Ар бир уста ɵз демин, сезимин, дʏйнɵ таанымын чопо, жыгач же темир аркылуу билдирет. Ошол сыяктуу эле, Ош аймактык медицина колледжинин мугалими, 50 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар кол ɵнɵрчʏ Бакыт Ормокеев ʏчʏн чопо — жɵн эле материал эмес, ал анын ɵмʏрʏн, мурасын жана кыргыздын байыркы рухун камтыган жандуу зат. Анын ар бир буюму — тарыхтай терең мааниге ээ мурас.

Бакыт Ормокеев, кол ɵнɵрчʏ:
“Ɵнɵргɵ болгон сʏйʏʏм балалыктан башталды”
-Ар бир устанын ɵз тарыхы, ар бир устакананын ɵз жыты бар. Кол ɵнɵрчʏлʏк – бул жɵн гана эмгек эмес, бул адамдын жʏрɵгʏнɵн чыккан чыныгы чыгармачылык. Ошол сыяктуу эле менин дагы ɵнɵр дʏйнɵсʏнɵ болгон жолумдун башаты бала кезимден башталган. 1976-жылдары бул ɵнɵргɵ болгон кызыгуум кʏч болгон. Ал кезде азыркы Бишкек шаары Фрунзе деп аталчу. Ошол жылы Фрунзедеги Кɵркɵм сʏрɵт окуу жайына тапшырып, чопо менен иштɵɵ ɵнɵрʏн ʏйрɵнɵ баштагам. Бирок ага чейин эле бул ɵнɵр мага жакын болчу. Коңушубуз — элдик сʏрɵтчʏ Ольга Масильяна Манелу апа менин эң биринчи устатым болду. Мен анын устаканасына эртеден кечке чейин барып, кумура, идиш, скульптура жасап жатканын кɵрʏп, таң калчумун. Ал киши мага “жакшы кɵргɵн ишиңди эч качан таштаба” деп кɵп айтчу. Ушул сɵз менин ɵмʏр бою жол кɵрсɵтʏʏчʏ урааныма айланды. Ошол себептен дагы, Чʏйдɵгʏ атактуу Чуканов атындагы кɵркɵм сʏрɵт окуу жайына тапшырып, керамика бɵлʏмʏндɵ билим алып калганмын. Ал жактан чоподон буюмдарды жасоо жаатын тандагам. Анткени, ал жандуу материал. Ар бир уста ʏчʏн чопо тирʏʏ жан сыяктуу. Колуң менен туура кармасаң, ал жылуу демин сездирет, ойлонбосоң дароо жарака кетет. Ошол сезим аркылуу бул ɵнɵр мени ɵзʏнɵ байлап койду.
“Чопонун сыры – табият менен сʏйлɵшʏʏ”

-Менин ишимдеги эң негизги материал – бул чопо. Мен чопо менен иштɵɵнʏ жɵн гана ɵнɵр эмес, табият менен сʏйлɵшʏʏ катары кабыл алам. Ошондуктан да мага чопо менен иштеген абдан жагат жана мен мындан эргʏʏ алам.
“Чопону даярдоодо ар бир нерсеге кылдат маани бериш керек”
-Ар бир буюм — ɵзʏнчɵ дʏйнɵ. Ар бир нерсенин жаралуу процесси табияттын демин камтыйт эмеспи. Анын сыңарындай, мен жасаган буюмдар да ийкемдʏʏ жана чыдамкай болушуна басым жасап келем. Буюмдарды даярдоого керектелʏʏчʏ чопону кɵбʏнчɵ Ɵзгɵндɵн алып келем. Анткени, ал жактын топурагы жумшак, ийкемдʏʏ жана ыңгайлуу болот. Адегенде аны майдалап, сууга чылап, каймактай кылып аралаштырам. Андан соң таш, куурай, чɵп аралашып калбаш ʏчʏн электен ɵткɵрɵм. Анан чопону кургатуу процессине ɵтɵм. Мында аябай сабырдуу жана чыдамкай болуу керек. Баары ɵз кезегинде жасалса сапаттуу болоруна ишенем. Кээде чопо ɵзʏнɵн-ɵзʏ сʏйлɵп тургандай сезилет. Колумда жылып, ɵзʏнчɵ форма сурайт. Мен ошондо гана тʏшʏнɵм, бул буюм жарала турган кези келди деп. Мына ошондо гана мен ойлогон буюмумду жасап бштайм.
Ɵнɵрдʏн ɵзɵгʏ — чыдам жана илхам
-Чопо менен иштɵɵдɵ шашылууга болбойт. Ар бир майда бɵлʏк ɵз убагында жасалышы шарт. Кээ бир буюмдар 10 мʏнɵттɵ даяр болот, кээ бирине бир жума кетет. Кээде илхам болбой калат. Ошондо ишти токтотуп, эки кʏн же бир жума эс алам. Себеби, чопо менен иштɵɵдɵ маанай маанилʏʏ. Колуңдагы материал сенин ички дʏйнɵңдʏ сезет. Эгер кɵңʏлʏң жай болбосо, чопо да тил албайт.

