20 апреля, 2024

Жайыт пайдалануучулар: “Кыштоо, жаздоо, жайлоо деген жоголуп баратат”

Азыркы мезгилде жайыт жерлер Кыргызстандын аймагында 9 миллион гектардан ашык аянтты ээлейт. Табигый жайыттар тоюттун эң бай жана арзан булагы болуп саналат, бирок жылдан жылга жайытка чыккан малдын башы кɵбɵйгɵндʏктɵн жана тийиштʏʏ кам кɵрʏлбɵгɵндʏктɵн, жайыттар деградацияга учурап, тʏшʏмдʏʏлʏгʏ азайып жаткандыгы акыркы учурда байма-бай кɵтɵрʏлʏп келʏʏдɵ. Акыркы изилдɵɵлɵр боюнча жайыттын 40-45% деградацияга учураган. Бул маселени жакындан билʏʏ ʏчʏн алыскы жайыт ээлеринен кабар алдык.

“Кыргызстандын бардык жайыттары мамлекеттин эсебинен ɵздɵштʏрʏлчʏ”

Тʏштʏк жергесинде продуктивдʏʏ порода мал бир пайызга да жетпейт. Малдын сапатына эмес, санына басым жасалып кɵбɵйʏп кеткендиктен, жайыт кɵйгɵйʏ чыгып жатканын, жайытка кɵңʏл бурулбай, мамлекеттик деңгээлде иш алып барылбай калганын Барпы айыл ɵкмɵтʏнʏн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тɵрагасы Апсалам Каржодиев айтып, тɵмɵнкʏлɵргɵ токтолду:

-Барпы жайыт пайдалануучулар бирикмеси 2009-жылы уюшулган. Анын аткаруу органы болуп жайыт комитети эсептелет. Аталган комитет КРнын Ɵкмɵтʏнʏн токтомунун негизинде тʏзʏлгɵн. Токтомдон мурун бул боюнча 2009-жылы 26-январда “Кыргыз Республикасында жайыттарды башкаруу жɵнʏндɵ” мыйзам чыккан. Аны жетекчиликке алып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ иштеп келебиз. Жайыт мыйзамы чыкканга чейин айыл ɵкмɵт башчылар жайытты каалагандай башкарып, жайыт салыгына, инфраструктурасына эч кандай кɵңʏл бурган эмес. Жайыт комитеттер тʏзʏлгɵндɵн тарта жайыттар кɵзɵмɵлгɵ алынып, инфраструктурасына кɵңʏл бурулуп, мал чарбасын ɵнʏктʏрʏʏдɵ эмнелер талап кылынса, ошол функциялардын баарын аткарып келʏʏдɵ. Комитет тʏзʏлгɵнгɵ чейин бизде 100 миң сом жайыт акы топтолсо, ушул тапта 1,5 млн. сом жайыт акы топтойбуз.

Азыркы учурда малдын саны кɵбɵйʏп кетти. Бирок, жайыт ошол бойдон эле. 1996-жылы колхоз, совхоздор жоюлуп, жок болгондон кийин, алар пайдаланып келген жайыттарды токой чарбалары, буюртмачылар алып койду да жайыттын аянты кичирейди. Токой чарбасын тʏзɵбʏз дегендер, кɵчɵт тикпей эле, жайыт максатында пайдаланып, коммерциялык жол менен бир гана жеке чɵнтɵгʏнɵ иштешʏʏдɵ. Биз эски социализм тушунда иштегенбиз. Анда жайыт башкармалыгы бар болчу. Кыргызстандын бардык жайыттарын мамлекеттин эсебинен ɵздɵштʏрʏлʏп келинген. Ɵздɵштʏрʏʏ дегенде жайытка урук сээп, жер семирткичтерди берилчʏ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ андай нерселер болбой калды. Себеби жайыт менен алектенген атайын орган жок. Айыл чарба министрлигинин алдында жайыт департементи деп коюшту. Бирок, алар курук эле отчет алып, кагаз менен гана отурган мекеме болуп калды. Жакында эле президент министрлерден отчет алганын телевизордон кɵрʏп калдым. Анда айыл чарба министри “2 миллион гектар жерди оңдойбуз, урук себебиз” деп билдирди. Кандай болот, билбейм.

“Жайыт жок болсо, мал да азаят. Азык-тʏлʏк коопсуздугун ким сактайт?”

-Жайытты оңдоонун бирден-бир жолу малдын сапатына басым жасап, порода жагына ɵтʏʏ керек. Бʏгʏн мен билем, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында продуктивдʏʏ порода мал 1% дагы чыкпайт. Порода мал деген эски союз менен кошо жок болду. Азыркы учурда малдын сапатын жакшыртууга аракеттер болбой калды. Породаны ɵндʏрʏʏ, малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча ɵкмɵт тарабынан жакшы токтомдор чыгууда. Бирок, муну кɵзɵмɵлдɵгɵн, токтомдордун аткарылышын караган эч ким жок.

Акыркы кезде жайыттарды кунарсыз дешип, бак тигебиз деген демилгени кɵтɵрʏшʏʏдɵ. Бул элди чабыштырууга алып келет. Жайытты же жайыт багытында пайдалануу керек, же жайытты бир жолу жок кылып, бак тигʏʏ керек. Адырларды бак кылабыз дегенде багбан менен дыйкандардын ортосунда суу талаштыгы чыгат. Багбандарга тартабыз деп  дыйкандарга зыян беришибиз мʏмкʏн.

Жайыт жок болсо, малдын саны азаят. Мал жок болсо, азык-тʏлʏк коопсуздугун ким сактайт деген маселе турат. Эттин, сʏт азыктарынын баасы кɵтɵрʏлɵт. Ошондуктан, мыйзам кабыл аларда ар тараптуу карашса, кɵйгɵйдʏ ичинен билишсе жакшы.

