16 апреля, 2024

МАТА ХАРИ: агент жана бийчи

Жашыруун кызматтын  аял агенттеринин арасынан даңкы Мата Харичелик таш жаргандарды издеп табуу оңой эмес. Бирок, Мата Хари жасалма айып менен атылып кеткенин иликтɵɵчʏлɵр белгилеп келишет.

СОТ   ЖАСАЛМА БОЛГОНБУ ЖЕ ЖАЗМЫШ УШУНДАЙБЫ?

(GERMANY OUT) 15.10.1876-15.10.1917+(eigentl. Margaretha Gertruide Zelle)T?nzerin, Niederlande(als Spionin hingerichtet 1917 in Frankreich)Portr?t- undatiert um 1914 (Photo by ullstein bild/ullstein bild via Getty Images)

Мата Хари — чыныгы аты-жɵнʏ Маргарета Гертруда Зелле, экзотикалык бийлердин чебери, куртизанка (жогорку чɵйрɵдɵгʏ адамдар менен мамилелеш болуп жʏргɵн аял). Нидерландиянын жараны.1876-жылдын  7-августунда Нидерландиянын Лэуварден шаарчасында жарык дʏйнɵгɵ келген. Атасы Адам Зелле менен апасы Антье ван дер Мейлендин тɵрт баласынын экинчиси жана жалгыз кызы эле.

Жыйырманчы кылымдын биринчи он жылдыктарында чыгыш бийлеринин чебери катары Мата Харинин Европага атагы чыккан. Биринчи дʏйнɵлʏк согуш учурунда Германиянын пайдасына шпиондук аракеттерди жасаган деп айыпталып, Француз сотунун 1917-жылдын 15-октябрындагы ɵкʏмʏ менен душмандын  пайдасына шпиондук кылып жʏргɵндʏгʏ ʏчʏн Париждин алдындагы Венсен шаарчасында   атылган.

Адистер жана иликтɵɵчʏлɵр француз сотунун бул ɵкʏмʏн адилеттʏʏ эмес, айыптоону жасалма, токулган деп да эсептеп жʏрʏшɵт. Ырасында мунун чын-тɵгʏнʏн эч ким жʏйɵɵлɵп бере албайт, эми анын азыр Мата Харинин жакындарынан жана балдарынан башка эч кимге деле кереги жоктой сезилет. Пендебиз да.

Канткен менен Мата Харинин ɵмʏрʏнɵ жана ишмердʏʏлʏгʏнɵ болгон кызыгууну да жандырууга мʏмкʏн эмес. Дегеле, Мата Харинин тагдырына арналып бир нече документалдык жана кɵркɵм тасмалар тартылганын айта кетели.

Мата Харинин атасы Адам Зелле шляпа саткан дʏкɵндʏн ээси эле. Ал мындан башка  мунай ɵнɵр  жайына да ийгиликтʏʏ инвестиция салып жʏрʏп, жетиштʏʏ эле байлык топтоого жетишкен. Балдарынан эч нерсени аяган эмес. Маргарета он ʏч жашка чыкканга дейре жалаң гана жогорку сословиелердин мектептеринде билим алган.

Бирок, 1889-жылы Адам Зелле банкротко учурап, жакырланып кетет. Анан аялы менен ажырашат. Маргареттин апасы 1891-жылы каза болот. Yй-бʏлɵ  кулайт.

ИНДОНЕЗИЯ ЖАНА  ИЙГИЛИКСИЗ НИКЕ

Маргаретаны атасы Снек шаарында жашаган ɵкʏл атасыныкына жиберет.

Кыз аныкында жашап окуусун улантып, балдар бакчасынын тарбиячысы кесибине даярдана баштайт.Бирок, ал окуп жаткан окуу жайдын директору кызга ачык эле флирт жасай баштаганда, бул жорукту кемсинтʏʏ деп санаган ɵкʏл ата кызды окутпай коет. Бир нече айдан кийин Маргарета ɵзʏнʏн абасынын Гаагадагы ʏйʏнɵ келет.

1895-жылдын 11-июлунда 18 жаштагы Маргарета 39 жаштагы голландиялык капитан Рудольф Маклеодко турмушка чыккан. Алар кулактандыруунун негизинде гана таанышышкан жана ʏй-бʏлɵ курушкандан кийин Ява аралына( ал кездерде Голландиялык Ост-Индия, азыркы Индонезия) кɵчʏп келишкен. Ошол жерде  эки балалуу болушкан. Бирок, нике экɵɵсʏнʏн тең кɵңʏлʏнɵ тɵп келбеген. Рудольф ичкич болуп чыккан. Ал мунусун аялынын андан эки эсеге жаш экендигинен жана аны кызматынан кɵтɵрʏшпɵгɵндʏгʏнɵ шылтаган. Буга кошумча, ал ачык эле ойнош кʏткɵн.

Кɵңʏл калды болгон Маргарета аны таштап,  голландиялык башка офицер ван Редеске кеткен.Бир канча айлар бою индонезиялык маданиятты, адат-салтты интенсивдʏʏ ʏйрɵнʏп, бош убактысынын кɵпчʏлʏгʏн бийчилер тобунда бийлɵɵ менен ɵткɵргɵн.

1897-жылы Маргарета ɵзʏнʏн артисттик каймана атын- Мата Харини алгачкы жолу туугандарынын бирине жазган катында атаган( малайзия тилинде “мата” –“кɵз”, “хари” жарык кʏн”, сɵзмɵ сɵз которгондо  -жарык кʏндʏн кɵзʏ деген маанини билдирет).

