18 апреля, 2024

Айбек Кыдыралиев, флеболог, проктолог: “Варикоз аялдарда кɵп кездешет”

Флеболог деген бул веналар боюнча изилдеген адис. Грек тилинен алынган сɵз “phlebos” вена жана “logos” — окуу, илим дегенди тʏшʏндʏрɵт. Негизинен кан тамырлар артерия, вена, лимфа болуп бɵлʏнɵт. Дарыгерлердин айтымында артериядан венанын айырмасы артериядан ар бир органга кислород, тамак-аш барса ошол колдонулган заттар канализация сыяктуу вена аркылуу кетет. Мисалы, бутту ала турган болсок, буттагы жогору кеткен веналар ич жакка барып, боордон тазаланып, жʏрɵккɵ барып, кислородду ɵпкɵдɵн алып кайра артерия менен кислород ар бир орган, клеткаларга таркап циркуляция болуп айлана берет. Бʏгʏн биз “Ден соолук” рубрикасынын айланасында варикоз оорусу тууралуу кеп кылабыз. Суроолорго адис флеболог, проктолог Айбек Кыдыралиев жооп берет.

“Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ варикоз кɵп катталат”

-Варикоз изилдɵɵлɵрдʏн негизинде кɵбʏнчɵ ɵнʏккɵн мамлекеттерде кɵп кездешет. Мисалы, Африка мамлекеттеринде варикоз менен ооругандар аз. Анткени, аборигендерде кыймыл-аракет кɵп болгон ʏчʏн варикоз менен ооругандар  аз кездешет экен. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдɵ жашаган адамдарда кыймыл-аракет аз болгондуктан варикоздун кɵп кездешʏʏсʏ илимде айтылат. Биздин мамлекет деле  кудайга шʏгʏр, акырындан ɵнʏгʏп келатат. Кыймыл-аракет аз болуп, варикоз менен ооругандардын саны арбып жатат. Варикоз 50 пайыз генден ɵтɵт, бул оору тукум кууйт. Апасында же атасында варикоз болсо кɵп учурда балага ɵтɵт.

Варикоз менен кɵп жабыркагандар эртеден кечке тике туруп иштеген сатуучулар, официанттар, ашпозчулар ушул сыяктуу иште тикесинен туруп иштегендер же болбосо бир ордунда кыймыл жок кечке отурган адистер, айталы компьютерде кɵп отургандар десе да болот. Бир ордунда жылбай турган кезде да кан айлануу жʏрбɵсɵ варикоздун чыгуусуна себепкер болот. Анткени, биздин бутубуздагы булчуңдар насостун ролун ойнойт. Биздин булчуңдар басканда, кыймыл-аракет болгондо ошол насос иштейт дагы венага оорчулук тʏшпɵйт. Венада кандын ылдамы кɵбɵйʏп, кан айлануу  кʏчɵйт. Кан айлануу жакшы жʏрбɵй калган кезде, венанын клапандарына оорчулук тʏшʏп, кан тамырлар кеңейип, чоңоюп кетет, ошондо варикоз оорусу пайда болот.

Варикоздун тʏрлɵрʏ

Варикоздун тʏрлɵрʏ бар. Эл аралык СEAP ( Клиникалык Этиологиялык Анатомиякалык Патофизиологиялык) классификациясы менен караганда с1 деген тʏрʏндɵ бул теринин ичиндеги кызарып турган “жылдызча” сыяктуу кɵрʏнгɵн майда тамырлардын пайда болуусу. Бул ден соолукка зыян келтирбейт. Косметикалык эффект десе туура болот. Ал тамырлар кɵбɵйсɵ деле, азайса деле кишиге зыян келтирбейт, кыжалат болууга негиз жок. Эгер адам кааласа муну “склеротерапия” жолу аркылуу склерозант деген атайын дары менен кетирсе болот. Бирок кандай процедура кылбагыла дарыгер менен макулдашып жасаган оң. Анткени, кээ биринин ɵнɵкɵт оорулары болуп калса ден соолукка терс таасири тийип калат. Бул процедура тамырга укол аркылуу куюлат. 3 жумадай атайын варикозго арналган чулки кийилет андан соң жок болуп кетет.

Экинчиси С2 деп коёт. Мында веналар кɵзгɵ кɵрʏнʏп калат, чоң болуп. Булар 3 миллиметрден чоң болуп калган веналар варикоз болуп эсептелет. Аны сɵзсʏз ультра ʏн менен изилдɵɵчʏ аппараттан кɵрʏʏ керек.  Эндовеноздук лазердик облитерация ( ЭВЛО) ыкмасы азыркы кʏндɵ варикозду дарылоо боюнча эң эффективдʏʏ “алтын стандарт” ыкмасы болуп эсептелинет. Бул  процедура местный анестезия менен жасалат, кичинекей ийне сайуу менен кан тамырга лазерди киргизип варикоз болгон венаны кʏйгʏзʏп чыгабыз. ЭВЛОдон кийин бейтап дароо ʏйгɵ кетет. Бул процедурадан эки эле шарт бар, бир ай кɵп басуу жана оор кɵтɵрбɵɵ керек. Анан ачык хирургия бар. Мында жʏлʏнгɵ наркоз берип ошол чоң веналарды кесип алып салат. Операциядан кийин бир жумадай ооруканада жатуу талап кылынат.