Бизде азыр алыскы жайыттарды колдонмок тʏгʏл, кошуна облус Нарындын Ак-Талаа районуна чейин ɵтʏп кетʏʏдɵбʏз. Малды 400 км алыстыкка алып барабыз. Тарыхта мындай болгон эмес. Мисалы, Алай, Чоң-Алай райондоруна илгери Андижандын ʏч облусунун койлору баткан. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ аталган райондордун ɵзʏнʏн малы батпай калды дешʏʏдɵ. Жайыт комитеттерин жоёбуз деген дагы айыл ɵкмɵттɵр чыгып жатат. Анда маселе дагы оорлошот.

Табиятты ɵзʏ эки эле нерсе бузат. Бири кургакчылык, экинчиси малдын санынын кɵптʏгʏ. Жайыттарды жакшыртуу максатында мамлекеттик деңгээлде уруктар берилсе, биз сатып алып себели деп эле айтып келебиз. Маселен, Жер кодексинде “айыл чарба жерлеринин ижара акысынан, салыгынан тʏшкɵн каражат жерлерди жакшыртуу ʏчʏн колдонулсун” деп жазылган. Бирок, бул беренени эч ким деле колдонбойт.

 “Айылыбызда алыскы жайыт деген жок”

Ал эми Сары-Могол айыл ɵкмɵтʏнʏн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тɵрагасы Жума Кошонов алыскы жайыттар да жакынкы жайыттардай эле абалга келгенин, башка райондордон жылына миңдеген мал келерин билдирип, жайыттарга мораторий жарыялоо керектигин белгиледи:

-Жайыт жылдан жылга начарлап кетʏʏдɵ. Жайыт комитетине баш бербей эле сырттан малды киргизип келишет. Ал тургай жайыттын акчаларын да убагында беришпейт. Жайыт комитеттери кыйналып бʏттʏк. Кɵпчʏлʏк бул жумушка чыдабайт. Айла жок эл, жер ʏчʏн иштеп атабыз.

Жайытты жакшыртуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏ каралбай калды. Жайытты жакшыртабыз десек, которуштуруп, бир-эки жыл жайыттарга мораторий жарыялашыбыз керек, болбосо калыбына келбейт. Анткен менен жайыттарды эс алдырууга эл кɵнбɵйт, азыр элди башкаруу кыйын болууда. Жергиликтʏʏ элде мал кɵп, башка райондордон да келет. Мисалы, бизге кɵбʏнчɵ Ноокат менен Араван райондорунан келет. Былтыры 7 миңден ашык кой келди. Бирок, анын баарынын эсебин чыгарып, жайыт акысын толук ала алган жокмун. Мындан сырткары табигый чɵптɵрдʏн уруктарын алып келип, жайытка чачса, жакшы жыйынтык болот беле деген ойдомун.   

Бизде 22 707 гектар жайыт жер бар. Андан тоо-таш, сайларды чыгарып салсак, жалпы 11 га жерди пайдаланабыз. Азыр айылыбызда алыскы жайыт деген жок. Жайыттын баары жакынкы жайыт болуп бʏттʏ. Кыштоо, жаздоо, жайлоо деген жоголуп баратат. Жайыттардын баары бир убакта пайдаланылып калды. Элге тʏшʏндʏрʏʏ иштерин деле жʏргʏзʏп келебиз, бирок жыйынтык жок. Сырттан бирɵɵлɵрдʏн малын алып келишип, акчасын алышып, коммерциялык багытка ооп кетишти. Жайыттын абалын ойлогон киши жок. Азыр топоздор кышкысын жей турган от дагы жок. Топоздор дагы кол карап калды. Тоюттун баарын жайында эле койлор тазалап коюшкан. Жайытты жакшыртууну эртерээк колго албасак, эртең сырттан келген малга эле эмес, жергиликтʏʏ малга да тоют жок болуп калат.

“Жайыттарды калыбына келтирʏʏгɵ бир жыл жетиштʏʏ”

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ош-Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору Адилбек Матысаков жайыттарды калыбына келтирʏʏгɵ бир жыл убакыт жетиштʏʏ экенин, жайытты пайдалануу нормаларын сактоонун маанилʏʏлʏгʏн кошумчалады:

-Жайыт пайдалануучуларга атайын шарт тʏзʏп берип, колдонулбай келген алыскы жайыттарды пайдаланууну ишке ашырышыбыз керек. Жылда пайдаланылган жакынкы жайыттарды эс алдыруу, малды которуштуруп, жайытты туура пайдаланууну ɵздɵштʏрʏʏбʏз кажет. Мисалы, бир гектар жерге бир уй дегендей ɵзʏнʏн нормалары бар, муну дегредация деп коет. Ошондой эле жайыттардагы сел жʏрʏʏчʏ жерлерде бак-дарактарды тигʏʏ аркылуу табигый кырсыктарды да алдын алып, жер кыртышын сактап калсак болот. Негизи жайыттарды калыбына келтирʏʏгɵ бир жыл жетиштʏʏ. Жерди бир жыл эс алдырып пайдалансак жакшы болмок.

P.S: Айыл чарба министрлигинин 2021-жылдын аягына карата берилген статистикалык маалыматка ылайык, ɵлкɵдɵ 1 миллион 750,4 миң баш ири мʏйʏздʏʏ мал бар, анын ичинен уй — 868,8 миң, топоз — 57,2 миң баш. Ал эми жылкынын саны 547,2 миңге жетет. Кой жана эчкилер 6 миллион 278,1 миңди тʏзɵт. Аны менен катар 29,5 миң чочко багылат. ʏй канаттуулары 5 миллион 924,7 миң экени айтылган.

Жумагʏл Кочкорбай кызы