26 апреля, 2024

Эт этке, шорпо бетке

«Илгери эки эле оорунун тʏрʏ бар болчу, биринчиси суук ɵттʏ, экинчиси ысык таптады  деген» деп улуу муун ɵкʏлдɵрʏ тамашалап айтканында чынында калет жок. Койдун майын сыйпап, жылкынын зардабын ичип сакайган убак эбак ɵтпɵдʏбʏ. Кыргызда дагы бир сɵз бар, эт этке, шорпо бетке деген.  Биз тамак рационубуздагы эт тууралуу кеп кылабыз.

Жылкы эти

Курамында белок кɵп жана калориясы тɵмɵн болгондуктан жылкынын эти диеталык тамак катарына кирет.   Эң кызыктуусу: адамдын денеси жылкынын этин сиңирʏʏ ʏчʏн ʏч саат, ал эми уйдун этин толук сиңирʏʏ ʏчʏн бир кʏн талап кылынат. Мындан тышкары, жылкынын эти жылытуучу таасирге да ээ. 

Жылкы эти кандагы холестеринди тɵмɵндɵтɵт, зат алмашууну жɵнгɵ салат жана нурлануунун таасирин нейтралдаштырат. Анын курамында биздин организм ʏчʏн ɵтɵ керектʏʏ болгон витаминдер жана микроэлементтер кɵп: калий, натрий, фосфор, темир, жез, магний, аминокислоталар, тиамин, рибофлавин, В, А, РР, Е тобундагы витаминдер.

Жылкы эти экологиялык жактан эң таза эт болуп эсептелет. Жылкылар таза шартта ɵстʏрʏлгɵндʏктɵн, анын этинде антибиотиктер жана башка зыяндуу компоненттер жок. Коёндун эти сыяктуу эле жылкынын эти аллергиялык реакцияларды жаратпайт жана балдардын тамак-ашына ылайыктуу.

 Жылкынын этинде холестерин аз. Андыктан ашыкча салмактан жабыркагандар ʏчʏн пайдалуу азык. Булчуңдарды чыңдап, ɵттʏн жакшы иштешине шарт тʏзɵт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирет.

   Жылкынын эти калий, натрий, фосфор, темир, магнийге, А, В, Е витаминдерине бай. Андыктан жʏрɵк- кан тамыр оорулары, аз кандуулук, атеросклероз менен ооругандар жаңы союлган жылкынын этин кайнатып жесе пайдалуу. Мындан сырткары алсыроону, чарчоону жазат, эркектин бел кубатын кɵтɵрɵт.

Эскертʏʏ: Жылкынын туздалып, сʏрсʏтʏлгɵн эти, чучугу кан басымды кɵтɵрɵт. Андыктан кант диабети, гепатит, боордун циррозу, холецистит менен жабыркагандар, ɵтʏ жоктор жылкынын сʏрсʏгɵн этин жана майын жегенден баш тарткан жакшы. Булар ɵнɵкɵт ооруларды козгоп кʏчɵтɵт.  12 жашка чейинки балдарга сунушталбайт. Анткени жаш балдардын организми жылкынын этин жакшы сиңире албайт. Мындан сырткары ашказан- ичеги, панкреатит, гипертония, псориаз, дерматит, богок, катаракта, глаукома оорусу барларга, инсультка, инфарктка чалдыккандарга сунушталбайт. Ооруну кʏчɵтʏшʏ мʏмкʏн, ошондуктан жылкынын этине аяр мамиле жасоо керек.

Топоз  эти

Топоздун эти уйдун этине караганда пайдалуу заттарга бай, анын ичинде темир абдан кɵп, ал эми холестерин аз санда. Организмдеги зат алмашууну жакшыртып, операциядан кийин ден соолуктун тез калыбына келишине жардам берет. Анемиядан жабыркагандарга табылгыс азык. Эти, сʏтʏ, майы баалуу тамак- аш азыктарынын болуп саналат. Сʏтʏ коюу, сʏтʏнʏн ʏстʏндɵгʏ турган каймагынын калыңдыгы эки элиден ашат. Андыктан адамдын саламаттыгына тийгизген таасири абдан жакшы. Топоз этин жеген адам картайбайт деп коюшат. Топоз деңиз деңгээлинен 2700дɵн  5200 м. бийиктикте жашаган экологиялык таза продукция жана сырье берʏʏчʏ бийик тоонун малы. Ал жогорку энергиялуу жана дарылык касиети бар чɵптɵр менен азыктанат. Ошондуктан топоздон алынуучу тамак- аш продукциялары жогорку геронтологиялык баалуулукту камсыз кылат.