Рудольфтун улам-улам чакыра бергенин кыя албаган Маргарета ага кайра келет. Бирок, турмуштары барган сайын оорлошуп, акыры 1903-жылы ажырашып тынышат.

 Жакырчылыктын азабын тарткан Маргарета Парижге келип, оболу  циркте   “Леди Греша Маклеод” деген  ысым менен цирктик чабандес болуп иштей баштайт.

1905-жылдан  тарта Мата Хари деген каймана ысым менен“ чыгыш бийлеринин чебери” катары анын даңкы дʏңгʏрɵп чыга баштаган. Мата Харинин чыгыш бийлери кɵп жагынан ал кезде европалыктар ʏчʏн кɵндʏм боло элек азыркы стриптизге окшошуп кетээр эле.

КОШ АГЕНТ

Биринчи дʏйнɵлʏк согуш мезгилинде Нидерланды мамлекети нейтралдуулукту сактагандыктан, Голландиянын жараны катары Маргарета Зелле  Франциядан ɵз мекенине барып жана кайра артка кайтып келе алган. Мамлекеттер фронттун тилкелери  менен бɵлʏнгɵн жана Мата Харинин ары-бери каттоо жолу Испания аркылуу( ал кездерде немецтик жана Британиялык чалгындоо резиденциялары бул ɵлкɵдɵ активдʏʏ иштеп турган) ɵткɵн. Маргаретанын ары-бери эркинче баскан жолу эки тарапты тең кызыктырган.

Сыягы, Маргаретта Зелле согушка чейин эле германдык атайын кызматтын пайдасына шпиондук кылып жʏргɵн болсо керек деген божомол айтылат. Жалдануу себеби жана  кырдаалы ушул кʏнгɵ дейре белгисиз.

1916-жылы француз контрчалгынында анын Германияга иштеп жатканы туурасында алгачкы билдирʏʏлɵр пайда болот. Муну билип калган Мата Хари  ɵзʏ француздук атайын кызматка келип, кызматташууга макулдук берет.Муну менен бирге Мата Хари ɵзʏнʏн ойношторунун бири, немецтик агент-жалдоочунун француздук атайын кызматка кеңири белгилʏʏ агенттин ысымын атап берген. Жыйынтыгында француздар Мата Харини кийинки жылы болор-болбос бир миссия менен Мадридке жиберишкен жана  анын шпиондугун далилдеген радиограмма кармалган. Радиограмманы немецтик атайын кызмат кош агенттен кутулуу жана аны француздарга ɵткɵрʏп берʏʏ максатында атайылап ачыктап беришкен деген да божомол бар.

КАМАККА АЛУУ,  СОТТОО

 1917-жылдын 13-февралында Мата Хари Мадридден келээри менен француздук атайын кызмат тарабынан камакка алынган жана душмандын пайдасына шпиондук кылган деп айыпталган. 24-июлда Мата Харинин ʏстʏнɵн сот иши башталып, ал жабык ɵткɵрʏлгɵн.

Мата Хариге  душманга бир катар жашыруун маалыматтарды берген жана анын айынан  француздук бир нече дивизиянын (!) солдаттары курман болгон деген айып тагылган. Соттун материалдары  ушул кезге дейре ачыкка чыга элек, бирок айрым маалыматтар басма сɵзгɵ чыгып кеткенин белгилей кетели.

Кийинки эле кʏнʏ нидерланддык жаран Маргаретта Зелли сот тарабынан кʏнɵɵлʏʏ деп табылып, ɵлʏм жазасына ɵкʏм кылынган.

Жазалоо алдынан  Мата Хари камакта олтурган. Анын адвокаты сот жоопкерчилигинен бошотууга жана бардык айыптоолорду алып салууга бʏт кʏчʏн жумшаган. Апелляция берилген, бирок жыйынтыксыз калган. Президенттин атына  кечирим берʏʏ ɵтʏнʏчʏ келтирилген, бирок Пуанкаре макулдук берген эмес. Ɵлʏм жазасы кʏчʏндɵ калтырылган. Анын ɵлʏм саатын кичине болсо да узарта туруу аракетинде адвокат андан кош бойлуу экени жɵнʏндɵ бийликтегилерге билдирʏʏнʏ да ɵтʏнгɵн. Бирок, Мата Хари мынтип калп айтуудан баш тарткан.

…Эрте таңда ага сакчылар келип, кийинʏʏсʏн ɵтʏнʏшкɵндɵ аны  эрте мененки тамаксыз эле атууга камданып жатышкандыктыры ʏчʏн нараазылык билдирген.

Мата Харини атуу  1917-жылдын 15-октябрында Венсендеги аскердик полигондо ишке  ашырылган.Атылгандан кийин атуу командасынын начальниги жансыз денеге келип, этиети шарт кыязында желкесине револьверден дагы бир ирет аткан.

Мата Харинин сɵɵгʏн сураган эч ким болбогондон кийин ал Анатомиялык музейге ɵткɵрʏлʏп берилген. Башы бальзамдалып, Анатомиялык музейде сакталып турат.

Мата Харини атууга алып чыгышканда анын акыркы сɵзʏ мындай болуптур: ”Ыраазычылык билдирем, мырзалар!”

Эмнеге ыраазычылык билдирди, анын жандырмагын Мата Хари ɵзʏ менен кошо ала кетти.

Абдираим Мамытов