20 октября, 2025

Эмгек адилет бааланганда- билим бийик болот – мугалимдердин муңу жана ыйы

7-октябрда Ош шаарында мугалимдер кʏнʏ салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага мэрия жана шаардык кеңештин ɵкʏлдɵрʏ, билим берʏʏ тармагынын ардагерлери, мыкты мугалимдер катышып, педагогдордун эмгеги бааланды.  Ардагерлерге жана Ош шаарынан республикалык сынакка катышкан мыктыларга ардак грамоталар тапшырылды. Биз тɵмɵнкʏ макалада алардын турмуштук кыйынчылыктары, талыкпас эмгеги жана кесиптик адилеттик тууралуу баянын окурманга жеткиребиз.

Асылгʏл Наркулова, Терешкова мектебинин англис тили мугалими, мыкты мугалимдердин республикалык турунда “Жылдын мыкты англис тили мугалими”  наамы боюнча 3-орунду  ээлеген.

— Асылгʏл айым, “Жылдын мыкты мугалими” сынагы кандай этаптардан турду?

— Конкурс 2025-жылдын март айында башталган. Мектепте 1-орунду ээлеген мугалимдер шаардык этапка чыктык. Ош шаарында сынак 3 этап менен болду. Ар бир этап мен ʏчʏн абдан кыйынчылык менен ɵтʏп, ар бир этабда аябай толукундандым. Шаарда тест тапшыргандан баштап эле улам кийинки этаптарга ɵзгɵчɵ даярдануу менен упай топтоп, аягында ар бир предметтин мыктылары аныкталды. Ош шаарында ал учурда мыктылар сыйланбады, “5-октябрь мугалимдер кʏнʏнɵ карата майрамда сыйланасыңар” деп айтышкан. Ошентип, республикага чыктык. Ал жакта жалпы 118 мугалим таймаштык. Ар бир мугалим ɵз предметинен кʏч сынашты. Аягында бир мугалим жеңʏʏчʏ болуп чыкты. Сыйлык алдыңкыларга гана берилди. Бирок, аягында 118ден 21 мугалим финалист катары калып, баарыбыз бирдей убакыт кетирип, бирдей чыгым кетирип, 3 тʏн уктабай улам тестке, улам мастер-класска, улам ачык сабакка даярданып жаттык. Критерийлери жɵнʏндɵ бир нерсе дей албайм, анткени мындай конкурсту “менмин” дегендер уюштуруп жаткан соң, ɵтɵ кылдаттык менен ойлонуп, тʏзʏшкɵн болсо керек. Сыйлыктары боюнча айтсам,  англис тилчи мугалим катары республикада 3-орун алдым. Ош шаардык мэриясынын диплому жана  Агартуу министринен “Агартуунун мыктысы” тɵш белгисин алдым (акчалай же башка сыйлык болгон жок). Ачыгы, мен бул конкурска ʏй (баш байге) ʏчʏн катышкам. Анткени, Ош шаарында 10 жылдан бери батирде жашап келем. Ɵзʏм жалгыз бой энемин, 2 уулум бар. Айлыгым батирдин гана акчасына жетет. 6 жылдан бери Ош шаардык мэриясында ипотекага ʏй алуу ʏчʏн кезекте турам. Бирок, 2  жолу (тагыраагы 2022-жылдан бери 2 жолу кезегим келди) кезегим келгени менен ʏй тийбей жатат. Быйыл да кезегим келген — Краснофлотская 5Г дарегинен ʏй алам деп сʏйʏнʏп, даярданып жʏргɵнмʏн. Бирок, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Шермаматович Москвадан келген жаш артисттерге белекке берип салгандан кийин ʏйдɵн да ʏмʏтʏм ɵчтʏ. Мындан кийин мындай конкурстарга катышпайм жана жакын арада билим берʏʏ тармагынан кетем деген пландарым бар.

— Сизди кимдер колдоду?