Yндʏк эти

Канаттуулардын башка тʏрлɵрʏнɵ салыштырмалуу ʏндʏктʏн майы жана калориясы бир топ азыраак, бирок белоктун курамы боюнча эттин башка тʏрлɵрʏнɵн кем калышпайт. Селен жана В витамини, никотин кислотасы жана фосфор кɵп. Фосфорго келсек, ʏндʏк бул элементтин курамы боюнча балыктын айрым тʏрлɵрʏнɵн да ашып кетет. ʏндʏктʏн эти организмге жакшы сиңет жана ошол эле учурда ачкачылык сезимин кɵпкɵ кандырат. Ал эми ʏндʏктɵ орточо холестерол бар болгондуктан, семирʏʏ же атеросклероз менен ооруган адамдар ʏчʏн ылайыктуу.

Уй эти

Уй эти коллаген менен эластиндин алмаштырылгыс булагы. Пайдалуу курамына В, А, С, РР витаминдери, ошондой эле жашоо ʏчʏн эң керектʏʏ минералдар: темир, кальций, калий, натрий, цинк, фосфор, магний, жез кирет. Уй эти булчуңдардын ɵсʏшʏ жана ɵнʏгʏшʏ ʏчʏн зарыл болгон оңой сиңирʏʏчʏ протеиндин булагы болуп саналат. Белгилей кетчʏ нерсе, тамак даярдоо учурунда баалуу протеиндердин этте дээрлик толугу менен сакталып калышы маанилʏʏ. Уйдун эти адамдын организмине дан эгиндерине, жашылча-жемиштерге караганда тезирээк сиңет.

Бышырылган эт жана уйдун сорпосун операциялардан, кɵп кан жоготуудан жана олуттуу оорулардан кийин колдонуу сунушталат. Уйдун эти гемопоэзди жакшыртат жана гемоглобиндин деңгээлин жогорулатат, аны аз кандуулук ʏчʏн менюга киргизʏʏ абдан пайдалуу.

Уйдун этин артрит, остеохондроз жана башка сɵɵк, муун оорулары менен жабыркагандарга жегенге болбойт. Анын курамында пурин негиздери бар, алар сиңирилгенде заара кислотасын бɵлʏп чыгарып, оорулуунун абалын начарлатышы мʏмкʏн.

 Бɵдɵнɵ эти

Бул куштун эти сейрек рационго кирет. Сиз аны тамактануучу ашканада жолуктурбайсыз, анткени бул анын кымбаттыгына байланыштуу. Бɵдɵнɵнʏн эти ден соолукка абдан пайдалуу, айрыкча ашыкча салмактан жабыркагандар ʏчʏн. 100 грамм бɵдɵнɵ этинде болгону 230 ккал, кɵп сандагы белок, витаминдер жана минералдар бар. Анын ʏстʏнɵ бɵдɵнɵнʏн курамындагы белок организмге абдан тез сиңет.

Бɵдɵнɵнʏн эти катуу оорудан же кан жоготуудан кийин оңой жана тез айыгууга жардам берет деп да айтылат. Ошондой эле магний, темир, калий жана жездин кɵптʏгʏнɵн улам бɵдɵнɵ эти мээнин, жʏрɵк-кан тамыр жана иммундук системанын иштешине оң таасирин тийгизери далилденген.

Эчки эти

Демейде «эчки союптурбу, ии, эчкиби» деп тоготпойт эмеспизби. Эчкинин эти жумшак даамы жана минималдуу майлуулукка ээ. Калориясынын аздыгынан мындай этти медициналык же диеталык тамактануу менен жесе болот. Эчкинин этинде темирден баштап  кʏчтʏʏ антиоксидантка чейин бир катар баалуу компоненттер бар. Мындан тышкары, эчкинин этинде холестериндин деңгээли тɵмɵн болгондуктан, ɵзгɵчɵ улгайган адамдар ʏчʏн алмаштырылгыс азык болуп саналат.

Кой эти

Кɵпчʏлʏк кой этин эттин ɵтɵ майлуу тʏрʏ деп эсептешет. Албетте, койдун этинде май бар, бирок анын ɵлчɵмʏ чочконун этине караганда бир топ аз. Кой эти холестерол кɵлɵмʏн нормалдаштыруу ʏчʏн жооптуу лецитин, таасирдʏʏ кɵлɵмʏн камтыйт. Бирок мунун да белгилʏʏ бир кемчилиги бар. Койдун сɵɵктɵрʏндɵ артриттин ɵнʏгʏшʏнɵ ɵбɵлгɵ тʏзгɵн заттар бар. Ошондуктан, улгайган адамдар мындай эт азыктарынан баш тартканы жакшы. Мындан тышкары, картайган, семиз кой этинде кɵбʏнчɵ кан тамырларга жана жʏрɵккɵ таасир этʏʏчʏ липиддер бар. Ошондуктан, жогорудагыдай оорусу барлар кой этин жегенге болбойт, ошондой эле тамак-аш даярдоо учурунда эриген бардык майлар да колдонулбашы керек.