26 апреля, 2024

Болот Баетов: “Ɵз башын баары бага алат, эр жигит деген элин багыш керек”

 “Мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан биринчи орунда турат” дейт  бул жолку каарманыбыз Ош шаардык Кеңешинин депутаты Болотбек Баетов. Ɵзʏ жаш болсо да, ойлору кенен, терең эл ɵкʏлʏн жакындан таанууга аракет кылып кɵрдʏк.

“МУГАЛИМДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫНДА ТАРБИЯЛАНДЫМ”

-Ɵзгɵн районунун Кашка-Терек айылында тɵрɵлгɵм. 7-класска чейин чоң ата-чоң энемдин колунда чоңойдум, алардын тарбиясын алдым. Бʏгʏнкʏгɵ дейре чоң атамдын берген тарбиясы менен иш тутуп келем. Эл менен, достор менен жолукканда, сʏйлɵшʏп отурган жерде кɵбʏнчɵ чоң атамдын айткан сɵздɵрʏн айтып, акыл-насааттарын колдоном. Жаш курагы 90го жакындап калды, акылы тетик. Бʏгʏн баарыбызга кеп-кеңешин айтып, туура жолго салып турат, айылыбызда эң кадыр-барктуу аксакал. Кезинде коомдук иштерге активдʏʏ катышып, бир нече жолу райондук, айылдык кеңештин депутаты, тɵрагасы болгон. Бизге да коомдук иштерде, мамлекеттин ɵнʏгʏʏсʏнɵ болгон аракеттерде четте турбагыла, кандайдыр бир деңгээлде керегиңер тийсин деген таасир калтырган.

Ата-энем болсо Жалал-Абад шаарында турушат, атам мамлекеттик кызматкер, апам 30 жылдан ашык убакыттан бери университетте окутуучулук милдетин аткарып келет. Чоң атам менен чоң энем да 40 жыл мектепте мугалим болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгышкан. Башкача айтканда, мугалимдердин династиясында тɵрɵлʏп, тарбияландым десем туура болор. 7-класстан тарта Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында окудум. Мектепти жакшы окудум окшойт, аттестатымда баалар дурус эле. Университетти да жакшы окуганга аракет кылганбыз, ага мугалимдерибиз, анан коомчулук ɵзʏ баа берээр.

ʏй-бʏлɵдɵ ʏч бир тууганбыз, эки иним бар. Менден кийинки иним мамлекеттик кызматкер болсо, кичʏʏбʏз бизнес менен алектенип келет.

Ал эми жубайым экɵɵбʏз да ʏч баланы тарбиялап келʏʏдɵбʏз. ʏй-бʏлɵ мен ʏчʏн кɵпчʏлʏккɵ ачыкка чыгара бербеген жабык тема. Жакындарымдын сʏрɵттɵрʏн соцтармактарга чыгарып, жарыялоону туура кɵрбɵйм.

“ЖАКТООМДО ЖƟНƟКƟЙ ЖАРАНДАРДАН ТАРТА САЯСИЙ КЫЗМАТТАГЫ АДАМДАРГА ЧЕЙИН БОЛУШТУ”

-Кесибим боюнча юристмин. Кесипти ички дʏйнɵмдʏн каалоосу менен тандагам. Жакындарым дарыгер болуумду сунушташкан, бирок мен юридика багытын тандадым. Тармакты тандаганыма ɵкʏнбɵйм, коомго, элге пайдасы тие турчу кызыктуу кесип. Бʏгʏн аздыр-кɵптʏр коомчулук мени юрист катары таанып калышты. Дээрлик 12 жыл юридикалык багытта эмгектендим, ɵзʏмдʏн юридикалык компаниямды тʏздʏм. Андан 50дɵн ашык бала тарбияланып, шаарда юридикалык кызматтарды кɵрсɵтʏп келишʏʏдɵ. Ошол эле мезгилде досторум менен биргеликте “Мен жана мыйзам” деп аталган юридикалык компаниябызды тʏптɵгɵнбʏз. Мында 30дан ашык кызматкер иштейт. Азыркы таптагы ийгиликтʏʏ компаниялардын бири десек болот. Анткени тʏштʏк региону, Кыргызстан боюнча юридикалык тармакта алдыңкы орунга чыга алды. Мен да эл ɵкʏлʏ болуп, туруктуу депутаттык комиссиянын тɵрагалыгына келгенге чейин ошол жерде иштегем. Менин жактоомдо жɵнɵкɵй жарандардан тарта саясий кызматтагы адамдарга чейин болушту. Соттук териштирʏʏдɵ ар кандай тагдырларга кʏбɵ болгонбуз. Бул нерсе дагы жашообузда чоң сабак боло турган мектеп. Жогоруда белгилегендей, кызыктуу тармак, бʏгʏн да жумуштан кийин компаниядагы балдарга жолугуп, маселелерди талкуулайбыз. Мисалы, “Мен жана мыйзам” юридикалык компаниясы ɵткɵн жылы жалпы 860 ишти караптыр. Ал иштердин ар биринин ɵзʏнчɵ кызыктуу, татаал жактары бар. Юридикалык тармак адамды ɵстʏрɵт десек туура болот.  Анткени маселелерди талкуулап, чечʏʏ жолдорун издейсиң, изилденесиң. Азыр “юристтер” кɵп, бирок ошол эле учурда юрист жок. Себеби юридикалык багытта дипломду алып койгон башка, аны иштетип кетʏʏ, ɵзʏңдʏн турмушуңда, коомго, мамлекетке иштетʏʏ, колдонуу бул башка нерсе. Ɵлкɵбʏздɵ юристтер ɵтɵ аз. Биздин кʏндɵлʏк турмушубуздагы бардык нерсени жɵнгɵ салуучу юристтер болуп эсептелет. Эгерде юристтерде катачылыктар кете турган болсо, анда мамлекеттин пайдубалына да катачылыктар кетип калуусу мʏмкʏн. Ошондуктан, дарыгерлер, мугалимдер жана юристтер адамдын тагдырына зор таасир этʏʏчʏ кесиптер деп дайыма айтып келем. Мугалим тарбияны, билимди жакшы бербесе, адамдын кийинки тагдырына таасири чоң, ал эми дарыгердин бир катачылыгы, кайчысынын учу адамдын ɵмʏрʏнɵ таасирин тийгизсе, юристтер эки сɵзʏ менен адамдын тагдырын чечип коюшат. Моралдык жактан абдан жоопкерчиликтʏʏ кесип деп айтар элем.

