Кыргызстанда Жогорку Кеңеш ɵзʏн-ɵзʏ таркатып, президент шайлоонун мɵɵнɵтʏн 30-ноябрга дайындады. Шайлоо жана референдум ɵткɵрʏʏ боюнча борбордук шайлоо комиссиясы округдардын чегин белгилеп, шайлоого даярдык иштерин баштады.

Шайлоо мыйзамы
2025-жылдын 30-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жɵнʏндɵ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын Жогорку Кеңеш кабыл алып, 9-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бул мыйзамдын максаты — Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун ɵркʏндɵтʏʏ, саясий коррупцияга каршы кʏрɵшʏʏ жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетʏʏ, жарандардын эл ɵкʏлдɵрʏнɵ болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Ушул жылдын 28-июлунда БШК жыйынга чогулуп, 2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жɵнʏндɵ» конституциялык Мыйзамга, ошондой эле шайлоо маселелерине байланыштуу кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларга киргизилген ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ эске алуу менен, БШКнын ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгуу иштери улантылды.
Комиссия мʏчɵлɵрʏ ченемдик укуктук актыларды жаңылоо, укуктук базаны оптималдаштыруу жана ɵркʏндɵтʏʏ, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук кызыкчылыктарын эске алуу менен шайлоо чɵйрɵсʏндɵгʏ жаңы багыттарды талдап, алар боюнча ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ сунуштоо маселесин талкуулашкан.
Жыйындын жʏрʏшʏндɵ берилген сунуштар эске алынып, тиешелʏʏ токтом долбоорлору Комиссия тарабынан бир добуштан жактырылды.
БШК ɵлкɵнʏн бардык участкаларында жана Орусиянын 5 шаарында тесттик добуш берʏʏ ɵткɵрʏʏдɵ
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-октябрда республикадагы бардык шайлоо участкаларында жаңы аралыктан добуш берʏʏ жабдыктарын колдонуу менен тесттик добуш берʏʏ ɵткɵрʏʏдɵ. Бул тууралуу БШКнын сайтында кабарланды.
Белгилʏʏ болгондой, алдыдагы парламенттик шайлоодо аралыктан (дистанциялык) добуш берʏʏ шайлоо процессиндеги жаңылыктардын бири болот.

БШК бардык каалоочуларды 2025-жылдын 20- жана 30-октябрында да ɵтɵ турган тесттик добуш берʏʏгɵ катышууга чакырат.
10-октябрда Бишкектеги ЦУМ дун имаратындагы участкада ɵткɵн тесттик добуш берʏʏгɵ коомдук жана саясий ишмерлер, ММК ɵкʏлдɵрʏ, жарандык активисттер жана башка шайлоочулар катышты. Алар жаңы система аркылуу добуш берʏʏ процедурасына кʏбɵ болуп, адистерге жана эксперттерге кызыккан суроолорун беришти.
Тесттик добуш берʏʏгɵ катышкандар жаңы жабдыктар да, система да ʏзгʏлтʏксʏз иштей тургандыгын кɵрʏштʏ.
«Системанын артыкчылыгы — шайлоочуларга дистанциялык добуш берʏʏ ʏчʏн шайлоо участогун тандоодо эркиндик берилет.
Эске салсак, тесттик добуш берʏʏ Россия Федерациясынын беш шаарында — Москвада, Новосибирскиде, Красноярскиде, Екатеринбургда жана Иркутскиде да ɵткɵрʏлʏʏдɵ.
Аралыктан добуш берʏʏ ыкмасы шайлоочулар ʏчʏн ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ максатында колдонулат.
Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган участокто добуш бере алат.
Негизги максат — жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу. Ошондой эле, аралыктан добуш берʏʏнʏ колдонуу шайлоочулардын добуш берʏʏгɵ катышуусун жогорулатууга тʏрткʏ болоору кʏтʏлʏʏдɵ», — деп айтылат маалыматта.
Шайлоочулар ʏчʏн ыңгайлуу шарттарды тʏзʏʏ максатында шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бɵлʏктɵрʏндɵ жана башка жерлерде ачылат.
Чет ɵлкɵлɵрдɵ кошумча дагы 41 шайлоо участогун ачуу пландалууда.

