28 марта, 2024

Мергенчилер – жаратылышты коргоочулар

Браконьер менен мергенчини эч качан алмаштырбаңыз. Браконьер деген жаныбарларды мыйзамсыз атып, аларды сатып экологияга эле эмес, мамлекетке да эбегейсиз зыяндарды алып келет. Ал эми мергенчилер, тескерисинче, жаратылышты коргоп, жапайы жаныбарлардын кɵбɵйʏшʏнɵ салым кошкон адамдар. Бул макаланы окуган соң мергенчилерге болгон сый-урматыңыз дагы да артары талашсыз.

Буркан Акматалиев, мерген:

“Бир карышкыр аткан мергенге 6 миң сом сыйлык каралган”

-Жылына орточо эсеп менен 20дан карышкыр атсам, 45 жылдан бери саны 900гɵ барып калды. Ал эми чɵɵ кɵп болгондуктан жылына 40-50гɵ чейин атабыз. Айрыкча акыркы жылдары чɵɵлɵр кескин кɵбɵйдʏ, шаарга жакын айылдарга чейин кирип келишʏʏдɵ. Анын ʏстʏнɵ чɵɵ бир тууганда 10го чейин кʏчʏк тууйт. Карышкыр да тʏштʏктʏн тоолуу аймактарынын баарында кезигет. Учурда бир карышкыр аткан мергенге 6 миң сом сыйлык каралган. Мен негизи Кызыл-Кыядан 25 километр алыста жашайм. Атылган карышкырды Ноокат аркылуу Оштогу департаментке алып келгенге чейин жол акы менен ок дарылардын чыгымы 6 миң сомду актабай калууда. Мерген кайсы айылда карышкыр атса, белгиленген сумманы ошол айыл ɵкмɵттɵн бериле турган болсо пайдалуураак болмок.

“Мыйзамдар чийки”

-Айлана-чɵйрɵнʏ коргоо боюнча дээрлик 1979-жылдан бери иштеп келем. Ɵзʏм Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында тɵрɵлгɵмʏн. Ата-бабаларым мерген ɵткɵндʏктɵн, мен да жаратылышка кызыгып жʏрʏп мергенчилик кесипти тандадым. Учурда элдин суранычы боюнча карышкыр, чɵɵлɵрдʏ атабыз. Ал эми кекилик, коёнго сезон ачылган кезде мыйзам чегинде аңчылык кылабыз. Азыр тоодо мал кɵбɵйгɵнʏнɵ байланыштуу чɵп жана анын уруктары тартыш. Жаныбарлар ачка калып, кырылып кетʏʏ коркунучун алдын алуу максатында мергендер аңчылыкка чыгарда буудай, арпаларды ала барып, талаага чачып келишет. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, талаада от аз экенин эске албай, кийиктерди атууга чектɵɵ киргизип коюшту. Быйыл Чʏй тарапта 1 700 кийик ачкалыктан кырда кырылып кетти. Ушуга окшогон мыйзамды чыгарарда жаратылыш менен жашап, анын сырларын билген тажрыйбалуу адамдар менен кеңешкенде чийки мыйзамдар чыкпайт болчу.   

Карышкыр менен бетме-бет келгенде…

-Бир ирет иним экɵɵбʏз карышкырга аңчылыкка чыктык. Биз барган жерде карышкырдын изи койдун изиндей эле жайнап кетиптир. Издер кɵп болгондуктан адашып отуруп бир ийиндин оозуна барып калдык. Ичкерини тыңшасам бɵлтʏрʏктɵрдʏн ʏнʏ угулду. Иними тамашалайын деп энеси да бар экен деп койдум. Ал дароо мылтыгын даярдап калды. Ошол учурда ийиндин ичи дʏп этет. Кичине кʏчʏктɵрдɵн мындай ʏн чыкпаш керек эле деп ойлонуп бʏтɵ электе ийинден энеси чыгып келсе болобу. Шашкалактап куралдын октоочу жайын катуу тартканда сыртка ыргытып жиберди. Карышкыр кол сала турган болсо мылтыкты оозуна салып, мойнунан бууп калам деп ойлонуп турам. Иниме ат деп кыйкырдым. Эгер мени талап кетсе атуу бир аз кыйын болуп калмак. Карышкыр секиргенде иним артынан атып ʏлгʏрдʏ, ʏстʏмɵн жарым метрче секирип ɵтʏп токой тарапка кулаган. Ушунча жылдык тажрыйбамда эң коркунучтуу окуя ошол болду.