Бʏгʏнкʏ жумушума да кесибимдин пайдасы чоң болууда. Шаардык Кеңеш кɵзɵмɵлдɵɵчʏ орган болгондуктан, токтомдорду чыгаруу, анын мыйзамдуулугун аныктоо, аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵдɵ тажрыйбабызга таянат эмеспизби. Кесиптештерим да ɵз тармагында тажрыйбалуу адистер. Алар менен биргеликте шаар кɵйгɵйлɵрʏн, маселелерин талкуулап, экономисттер экономикалык жагын, юристтер юридикалык жагынан ɵз ойлорун айтышып, бир пикирге, туура чечимге келе алабыз. 

“МЕН ДАЙЫМА МАМЛЕКЕТ ТАРАПТА БОЛОМ, МАМЛЕКЕТЧИЛМИН”

-Бʏгʏн саясаттын босогосунда гана турам. Алдыда кандай жагдайлар, саясий иш-аракеттер болот эч ким билбейт. Мен дайыма мамлекет тарапта болом деп келем же башкача айтканда, мамлекетчил юристмин. Мамлекеттин келечеги, кызыкчылыгы, тагдыры мен ʏчʏн дайыма биринчи орунда турат. Мамлекетибиз кʏчтʏʏ болсо деп тилек кылам. Маселен, ар бир жигитмин деген адам ɵз башын, ʏй-бʏлɵсʏн бага алат, ал милдетибиз. А бирок, жигиттин эң чоң максаты – элди багуу. Эл – мамлекетти тʏзɵт, мамлекетке жакшы нерсе кыла алсаң, анда элге кылганың. Чоң атам “эшек деле ɵзʏн-ɵзʏ бага алат, жигит элди багыш керек” деп кɵп айтат. Андыктан, элдин жʏгʏн тарта билʏʏгɵ ар бир жигит даяр болуусу керек.

“ДОС ЖАКШЫ КʏНДƟРʏҢДƟ ДА СЫНАЛАРЫНА ЫНАНДЫМ”

-Дос – мен ʏчʏн назик тема. Жашоодо кыяматтык дос, убактылуу кызыкчылыктар бириктирген жана башка ар кандай жагдайдагы достор болот экен. Кɵп дос кʏттʏм. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алган, ʏй-бʏлɵлʏк катыштагы жакшы досторум бар.  Ошол эле учурда кɵп жыл кɵрʏшпɵгɵн, чет жерде жʏргɵн, телефон деле чалышпай калган достор болот, бирок алар менен жолукканда кʏндɵ чогуу жʏргɵндɵй сʏйлɵшɵсʏң. Ал эми кʏндɵ кɵрʏп жʏргɵндɵр менен тескерисинче болуп калуусу мʏмкʏн. Дос жаман кʏндɵрʏңдɵ гана эмес, жакшы кʏндɵрʏңдɵ да сыналарына ынандым. Сенин аракетиңди колдоп, коштоп, ийгилигиңе кубанып, ɵзʏнɵ каалаганды досумда да болсо экен десе, мына ошол чыныгы достук, достуктун эң жогорку чеги экен. Пендечиликте кɵрɵ албастык, ичи тардык, бут тосуу деген болот эмеспи. Бул нерселер достордун арасында да кездешет. Жакшылыгыңда жаныңда туруп сʏйʏнʏп, сени колдосо, ошол сенин чыныгы досуң, досту ошентип тандоо керек экен. Ата-энеңе, бир туугандарыңа айта албаганды досторуңа айтасың, алар менен бɵлʏшɵсʏң, сырдашасың, ɵзʏңдʏ кандай болсоң ошондой кɵрсɵтɵ аласың да. Кудайга шʏгʏр, доско баймын.

Жумагʏл Кочкорбай кызы