20 апреля, 2024

Жамгырчы Эргешов: “ЖАРАНДАРДЫН КАЙДЫГЕРЛИГИНЕН УЛАМ МАСЕЛЕ ЖАРАЛУУДА”

Ɵлкɵ боюнча Ош шаарында гана кош каржылоо программасы аркылуу кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн чатырларын алмаштыруу, фасадын оңдоо, жылытуу системаларын жаңыртуу сыяктуу иштер аткарылып келерин айтып келебиз. Мында жогоруда аталган кызматтарды аткарууда жумшалчу каражаттын 50 пайызын жарандар топтосо, 50 пайызы жергиликтʏʏ бюджеттен бɵлʏнʏп берилет. Бул боюнча жарандардын кайрылууларын Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы тескейт. Башкармалыктан кабарлагандай, ɵткɵн жылы 300гɵ чукул кайрылуу келип тʏшсɵ, авариялык бɵлʏмгɵ чалуулардын саны 900гɵ жеткен. Мекемедеги жетишкендиктер, аткарылган иштер тууралуу жетекчиси Жамгырчы Эргешов   редакциябызга маек курду.

-Жамгырчы Калмурзаевич, айтсаңыз, 2022-жылкы кайрылуулардын канчоосун аткара алдыңыздар?

-Биздин мекемеге 2022-жылы коммуникациялык оңдоп-тʏзɵɵлɵр боюнча шаардын тургундарынан жалпы 298 арыз келип тʏшкɵн. Анын ичинен шаардык мэрия аркылуу 23 арыз, ал эми мекеменин ɵзʏнɵ 275 арыз тʏшкɵн. Арыз-кайрылуулар негизинен жылуулук, канализация, муздак-суу тармактарын оңдоо,  чатырын жаңылоо, подьезддерге темир эшиктерди орнотуу, подьезддерди жана кɵп кабаттуу ʏйдʏн сырткы фасаддарын актап-сырдоо жана башка оңдоп-тʏзɵɵ маселелери тууралуу. Анын негизинде кызматкерлер тарабынан кɵйгɵйлɵр менен жеринен таанышып, иликтɵɵлɵр жʏргʏзʏлʏп, 415 дефекттик актылары тʏзʏлʏп, шаар тургундарына берилди.

Шаардагы кɵп кабаттуу ʏйлɵрдɵ 50%50 кош каржылоо долбоорунун негизинде аткарылган жумуштарга токтолуп кетсем, 2022-жылы муздак суу тармактарын оңдоп-тʏзɵɵ боюнча — 21 кɵп кабаттуу ʏй, саркынды суу тармактарын ондоп-тʏзɵɵ боюнча — 16 ʏй, фасад актап-сырдоо боюнча — 28 ʏй жана 4 административдик имараттын фасады тʏзɵтʏлдʏ.

Ошондой эле кɵп кабаттуу ʏйлɵрдʏн подьезддерине домофон жана чип менен кирʏʏчʏ темир эшиктерди орнотуу боюнча 19 ʏй, подьезддерин актап-сырдоо жана капиталдык оңдоп-тʏзɵɵдɵн да 19 ʏй ɵттʏ.

Мындан сырткары кабаттуу ʏйлɵрдʏн чатырынан тʏшкɵн сууларды агып кетʏʏсʏ ʏчʏн сливтерди орнотуу иштери А.Шакиров кɵчɵсʏндɵгʏ №275/4 ʏйʏндɵ жʏргʏзʏлсɵ, ʏйлɵрдʏн чатырын капиталдык оңдо-тʏзɵɵ иштери 10 ʏйдɵ, жылуулук системасын жана элеватор тʏйʏнʏн ондоп-тʏзɵɵ иштери 14 ʏйдɵ, кɵп кабаттуу ʏйдʏн электр щитин алмаштыруу, оңдоп-тʏзɵɵ иштери 1 ʏйдɵ, Ош шаарынын Тɵлɵйкɵн айылына караштуу А.Кабылов кɵчɵсʏндɵгʏ жеке турак ʏйлɵрдʏ борбордук саркынды суу тʏтʏктɵрʏнɵ туташтыруу боюнча долбоордун негизинде узундугу 1100 п/м тʏзгɵн саркынды суу тармагын куруу иштери аткарылды.