“Курал сактаган жерди байбичеме да кɵрсɵтпɵйм”

-Курал-жарактарды алууга уруксат берген мекеме психикалык оорулу эмес экенин, баңгизат чекпей турганын, соттолбогондугун тыкыр текшерет. Курал-жаракты сактоо эрежелерин да билʏʏ керек. Мисалы, менде кɵп курал болгондуктан текшерʏʏ келгенде катылган жерден ɵзʏм гана алып чыгып кɵрсɵтɵм. Алтургай ʏйдɵ байбичеме да кɵрсɵтпɵй, купуялуулукту сактоого милдеттʏʏмʏн. Мунун баары коопсуздук ʏчʏн жасалат.

“17 гектар жерге бак тиктик”

-Мергенчилер ɵзʏбʏз демилге кɵтɵрʏп, эч жактан жардам сурабай Араван районунун Тɵɵ-Моюн аймагындагы 17 гектар жерге мисте, бадам эктик. Абшыр-Атада суурлар азайып бараткандыктан 2017-жылы ʏч баш суур алып келип коё берген элек, учурда жʏздɵн ашып калды. Эми жаратылышты коргоо ʏчʏн кароолкана салууну пландап жатабыз. Жаңы жыл алдында Нарында ɵткɵн жыл жыйынтыгына катышып келдим. Ал жерде ɵлкɵ боюнча мергендер биригип, тез-тез тажрыйба алмашып туруу маселелерин талкууладык.

Алманбет Кошбаевич, мерген:

Таштанды таштабаган мергендер

-1985-жылдан бери мергенчилер коомуна мʏчɵмʏн. Атам менен абам мерген болгондуктан, абамын топоздорун багышып жʏрʏп кичинемен мергенчиликке кызыгып калдым. Учурда коомубузга мʏчɵ болгон жаштар кɵп. Аларды ɵзʏбʏз менен ээрчитип жʏрʏп  мергенчиликке ʏйрɵтɵбʏз. Ɵзʏм Ош педагогикалык университетинде мугалиммин, профсоюз комитетинин тɵрагасымын. Билесиздер, мугалимдердин иши оор болгондуктан алардын эс алуусуна шарт тʏзʏʏ ʏчʏн эмгек жамаатыбыз Мергенчилер коомунан 113 миң гектар жерди алган. Ал жерге мугалимдер каникул убагында барып, аңчылык кылышпаса да жаратылышта эс алып, ойноп, балыкчылыкка кызыккандар балык кармап, кыштын кʏндɵрʏ лыжа тээп келишет. Ошол эле учурда ал аймакты таштандылардан тазалап, бак-дарактарды тигебиз. Ар бир адамда айлана-чɵйрɵнʏ сактоо боюнча тʏшʏнʏк болуш керек. Мисалы, биз аңчылыкта жʏрʏп тамактанган, тʏнɵгɵн жерлерибизде таштанды калтырбай, эч нерсени ɵрттɵбɵй ɵзʏбʏз менен ала келебиз.

“Карышкырды атууга жыл бою уруксат берилген”

-Карышкырды атуу ʏчʏн тоо-таштарда бир жумалап аңдыш керек. Алар кɵбʏнчɵ тʏндɵсʏ жʏрʏшɵт. Ошондуктан от да жакпай ʏңкʏрлɵрдɵ, арчалардын тʏбʏндɵ жатууга мажбур болосуң. Жɵн эле баратсаң карышкыр ɵзʏ алдыңан чыгып калган учур ɵтɵ сейрек кездешет. Анан бир адамдын атышы кыйын, 5-6 мерген карышкырдын кача турган жолдорун тосуп отуруп кармашат. Мындан сырткары, зоолорго камалып калган учурлар болот. Тʏшкɵн жериңе кайра чыгалбай же чыккан жериңен кайра тʏшɵ албай калышың мʏмкʏн. Ошондуктан бийик тоолордо дайыма аркан жиптерди алып жʏрɵбʏз. Эгер эки кʏндʏк тамак камдап барып, аңчылык ʏч кʏнгɵ созулса ачка каласың. Карышкырды атууга жыл бою уруксат берилген. Чɵɵнʏ кезигип калса атып, ошол жерге калтырып кетебиз. Нарын, Талас облустарында кийик кɵп болгондуктан мергенчилер коому менен байланышып, лицензия менен кийик атканы барып турабыз.