— Бул конкурс аяктаганга чейин мени ар тараптуу кесиптештерим, ата-энем колдоп турду. Эң чоң колдоо бул — менин балдарым. Терешковада жатып окушат. Балдарымдан кɵңʏлʏм ток жʏрдʏм. Анткени, жалгыз балдарын баккан ар бир эне мындай учурду жон териси менен сезип, тʏшʏнсɵ керек. Балдарды таштап, Бишкекте 5 кʏн жʏрдʏм. Терешкова мектебинин жамааты тарабынан материалдык колдоо зор болду. Жетекчибиз Зуура Абжапарованын кеменгерлиги, колдоосу мага дем берип жатты. Конкурс этабында кесиптештерим, коллектив колдогону ʏчʏн материалдык кɵйгɵй болгон жок. Кесиптештериме жана жетекчиме терең ыраазычылык билдирем. Акчалай сыйлык болсо мектепке бир нерсесине жаратам деп ниет кылган элем. Бирок, эч нерсе берилбегенден, азыр оор абалда жʏрɵм. Анткени, менин республикада жарышып келишиме 50 миңден ашык каражат кетти. Кесиптештеримдин алдында кʏндɵ кыжалат болуп жатам. “Эмне уттуң?” деп сурашкан сайын бетим кызарат.

— Конкурстун жыйынтыгынан кийин кандай ойлор болду?

— Бул конкурска кɵп мугалимдердин кызыгуусу жоголгонун байкадым. “Грамотаны жɵн эле алып жатышат го, ошончо чыгым кетирип алыпсың да” деген сɵздɵрдʏ угуп жатам. Билим берʏʏ тармагынан кетем дегеним, толук кандуу чыгып кетпесем да, кошумча башка жумуш менен да алектенем. Анткени, буга чейин да мектепте жана курулушта иштеп келгенмин. Бир тараптуу иштейин деп, былтыртан конкурска катышкандан бери мектепте гана иштеп жʏрдʏм эле. 22 миң айлык жетпейт экен.

Эске сала кетсем, Ош шаарынан 16 мугалим катышып, 3 гана мугалим тесттен ɵтʏп, байгелʏʏ орун алып келдик.

Сыйлыктар (500 миң боюнча) адилеттʏʏ тапшырылды деп эсептебейм. Анткени, мен 136 балл алдым, атаандаш кɵп болду. Атаандашы жок 116 балл алган мугалим 500 миң сом алды. 120 балл алган мугалим да 500 миң алды, 126 балл алганы да атаандашы жок чыгып, 500 миң сом алды. Ортодо 20 балл айырма. Аны топтош да оңой болбоду. Демек, сабакты мен алардан 3–4 эсе жакшы ɵткɵнмʏн. Мени сыйлабаса да, деңгээлимди билдим.

Элмира Ибраимжанова, №4 “Наристе” мектепке чейинки билим берʏʏ уюмунун музыкалык жетекчиси, “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча 3-орунду алган.

— Элмира айым, бул сыйлык сиз ʏчʏн эмнени билдирет?

— Бул чоң сыймык жана жоопкерчилик. Бул — кɵп жылдык эмгектин, чыгармачылык изденʏʏнʏн жана балдарга болгон сʏйʏʏнʏн натыйжасы. Ар бир жетишкендиктин артында талыкпаган эмгек, сабыр жана кесипке болгон берилгендик турат.

— Сизге кимдер дем берди?

— Ийгилик жалгыз жаралбайт. Ар дайым жанымда болгон ʏй-бʏлɵмɵ, жетекчилигиме жана кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле мени колдогон, шыктандырган кичинекей тарбиялануучуларым — менин кʏнʏмдʏк  шыктануумдун булагы.

— Музыка боюнча жетекчинин ролу боюнча кандай ойдосуз?

— Музыка боюнча  жетекчинин иши — бул жɵн эле кесип эмес, бул жʏрɵктʏн жана шыктануунун иши. Ар бир жаш жетекчиге айтарым: ɵз ишиңерди сʏйгʏлɵ, ар бир балага жылуу мамиле жасагыла, чыгармачылыкка жана жаңылыкка дайыма умтулгула. Музыка — бул тарбиянын эң назик жолу, аны сʏйʏʏ менен гана жеткире аласың.

— Азыркы билим берʏʏ тармагында эмне ɵзгɵрʏшʏ керек деп ойлойсуз?

