24 апреля, 2024

“50 миң сомго чейинки кɵгʏчкɵндɵрʏм бар”

Кɵгʏчкɵндɵр, кептерлер  — куштардын кɵгʏчкɵн сымалдар тʏркʏмʏнʏн тукуму. Канаты узун, учтуу келип, жакшы учат. Тʏсʏ ар тʏрдʏʏ. Жер бетинин мелʏʏн жана тропик алкактарында кеңири таралган. Дʏйнɵгɵ  43 уруусу, 285 тʏрʏ белгилʏʏ. Кɵз карандысыз мамлекеттер шериктештиги ɵлкɵлɵрʏндɵ 3 уруунун 13 тʏрʏ кездешет. Кɵбʏ келгин куш. Кɵгʏчкɵндɵр токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, курулуштарга уялайт. 2 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы тең басат. Экиден же кээде колония болуп жашайт. Балапаны жылаңач, кээде сейрек тыбыттуу болот. Ɵсʏмдʏктʏн  уругу, мɵмɵсʏ менен азыктанат. Суу ичʏʏ ʏчʏн алыс аралыкка учуп барат.

Жогоруда сɵз кылган кɵгʏчкɵндɵр булар биз кадимки кɵрʏп жʏргɵн жапайы кɵгʏчкɵндɵр. Бирок биз бʏгʏн ʏйдɵ багылган кɵгʏчкɵн  тууралуу сɵз кылабыз. Каарманыбыз Хамид Тажибаев кесиби боюнча куруучу, бирок бош убактысында хобби катары ʏйʏндɵ кɵгʏчкɵндɵрдʏ багат. Кɵгʏчкɵн багат десе мага кызык болуп кадимки ʏйдʏн чатырына конгон кептерлерди кармап, капаска салып багат окшойт деп сырттагы суукка  карабай бардым. ʏйʏ шаар четинде болгон ʏчʏн кар малтап кирип барсам, “ушу эмне зарыл дейм да сага,суукта ʏшʏп” дейт Хамид аке. Ичимен “мен кандай любопытство менен келгеними сиз билбейсиз да” дедим..

«Теңтуштарыман ʏйрɵнгɵн хоббим…»

-Мен шаарда туулуп- ɵскɵмʏн. Адамды чɵйрɵ тарбиялайт дейт го. Менин деле кɵгʏчкɵн багып калуума досторум себепчи болду. Шаарда кɵп улуттун ɵкʏлдɵрʏ окуп калдык. Теңтуштарым ɵзбек, орус, татар улутундагылар. Анан ошолордун айрымдары ʏйʏндɵ кɵгʏчкɵн, короз багып алектенишчʏ. Мендеги хобби да ошолорду кɵрʏп ойгонду окшойт. Кɵгʏчкɵндɵрдʏ башында 10 жыл бактым, анан ортодо дем алып калдым, кайра дагы улантып багып баштаганыма 15 жыл болду. Жашоодо ар тʏрдʏʏ кырдаал болот, кээде кɵчʏʏ болот, жай алмаштыруу болот. Ошол мезгилдерде токтотуп калдым. Кɵгʏчкɵндɵр итке окшоп ээрчитип алып кете берсең эле барып ошол жерде жашап калбайт. Буларга жата турган жер даярдап, жайгаштырып, ʏйрɵтʏп дегендей, адаптация болушу керек.

Кɵгʏчкɵндɵрдʏн арасында сатып алганым бар, тааныштар бергендери бар, белекке келгендери бар. Качып кетет, учуп кетет, жоголот же мышык жеп коёт. Азарт деген ушундай нерсе экен, кумар ойногондор деле утулат, кайра бара берет го, жеңилген кʏрɵшкɵ тойбойт болуп бул деле ошондой, сатып ала бересиң, кайра кардары чыкса сатасың, арасында уурдатасың. Жаштык убактарда кɵгʏчкɵндɵрʏмʏ уурдап кеткен мезгилдер болгон.

“Жапайы кɵгʏчкɵн колго кɵнбɵйт”

-Жапайы кɵгʏчкɵндɵрдʏ колго ʏйрɵтʏʏгɵ болбойт. Жапайы кɵгʏчкɵн менен бакма кɵгʏчкɵндʏн айырмасы ит менен карышкырдай эле. Карышкырды канча баксаң деле тоону карайт, токойду карайт. Жапайы кɵгʏчкɵн деле ошол сыяктуу. Мʏмкʏн жаштайынан, жɵжɵ кезинен баксаң ʏйрɵнʏп калышы мʏмкʏн. Жапайы кɵгʏчкɵн колго кɵнбɵйт. Бакма кɵгʏчкɵндɵр булар адамдын колуна карайт. Мисалы, азыр кар жаап жатат, мындай суук кʏндɵрʏ жем жебей калса ɵлʏп калышат. Убакыт-сааты менен жем берип, суусун берип турасың, булар эрте менен анан кечинде тамактанышат. Башынан ушундай режимге ɵткɵрɵсʏң. Тʏштɵ жегендери деле бар. Ар ким ɵзʏнʏн мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵ карап режим тʏзɵт. Буудай, жʏгɵрʏ, семичке, минералдык дан азыктарын берем. Жʏгɵрʏнʏ талкалап беребиз, анын да сорттору бар, атайы майдараак сортторун сатып алам. Мындан сырткары чɵп жейт, сабиз, алма сыяктуу жемиштерди майдалап берсең витамин катары болот.

Ооруп калганы турпатынан эле билинет. Буларга антибиотик берип, витамин берип карайм. Мал караган ветеринарлар караса керек, билбейм кайрылбапмын. Кɵгʏчкɵн баккандар бири-бирине мындай болуп ооруганда мынтип дарылаш керек деп оозмо-ооз айтылып келет, баарыбыз ошону менен ɵздɵштʏрʏп калдык.

