АКШдагы саясий киши ɵлтʏрʏʏ америкалык коомчулукту тереңирээк бɵлʏп-жарууга алып келип жатканын эксперттер белгилешʏʏдɵ.
10-сентябрда Юта университетинде сɵз сʏйлɵп жаткан учурда Дональд Трамптын жакын санаалашы, АКШдагы белгилʏʏ консервативдик блогер жана активист Чарли Кирк атылып ɵлтʏрʏлгɵнʏ маалымдалган. Ок моюн артериясын жарып, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, Кирк ооруканада кɵз жумган. Чарли болгону 31 жашта эле. Артында аялы жана эки жаш баласы калды.

Кошуна имараттан аңчылык карабин менен жалгыз ок чыгарган киши ɵлтʏргʏч качып кетʏʏгɵ ʏлгʏргɵн, бирок эки суткадан кийин колго тʏшʏрʏлгɵн. Бул окуяга атайын кызматтардын эч кандай тиешеси жок экени айтылды. Качып бара жатып киллер байкоочу камерага тʏшʏп калган. Жарыяланган сʏрɵт боюнча аны ɵзʏнʏн атасы таанып, укук коргоо органдарына ɵткɵрʏп берген. Кылмышкер ошол эле Юта штатынын 22 жаштагы тургуну Тайлер Робинсон болуп чыкты. Ал колледжди мыкты баалар менен аяктап, электрик болуп иштɵɵгɵ лицензия алган.
Жаш жигит Трамптын кʏйɵрманынан аны жек кɵрʏʏчʏгɵ чейин жеткен жолду басып ɵткɵн. Робинсондун винтовкасынын жанынан тɵмɵнкʏдɵй сɵздɵр жазылган баракча табылган:
«Ал чын эле фашист!»
Киши ɵлтʏрʏʏ Трамптын командасынан либерализмден четтеп кеткени ʏчʏн ритуалдык ɵч алуу актысы катары уюштурулган дегенге негиз бар. Бирок киллердин артында эч ким жок экени, бийликке каршы эч кандай кутум болгон эместиги аныкталган. Ошентсе да Америка Кирктин ɵлʏмʏнɵн селт этип, кооптонуп калды. Ал эми белгилʏʏ New York Times басылмасы бул окуяны «жаңы жарандык согуштагы алгачкы ок» деп баалады.
Азыркы учурда АКШ коомчулугунда бɵлʏнʏʏ кʏчɵп, радикалдар курал кɵтɵрʏʏгɵ даярданып жаткандай таасир калтырып жатат. Конгресстеги бир кɵрʏнʏш муну айкын далилдеп турат: республикачыл парламентарийлердин бири каза болгон Киркти унчукпай эскерип коюуну ɵтʏнгɵндɵ, демократ депутаттардын жана балкондогу адамдардын бир тобу ышкырып-шылдыңдап киришкен.
Ички коопсуздук боюнча Трамптын кеңешчиси Стивен Миллер социалдык тармакта мындай деп жазды:

«Бул ɵлкɵдɵ бардык акыйкаттуулукту, айкɵлдʏктʏ жана сонундукту жек кɵрʏп, бузукулук менен адепсиздикти жогору коюучу идеология тынымсыз ɵсʏп жатат. Бул идеология ʏй-бʏлɵ жана жаратылыш менен согушууда. Анын ичи тар, ачуулуу жана жан дʏйнɵсʏ жок.»
Кирк либералдык идеяларга каршылыктын символу катары саналган. 20 миллион жазылуучусу бар Кирк консервативдик кʏн тартибин тынымсыз кɵтɵрʏп, ɵзгɵчɵ жаштар арасында таасир жараткан.
СССР эскирбейби?
Евробиримдикте (ЕБ) ушул тапта кайра курууга чейинки СССРди элестеткен саясат жана идеологиялык кɵрʏнʏштɵр жʏрʏп жатканын эксперттер белгилешʏʏдɵ. Албетте, Европада советтик социалдык чектɵɵлɵр жок, ал эми эмеректи талонсуз эле сатып алууга болот. Бирок айрым окшоштуктар адамды таң калтырат.
Советтер Союзунда марксизм-ленинизм ʏстɵмдʏк кылып, ага кʏмɵнсʏнгɵндɵр душман саналган. Евробиримдикте азыр либерал-глобализм ʏстɵмдʏк кылууда. Башкы чакырык – «Кɵп кырдуулуктагы биримдик». Эгер сен макул болбосоң да, милдеттʏʏ тʏрдɵ биримдикти кɵрсɵтʏшʏң керек. Бул туңгуюкка алып барса да, кʏмɵн санагандарды эч ким укпайт. Венгрия менен Словакияда Брюсселдин «генералдык багытына» каршы чыгып жаткан ɵлкɵлɵр дал ушундай кысымга туш болуп жатышат.
Азыр реформа жʏргʏзʏʏ пландаштырылууда: тышкы саясатта «бир пикирдʏʏлʏк принцибинен» баш тартуу, ага макул болбогон мамлекеттерден вето укугун алып салуу маселеси каралууда.
Саясат таануучу, Россиянын тышкы жана коргонуу боюнча кеңешинин мʏчɵсʏ Александр Носович мындай дейт:

«Евробиримдиктин башында интеллекти жана компетенциясы менен тандалбаган парткызматкерлер турат. Еврокомиссия саясий бюронун аналогу болуп калды. Акыркы чечим Брюсселдеги Борбордук Комитет тарабынан кабыл алынат. Бул советтик партноменклатуранын толук аналогиясы.»
СССРде улуттук квота деген тʏшʏнʏк болуп, кызматка «жергиликтʏʏ кадр» саясий эсеп менен коюлган. Евродипломатияны жетектеген эстонка Кая Каллас – советтик практиканын дал ошондой кɵчʏрмɵсʏ менен тандалган кадр. Эстонияда анын антирейтинги 70 пайыздан ашып тʏшкɵн. Бирок ал «Москва коркунуч туудурган ɵлкɵнʏн ɵкʏлʏ» катары кол тийбес башкаруучу бойдон калууда. Баса, Калластын атасы Компартиянын мʏчɵсʏ болуп, Мамбанктын филиалын башкарган.
Латвиядагы электрондук ММК боюнча улуттук кеңеш жакында калкка сыймыктануу менен отчет берди: «Биз Россиялык 121 сайтты тосмолодук, алардын арасында эл аралык балдар сайты Артек да бар.» Россия телеканалдарын мыйзамсыз антенна же декодер аркылуу кɵргɵндɵргɵ 700 евро айып салынат. Мындай жабдыктарды орнотуп берген телемастерлерге эки жылга чейин тʏрмɵ жазасы каралган. Эки мастер кармалып, сот чечимин кʏтʏп отурушат.
Диссиденттер жана атаандаштар
Диссиденттер менен саясий атаандаштардын оозун Евробиримдик бийлиги мурдагы СССРдегидей эле жабуунун аракетин кɵрʏʏдɵ. Франциядагы «Улуттук биримдик» партиясынын лидери Марин Ле Пен ойдон чыгарылган айып менен соттолуп, беш жылга шайлоого катышуудан четтетилди.
Литвиялык белгилʏʏ саясатчы Альгирдас Палецкис эч кандай далилсиз эле «Россиянын атайын кызматы менен кызматташкан» деген айып менен бир нече жылдан бери тʏрмɵдɵ отурат. Буга чейин ал «советтик оккупацияны танганы ʏчʏн» айып пул тɵлɵɵгɵ да милдеттендирилген.
СССР Батыштан темир кɵшɵгɵ менен бɵлʏнгɵнʏ белгилʏʏ. Азыр болсо, дал ошол кɵшɵгɵнʏ Батыш Россияга каршы тартып жатат.
«Евробиримдиктин кошуна ɵлкɵлɵрʏнʏн тургундары Россияга барып-келʏʏдɵ дал советтик адамдар чет ɵлкɵгɵ чыккандагыдай эле кыйынчылык тартып жатышат, – дейт Носович. – Россияга же Беларуска арзан товар сатып алуу ʏчʏн баргандарды бийлик ‘лоялдуу эмес’ жаран катары карайт. Беларуска барып товар алып келʏʏдɵн корккон адамдарды кɵп жолуктурдум. Алардын туугандары мамлекеттик кызматтарда иштегендиктен, аларга кɵйгɵй жаралып калабы деп чочушат. Ошондуктан жɵнɵкɵй тааныштарына тизмеси менен «тигинди-муну алып кел» деп суранууга мажбур болушат.»
Евробиримдик ɵлкɵлɵрʏндɵ дин жана ыйман эркиндигине болгон чектɵɵлɵр да советтик доорду эске салууда. Башканы кой, Еврокомиссия башчысы Урсула фон дер Ляйен христиан-демократиялык партиянын мʏчɵсʏ болгону менен, чиркɵɵгɵ басып барганы бир да жолу эч ким кɵрбɵгɵнʏн белгилешет.
Британияда акыркы он жылдыкта динге ишенгендердин саны 1980-жылдарга салыштырганда эки эсе азайып, 1,2 миллиондон 600 миңге чейин кыскарган. Украинага кɵбʏрɵɵк колдоо кɵрсɵткɵн ɵлкɵлɵрдɵ «динге ишенʏʏ – бул эскилик» деген советтик стереотип кайра жанданып жатканы айтылууда.
Абдираим МАМЫТОВ
Окшош макалалар
Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо
Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда
Ош шаардык кеңешинин сессиясы: башпаанеги жок адамдарга кам кɵрʏлʏп, мэриянын имараты муниципалдык менчикке ɵтɵт