— Азыркы доордо инновациясыз сабак берʏʏ мʏмкʏн эмес. Мен музыка сабактарында STEAM ыкмаларын, интерактивдʏʏ оюндарды жана мультимедиалык каражаттарды колдонуп, ар бир баланын чыгармачылык потенциалын ачууга аракет кылам. Мисалы, ырларды ритмдик кыймылдар, визуалдык материалдар жана комуз аспабы аркылуу коштоп, сабакты жандуу жана кызыктуу ɵткɵрɵм.

Баланын тарбиясы — бала бакчанын кызматкерлери менен ата-эненин биргелешкен иши. Биз ата-энелер менен тыгыз байланышта болгондо гана балада гармониялуу ɵнʏгʏʏ жаралат. Ошондуктан дайыма ачык диалог, ишеним жана ɵз ара колдоо маанилʏʏ.

Менин оюмча, чыныгы мугалим — бул ар бир балага жʏрɵгʏнɵн жылуулук, акылынан билим, жан дʏйнɵсʏнɵн шыктануу бере алган инсан. Ал ɵз кесибине берилген, ар бир окуучунун ɵзгɵчɵлʏгʏн тʏшʏнʏп, анын ички дʏйнɵсʏнɵ жол таба билген адам.

Музыкалык  жетекчи ʏчʏн бул дагы да ɵзгɵчɵ жоопкерчилик.  Анткени, музыка аркылуу биз баланын жан дʏйнɵсʏн тазалайбыз, ой жʏгʏртʏʏсʏн, сезимин, табитин жана руханий дʏйнɵсʏн калыптандырабыз.

Кыялым — ɵз тажрыйбамды жаш мугалимдер менен бɵлʏшʏп, устаттык жолдо дагы кɵп ийгиликтерге жетʏʏ. Ошондой эле №4 “Наристе” бала бакчасындагы балдарга музыка аркылуу дʏйнɵнʏ сʏйʏʏгɵ, кооздукту сезʏʏгɵ жана чыгармачылык менен жашоого ʏйрɵтʏʏ — менин башкы максатым.

Айжан Рустамова, №35 “Асан-ʏсɵн” бала бакчасынын тарбиячысы, “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча 3-орундун ээси.

— Айжан айым, сынак кандай ɵттʏ?

— Биздин бала бакча тɵрт жылдан бери бул конкурска катышып, жыл сайын байгелʏʏ орундарды алып келет. Быйыл шаардык этапта 1-орунду ээлеп, республикалык деңгээлдеги сынакка катыштык. Мурдагы жылдардан айырмаланып, бул жолу масштабдуу сахналык бɵлʏгʏ болгон жок. Баа документ, тест жана сабак ɵтʏʏ аркылуу гана коюлду. Бишкекте, конкурс учурунда кɵрʏʏчʏлɵр, конкурсанттар бизди биринчи орунга татыктуу деп баалашкан, бирок жыйынтыгында Бишкек шаарына артыкчылык берилгендей болду.

— Конкурстун жыйынтыгы сизди канааттандырдыбы?

— Ачыгын айтсам, жок. Бизге диплом эле берилди. Эгер стимул катары кичинекей символикалык белек берсе да жакшы болмок. Мугалимдер менен тарбиячылардын айлыгы аз экенин баары билет, бирок конкурска катышуу ʏчʏн кɵп чыгым кетти. 2023-жылы катышуучулардын баарына белек берилген, быйыл андай болгон жок. Кɵпчʏлʏк нааразы болуп кайтышты.

— Анда катышуунун мааниси бар деп ойлойсузбу?

— Албетте, бар. Биз ʏчʏн эң чоң сыйлык — бул балдардын кʏлкʏсʏ. Ар бир мугалим, ар бир тарбиячы — коомдун келечегин тʏптɵп жаткан чыныгы баатыр. Аларга материалдык сыйлык эмес, моралдык баалоо, коомдук урмат — эң чоң дем берет. Балдарды сʏйʏʏ, алардын жан дʏйнɵсʏн тʏшʏнʏʏ — бул биздин кесиптин ɵзɵгʏ. Мен ар бир жаш тарбиячыга: “Кесибиңерди сʏйгʏлɵ, ар бир балага жʏрɵктɵн мамиле жасагыла. Белек ʏчʏн эмес, тажрыйба, билим жана балдар ʏчʏн иштегиле”,  — деп айтаар элем.

Айнура Валижанова

About The Author