21 октября, 2025

Адам ɵмʏрʏ ʏчʏн ар бир мʏнɵт маанилʏʏ

Адам ɵмʏрʏн сактап калууда ар бир секунд баалуу. Мына ушундай жоопкерчиликтʏʏ жана талыкпаган эмгекти ар кʏнʏ аткарып жаткан кесип — бул тез жардам кызматкер. Алар кʏндʏн ысыгына, суугуна, кʏн-тʏн дебей, ар бир чакыруунун артында бир ɵмʏр жатканын сезип, милдетин аткарышат.

Ош шаардык тез жардам бекетинин бɵлʏм башчысы Хайрулла Кахаров 30 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип, анын акыркы 10 жылын дал ушул тез жардам кызматында ɵткɵрʏп келет. Ал биз менен болгон маегинде убакыттын баалуулугу, жарандардын тʏшʏнʏгʏ, жана тез жардам кызматкерлеринин кʏнʏмдʏк тʏйшʏгʏ тууралуу ой бɵлʏштʏ.

-Тез жардам кызматында убакыт канчалык маанилʏʏ?

-Биз ʏчʏн ар бир секунд маанилʏʏ. Канчалык эрте жардам кɵрсɵтсɵк, бейтаптын ɵмʏрʏн сактап калуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ ошончолук жогору болот. Биздин негизги максат — оорулууга ɵз убагында жардам берип, аны ооруканага жеткирʏʏ. Бирок, тилекке каршы, кээде жарандар тарабынан нааразычылыктар айтылып калат. Анын себеби чакыруунун мʏнɵзʏ так айтылбагандыгында. Мисалы, кээ бирлер “башым ооруп жатат”, “бутум ооруп жатат” деп гана айтышат, бирок, оорунун деңгээлин так айтышпайт. Биз ошол маалыматка таянып, барабыз дагы, чыныгы оор абалдагы чакыруулар кийинки орунда калып кетет. Ошондуктан кээде эл “эрте келбей койдуңар” деп нааразы болушат. Биринчи чакырууну таштап, экинчисине кетип калуу да биз ʏчʏн жоопкерчилигибизге таасир этет.

-Бир сутка ичинде канча чакыруу тʏшɵт?

-Орточо эсеп менен кʏнʏнɵ 300дɵн 500гɵ чейин чакыруу тʏшɵт. Алардын ичинде негизсиз чакыруулар (“безрезультатный вызов”) да болот. Мисалы, кээ бир адамдар кɵчɵдɵ бирɵɵнʏн отуруп же жатып калганын кɵрʏп эле “103кɵ” чалып коюшат. Биз жеткенче ал адам кетип калган болот. Мындай чакыруулар биздин убактыбызды текке кетирет жана чыныгы оорулууларга жардам кɵрсɵтʏʏдɵ кечигʏʏгɵ алып келет. Ошондуктан жарандар чакыруу жасаганда жоопкерчиликтʏʏ болушу керек, “тез жардам” келгенче ошол жерде кʏтʏп турушу зарыл.

-Бригада жетишпей калган учурлар болобу?

-Ооба, мындай учурлар болуп турат. Азыр бизде 15ке жакын бригада иштейт. Бирок шаар чоң, калк кɵп. Бир бригада батышта, экинчиси шаардын борбордук бɵлʏгʏндɵ, дагы бири шаар четинде болот. Ошондуктан бардык чакырууларга бир убакта жетишʏʏ кээде мʏмкʏн эмес. Ар бир бригада бир бейтапты карап бʏткɵндɵн кийин гана кийинки чакырууга чыгат. Бул процесс орточо 10-15 мʏнɵт убакытты алат. Ал эми жеңил оорулар менен кайрылгандар кɵп болгондуктан, оор абалдагы бейтаптарга кеч жеткен учурлар кездешет.

— Элде “тез жардам менен барса гана оорукана кабыл алат” деген тʏшʏнʏк бар. Бул канчалык туура?

-Бул туура эмес тʏшʏнʏк. Ооруканалар кʏнʏ-тʏнʏ, 24 саат бою иштейт. Бейтап ɵз алдынча барып кайрылса да, аны кабыл алышат. Айрым адамдар башка облустан же райондон келип, туугандарынын ʏйʏндɵ жатып алып, “тез жардам чакырып, ооруканага жаткыргыла” дешет. Мындай мамиле туура эмес жана тез жардам кызматкерлеринин ишин татаалдатат.