Шайлоого даярдык
БШКнын тɵрагасы Тынчтык Шайназаров буга чейин бир катар ЖМКларга маек куруп, шайлоо боюнча даярдыктар, аралыктан шайлоо жана талапкерлердин кʏрɵɵ акысы тууралуу кенен маалымат берген.
Анын айтымында, аралыктан добуш берʏʏ жɵнɵкɵйлɵтʏлгɵн. Эми жарандар Ош шаарындагы каалаган шайлоо участкасына кирип, ɵзʏнʏн шайлоо участкасы боюнча катталган талапкерге добуш бере алат.
«Биздин сунуш менен мыйзамга алыстан добуш берʏʏ нормасы киргизилди. Бул эмнени билдирет? Мисалы, сиз Бишкекте катталгансыз, бирок шайлоо кʏнʏ Нарында, Баткенде, Таласта же чет ɵлкɵдɵ – Россияда, Европада, АКШда болсоңуз да, каалаган участокко барып, ID-карта, чет элдик паспорт же «Тʏндʏк» тиркемеси аркылуу добуш бере аласыз. Сизге Бишкектеги округуңуздун бюллетени берилет жана ошол жерден добуш бересиз.
Мурда чет ɵлкɵдɵ жашагандар консулдукка катталып, арыз жазып, кɵп бюрократияга туш болушчу. Эми бул талап жок. Шайлоо кʏнʏ барып эле добуш берʏʏгɵ болот. Ички миграция ʏчʏн да шарт жеңилдетилди. Мурда Бишкекте катталып, Нарында жʏрсɵңʏз, добуш бере албайт элеңиз. Эми бере аласыз.
Бул система жарандардын укуктарын кеңейтет, шайлоого катышууну жеңилдетет. Мен билишимче, мындай тажрыйба дʏйнɵнʏн башка ɵлкɵлɵрʏндɵ дээрлик жок», — деген ал.
Шайназаров кошумчалагандай, бир шайлоочу бир гана талапкерге добуш бере алат.
«Шайлоочу участокко келип, ID-картасын, паспортун же «Тʏндʏк» тиркемесин кɵрсɵтɵт. Ага бюллетень берилет.
Ал бир гана кандидатты белгилеши керек. Принцип жɵнɵкɵй: бир шайлоочу – бир добуш – бир кандидат. Коомдо «ʏчɵɵнɵ добуш берсе болот» деген туура эмес тʏшʏнʏк бар. Андай эмес», — деген Шайназаров.
Мындан тышкары ал округдардын бɵлʏнʏшʏ боюнча тɵмɵнкʏлɵрдʏ билдирген.
«1-сентябрдагы абалга карата Кыргызстанда 4 млн 264 миң шайлоочу катталган. Бул санды 30га бɵлсɵк, ар бир округга орто эсеп менен 142 миң шайлоочу туура келет. Мыйзам боюнча 20%га чейин айырмага жол берилет.
Мисалы, Талас облусунда шайлоочулар 180 миңдин тегерегинде. Демек, ал жерде бир гана округ тʏзʏлɵт. Башка облустарда да ушундай эсеп менен бɵлʏштʏрʏлɵт. Бул система ар бир аймактын ɵкʏлчʏлʏгʏн камсыз кылууга жардам берет», — деген ал.
Ошондой эле, БШКнын тɵрагасы кимдер депутат боло алары боюнча буларды айткан.
«Кыргызстандын жараны, 25 жашка чыккан, жогорку билими бар, соттолбогон жана акыркы 5 жылда диний ишмердʏʏлʏк менен алектенбеген адам депутат боло алат.
Соттуулугу алынган же жоюлган адамдар да депутат боло алышпайт. Бирок эгер кылмыш иши «курамы жок», «окуя болгон эмес» же «кʏнɵɵсʏ далилденген жок» деген негизде токтотулса, анда адам реабилитацияланган болуп эсептелет жана шайлоого катыша алат.
Ал эми «амнистия», «мɵɵнɵтʏ ɵтʏп кетʏʏ» сыяктуу негиздер боюнча токтотулган болсо – шайлоого катыша албайт.
Мындан тышкары, талапкер мамлекеттик тилди билиши керек. Бирок деңгээлди аныктоо тартиби азырынча ɵкмɵт тарабынан иштелип чыга элек», -деген БШКнын тɵрагасы.
Талапкерлер милдеттʏʏ тʏрдɵɵ 300 миң сом кʏрɵɵ акысын тɵлɵшʏ керек. Бул акча мурдагыдай болуп кайтарылбайт. Ал мамлекеттин бюджетине тʏшɵт.
«Мɵɵнɵтʏнɵн мурда шайлоо болсо, ʏгʏт 30 кʏндʏн ордуна 20 кʏн болот.
Шайлоо фондунун максималдуу суммасы – 20 млн сом. Анын 10 миллиону талапкердин ɵзʏнʏн акчасы болушу мʏмкʏн, калганын жарандар жана уюмдар чогулта алат.
Шайназаров БШК шайлоону ɵткɵрʏʏгɵ канча акча жумшарын да айткан.
«Орточо эсеп менен 700–800 млн сом. Бул сумма негизинен участкалык комиссия мʏчɵлɵрʏнʏн айлыгына жана техникалык чыгымдарга жумшалат», — деген ал.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо
Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда
Ош шаардык кеңешинин сессиясы: башпаанеги жок адамдарга кам кɵрʏлʏп, мэриянын имараты муниципалдык менчикке ɵтɵт