Ош шаарынын Тɵлɵйкɵн айылына караштуу Ражапов кɵчɵсʏндɵгʏ жеке турак ʏйлɵрдʏ таза суу тʏтʏктɵрʏн алмаштыруу  боюнча долбоордун негизинде узундугу 1265 п/м тʏзгɵн иштери аткарылып бʏткɵн.

Ал эми авариялык чакыруулар боюнча мекеменин кʏнʏ-тʏнʏ иштɵɵчʏ авариялык бɵлʏмʏнɵ жыл башынан бери 900 телефон чалуулар болуп, толугу менен канааттандырылды.

-Быйыл кыш мезгили жылдагыдан оор болуп жатканын кɵрʏʏдɵбʏз. Айрыкча коммуналдык кызматтагылар ʏчʏн кыйын болууда. Авариялык чалуулар кɵп болуп жатса керек? Негизи эле кандай кɵйгɵйлɵр жаралууда?

-2022-жылы тʏшʏндʏрʏʏ иштеринин негизиндеби же жарандардын аң-сезими ойгонгондонбу кɵпчʏлʏгʏ подъезддерге кɵңʏл бура баштады. Чип менен эшиктерди койдурушту, эски терезелерди пластикке алмаштырышты, оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏштʏ. Мунун негизинде подъезддер жылуу болуп, суу трубалары кɵп жарылган жок. Негизинен баарыбыз байкагандай быйыл кыш катуу болду. Буга байланыштуу муздак суунун трубалары жарылган учурлар катталды. Жылуулук боюнча кɵйгɵй андай эле жок. Себеби тургундар жер тɵлɵдɵгʏ трубаларын, батиринин ичиндеги жылытуу системасын алмаштыргандыктан, анчалык деле кɵйгɵй болбоду. Кɵйгɵй негизинен муздак сууда болууда. Мында кɵбʏнчɵ ɵзʏбʏздʏн шалаакылыгыбыздан, кайдыгерлигибизден маселе жаралууда. Жер ʏйдɵ жашагандар эшигинин алдындагы кранттарын жылуулабастан, кыш мезгилинде тоңуп калбасын деп ачып коюшуп, суунун басымы азайып, 4-5-кабаттарга суу жакшы чыкпай калат да, басым жоктугунан тоңуп калууда. Мындан улам трубалар жарылууда. Учурдан пайдаланып шаардын, жеке менчик жер ʏйлɵрдʏн жашоочуларына кайрылып кетмекмин. Убагында трубаларын жылуулап, эскирген жылуулук системаларын алмаштырышса, ʏйʏ да жылуу болуп, кошумча электр мешин саюуга мажбур болушпайт, суу тоңбойт. Энергетика тармагына да оорчулук келмек эмес.   Шаар баарыбызга дейт эмеспи. Шаарга бир эле коммуналдык кызматтардын кызматкерлери гана чуркабастан, жашоочулар да жардам берсе, ɵтɵ сонун иш болот эле. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кызматкерлерибиз авариялык чалууларга ɵз мезгилинде реакция жасашып, кʏн-тʏн дебей кызмат кылышууда. 

-Кɵп кабаттуу турак жайларды тейлɵɵнʏн артыкчылыктары жана кыйынчылыктары тууралуу айта кетсеңиз.

— Шаардагы кɵп кабаттуу турак-жайларды тейлɵɵдɵ эң негезги кыйынчылыктар “эскини эптегиче эсиң кетет” дегендей улам бир жерин оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрсɵк, экинчи жери чыгат.  Артыкчылыгы Ош шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинен 50 пайыз акча каражаты бɵлʏнʏп жашоочуларга бир топ жеңил болууда.

2023-жылдан баштап, союз маалындагыдай техникалык тейлɵɵ боюнча жарандар менен келишим тʏзɵлʏ деп жатабыз. Тургундар да ɵздɵрʏнʏн ʏйʏ ʏчʏн буга кызыктар болуусу керек. Маселен, шаардык Кеңеш тарабынан биздин кызмат акы бир чарчы метрге 3 сом деп бекитилген. Мында жылуулук тармактары, муздак суу, саркынды суу тармактары, кирмелер (подъезддер), чатырлар, ʏйдʏн фасады каралган.