С3 деген тʏрʏндɵ бутта шишик пайда болот. С4 а деген тʏрʏндɵ гиперпигментация деп коёт, терилердин ɵңʏ ɵзгɵрʏлʏп, карайып баштайт. Себеби шишигенде эритроциттер венанын сыртына чыгып, гемоглабин 2ге бɵлʏнɵт, темир бɵлʏнʏп чыгып, теринин ɵңʏ ɵзгɵрʏп кетет. С4 тʏрʏндɵ липодерматосклероз деп коет, ал болсо теринин астындагы май таш сыяктуу катып калат. С5- С6 тʏрʏндɵ  бутта трофикалык жара пайда болот. Тери карайып, таштай катуу болуп, кислород, тамак-аш барбай жараны пайда кылат.

Варикоз менен ооруган адамдар эмнеге С-5-6 стадиясына келгенде гана дарыгерге кайрылат? Анткени, варикоз оорутпайт, венада нерв жок болот. Ошого адамдар тиш ооруганда тиш дарыгерге чуркап баргандай эле флебологго чуркап келе калышпайт. Качан гана акыркы стадияга жетмей сайын жʏрɵ беришет. Бул жара кɵбʏнчɵ эркектерде кɵп кездешет. Аял киши эркекке карганда бир аз жоопкерчиликтʏʏ болот. Анан алар кɵйнɵк, юбка кийген ʏчʏн буттагы варикоз, шишик, жара жагымсыз кɵрʏнгɵнʏнɵн улам дарыгерге эртерээк кайрылышат.

“Варикоз сырткы веналарда болот”

-Варикоз эркектерге караганда бир аз аялдарда кɵбʏрɵɵк кездешет. Салыштыруу, изилдɵɵлɵрдʏн негизинде ушундай кɵрсɵтмɵлɵр чыккан. Эмнеге аялдарда кɵбʏрɵɵк болот? Себеби кош бойлуу кезде жатын чоңоёт, жогору жакка кетип жаткан веналарды кысып калат, ошондон улам варикоз пайда болот. Кош бойлуу кезде гормоналдык ɵзгɵрʏʏлɵр болуп, венанын тонусу азаят.

Варикоз сырткы веналарда болот. Эгерде терең веналарда тромбос болсо мисалы, кээ бир адамдар жаракат (травма) алып ооруканага жатып калышат. Же операциядан соң кɵп жатып калат. Чулки кийбей операция жасалып калат, ушундай учурларда терең веналарда тромб пайда болот. Ошого операцияга кирип бараткан адамдын буттарына профилактикалык максатта чоюлчаак бинт же атайын чулки кийгизилет. Эгер терең веналарда тромб болуп калса ал сыртка кɵрʏнбɵйт, бирок буту шишип кетет. Жакшылап дарыланбай калса, тромбдон кийин болгон варикозду дарылай албай калабыз. Анда адам ошону менен жашап калат.

Дарыгер жɵнʏндɵ…

-Менин ата-энем экɵɵ тең дарыгерлер. Атам мен кичине кезимде кайтыш болгон, хирург болчу. Атамын жолун жолдойм деп хирург болууну эңсеп жʏрдʏм. Ординатура, аспирантураны жалпы хирургия багытында аяктадым. Аспирантураны бʏткɵн соң Эсекеев Эркинбек Базарбаевич деген кесиптеш, устатым мага флебологияны сунуш кылды. Атайын Сургуттан  бул багытта илим алып келдим. Чоң хирургияны тандадым эле айланып келип, жыйынтыгында тар специалист болуп калдым. Адам кандай иш кылбайлы ошону жогорку деңгээлде жасайлы.

Статистикада

Бул оору 18-24 жаштагы жаштарда 12 пайыз кездешсе, 55-64 жаштарда  56 пайыз кездешет. Жаштар кɵбʏнчɵ официант, ашпозчу болуп оор жумушта иштегендер келет же болбосо генден ɵтʏп келгендер.

Адистин кеңеши:

• Адам дайыма кыймыл аракетте болуусу керек.

• Жумушу компьютер менен байланышкандар 30 мʏнɵт отурса, туруп кыймылдап, денеге кан жʏгʏртʏп келип, кайра ишти улантса болот.

• Адам отурган кезде бутту кыймылдатып отурса жакшы. Ошол эле кезде бир жерде турган бойдон кыймылдабай иштеген да болбойт.

• Аялдар, кыздар бийик такалуу бут кийимди такыр эле кийбей койгон жакшы. Анткени, така кийгенде булчуңдар начар иштеп, денеге кан жʏгʏрʏʏ азаят, варикоз пайда болот.

• 3-4 см такалуу бут кийим да туура эмес, такыр эле каблуктан баш тартуу талапка ылайык.

• Варикозу бар адамдар мончого, саунага, массажга барбаш керек,

• Кʏнгɵ кʏйʏʏгɵ болбойт. Себеби, тромб пайда болуп калышы мʏмкʏн. Тромб болгондо кан уюп калса, ɵсʏп отуруп ʏзʏлʏп кетиши мʏмкʏн. Тромб ʏзʏлʏп кетсе адамды ɵлʏмгɵ алып барат.

Элира Чынтемир кызы