16 апреля, 2024

Кышкы суукта кооптондурган жол, жылуулук жана жарык маселелери

Январь айынын башталышы менен аба ырайы кескин тɵмɵндɵп, тынымсыз жааган кардан улам адегенде жол кɵйгɵйʏ жаралды. Шаар тургундары тарабынан тийиштʏʏ кызматтардын дарегине “тазалап жатабыз эле дейт, кана тазалаганы?” деген сындар да айтылбай койгон жок. Абалга жараша Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бардык муниципалдык кызматтарга жолдорду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу иштерин кʏчɵтʏʏ, жылуулук маселеси боюнча тапшырма берген. Ал эми вице-мэр Сонунбек Жунусбаев Ош-Тазалык, ДЭП-21 ишканалары, Оштогу кɵрктɵндʏрʏʏ жана жашылдандыруу чарба комбинаты, Ош шаардык жолдор башкармалыгы менен аткарылып жаткан иштерге кɵзɵмɵл жʏргʏздʏ. Кычыраган кыштан кооптонгон эл жол маселесинен сырткары жылуулук жана электр энергиясында да кемчиликтер болуп жатканын эскертишти.

Жоомарт Карабаев, Ош муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасынын жетекчисинин орун басары:

“Электр энергиясы жылуулукка тʏздɵн-тʏз таасир этет”

-Сууктун кʏчɵшʏ менен Ош муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасынын ички буйругу чыккан. Буйруктун негизинде кызматкерлер кʏчɵтʏлгɵн тартипте иш алып барууда. Бардык от казандар штаттык режимде иштеп жатат.

Ош муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасы камсыздаган кээ бир батирлердин жылыбай калышы сыяктуу кɵйгɵйлɵр мурдатан болуп келген. Мунун себеби айрым ʏйлɵрдɵ электр энергиясы ɵчкɵндɵ от казандар токтоп, кайра жʏргʏзгɵндɵ батирдин ичиндеги жылытуу системасына аба толуп калат. Ошондуктан мындай билдирʏʏлɵр тʏшкɵндɵ, оперативдик топ барып, аба толгон жерлерин бошотуп, тʏтʏктɵрдʏ тазалап, кɵйгɵйдʏ чечип келишʏʏдɵ.

Бизде 60 от казан кɵмʏр менен жылытылса, 19 от казан электр энергиясы менен жылытылат. Кɵмʏр менен жылытылган от казандарында деле электр насостору, дымосос, вентиляторлор бар. Ошондуктан электр энергиясынын ʏзгʏлтʏккɵ учурашы бизге да таасирин тийгизет.

Нурбек Исмаилов, “Ош Тазалык” ишканасынын жетекчиси:

“Жалпы 8 техника тейлеп жатат”

-Азыркы тапта 87 километр жол бизге карайт. Эртеден кечке чейин жʏзгɵ жакын жолдор, аялдамалар шыпырылып-тазаланууда. Ош тазалык ишканасына 90 тонна туз, 80 тонна кум алынган. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 20 тоннадай туз, 15 тоннадай кум жолдорго себилди.

Заирбек Сабиров, №21 Жол тейлɵɵ ишканасынын башкы директору:

“Бардык жолду бир учурда тазалаганга мʏмкʏнчʏлʏк жок”

-№21 Жол тейлɵɵ ишканасы жалпысынан 307 километр жолду тейлейт. Анын ичинен 57 километр жол Ош шаарынын аймагында жайгашса, калган 18 километри Араван районунун, ал эми 20 километр жол Ноокат районунун аймагында, 212 километри Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан. Жолдорду кар-муздан тазалоо иштери, жол участкалардын абалына жараша жʏргʏзʏлʏп жатат, ашуусу бар участкаларга ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат. Биринчилерден болуп эл аралык жана шаар аймагындагы жолдор тазаланат. Андан кийин жергиликтʏʏ жолдорго ɵтɵбʏз. Баарын бир учурда тазалаганга мʏмкʏнчʏлʏк жок.

Учурда 3 автогрейдер, 1 атайын кар тазалоочу машина, туз, кум чачуу ʏчʏн 5 жʏк машинасы ишке тартылган. Жыл башынан бери жолдорго 40 тонна туз, 120 тонна кум себилди.

