21 октября, 2025

Мирлан Казыбай уулу:  «Кɵпчʏлʏк мени «снос» деп атап алышыптыр”

Ош шаардык муниципалдык башкармалыгы Ош мэриясындагы маанилʏʏ башкармалыктардын бири. Анткени, муниципалдык менчиктердин баары ушул мекеменин балансында турат.

Бул жолу биз функционалдык милдеттери арбын, тʏйшʏгʏ кɵп мекеменин башчысы Мирлан Казыбай уулу менен жумушу, ийгилиги, ишине болгон жоопкерчилиги тууралуу маектештик.

– Ɵзʏңʏз жɵнʏндɵ айтып берсеңиз.

– Мен 1984-жылы 20-июлда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Зулпуев айыл ɵкмɵтʏндɵ тɵрɵлгɵм. 1-класска 1991-жылы Б. Атишев атындагы орто мектепке баргам. 1999-жылы Ош шаарындагы соода-экономикалык колледжди «бухгалтердик чарба жана экономика» адистиги боюнча бʏтʏрдʏм. Андан кийин ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетине тапшырып, 2006-жылы «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча жогорку билим алдым.

2018–2022-жылдары курулуш тармагы боюнча дипломдун ээси болдум. Андан тышкары, 2015-2017-жылдары Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын ийгиликтʏʏ аяктап, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытында билимге ээ болдум.

Жалпысынан тɵрт дипломдун ээсимин – алардын ар бири бʏгʏнкʏ кʏндɵ аткарып жаткан иштеримде ɵзʏнʏн орду менен пайдаланылып келет.

Эмгек жолум Ош шаардык мэриясынан башталып, ар тʏрдʏʏ бɵлʏмдɵрдɵ иштедим. Тышкы байланыш, курулуш, аналитика, жаштар саясаты жана ички аудит сыяктуу багыттарда тажрыйба топтодум. Тʏштʏк Кореяда иштеп келген учурларым да болгон. Азыр Ош шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгына жетекчилик кылам.

ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн. 2 уул, 2 кыздын атасымын. Атам – айылдагы жɵнɵкɵй эле уста, апам – 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар медайым. Жɵнɵкɵй, бирок мээнеткеч ʏй-бʏлɵдɵ чоңоюп, ошол тарбиянын негизинде эмгекти, сабырдуулукту жана жоопкерчиликти баалап келем.

– Кыялданган кесибиңиз бʏгʏнкʏ иш ордуңуз менен канчалык айкалышат?

– Студент кезимден эле мэрияда кимдер иштейт болду экен деп кызыгып, ак кɵйнɵк, галстук тагынып кирип бараткан кызматкерлерди кɵрʏп суктанчумун. «Мен да ушундай жерде иштесем» деп кыялданган кʏндɵрʏм эсимде. Кɵп ɵтпɵй ошол кыял ишке ашып, мэрияда эмгек жолум башталды.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ жасап жаткан ишим, жалпы эмгек жолум мен кыялданган багыт менен толук айкалышат десем болот. Ар дайым мамлекеттик же муниципалдык кызматкер катары демилге кɵтɵрʏп, аны ишке ашырууну самачумун. Бул жылдар аралыгында геопортал, муниципалдык мʏлктʏ санариптештирʏʏ, жол жана кɵпʏрɵ куруу, курулуш тармагын ɵнʏктʏрʏʏдɵ бир топ долбоорлорду ишке ашырууга салым коштум.

Алдыда дагы аткарыла турчу идеялар кɵп. Эгер ошол кыялдар болбогондо, балким, жɵнɵкɵй бухгалтер болуп эле бир кеңседе иштеп жʏрмɵкмʏн.

– Ɵзʏңʏздʏ бир сɵз менен сʏрɵттɵсɵңʏз?

