Кыш жакындап, калкты жылуулук менен ʏзгʏлтʏксʏз камсыздоо маселеси кайрадан маанилʏʏ болуп турат. Ош шаарындагы кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн, социалдык мекемелердин жана билим берʏʏ жайларынын жылуулугуна жооп берген Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) кышка кандай даярдык кɵрʏп жатат? Бул суроолордун жообун алуу ʏчʏн биз борбордун башкы инженери Абдуашым Туркменов менен баарлаштык.

— Ош шаардык ЖЭБдин негизги милдети кандай? Кайсы аймактарды жылуулук менен камсыздайсыздар?
– Биздин негизги милдет – Ош шаарындагы биздин системага туташкан кɵп кабаттуу турак ʏйлɵрдʏ, социалдык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды ʏзгʏлтʏксʏз жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо.
Тактап айтканда, Манас-Ата кичи районунан баштап, Ак-Буура дарыясынын сол тарабындагы Курманжан датка кɵчɵсʏнɵн Агахан мектебине чейин, оң тарабында болсо А.Масалиев проспектисинин аягындагы айлампага чейин жайгашкан объекттерге кызмат кɵрсɵтɵбʏз.
– Жылуулук берʏʏ сезону качан башталат жана кандай тартип менен жɵнгɵ салынат?
– Санитардык нормаларга ылайык, эгерде сырттагы аба ырайынын орточо суткадагы температурасы беш кʏн бою +8°Сдан тɵмɵн болсо, биз Кыргызгидромет борборунан расмий маалымат алабыз. Андан соң Ош шаарынын мэриясына билдирʏʏ жɵнɵтʏлɵт. Мэрия менен макулдашуу жолу менен тиешелʏʏ токтом чыгып, ошол кʏндɵн тартып жылуулук берʏʏ сезону башталат.
– Кышка даярдык кандай жʏрʏп жатат?
– Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы жана Ош шаарынын мэриясынын 19-июнундагы токтомдоруна ылайык, 29-сентябрдан 3-октябрга чейин шаардагы бардык магистралдык жана кварталдык жылуулук тʏтʏктɵрʏ гидравликалык сыноодон ɵткɵрʏлдʏ. Учурда сыноо учурунда табылган техникалык кемчиликтерди жоюу иштерин жʏргʏзʏп жатабыз. Бул иштер бʏткɵн соң, жылуулук сезонуна толук даяр болобуз.


– Канча объектке кызмат кɵрсɵтɵсʏздɵр?
– Жалпы жонунан:
• 357 кɵп кабаттуу ʏй,
• 83 бюджеттик мекеме,
• 15 бала бакча,
• 18 мектеп,
• 7 жогорку жана орто окуу жайы,
• 14 саламаттыкты сактоо мекемеси биздин системага туташкан.
Булардын баары бизден жылуулук жана ысык суу алышат. Ош шаарынын болжол менен 55%ын биз жылуулук менен камсыз кылабыз.
– Жабдуулардын техникалык абалы тууралуу айтып берсеңиз.
– Ар бир жылуулук сезону бʏткɵндɵн кийин бардык жылуулук, механикалык, электр жана химиялык жабдуулар пландуу ремонттон ɵтɵт. Быйыл бул иштердин бардыгы бʏттʏ. Ишканабыз толугу менен кышка даяр.
– Учурда кайсы иштер жʏрʏп жатат?
– Шаар кɵчɵлɵрʏнʏн кеңейишине жана “снос” иштерине байланыштуу кварталдык тʏтʏктɵрдʏн демонтаждоо жана кайра монтаждоо иштери бʏттʏ. Мисалы, Супаналиева кɵчɵсʏндɵ ушул сыяктуу иштер жʏрʏп жатат.
– Авариялык кырдаалдарга даярсыздарбы?
– Ооба, жылуулук берʏʏ сезонунда ʏч авариялык бригадабыз шаар ичинде кʏнʏ-тʏнʏ кезектешип иштешет. Кайсы жерде авариялык кырдаал катталса, мʏмкʏн болушунча тез арада маселени чечʏʏгɵ аракет кылабыз.