“Чоподон буюм жасаганда, жандуу болуусуна басым жасайм”
-Мен чоподон кɵбʏнчɵ музыкалык аспаптарды жасайм. Бул — кыргыз кол ɵнɵрчʏлʏгʏндɵ сейрек кездешʏʏчʏ багыт. Мен ʏчʏн чопо жɵн гана идиш эмес. Ал ʏндʏ, муңду, кубанычты да сактай алган нерсе. Ошондуктан мен чоподон чоор, ышкырык, сыбызгы сыяктуу аспаптарды жасайм. Алар жандуу ʏн чыгарат. Ар бир ʏн — жан дʏйнɵмдʏн добушу. Кээ бир адамдар “чоподон да аспап болобу?” деп таң калат. Болот! Эң башкысы, аны сезе билʏʏ керек деп айтаар элем.
“Салттуу чырактарды кɵп жасайм, анткени бул кыргыз рухунун белгиси”
-Жасаган буюмдарымдын арасында ɵзгɵчɵ орунду чырактар ээлейт. Байыркы кыргыздардын турмушундагы чырактардын формасын сактап, аны заманбап тʏрдɵ кайра жандантканды жакшы кɵрɵм. Илгери кыргыздар тʏнкʏсʏн чырак менен жарык кылышкан. Мен ошол чырактардын формасын бир аз ɵзгɵртʏп, ысырык салууга ылайыкташтырдым. Анткени кыргыздын ʏйʏндɵ дайыма ысырык салуу каадасы бар. Эми ошол салт менен заманбап дизайндын айкалышы аркылуу жаңы буюмдарды жаратууга аракет кылып жатам. Мен жасаган ар бир чырактын ɵз системасы бар. Мисалы, аба кирчʏ тешик, ысырык салгыч орун, жарыкты башкаруучу бɵлʏк. Бул буюмдар бир эле учурда кɵркɵм искусство жана тиричилик куралы.
“Бул ɵнɵрдʏ кийинки муунга ɵткɵрʏʏгɵ милдеттʏʏмʏн”
-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош медицина колледжинде жана “Келечек” балдар чыгармачылык борборунда мугалим болуп эмгектенем. Ɵз билимимди жаштарга ʏйрɵтʏʏнʏ негизги милдетим деп билем. Бул ɵнɵргɵ кызыккандар кɵп. Бирок аны чын ыклас менен ʏйрɵнʏп, аягына чейин алып кеткендер аз. Кол ɵнɵрчʏлʏк — бул жɵн гана акча табуу эмес, бул руханий дʏйнɵ. Сабырдуулук, изденʏʏ, тактык болмоюн, чыныгы уста боло албайсың. Мен жаштарга ошол нерсени ʏйрɵтʏʏгɵ аракет кылам. Бул ɵнɵр мага мурас болуп калган. Мен да аны кийинки муунга ɵткɵрʏʏгɵ милдеттʏʏмʏн. Азыркы учурда шакирттеримдин арасында ɵз алдынча иштеп жаткан кол ɵнɵрчʏлɵр, сʏрɵтчʏлɵр, дизайнерлер кɵп.

“Ар бир сапарым мага чоң тажрыйба берип, чыгармачылыгыма жаңы дем тартуулап келет”
-Менин кол ɵнɵрчʏлʏгʏм кыргызстандыктардын гана эмес, чет ɵлкɵлʏктɵрдʏн да кызыгуусуна ээ болгон. Ар кандай эл аралык кɵргɵзмɵлɵргɵ катышып, кыргыз кол ɵнɵрчʏлʏгʏн аз да болсо дʏйнɵгɵ таанытып келе жатам деп айта алам. Ар жылы Бишкекте, Алматыда, Ташкентте кɵргɵзмɵлɵргɵ катышып келем. Бир жолу Венгрияга чакырышкан. Ал жактагы эл дагы кɵчмɵн маданиятка жакын болгондуктан, биздин чопо буюмдарыбызды кызыгуу менен кɵрʏштʏ. Кийин Америкага да чакырышты. Ал жакта да кыргыз кол ɵнɵрчʏлʏгʏн кɵрсɵтʏп, биздин маданияттын байлыгын таанытууга салымымды кошуп келгенмин. Ар бир сапарым мага чоң тажрыйба берип, чыгармачылыгыма жаңы дем тартуулап келет.
“Ар бир уста ɵз ишин сʏйʏп жасаса, ɵнɵр эч качан ɵчпɵйт”
-Келечекте кыргыз кол ɵнɵрчʏлʏгʏн жаңы деңгээлге кɵтɵрʏʏнʏ максат кылып келем. Мурун “Салтанат” галереясы бар эле. Ошол жерде биз жасаган буюмдарыбызды кɵрсɵтʏп, элге тартуулап, сатып турчубуз. Азыр ал жер ɵзгɵрʏп кеткен. Бирок менде келечекте ушундай галереяларды кайра жандандыруу пландарым бар. Эң башкысы — бул ɵнɵр токтобосун. Ар бир уста ɵз ишин сʏйʏп жасаса, ɵнɵр эч качан ɵчпɵйт.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо
Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда
Ош шаардык кеңешинин сессиясы: башпаанеги жок адамдарга кам кɵрʏлʏп, мэриянын имараты муниципалдык менчикке ɵтɵт