Мекемеде жалпысынан сезондуу кызматкерлер кошулуп 45 кызматкер ишке тартылган. Сезондуу кызматкерлер деп кыш мезгилинде кооптуу участкаларга кум, шлак, туз чачкан  убактылуу жумушка тартылгандарды айтабыз.

Нурильич Токонбаев, Ош электр тармактар  ишканасынын маалымат катчысы:

“Кээ бир аймактарда жарык ʏзгʏлтʏккɵ учурап калууда”

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош электр тармактар ишканасы кʏчɵтʏлгɵн тартипте иш алып барууда. Бардык райондук электр тармактар ишканалары ар кандай кырдаалга даяр туруу ʏчʏн толук курамдуу ыкчам бригада, атайын техника жана тийиштʏʏ электр тетиктери менен камсыз болгон. Аба ырайынын кескин тɵмɵндɵп кеткенине байланыштуу бардык курам кʏчɵтʏлгɵн режимде иштеп, 24 саат нɵɵмɵттɵ турушат. Учурда эч кандай ɵчʏрʏʏлɵр жок, эгерде авариялык абал катталса атайын ыкчам оңдоо бригадасы даяр.

Ош шаарынын жалпы жашоочуларынан электр энергиясын ʏнɵмдɵɵнʏ суранабыз. Себеби, ыксыз колдонуулар электр жабдыктарына кʏч келтирип, кээ бир аймактарда жарык ʏзгʏлтʏккɵ учурап калууда. Абоненттерге ʏнɵмдɵɵ боюнча тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏп, ишкана сунуштаган бардык талапты аткарган аймактарда эч кандай авария катталбаганын баса белгилеп кетсек болот. Техникалык шарттардын негизинде ар бир керектɵɵчʏ менен келишим тʏзʏлʏп, колдонуу тартиби кɵрсɵтʏлгɵн кечки 18:00дɵн 21:00 гɵ чейин жана эрте мененки 06:00дɵн 09:00 гɵ чейин электр жабдууларга кошумча кʏч келʏʏчʏ сааттарда электр энергиясын ʏнɵмдɵɵнʏ суранат.

ƟЛКƟ АЙМАГЫНДА ЖАРАНДАР ЖЫЛЫНУУЧУ ПУНКТТАР УЮШТУРУЛДУ

Белгилей кетсек, быйыл 2023-жылдын 11-январдан тарта Кыргызстанда аба ырайы кескин тɵмɵндɵп, кар жаап, жолдор тайгак болуп, аномалдык суук кыштоолордо мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатарын Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ага байланыштуу окуучулардын кышкы каникулу да узартылган.

Кыргызстанда 10-13-январь кʏндɵрʏ абанын температурасы кескин тɵмɵндɵгɵндʏктɵн, материалдык чыгымдарга учуратпоо, энергетикалык тутумдардын ʏзгʏлтʏксʏз иштɵɵсʏн, автоунаа жолдорунда коопсуз каттамды камсыздоо, жайыттарда малдарды чыгымсыз кармоо максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын орун басары – Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тиешелʏʏ тармактарга ыкчам чара кɵрʏʏнʏ тапшырды.

Мындан улам автоунаа жолдорунда каттамдар жабылганда, чектɵɵлɵр киргизилгенде жʏргʏнчʏлɵргɵ кам кɵрʏʏ максатында Бишкек-Ош автоунаа жолунда Арал, Сосновка постторунда, Ɵтмɵк ашуусуна жакын жайгашкан Талас районунун Осмонкул айыл аймагында жана Бишкек – Токмок автоунаа жолунун боюнда Кант шаарында ƟКМдин аймактык башкармалыктары менен биргеликте жергиликтʏʏ бийлик тарабынан жылынуучу, тамактануучу пункттар уюштурулду.

Ал эми калк кɵп жашаган Бишкек, Ош шаарларында муктаж жарандар ʏчʏн убактылуу баш калкалоочу жайлар жергиликтʏʏ бийлик тарабынан уюштурулган. Тагыраак айтканда, Ош шаарында бир пункт, Бишкек шаарында 4 пункт иштеп жатат.