Кʏз айларынын келиши менен абанын температурасы тɵмɵндɵп, эл кышка даярдана баштады. Бул арада кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ жашабаган шаардыктар да кɵмʏр алуу ʏчʏн кɵмʏр сатуучу жайларга маал-маалы менен барып жактан учуру.
Аты-жɵнʏн атагысы келбеген шаар тургуну быйыл жылдагыга караганда абанын температурасы кескин тɵмɵндɵп, кыштын илеби эмитен эле сезилип калганын айтты. Ал дагы коңушулары сыяктуу эле кɵмʏр сатып алууга камынууда.
«Былтыркы жылы ноябрдын ортосунда кɵмʏр сатып алдым эле. Быйыл эртерээк сатып алууга туура келип жатат. Анткени, сентябрдан баштап эле кечинде жана эрте менен суук боло баштады. Кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏ билбедим го, бирок жер ʏйлɵрдɵ суук кадимкидей сезилип жатат. Ошондуктан быйыл эртерээк эле кɵмʏр сатып алайын деп турам. Негизи эле жылда сентябрдан баштап эле арзаныраак кɵмʏр сатып алам деп, бирок турмуш шартка байланыштуу дайыма кеч калып кетем. Быйыл чыгынып, азыртадан сатып алайын дедим. Азыр кɵмʏрдʏн баасы орточо эле экен. Бирок, былтыркы бул маалга салыштырмалуу кымбатыраак экен», — деди ал.

Ош шаарынын дагы бир тургуну сентябрдан баштап эле кышка даярдык кɵрʏп жатканын айтып, кɵмʏрдʏ азыркыдан 1-2 сомго арзан сатып алганын билдирди.
«Биз ʏй-бʏлɵбʏз менен кɵмʏрдʏ сентябрда эле сатып алабыз. Жылда бир туугандар оор жʏк ташуучу автоунаа жалдап, кɵмʏр карьерге барып эле кɵп алып келип, бɵлʏп алчубуз. Быйыл андайга мʏмкʏнчʏлʏгʏбʏз болбой калып, ортомчулардан эле сатып алдык. Бирок азыркы баага салыштырмалуу арзан болду. Негизи мурда кыш келген учурда кɵмʏр алып, кыйла кымбат алчубуз. Андыктан, кʏз мезгили болору менен эле кɵмʏр камдап ала турган болдук. Азыр да анча-мынча кɵмʏр саткан жайлардан ɵтʏп, баасын сурап турам. Бир аз кымбаттап кетиптир»,- деди шаар тургуну.
Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, Ош шаарында ʏч жайда кɵмʏр сатуучу пункттар иштɵɵдɵ. Алар: Жапалак айыл аймагы, Жибек-Жолу МАБы, Алымбек-Датка МАБы.
Мындан сырткары, «Кыргыз кɵмʏр» мамлекеттик ишканасы да жылына аз камсыз болгон ʏй-бʏлɵлɵр ʏчʏн арзандатылган кɵмʏр сатуучу жайларды ачат. Азырынча бул мекеме Ош шаарына канча жерге арзандатылган кɵмʏр сатуучу жай ачканы боюнча маалымат тарата элек.
Кара-Суу району Кыргызстандагы чоң райондордун бири болуп, Ош шаарын айланып жайгашкан район болуп саналат. Андыктан, калаа тургундары Кара-Суу районунун аймагындагы кɵмʏр сатуучу жайлардан да кɵмʏр алышат. Алсак, Датка айыл аймагынын Фуркат айылында бир нече жайда кɵмʏр сатылат.

Кара-Суу райондук администрациясынын маалыматына караганда, Кара-Суу районунда жалпы 29 кɵмʏр сатуучу пункттар бар.
Алар:
Айыл аймагы | Дареги/ жайгашкан жери |
Савай | Кең-Сай айылында 3 даана |
Кызыл-Шарк айылында 3 даана | |
Папан | Арал айылында 1 даана |
Камыр-Суу айылы 1 даана | |
Отуз-Адыр | Курбан-Кара айылында 1 даана |
Сары-Колот айылында 1 даана | |
Отуз-Адыр айылында 1 даана | |
Датка | Медресе айылында 2 даана |
Шарк айылында 1 даана | |
Кара-Суу шаары | Кара-Суу базары |
А.Жунусов кɵчɵсʏ, Киров | |
Ош кɵчɵсʏ | |
А.Жунусов кɵчɵсʏ, Киров | |
Эркин айылы | |
Ынтымак | Жаңы-Арык айылында |
Баш-Булак | Баш-Булак айылында |
Мады | Кыргыз чек айылында |
Учкун айылында | |
Ала-Тоо | Кашкар кыштак 2 даан |
Ак-Таш | |
Жоош | Кум-Арык айылында 2 даана |
Комунизм айылында | |
Жалпы | 29 |
Ал эми райондун аймагында ʏч жайга «Кыргыз-Кɵмʏр» мамлекеттик ишканасы арзандатылган кɵмʏрлɵрдʏн пунктун ачкан. Алар: Жоош, Отуз-Адыр, Савай айыл ɵкмɵттɵрʏндɵ жайгашкан.
Кɵмʏрдʏн баасы:
— Бел-Алма кɵмʏрʏнʏн 1 тоннасы 7 -7,5 миң сом;
— Кара-Кече кɵмʏрʏнʏн тоннасы 9-9,5 миң сом;
— Сʏлʏктʏ кɵмʏрʏнʏн 50 килограммы 450 сом;
— Мурдаштын кɵмʏрʏнʏн 1 тоннасы 8 миң сом;
— Мурдаш айылындагы мамлекеттик кɵмʏр карьердин кɵмʏрʏнʏн 1 тоннасы 8 миң сом;
— Бел-Алма кɵмʏрʏнʏн майдасынын 1 тоннасы 5 миң сом;
— Мурдаштын кɵмʏрʏнʏн майдасынын 1 тоннасы 5 миң сом;
— Кара-Кеченинин кɵмʏрʏнʏн майдасынын (штык) 1 тоннасы 6 миң сом.
Гульнура Ормонова
Окшош макалалар
Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо
Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда
Ош шаардык кеңешинин сессиясы: башпаанеги жок адамдарга кам кɵрʏлʏп, мэриянын имараты муниципалдык менчикке ɵтɵт