29 марта, 2024

Каныкей Мамасеитова, борт коштоочу: “Стюардессе ар дайым позитивдʏʏ маанайда болууга милдеттʏʏ”

Жер бетинде миңдеген кесип ээлери бар, абада болсо экɵɵ эле, алар: учкучтар жана борт коштоочулар. Жʏргʏнчʏлɵр кɵздɵгɵн дарегине жеткен соң учак менен кош айтышары талашсыз. Ал эми аталган кесип ээлери андан ары жолун улап, абадагы ишине кайтышат. Башкаларга окшобогон кызыктуу борт коштоочулук же биз кɵбʏнчɵ стюардесса деп атаган кесип ээси Каныкей менен маектешип, жумушу тууралуу кеп кылганбыз. Келечекте стюардесса болом деген кыздарга азын оолак кеңеш да болор.

-Каныкей, стюардесса болуу бала кездеги кыялыңыз беле?

-Негизи, бала кездеги кыялым дʏйнɵнʏ кыдырган саякатчы болуу эле. Ал эми жакындарым, дос, тааныштар “сага стюардесса болгон сонун жарашат” деп кɵп айтып калышчу. Ошентип жʏрʏп чын эле авиация тармагында иштеп калдым. 

-Азыр кайсы авиакаттамда иштейсиз?

-Учурда “Emirates Airlines” компаниясында стюардессалык кызматты аркалайм. Чынын айтсам, дʏйнɵдɵгʏ мындай белгилʏʏ авиакомпаниялардын биринде иштеп калам деп эч ойлогон эмесмин. Кɵрсɵ кыялдар орундалат экен. Болгону ниетти туура коюп, ошого жараша аракеттенип, талыкпаган мээнет кылуу жетиштʏʏ деген ойдо калдым.

-Стюардесса болуу ʏчʏн канча жыл окудуңуз?

-Бул жумушка кабыл алынарда бир нече этаптан турган маектешʏʏдɵн ɵтʏʏгɵ туура келет. Маектешʏʏдɵн ɵткɵн соң ар бир кызматкер авиациялык колледжде окууга милдеттʏʏ. Окууну аяктаганда сɵзсʏз колледждин экзамендеринен ɵтɵсʏз. Коюлган талаптардын баарына жооп бере ала турган болсоңуз иштɵɵ мʏмкʏнчʏлʏгʏ сиздики. 

-Бул деңгээлге жеткенге чейин кандай кыйынчылыктар болду?

-Стюардесса болуш ʏчʏн биринчиден, англис тилин мыкты деңгээлде билʏʏ керек. Ошондуктан англис тилин теориялык жана практикалык жактан жакшыртуума бир аз убакыт кетти. Колледжде жаңы окуп баштаганда окуунун программалары ɵтɵ кыйын экенин тʏшʏндʏм. Кээде ɵзʏмɵ ишенбей, акырына чейин чыдай алар бекем деп ойлончу элем. Албетте, жаңы сферага аралашып жаткан ʏчʏн жаңы темалар, англис тилинен мен билбеген ɵтɵ кɵп жаңы сɵздɵр, терминдер кезигип жатты. Окуу жʏрʏп жатканда ушунчалык кɵңʏл бɵлʏш керек, эгер кокус эле башка нерселерге алаксып, бир-эки сʏйлɵмдʏ ɵткɵрʏп жиберсең теманы толук тʏшʏнбɵй,  экзаменде дал ошол темага байланыштуу суроолор келсе, жооп бере албай калышың ыктымал. Окуудан чыккандан кийин ʏйгɵ берилген тапшырмаларды аткарып, андан сырткары башка темаларды да ɵз алдымча окуп, ɵз алдымча сыноо тесттерин тапшырып, тʏнʏ менен уктабай экзаменге даярданган кʏндɵр болду. Кайра эле сабакта практикалык экзамендер болот. Ошентип, оюңа окуудан башка эч нерсе келбей, башка нерселерге убакыт жок, кээде мекенде калган тууган-урук менен кенен отуруп сʏйлɵшɵ албай калган учурлар болду.

-Стюардессага кандай талаптар коюлат? Милдеттери жана укуктары.

-Биринчиден, аларда сылык-сыпайы мʏнɵз калыптанышы керек. Жаңы адамдарга, жаңы жерлерге бат ылайыкташып кеткени жакшы. Адамдык сапатка ɵзгɵчɵ маани берилет. Себеби, сен иштеген авиакомпаниянын жʏзʏ болосуң. Ошого терс кыялдарды кɵрсɵтпɵй, ар дайым позитивдʏʏ маанайда болууга милдеттʏʏбʏз. Жогорку билимден сырткары стюардессага коюлчу талаптар 21 жаштан жогору болуш керек. Жогоруда айтып ɵткɵнʏмдɵй билими, тил билʏʏ жɵндɵмʏнɵн сырткары бою 160 сантиметрден жогору болууга тийиш.

-Иш графигиңиз кандай тʏзʏлгɵн?

-График бир ай алдын ала тʏзʏлʏп бизге жɵнɵтʏлɵт. Ал графикте кайсыл ɵлкɵгɵ учарыбыз, убакыт-сааты жана эс алуу кʏндɵрʏбʏз жазылган.

