024

“Жылда кышта суу колдонуу кыскарса, быйыл нормадан ашып кетти”

Ɵлкɵдɵ 11-январдан тарта катуу суук башталды. Бул жарандарды эле эмес, суу, электр жарыгы менен камсыз кылган бир топ коммуналдык ишканаларды тʏйшʏккɵ салды. Шаар четиндеги турак ʏйлɵрдɵ суулар тоңуп, жарандар суусуз калса, кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ суунун басымы тɵмɵндɵдʏ. Бул боюнча  “Ош шаарсууканал” ишканасынын сатуу жана жыйым боюнча  орун басары Таалайбек Кожоев жооп берди.

-Таалайбек Шайлообаевич, акыркы учурда ɵлкɵдɵгʏ катуу суук баарыбызды тʏйшʏккɵ салып койду, бул багытта сиздерде кандай иштер аткарылууда?

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ “Ош шаарсууканал” ишканасы сууну абоненттерге жеткирип берʏʏ жана суу тʏтʏктɵрʏн тазалоо боюнча жумуштарды аткарууда. Буга чейин кандай иштерди алып барсак, учурда деле ошону менен алекпиз. Айдын 16сына чейин абанын температурасы кескин тɵмɵндɵп, 20 градустан тɵмɵн тʏшʏп кеткендигине байланыштуу биздин шаар тургундарынын кɵпчʏлʏгʏнʏн кышка даяр эмес экендиги белгилʏʏ болуп калды. Кɵп жылдан бери мындай кыш оор болуп, суук катуу болбогонуна байланыштуу шаардагы абоненттерде суу тоңуп калуу, суу жетпей калуу кɵйгɵйʏ кыш мезгилинде болгон эмес эле. Себеби кʏз айларында ишкана тарабынан кышкы режимге ɵтʏп, ошол учурда жайкы мезгилге караганда 25-30 пайызга суу колдонуу кыскарат эле. Тескерисинче, азыркы кʏндɵ акыркы бир жума ичинде сууну колдонуу нормадан ашып кетти. Себеби абоненттер тарабынан кɵбʏнчɵ жер тамда жашагандар же болбосо жалпы жатаканада жашаган жарандар имараттын сыртынан суу тʏтʏктɵрʏн тартып алгандыгына байланыштуу санитардык норма сакталбай, суу тоңуп калуу акыркы учурларда кɵп катталды. Бизге “суу тоңуп калды”деген арыз, даттануулар тʏшкɵндɵ ар бир ʏйгɵ барып, жеринде кɵрʏп, сууну чыгара турган болсо чыгарып берʏʏ жумуштарын аткарып жатабыз. Ал эми негизги суу тʏтʏктɵрʏндɵ, шаардын негизги магистралдарында “суу тоңуп калды же жарылып кетти” деген азырынча болгон жок. Ишкана кадимки штаттык негизде жумуш алып барып жатат.

Ош шаарында 40 миңдей жеке турак ʏйлɵр бар, аны менен катар шаардын чекесинде жайгашкан Кара-Суу районуна караштуу жерлерди да суу менен камсыз кылып келебиз. 40 миңдей абоненттин баары суусун ачканына байланыштуу суунун басымы тʏшʏп кетип, кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн 3-4-кабаттарына сууну берʏʏ азайды. Суу учурда ʏзгʏлтʏксʏз берилип жатат, суук мезгилдерде да берилди.

-Адис катары айтсаңыз, ошол суунун тоңуп калуусунун негизги себеби эмнеде болду?

-Кɵпчʏлʏк учурда абоненттердин ɵздɵрʏндɵ кʏнɵɵ бар экенин да айта кетишибиз керек. Суу тʏтʏктɵрʏн тартууда жерди 70 сантиметрден тɵмɵн казуу керек. Кɵпчʏлʏк жарандар ушул талапты аткарбай, 25-30 см тартып, ошонун кесепетинен кɵпчʏлʏк ʏйлɵрдɵ суу тоңуп калуу кɵйгɵйʏ болду. Суу тʏтʏктɵрʏн кɵмʏп эле койбой изоляция кылуу талапка ылайык. Кээ бир учурда 10 см казып, суу тʏтʏктɵрʏн жаткырган учурлар болот. Ушундан улам суу тоңуп калган кɵйгɵй кɵп болот. Бул жарандардын кышка даяр эместигинен кабар берет. Ошондуктан сууну сливке ылайык тартуу 70 сантиметрден тɵмɵн кɵмʏш керек.

Суу тоңуп калган  жер-жерлерде маселени чечип, азыркы кʏндɵ кʏн бир аз жылып, абанын температурасы тʏштʏ. Суу жетпей калуу кɵйгɵйʏ азайды десек болот. Андан сырткары биздин кызматкерлер тарабынан ар бир ʏйдʏ, кɵчɵнʏ кыдырып сууну кантип изоляция кылуу керек, кандай болгон учурда тоңбойт тʏшʏндʏрʏʏ иштерин, рейддерди жʏргʏзʏп жатабыз.