-Элден кандай сын-пикирлерди угасыздар?

-Биздин ишибизге ыраазы болгондор да, нааразы болгондор да болот. Кээде бирɵɵнʏн ɵмʏрʏн сактап калганда ал ыраазы болуп, рахмат айтат. Бирок кээ бир учурларда биз жетип баргыча бейтап каза болуп калат. Ошондо айрым адамдар тʏшʏнбɵй, бизди кʏнɵɵлɵп, орой сʏйлɵп жиберет. Биз кандай учур болбосун сабыр менен кабыл алып, чыдамдуулукка ʏйрɵнʏп калганбыз.

-Азыркы учурда жаңы технологиялар колдонулуп жатабы?

-Ооба. Кыргыз-Герман фондунун жардамы менен “ЖайЗет” компаниясы автоматташтырылган система орнотуп берди. Эми ар бир чакыруу телефон аркылуу катталат: кайсы убакта чалынды, бригада качан чыкты, качан жетти — баары системага тʏшɵт. Мурда “келдиң-келбедиң” деген кʏмɵн ойлор кɵп болчу, азыр болсо баары далил менен кɵрсɵтʏлɵт. Каалаган жаран келип, маалыматты ɵз кɵзʏ менен кɵрɵ алат.

-Медицина кызматкерлеринин билимин жогорулатуу кандай жʏрɵт?

-Бизде жыл сайын министрликтин буйругуна ылайык оффлайн жана онлайн окуулар ɵткɵрʏлɵт. Ар бир кызматкер бул курстардан сɵзсʏз ɵтʏшʏ керек. Мындан тышкары, жаш кадрларды ʏйрɵтʏʏ максатында семинарлар жана практикалык сабактар уюштурулат. Медициналык колледждердин студенттери практика ɵтʏп, тез жардам бригадалары менен бирге жʏрʏшɵт. Алар алгачкы жардам кɵрсɵтʏʏнʏн ыкмаларын ʏйрɵнʏшɵт.

-Кайсы оорулар боюнча чакыруулар кɵбʏрɵɵк болот?

-Азыркы учурда чакыруулардын 30-40 пайызы нервдик абалдарга байланыштуу, медицина тили менен айтканда “курч стресс реакциялары”. Кɵпчʏлʏк адамдар жакындары менен урушуп, таарынышып алып, ɵзʏнчɵ “дем албай жатам”, “тамак жегим келбей жатат” деп кайрылышат. Мындай учурда да биз жардам кɵрсɵтɵбʏз. Мындан тышкары, сезондук оорулар — грипп жана суук тийʏʏ учурлары да кɵп катталат. Биз бейтаптын дене табын ɵлчɵп, керектʏʏ жардам кɵрсɵтʏп, зарыл болсо ооруканага жеткиребиз.

-Ойноп чалгандарга кандай чара кɵрʏлɵт?

-Тилекке каршы, мындай учурлар кɵп болот. Айрым балдар же чоң адамдар да тамаша иретинде чалып коюшат. Биз мындай учурларды дароо милицияга ɵткɵрʏп беребиз, анткени бул — мыйзам бузуу болуп эсептелет. Милиция ɵз ыйгарым укугунун чегинде чара кɵрɵт. Бизде болсо мындай адамдар менен талашып-тартышууга убакыт жок. Анткени, ар бир мʏнɵт башка бир бейтаптын ɵмʏрʏнɵ тете.

-Элге кандай кайрылуу жасайсыз?

-Элден бир гана ɵтʏнʏч, тез жардамды чын эле муктаж болгон учурда гана чакыргыла. Ар бир чакыруунун артында башка бир адамдын ɵмʏрʏ турушу мʏмкʏн. Биз кʏнʏ-тʏнʏ иштейбиз, ар бир секунд биз ʏчʏн маанилʏʏ. Эгер чакыруулар так жана туура берилсе, биз жардамды тез жана сапаттуу кɵрсɵтɵ алабыз.

Сʏйʏнали кызы Таңсулуу

About The Author