– Тартип. Ар дайым убакытты так карманам – кɵбʏнчɵ 5 мʏнɵт эрте келем. Сабырдуу болууга аракет кылам, ызы-чуу жерде да маселени тынчтык менен чечкенге умтулам. Принципке бекем адаммын. Эгер тапшырма берсем, анын артынан тʏшʏп, соңуна чейин жеткирмейинче тынчым жок. Кээде план бʏтпɵй калса, ɵзʏм кошо киришип бʏтʏрɵм. Кызматкерлер менен чогуу чуркап, кɵйгɵйлʏʏ иштерге тʏз аралашам. Эгер бир иш аягына чыкпай калса, ошол тʏнʏ тынч уктай албайм.

– Жумушта кɵп колдонгон сɵзʏңʏз?

– Талапка жараша “тездетиш керек” деген сɵз. Мэр дагы “тездет” деп кɵп айткандыктан, мен да ушул сɵздʏ кɵп колдонуп калдым.

– Кʏндʏ эмнеден баштайсыз?

– Эртең менен туруп эле жетекчилердин WhatsApp группасын ачам. Мэрибиз таңкы 4тɵ эле рейдге чыгып, тапшырмаларды ошол жакка жиберет. Демек, менин иш кʏнʏм ошол тапшырмаларды окуу менен башталат. Кечинде болсо кʏн ичинде жасалган иштерди жыйынтыктап, анализ кылам. Эгер пландалган иштер толук аткарылбаса, ɵзʏмдʏ ыңгайсыз сезем. Жок дегенде бир адамдын кɵйгɵйʏн чечип бере алсам, кʏнʏм текке кетпеди деген сезим жаралат. Кээде ɵзʏмдʏн мʏмкʏнчʏлʏгʏм жетпеген маселелер болсо да, жардам бере тургандарга багыттап, кайрылууларга кайдыгер карабайм. Айрым учурларда ɵзʏм да акчалай жардам берип коюшум мʏмкʏн.

– Жашооңузда сабак алган окуя барбы?

– Азыркы мэрибиз Жеңишбек Шермаматовичтин иштɵɵ принцибинен чоң сабак алдым. Мурда 15 жыл иштесем да, андай жигердʏʏ эмгек кɵргɵн эмесмин. Ошондо деле иш болчу, 8:30да башталып, 17:00дɵ бʏтчʏ. Азыр болсо ишемби-жекшемби, дем алыш деген тʏшʏнʏк дээрлик жок. Баш-отуң менен жумушка берилип, календарды карабай эле иштеп жатабыз. 8 айдан бери ал кишинин жанында эртең менен чуркап жʏрʏп, кʏн башталып жатат. Эгер чуркоого чыга албасак, чуркабай калгандыгыбызга чындап тынчсызданып калабыз.

– Жетекчи сиз ʏчʏн ким?

– Жетекчи – кɵзɵмɵлчʏ эмес, жол кɵрсɵткɵн, дем берген адам. Бʏгʏн жакшы иш кылдың, бирок эртең андан да жакшыраак иш кылышың керек деп шыктандыра билʏʏ керек. Биздин башкармалыкта 60ка жакын кызматкер бар, 20дан ашык техника, 30дай “снос” иштерин жасаган жумушчулар бар. Ар бири менен жеке байланыштабыз. Тапшырманы орун басарларга берсе да болот, бирок маалымат бурмаланып кетпеши ʏчʏн кɵбʏнчɵ ɵзʏм тʏз берем. Жетекчимин деп эле кɵтɵрʏлбɵй, жɵнɵкɵй кароолдон баштап баары менен саламдашып, сʏйлɵшʏп коюш жакшы сапат деп ойлойм. Бирок баарынын чеги бар. Кээ бир учурда катуураак да болуш керек. Кеткенден кийин сени жакшы сɵз менен эскеришсе – ошол сенин жетишкендигиң.

– Мотивацияңыз тʏгɵнгɵндɵ эмне жардам берет?

– ʏй-бʏлɵм. Жумуштан чарчап барганда балдардын ийгилигин кɵрʏп, алар менен убакыт ɵткɵргɵндɵ энергияң толуп, кайрадан ишке жигердʏʏ кайтып келесиң. Алардын кɵз карашынан сыймыкты кɵрʏп, “ишти улантышым керек” деген кʏч аласың.