Кɵп кабаттуу турак-жайлардын жашоочулары биздин мекеме менен техникалык тейлɵɵ боюнча келишим тʏзʏп, келишимде кɵрсɵтʏлгɵн тɵлɵмдɵрдʏ ɵз убагында тɵлɵп турушса,  мекеменин тиешелʏʏ адистери  ар бир кɵп кабаттуу турак-жайдын жалпы колдонуудагы инженердик коммуникация жаатындагы кɵйгɵйлɵрʏн тʏзɵɵдɵ сапаттуу кызмат кɵрсɵтмɵкпʏз.

Мындан сырткары тургундарга да тʏшʏндʏрʏʏ иретинде ар бир ʏйдʏн ɵзʏнʏн фонду болорун айтар элем. Чарчы метр квадратына 3 сомдон эсептелсе, ʏйʏ 60 м2 болсо, анда жаран айына 180 сом тɵлɵйт экен. Мисалы, 180 сомдон 50 батир топтой турган болсо, айына 9 миң сом чогулуп калат. Эгерде кандайдыр бир кɵйгɵй чыгып, бизге кайрылышса, кʏн-тʏн дебей керектʏʏ жабдыгын алып барып, домком же ошол жердеги активдʏʏ тургундар менен биргеликте акт тʏзʏп, сатып алынган жабдуулар, кызматтын баалары тууралуу отчёт берʏʏгɵ милдеттʏʏбʏз. Жыл бою кɵп кабаттуу ʏйдɵ маселе жаралбаса, анда топтолгон каражатка кош каржылоо (50-50%) аркылуу чатырын жаптырып же кирмелерин оңдотуп алышса болот. “Кɵп тʏкʏрсɵ кɵл болот” дегендей, аз-аздан каражат чогулта беришсе, тургундардын ɵздɵрʏнɵ эле жакшы болмок.

Союз тарагандан кийинки эң чоң катачылыктардын бири ушул  приватташтыруу болгон деп эсептейм. Себеби приватташтыруу толук кандуу жʏрбɵй калган. Кɵп кабаттуу турак ʏйлɵрдʏ приватташтырууда жарандар жеке батирин гана менчикке ɵткɵрʏп алышкан да, жер тɵлɵɵ, ʏйдʏн сырты, кирмелер, ʏйдʏн чатыры эч кимге карабай, ээси жок болуп калып кеткен. Ошондой эле дагы белгилеп кетʏʏчʏ нерсе, жылуулук камсыздоо мекемелери жылуулукту, “Ош шаарсууканал” ишканасы суну ʏйгɵ чейин гана алып келип берет. «Силер акча алып жатасыңар, ʏйʏмɵ чейин алып кирип бересиңер” деген тʏшʏнʏк таптакыр туура эмес. Мисалы, мен жер ʏйдɵ жашайм, ʏйʏмдʏн сыртын оңдоп-тʏзɵɵгɵ же жылуулук системаларын алмаштырууга мамлекеттен 50% жардам деле албайм, баары ɵз каражатыбыздан кетет. Муну кɵп кабаттуу ʏйдʏн жашоочулары туура кабыл алуусу керек. Аларга абдан жакшы колдоо кɵрсɵтʏлʏп келет.  

-Техникалык тейлɵɵ деп калдыңыз, аларга кɵп кабаттуу турак жайдын кайсы бɵлʏктɵрʏ кирет?

-Кɵп кабаттуу турак жайдын жер тɵлɵɵсʏндɵгʏ бардык инженердик коммуникациялар, кɵп кабаттуу турак-жайдын сырткы фасады, кирмелери (подьезд), чатыры (крыша) жана темир эшик чип-домофондорду орнотуу кирет.

-Техникалык тейлɵɵ боюнча келишимди кантип тʏзсɵ болот?

-Келишимди мекеменин атайын кызматкерлери бар, ошолор менен байланышса болот. 0(3222) 5 66 24, 0(999) 58 66 24, 0(509) 58 66 24 телефон номерлери чалууларды кабыл алууга даяр. 

-Маегиңизге рахмат!

Жумагʏл Кочкорбай кызы