Ɵзʏм Алай районунун Гʏлчɵ айылында туулуп, ɵстʏм. Муса Адышев атындагы орто мектебин бʏтʏрʏп, Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетине тапшыргамын. Кесибим боюнча дипломатмын. Студент болуп жʏргɵн кезде ɵзʏмдʏ ар тараптан сынап кɵргʏм келип моделдик мектебинде окуган элем. Ошондогу биртке аракет азыркыга чейин пайдасын берип, учурда моделдик менин кошумча ишим десем болот. Андан сырткары атайы СММ адистигин окуп, жаш балдардын кийимдерин сатуу ʏчʏн ɵзʏмдʏн онлайн дʏкɵнʏмʏ ɵнʏктʏрʏп, ошол эле учурда башка компаниялар менен да иштешип жʏрдʏм.

-Иш учурунда кандай кызыктуу окуялар болот?

-Ишибиздин эң эле кызыктуу жери, ар бир учкан сайын жаңы кесиптештерди кезиктиресиң. Мисалы, бʏгʏн бир учакта чогуу кеткен кесиптешиңи кайра кɵрбɵй калышың дагы мʏмкʏн. Ар башка ɵлкɵгɵ учкандан кийин ар улуттагы адамдарды кɵрɵсʏң. Баарынын ɵзʏнɵ тиешелʏʏ салты, маданияты  болгондуктан, алар менен да таанышып чыгуу мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ ээ болосуң.

-Жумуштан сырткары эмне менен алектенгенди жакшы кɵрɵсʏз?

-Ɵзʏмдʏ активдʏʏ жашоо образында алып жʏргɵндʏ жакшы кɵрɵм, спортко кызыгам. Мектепте окуп жʏргɵндɵ эле волейбол ойноп, мектептин атынан ар кандай мелдештерге катышып турчубуз. Кийин йога, пилатеске барып жʏрдʏм. Азыр болсо фитнеске тынбай барам. Шириндиктерди, торттун тʏрлɵрʏн ʏй-бʏлɵмɵ жасап бергенди жактырам. Моделдик хоббим десем болот. Негизи ар дайым ɵзʏмдʏ ɵнʏктʏрʏп турууга, жаңы китептерди окуп, тʏрдʏʏ курстардан ɵткɵнгɵ аракет кылып келем.

-Келечектеги жолдошуңуз да ушул сферада иштешин каалайт белеңиз?

-Жолдошумдун бул сферадан болушун каалабайм. Себеби, борт коштоочулук жумушу эркек балдарга туура келбейт деген ойдомун. Ɵзʏм да бул сферада ɵмʏр бою иштейин деген оюм жок.

-Азыркы жумушуңузга ʏй-бʏлɵңʏздʏн кɵз карашы кандай?

-ʏй-бʏлɵм жасаган жумушуму толугу менен колдойт. Негизи атам кесиби боюнча технолог жана бухгалтер, апам мугалим. Турмуш шартка байланыштуу азыркы учурда жеке ишкерлик менен алектенишет. Мен да бир топ тажрыйба топтоп алгандан кийин ɵз мекениме барып, мамлекет ʏчʏн кызмат кылсам деген максатым бар.

Кызыктуу фактылар:

Мурда борт коштоочулук кызматты жалаң эркектер аткарышкан

1. Мурда борт коштоочулук кызматты жалаң эркектер аткарышкан. 1930-жылы Эллен Черч аттуу америкалык медайым “Boeing Air Transit” деп аталган компаниянын борт коштоочулугуна ɵз талапкерлигин сунуштаган. Алгач компания пиар ʏчʏн гана аялдын талапкерлигин кабыл алууну чечкен. Ошентип, Эллен Черч кызматын эркектерден кем калбай аткарып, тарыхтагы биринчи стюардесса аталган. Учакта ар бир килограмм маанилʏʏ болгондуктан, аялдар эркектерге караганда жеңилирээк экени эске алынып, авиация тармагында жалаң эркектердин иштешине чекит коюлган.  

2. “Steward(ess)” cɵзʏ англис тилинен которгондо “борт коштоочу” деген маанини билдирет. Демек борт коштогон эркек балдарды стюард деп атоого мʏмкʏн.

3. Стюардессаларга ушунчалык ыраазычылык билдиргиңиз келип турса, анда муну сɵз менен гана айтканыңыз оң. Анткени аларга белек же акча алууга тыюу салынган. Ошондой эле учууга байланышпаган темаларды сʏйлɵшʏʏгɵ жол берилбейт. Андыктан “кандайсың?” деген сурооңузга стюардесса жооп бербей койсо, эч капа болбоңуз. 

4. Борт коштогон кыздарды “sky girls – асман кыздары” деп да аташат.

5. Ар бир стюардесса медициналык курстардан ɵтʏшʏ керек. Негизи, учуу убагында дарыгерлердин катышуусу камсыз кылынбайт. Ошондуктан жʏргʏнчʏлɵрдʏн ден соолугуна байланышкан кɵйгɵйлɵр стюардессаларга жʏктɵлɵт. Ал тургай ай-кʏнʏ жетип калган аялдарды тɵрɵтʏп алууга укуктуу.

6. Албетте, стюардессалар учкучтун ишин билʏʏгɵ милдеттʏʏ эмес. Бирок, 2008-жылы Air Canada авиалайнерин башкарып бараткан учкучтун бири нерв оорусунан жабыркап, авиалайнерди кондурууга стюардесса жардам берген. 

7. Кыздардын жашы 18ден 29га чейин болсо, бул жумушка кирʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Кɵпчʏлʏк авиакомпаниялар 30-40 жаштагы аялдарды стюардесса катары сейрек жумушка алышат.

Айжылдыз Тойчиева