– Акыркы жолу “мен муну билбейт экем” деп качан айттыңыз?

– Бизде “билбейт экемин” деп айткан уят болуп эсептелет. Кээ бир учурда билип турсаң да “маалыматым жок экен” деп айтыш керек болуп калат.

– Кесиптештериңиз сиз жɵнʏндɵ билбеген кызыктуу факт?

– Аккордеон ойнойм, ырдайм, анан жакшы бийлейм. Бирок кесиптештер менен иш тууралуу гана байланышта болгондон кийин, мындай нерселерди кɵп деле кɵрсɵтɵ бербейм. Алар менен чогуу отурган жерлерде менсиз кеңири отурушсун деген ойдо эрте эле чыгып кетем.

– Кайсы кино сизге жакшы таасир берген?

– “Титаник” фильмин бала кезде кɵргɵндɵн кийин абдан таасирленгем. “Кемеге чыккандын жаны бир” деген макалды ойлонуп, ынтымак, сʏйʏʏ, баалуулук жɵнʏндɵ философиялык ойго баткам. Кыргыз тасмаларынын ичинен “Курманжан датка” тасмасына катуу таасирленгем. Эл ʏчʏн ɵз баласын курман кылган жетекчинин кадамы, “бул дʏйнɵгɵ эч нерсеге катуу байланбаш керек экен” деген тасмадагы ойлор мага чоң таасир калтырган.

– Дем алыш кʏндɵрʏ ɵзʏңʏзгɵ кандай сыйлык тартуулайсыз?

– Достор менен чогулуп, ашка барабыз, же мончо, массаж. Эгер убакыт болсо жаратылышка чыгып, аккордеон чертип, шишкебек жасап, тынч эс алууну жактырам.

– Бир кʏндʏ башка бир адамдын ордунда ɵткɵрʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ болсо, кимди тандайт элеңиз?

– Мэрибиз Жеңишбек Шермаматовичтин ордунда болуп кɵргʏм келет. Ал киши таптакыр чарчабайт. Жумушун таңкы 4–5тен баштап, кечинде баарын уктатып анан уктайт. Энергияны кайра эле бир маселени чечкенден алабы? Мен бир бɵлʏмдʏн жумушу менен эле чарчап калсам, ал киши бир канча тармакты бирдей жетектеп жатат. Канчалаган иштер аткарылып, андан да кɵп иштер пландалып жатат. Баарына жетишип анан да чарчабай жʏргɵндʏгʏ мага кызык.

– Музыкага жакындыгыңызды айттыңыз. Кайсы жанрды жактырасыз?

– Классика, фольклор. Айрыкча кайгылуу ырларды жактырам. Бирок жашоом кайгылуу эмес, Аллага шʏгʏр!

– Телефонуңузда эң кɵп колдонгон 3 тиркеме?

– WhatsApp, Facebook жана MBank. Арасынан эң кɵп колдонгонум – WhatsApp.

– Жактырган тамагыңыз?

– Куурулган эттʏʏ тамактар. Бирок
аялым жасаган бардык тамактарды тамшанып жей берем.

– Сизге кɵп берилген, угуп, кʏлкʏңʏз келген суроо?

– Жакында интернетте кеңири тарап кеткен окуя бар. Мэрибиз менен рейдге чыгып жʏргɵн учурда ал: “Мирлан” десе, “Оу” деп жооп бергем. Ошондон кийин “оу деп аялыңа айтасың” деген тамаша пайда болду. Ошондон бери “оу” деген сиз белениз? Же “оу Мирлан” деп тамашалашып калышат. Анан шаар кɵчɵлɵрʏн кеңейтʏʏ боюнча иштер жʏрʏп жаткандыктан, кɵпчʏлʏк мени “снос” деп атап алышыптыр (кʏлʏп).

 Гульнура Ормонова

About The Author