-Сууну пайдалануу боюнча сиздерде атайын нормага салынган лимит бар да, мезгилдер менен салыштырганда баары бир жай мезгилинде суу кɵп коротулат болуш керек, учурдагы лимит канча куб сууну тʏзʏп жатат? Жаңы жылдан баштап ичʏʏчʏ сууга болгон тɵлɵм тууралуу да окурмандарга маалымат бере кетсеңиз.

-Суунун кɵлɵмʏ тууралуу айта турган болсом кʏнʏнɵ шаарга 130-140 миң метр куб суу беребиз. Ошондой эле кʏнʏнɵ 80 миң метр куб саркынды суусу тазаланат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдагы №74 токтомунун негизинде мурда1 куб суунун баасы 5 сом 31 тыйын болсо, бʏгʏнкʏ кʏндɵ 6 сом 88 тыйын болду. Ал эми канализацияныкы 2 сом 90 тыйын болсо, азыркы кʏндɵ 1-январдан тарта 4 сом 20 тыйын болду. Кɵчɵдɵн ичкен суу (уличная колонка)  8 сом 37 тыйын болду. Ал эми короосунда суусу барлар 1 кишиге 1 айга 18 сом 94 тыйындан болсо, азыркы кʏндɵ 24 сом 06 тыйын болду. Мындан сырткары жатаканалар ʏчʏн 30 сом 57 тыйын болсо, азыр 40 сом 44 тыйын болду. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵгʏ батирлерге 1 кишиге 43 сом 30 тыйын болсо, бʏгʏнкʏ кʏндɵ 57 сом 29 тыйын болуп, 2023-жылдын 1-январынан тарта Ош шаардык Кеңешинин бекитип берген токтомунун негизинде суунуну баасы кɵтɵрʏлдʏ.

-Суу демекчи акыркы учурда ʏйлɵргɵ ичʏʏчʏ сууга фильтр койгондор арбыды, чын эле крандан чыккан сууну ичʏʏгɵ болбойбу?

-Биз Ак-Буурадан сууну алабыз, сууну алып, Кыргыз Республикасынын ичʏʏчʏ суу боюнча техникалык регламентинин нормаларына, эрежелерге, талапка ылайык тазалап, залалсыздандырып,  хлорлоп  андан соң пайдалануучууларга беребиз. Муну фильтри жок эле ичсе болот. Анткени ар саат сайын шаардын ар кайсы точкасынан биздин ɵзʏбʏздʏн лабораториянын кызматкерлери тарабынан анализдер алынып, текшерилип турат. Андан сырткары санэпидемстанция кызматкерлери да ɵздɵрʏ  каалаган учурда, каалаган жерден сууну алып, текшерʏʏ жʏргʏзʏшɵт. Эч кандай фильтри жок эле сууну ичʏʏгɵ болот, буга кепилдик беребиз.

Фильтр демекчи, шаардагы фильтр орноткон адиске суроо салдык.

Гʏлнура Жумашалиева, суу тʏтʏктɵрʏнɵ фильтр орнотуу боюнча адис:

-Крандан чыккан суу адамдын ден соолугуна кооптуу. Анткени шаардык суу канал ишканасы сууну хлор менен тазалайт. Антип тазалабаса курттар ɵлбɵйт. Хлор химиялык элемент. Эл арасында хлорду (CI) кийим тазалоочу, агартуучу жана санитардык абалды таза кармоочу каражат катары колдонуп жʏрɵбʏз. Биздин Ош шаарында суу системалары эскирген. Канча жылдар бою жердин астындагы суу тʏтʏктɵр эскилиги жеткен, тʏтʏктɵрдɵн чыккан дат дагы адам ден соолугу ʏчʏн кооптуу. Суунун тʏсʏ жок болгондуктан ичиндеги курам кɵзгɵ кɵрʏнбɵйт. Хлор бир эле сɵɵккɵ эмес, кɵзгɵ, дем алуу органдарына да зыянын тийгизет, терини кургатып салат, ошого байланыштуу жуунуучу бɵлмɵгɵ да арналган атайын фильтрлер бар. 

Бизде TDS метр деген электрондук аппарат бар. Бул суунун катуулугун же курамын текшерет. Бул тест сыяктуу. Мисалы, кара тʏс чыкса суунун курамында жез, кобальт бар болот. Ал эми кир болгон тʏс чыкса дат чыгып атканынан кабар берет. Пластик шишеде турган дʏкɵндɵн сатып алган суулар деле таза болот. Бирок суу турган сайын пластиктен зыян заттар бɵлʏнʏп чыгып баштайт. Бул ар бир адамдын тандоосу, ошентсе да ичкен суубузду абайлайлы дегим келет.

Элира Чынтемир кызы