– Тарифтер тууралуу маалымат берип кетсеңиз.
– Тарифтер Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Тарифтик саясатты жɵнгɵ салуу департаменти тарабынан расмий тʏрдɵ бекитилет. Биз, жылуулук берʏʏчʏ ишкана катары, ошол бекитилген тарифтердин негизинде гана иш алып барабыз.
Калк ʏчʏн атайын социалдык тариф каралган: учурда 1 гигакалориянын баасы 1950 сомду тʏзɵт. Бул тариф калктын тɵлɵɵ жɵндɵмдʏʏлʏгʏ эске алынуу менен белгиленген.
Ал эми ɵндʏрʏш ишканалары жана бюджеттик мекемелер ʏчʏн тариф кыйла жогору – 6631 сом. Ысык суунун тарифи 1 кишиге бир айга 758 сом. Бул айырмачылык ар кандай керектɵɵчʏ топтордун мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ жана жʏктɵмʏнɵ жараша бɵлʏнгɵн.
– Калк менен эсептешʏʏ кандай жʏргʏзʏлɵт?
– Бизде кɵзɵмɵлдɵɵ жана сатуу бɵлʏмʏ иш алып барат. Ар бир контролердун ɵз аймагы бар. Алар керектɵɵчʏлɵргɵ эсеп-фактураларды таратып, тɵлɵмдɵрдʏ кɵзɵмɵлдɵшɵт.
Мындан тышкары, “МП ТЭЦ г.Ош” деген мобилдик тиркемебиз бар. Аны колдонуп, керектɵɵчʏ ɵз эсебин карап, тʏз эле ошол жактан тɵлɵй алат.
– Энергияны ʏнɵмдɵɵ жаатында кандай чаралар кɵрʏлʏʏдɵ?
– Акыркы 5–6 жылдан бери биз магистралдык жылуулук тʏтʏктɵрʏн “Изолат” деп аталган заманбап жылуулук изоляциялоочу материал менен каптап келебиз. Бул материал жылуулукту сактап калуу жаатында ɵзʏн жакшы актады.
Анын жардамы менен жылуулуктун жоготуусу бир топ азайды, бул болсо отун ресурстарын ʏнɵмдɵɵгɵ жана чыгымдарды кыскартууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт.
Изоляция – жылуулук берʏʏ системасындагы эффективдʏʏлʏктʏ жогорулатуучу маанилʏʏ элементтердин бири болуп калды. Мындай ыкма узак мɵɵнɵттʏʏ жана туруктуу натыйжа берерин практика кɵрсɵткɵн.

– Отун маселеси кандай чечилди?
– Бул биздин ишмердʏʏлʏгʏбʏздɵгʏ эң негизги жана башкы маселелердин бири болуп саналат. Борборубуздагы буу казандар жаратылыш газы жана мазут отуну менен иштейт. Учурда “Газпром Кыргызстан” компаниясы менен тʏзʏлгɵн келишимге ылайык, жылуулук берʏʏ сезону ʏчʏн 4,5 миллион куб метр жаратылыш газы сатып алынмакчы. Ошондой эле, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен мазут отуну боюнча да келишим тʏзʏлгɵн.
Учурда бизге 17 615 тонна жаңы мазут жеткирилди. Мындан сырткары, былтыркы жылдан калган 4 миң тоннадан ашык мазуттун калдыгы дагы бар. Жалпысынан 21 566 тонна мазут отуну кышка карата даярдалган.
Демек, отун маселеси боюнча учурда эч кандай кɵйгɵй жок жана жылуулук берʏʏ сезону башталса, биз толук даярбыз.
– Келечектеги пландарыңыздар тууралуу да айтып ɵтсɵңʏз.
– Учурда магистралдык тʏтʏктɵрдʏн диаметрин чоңойтуу боюнча долбоорлор даярдалып жатат. Бул иштер 1 жыл ичинде бʏтчʏ иштер эмес, бирок келечектеги керектɵɵчʏлɵрдʏн ɵсʏшʏн эске алып, азыртан даярдык кɵрʏп жатабыз.
Мындан тышкары, ЖЭБ 1966-жылы курулган. Азыркы талаптарга жооп берген жаңы буу казандарды жана турбина жабдууларын орнотуу тууралуу ойлор бар. Бул ири каржылык чыгымды талап кылат, бирок мʏмкʏнчʏлʏккɵ жараша реконструкциялык иштерди ɵз кʏчʏбʏз менен жʏргʏзʏп жатабыз.
– Калктан кɵп кайталанган кайрылуулар тууралуу эмне дейсиз?
– Бизге кɵбʏнчɵ батир ичиндеги жылуулуктун жетишсиздиги, радиаторлордун иштебей жатышы тууралуу кайрылышат. Бирок бул – ʏй ичиндеги жеке системанын маселеси. Сезон бʏткɵн соң батир ээлери радиаторлорду жуудуруп, системасын тазалап, жеке даярдык кɵрʏʏсʏ абзел. Биз берген жылуулукту натыйжалуу кабыл алып, колдонуу ʏчʏн керектɵɵчʏлɵр дагы жоопкерчиликтʏʏ мамиле кылуусу керек.
– Жылуулук берʏʏ ишканасынын ролу тууралуу эмне айта аласыз?
– Биздин ишкананын Ош шаарындагы ролу ɵтɵ чоң. Себеби элдин 55%ын жылуулук жана ысык суу менен камсыздайбыз. Биз жылуулук бергиче, эл электр энергиясы менен жылынып, жʏктɵм жогорулайт. Биздин системанын ишке кириши менен электр тармагына тʏшкɵн жʏктɵм азаят. Ошондуктан биздин кызмат шаар ʏчʏн абдан маанилʏʏ.
– Калкка кайрылууңуз барбы?
– Урматтуу керектɵɵчʏлɵр!
Жылуулук сезону башталар алдында кыштын камын азыртан кɵрʏʏ зарыл.
Сураныч, тɵлɵмдɵрдʏ убагында жʏргʏзʏп, радиаторлорду жана ички системаларды даярдап алыңыздар. Биз ɵз милдетибизди так аткарып жатабыз, сиздер дагы ɵзʏңʏздɵрдʏн жоопкерчилигиңиздерди унутпаңыздар.
Гульнура Ормонова
Окшош макалалар
Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо
Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда
Ош шаардык кеңешинин сессиясы: башпаанеги жок адамдарга кам кɵрʏлʏп, мэриянын имараты муниципалдык менчикке ɵтɵт