Породалары тууралуу

-Менде декоративдʏʏ кɵгʏчкɵндɵр бар, алар Евразия, Ташкент стилиндеги кɵгʏчкɵндɵр. Ташкент породалары бул “дʏйнɵлʏк белги” болгон кɵгʏчкɵндʏн породасын иштеп таап чыгышкан. Евразия кɵгʏчкɵндɵрʏ бул Фрунзе турманы деп айтылган. Фрунзе турмандарын Европа, Ташкент породалары менен аргындаштарганда башка бир кɵгʏчкɵндɵр пайда болгон. Бʏткʏл Союздук кɵргɵзмɵлɵрдɵ талашып акыры кɵгʏчкɵн баккандар билет, акыры “Евразиец” деп ат коюп токтолгон. Ташкентке да Индия, Пакистан сыяктуу ɵлкɵлɵрдɵн келип калган. Мисалы, Хива, Самарканд шаарларында, породасын ɵзгɵртʏп “Ташкент породасы” болуп калган. Азыр эми башкача стилдеги кɵгʏчкɵндɵр чыгып атат.

Уча албаган кɵгʏчкɵндɵр…

-Менде Орусиядан алып келген, Ташкенттен алып келинген кɵгʏчкɵндɵр бар. Алар биздин климатка оңой эле кɵнʏп кетет. Анткени Орусия бизге караганда суук келет эмеспи. Бизде жылуу. Ошондой эле Казакстандан келген кɵгʏчкɵндɵр бар. Адамдын табити ар тʏрдʏʏ. Ар ким ɵзʏнɵ жаккан кɵгʏчкɵндʏ багат. Декоративдʏʏ кɵгʏчкɵндɵрдɵн сырткары, учкан кɵгʏчкɵндɵр, учканда чарчабай сааттап учкан кɵгʏчкɵндɵр бар, кыска убакытта ойноп уча турган кɵгʏчкɵндɵр бар. Кимдин кɵңʏлʏнɵ кайсы кɵгʏчкɵн туура келсе бага берет. Декоративдʏʏ кɵгʏчкɵндɵрдʏн келбети башкача болот. Бутунда “байпагы” менен, башы кичинекей, тумшуктары чоң, ар тʏрдʏʏ тʏстɵ болот. Тоту кушка окшоп кетет, уча албайт. “Ошский” деген да порода бар болчу, азыр алар жок болуп кетти.

“Базарга алып чыкпайм”

-Мени кɵп адамдар билет. Ошого базарга алып чыкпайм. Интернет аркылуу кɵгʏчкɵн баккандардын группалары бар, ошолор аркылуу издеп келип, ʏйдɵн алып кетишет. Кɵбʏнчɵ “любитель” деп коёбуз го, жакшы породадан баккысы келгендер ошолор келип алып кетишет, жаңыдан кɵгʏчкɵн багып баштагандар базардан алышат. Менден кɵбʏнчɵ профессионалдар алышат десем туура болот. Анан Орусия, Ɵзбекстанга алып кеткендери бар. Белекке берет элем деп сатып алгандар да кездешет. Менде 1000 сомдон баштап 50 миң сомго чейинки кɵгʏчкɵндɵр бар. Ɵздɵрʏ бакпайт, бирок, сенден алып башка бирɵɵгɵ саткан сатуучулар бар, азыркы тил менен айтканда “бизнесмендер”. 

“Жɵжɵсʏ 2 айда учканга даяр болот”

-Кɵгʏчкɵн 18 кʏндɵ жɵжɵ басып чыгат. 2 айда багып, чоңойтуп, учканга даяр болуп калат. Жумурткадан чыкканда жʏнʏ жок, эт эле болот. Анан декоративдʏʏ кɵгʏчкɵндɵр кɵбʏнчɵ жумуртка тууйт, кээде гана жɵжɵ ачып берет. Мындайда бакканда тумшугу узун башка кɵгʏчкɵндɵр багып берет. Кɵгʏчкɵндɵр жɵжɵнʏ басып жатып чыгарат. Свет менен тооктун жумурткасын чыгарган сыяктуу чыгара албайсың. Жɵжɵ ачканга тоок сыяктуу эле жаз ыңгайлуу. Суук мезгилде туубайт. Эгер кɵгʏчкɵн жылуу бɵлмɵдɵ жашаса тууп, жɵжɵ чыгара берет.

“Кептер баккан кандай кыргыз деп кɵптɵр таң калбасын дейм”

-Балдарымын баары Бишкекте турушат. ʏйдɵ, туугандар арасында эч бири кɵгʏчкɵн багууга кызыккандар болгон жок. Мен жокто жубайым жем, суусун берип каралашып турат. Сʏрɵтʏмʏ чыгарба, интервью бербейт элем деген себебим, эми бизде кыргыздар тоолорду мекендеген, ат кармап, мал баккан калкпыз, ошого кептер баккан кандай кыргыз деп кɵптɵр таң калбасын деп макул кɵрбɵйм. Шаарда мен сыяктуу кептер баккан кыргыздар бар, бирок аз элебиз. 

Кымбат кептерлерим ооруп калса же ɵлʏп калса ичим ачышат. Сен деле тарткан сʏрɵттɵрʏң ɵчʏп кетсе ичиң ачышат да. Этин жебейм, жапайы кɵгʏчкɵндɵрдʏ жесе болот, анын эти бар, бул колдо багылган кɵгʏчкɵндɵрдʏн этин жесе болбойт. Эмнеге экенин билбейм, башка кептер баккандар деле жебейт.

Элира Чынтемир кызы