10-октябрь кʏнʏ Ош шаардык кеңешинин XV сессиясы болуп, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Адилет Шаршеналы уулу, тɵрага Болот Баетов, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, 44 депутат катышты.
Кʏн тартибине 6 маселе коюлду:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324 “Ош шааарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берʏʏ боюнча комиссиянын курамын бекитʏʏ жɵнʏндɵ” токтому жɵнʏндɵ;
2. Мамлекеттик менчиктеги айрым мʏлктɵрдʏ мунципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ;
3. Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы №54 “Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитʏʏ жɵнʏндɵ” токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ;
4. «Туруктуу жашаган жери жок адамдар ʏчʏн тʏнкʏ башпаанек» муниципалдык мекемесин тʏзʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ;
5. Ош шаарынын жергиликтʏʏ коомдоштугунун жыйынын ɵткɵрʏʏ жɵнʏндɵ;
6. Ар тʏрдʏʏ маселелер.
Алгач кʏн тартибиндеги биринчи маселе каралып, депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Мэриянын имараты муниципалдык менчикке ɵтɵт
Ага улай эле «Мамлекеттик менчиктеги айрым мʏлктɵрдʏ муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ» маселеси каралып, вице-мэр Замир Юсупов маалымат берди.
«Ашимахунов №7 дарегинде жайган Сот департаментинин имараты жери менен президенттик администрациядан берилген мэрдин кызматтык автоунаасы, мэриянын, обл.администрациясынын имараты, Алымбек датка МАБында жайгашкан ƟКМдин 20 сотых жерин муниципалдык менчикке ɵткɵрʏʏ боюнча маселе бул»,- деди З. Юсупов.
Натыйжада депутаттар бул маселени «суроо-жооп» форматына ɵтпɵй туруп эле кабыл алып беришти.
Ош шаардык маданият башкармалыгынын имараты бузулуп, кɵп кабаттуу ʏй курулат
Сессияда кʏн тартибиндеги ʏчʏнчʏ маселе — «Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы №54 «Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый -маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитʏʏ жɵнʏндɵ» токтомуна ɵзгɵртʏʏ киргизʏʏ жɵнʏндɵ » маселеси каралып, вице-мэр Замир Юсупов баяндама жасады.
Анын айтымында, Ош шаардык маданият башкармалыгы жайгашкан имарат, «Ош шамы» гезити жайгашкан имараттар тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесинен чыгарылып, ордуна муниципалдык ипотекалык ишканасы кɵп кабаттуу ʏй курат.
Жыйынтыгында депутаттар бул маселени да колдоп беришти.

Ошто башпаанеги жок адамдарды калкалоочу мекеме иштеп баштайт
Кезек «Туруктуу жашаган жери жок адамдар ʏчʏн тʏнкʏ башпаанек» муниципалдык мекемесин тʏзʏʏгɵ макулдук берʏʏ жɵнʏндɵ » маселесине келип, аталган маселе да каралды. Анда депутаттар суроо-сунуштарын беришти.
Вице-мэр Салтанат Аманова бул муниципалдык мекеме тʏзʏлсɵ 50-70 башпаанеги жок адамдарды калкалоо милдетин аткарарын билдирди.
«Бул пилоттук долбоорду колдоп берсеңиздер, башпаанеги жок адамдардыреабилитациялоо иштерин баштайбыз», — деди Аманова.
Депутаттар бул мекеме тʏзʏлɵ электен мурун башпаанеги жок адамдар кайда барып жʏрʏшкɵнʏн сурашты.
Салтанат Аманова буга чейин шаардык кеңеш ушундай эле маселе ʏчʏн 300 миң сом акча бɵлɵрʏн, башпаанеги жок адамдар кышта гана каралып жʏргɵнʏн айтты.
Ошондой эле депутаттар аталган муниципалдык мекеменин бюджети 2 млн 700 миң сомду тʏзɵрʏн айтып, бул акча жетпей турганын белгилешти.
«Азыр тиешелʏʏ статистикалар бар. Алар ооруп калганда тез жардам алып кетет, анда алардын башпаанеги жок экени билинет», — деди Аманова.
Аманова башпаанеги жок адамдар кɵчмɵн турмуш кечирерин, кээде алар Бишкекте, кээде Ошто, кээде башка шаарда болорун белгиледи.
«Ошондуктан, булар ооруп калса, жугуштуу оору болсо, башкалардан оолак кармаганга шарт тʏзʏлɵт», — деди ал.
Жыйынтыгында токтом долбоору добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапты.
«Ынтымак» фракциясынын депутаты Айдар Камалов бул маселени комитетте карашканын, мекеменин функционалдык милдети социалдык мекемелердин милдетине окшобостугун кошумчалады.
«Пилоттук долбоор катары мекеме тʏзʏлʏп жатат. Мында кыш айында гана башпаанеги жок адамдарга башпаанек берилет. Анда мекеме дарылабайт, башка кылбайт. Башпаанек гана берет. А бул пилоттук долбоор жакшы иштеп кетсе гана, адамдарды реабилитациялоо иштерин кошсок болот», — деди депутат.

Депутаттарды тʏйшɵлткɵн маселелер
«Мурас» фракциясынан депутат Бекболот Арзибаев мобилдик операторлор ɵздɵрʏнʏн милдеттерин аткарбай жатканын айтты.
«Биз мобилдик операторлорго шарт тʏзʏп, ижарасын арзандатып бергенбиз. Алар кошумча антенналарды коюп бериш керек эле. Бизде, Жапалакта ушул маселе чечилбей жатат», — деди ал.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай уулу шаар боюнча 102 антенна бар экенин, алар «Мега» менен «Билайндын» антенналары экенин билдирди.
Ал кошумчалагандай, алар айына 18 миң сомдон тɵлɵйт.
«Ынтымак» фракциясынан депутат Гʏлназ Исаева Ɵзбекстандан сатып алынган 100 автобус каттамга чыгып же чыкпай жатканын сурады.
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов аталган автобустар каттамдарга чыгып жатканын айтты.
«Биздин автобустар шаардагы жʏргʏнчʏлɵрдʏн 40%ын тейлейт. Автобус-троллейбустар кɵбʏнчɵ борбордук кɵчɵлɵргɵ чыгат. А кичи маршруттарды тейлей турган ɵзʏнчɵ ишкана бар»,- деди ал.
Эл ɵкʏлʏ автобустардын интервалынын аралыгын кыскартууну сурады.
Гульнура Ормонова
Окшош макалалар
Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо
Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда
Шайлоо-2025: Шайлоо мыйзамдары, БШКнын даярдыгы