Абдимажит Алымкулов, Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар ыктыярдуу коомунун жетекчиси:

Жапайы жаныбарларды кɵбɵйтʏʏ ʏчʏн жасалган аракеттер

-Мергенчилер коомунун негизги милдеттери жаратылыштагы жапайы жаныбарлардын санын кɵбɵйтʏʏ, бак-дарактарды сактоо, жашылдандыруу, булактын кɵздɵрʏн тазалоо болуп эсептелет. Жылдык планыбыз Жаратылыш ресурстары экология жана кɵзɵмɵл министрлиги менен келишим тʏзʏлгɵн соң бекитилет. Муну текшерген комиссия да бар. Ɵкмɵттʏн №440 токтомунун негизинде азыркы жаңы мыйзам боюнча мергенчилик жайыттарга конкурс уюштурулуп тандалат. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ Ош облусунда мергенчилер ʏчʏн 1 миллион 59 миң гектар жер бекитилген. Айрым адамдар жаратылыштагы жапайы жаныбарлар кырылып баратат деп айтышат, бул бир аз чындык менен дал келбейт. Ɵкмɵттʏн 2017-жылдын 12-апрелинде чыккан №214 токтому бар. Токтомдо атайы график менен алгач Жалал-Абад менен Таласта кийик, улар, элик сыяктуу ача туяктууларга убактылуу 3 жылдык чектɵɵ киргизген. Андан кийин атууга уруксат. 2020-жылдан тарта Ош-Баткен облусуна, 2023-жылдан баштап Чʏйгɵ ушундай чектɵɵ киргизилет. Ошондой эле ɵкмɵттʏн 143-токтомунда мергенчилик кылуунун эрежелери жана убакыттары тууралуу кенен жазылган. Мисалы, август айынын экинчи ишембисинен мергенчилик убактысы ачылат. Ал жерде кайсы жаныбарларга аңчылык кылууга мʏмкʏн экени да жазылган. Тʏштʏктɵ кɵбʏнчɵ коён, кекилик, кептерлерди атышат. Коён менен кекиликтин аңчылык убактысы октябрдын биринчи ишембисинен ачылат. Ошондой эле мергенчилик убакыт бʏткɵндɵн баштап карышкырларды атууга район, айыл ɵкмɵттɵрдɵн бригадалар тʏзʏлɵт.

Ош облусу боюнча мергенчилердин саны 1 500 миңге жетет. Ар бир райондо экиден егерлер (штаттык кызматкерлер) бар. Алар бекитилген мергенчилик жайытты кɵзɵмɵлдɵɵ менен ошол жердеги жапайы жаныбарлардын эсебин жʏргʏзʏшɵт. Жыл сайын февраль айында коён, кекилик, канаттууларга планда кɵрсɵтʏлгɵндɵй жем чачабыз. Анткени алар кыштан арык чыгышат. Кээ бир активист мергенчилер азыртан эле жемдерин алып барып чача башташкан. Май айында суурдун эсеби башталса, октябрда кийик, кара кийиктики, улар, кекиликтердин эсебин алуу башталат. Аны жер-жерлердеги егерлер тажрыйбалуу мергенчилер менен кошо GPS аркылуу жʏргʏзʏшɵт. GPS биздин ар бир кадамды жазып, аткарган ишибизди далилдɵɵчʏ курал десем болот. Мисалы, жаныбарлардын эсебин жʏргʏзгɵнʏ баратып жарым жолдон кайтып келе берсең, аткарылбаган иш базага киргизилбейт. Мергенчилер коомунда жаңы келтирилген, баасы 32 миңди тʏзгɵн мына ушундай жаңы GPSтерибиз бар. Мындан сырткары эсеп жʏргʏзгɵнʏ барган егерлерге атайы дʏрбʏлɵрдʏ жана катаал шарттагы аба ырайында бири-бирин жоготуп койбошу ʏчʏн рацияларды беребиз. Ар бир райондо бирден нива ʏлгʏсʏндɵгʏ унааларыбыз, аттарыбыз бар. Анан кʏзʏндɵ ача туяктууларга туз алып барып чачабыз, эгер туз чачпасак ача туяктуулар котур менен ооруйт. Ошондой эле Ɵзгɵн балык чарбасынан майда чабак балыктарды сатып алабыз. Аларды бизге бекитилген  Папан, Найман суу сактагычына, Алайдагы Кɵлдʏк кɵлʏнɵ ар жылы кɵбɵйтʏʏ максатында коё беребиз. Бизде эликтер азыраак, ошондуктан быйыл алып келʏʏнʏ планга киргизгенбиз. Буга Илимдер академиясынын, экология кызматынын уруксаты, ветеринардык уруксат кагаздары керектелет. Мына ушундай жолдор менен жапайы жаныбарларды кɵбɵйтʏп турабыз. Ош, Баткен, Жалал-Абад облусу боюнча мергенчилик ыктыярдуу коому 1959-жылы 19-июнда уюшулган. 1991-жылы Жалал-Абад облусу ɵзʏнчɵ коом болуп бɵлʏнгɵн. Ал эми Баткен облусу 2021-жылы бɵлʏндʏ. 

Айжылдыз Тойчиева