26 апреля, 2024

Бакытбек Жетигенов: “ОШТО ИШТƟƟГƟ БАРДЫК ШАРТ ТYЗYЛYПТYР, ЭМИ БОЛГОН АРАКЕТТИ ЖУМШОО КЕРЕК”

Президент Садыр Жапаров кадрларды ротациялоо саясатын жʏргʏзʏп келет. Ага ылайык, Ош шаары жаңы башчысын тосуп алды. Буга чейин Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, Чʏй ɵрɵɵнʏнʏн кулуну Бакытбек Жетигенов   ɵзʏ жɵнʏндɵ, алдыдагы пландары, кадрдык ɵзгɵрʏʏлɵр, жергиликтʏʏ кɵйгɵйлɵр тууралуу редакциябызга ой бɵлʏштʏ. «Келгенден бери “физкультурник», «шаарды билесизби, иштей аласызбы» деген ɵңдʏʏ кептерди кɵп уктум. Буюрса, тургундар менен биргеликте шаарды ɵнʏктʏрʏʏгɵ болгон кʏч-аракетибизди жумшайбыз» дейт калаа башчысы.

-Саламатсызбы, Бакытбек Жеңишбекович! Ошко кош келипсиз. Келиңиз, алгач ɵзʏңʏз менен жакындан таанышсак.

-Саламатсыздарбы! Мен Чʏй облусунун Сайлык айылында тɵрɵлгɵм. Аталган айылда ɵстʏм. 5-класска чейин коңшу Искра деген айылда билим алдым. Андан соң Бишкектеги спорт-интернатына которулуп, аны аяктагандан кийин дене тарбия институтуна тапшыргам. Ошентип, 5-класстан кийинки жашоом шаарда болду. Ага чейин айылдагы балдарга катарлаш эле чʏкɵ ойноп чоңойдук.

Атам 2012-жылы кɵз жумган, ал эми апам учурда пенсияда, айылда кичʏʏ иним менен турат. ʏй-бʏлɵдɵ тɵрт бир тууганбыз, карындашым, эки иним бар. Баары ɵз ʏй-бʏлɵсʏ менен, карындашым Бишкекте, кийинки иним Токмокто, кичʏʏ иним айылда жашайт. Ар бир ата-эне балдарына жакшы тарбия бергенге аракет кылат эмеспи. Ɵзʏм ʏч баланын атасымын. Биз деле азыр балдарыбызга, неберелерибизге жакшы тарбия берсек, жакшы адам болуп ɵсʏшсɵ, балдарыбыз менен сыймыктансак деп тилек кылгандай эле, ата-энем да бизге жакшы тарбия берʏʏгɵ болгон аракеттерин жумшашкан. Алардын канчалык деңгээлде ʏмʏттɵрʏн актап, жакшы инсан болдук, аны эми убакыт ɵзʏ кɵрсɵтɵɵр.

Канча жашка чыкпайлы ата-энебизге баары бир балабыз. Апам ар дайым кеп-кеңешин берип, оюн айтып турат. Ошко келе жатканда апам «жооптуу кызматка баратасың, кандай болот экен» деп сарсанаа болду.

-Ошко кɵнʏп калдыңызбы, шаар жагып жатабы?

-Баягы угуп жʏргɵн албетте, башка, келип ɵз кɵзʏң менен кɵрʏп, мынтип аралашып калгандан кийин айтсам, шаардын ɵзʏнʏн ɵзгɵчɵлʏгʏ бар экен. Эли эмгекчил, иштерман келип, берекелʏʏ шаар. Мында иштегенге шарттын баары тʏзʏлʏптʏр, эми болгон аракетти жумшоо керек.

— Кызматка келгениңизге эки айга чукулдап калыптыр. Бул убакытта шаардын бир топ жерлерин кыдырып, мекеме-ишканалар менен тааныштыңыз, кɵйгɵйлɵрдʏ билдиңиз дегендей. Алдыда аткара турган иш планыңызды, максаттарыңызды болжолдуу болсо да аныктап алгандырсыз. Биринчи орунга кайсы маселелерди чечʏʏнʏ койдуңуз?

-Бул жакка мурун 2-3 жолу эле келгенмин. Шаарды кɵп билчʏ эмесмин. Ошто таза суу кɵйгɵйʏн мурун угуп калчумун, келгенде да айтып калышты. Бʏгʏн маселени жеринен кɵрʏп, таанышып, долбоорлор боюнча маалымат алдым. Тендер жарыяланыптыр, эми аны кʏтсɵк, кɵпкɵ чейин созулчудай маселе. Ага чейин эртерээк башка жолдорун караштырууну, эски скважиналарды калыбына келтирʏʏнʏ жана жаңы скважиналарды караштырууну тапшырдым. Тигил жакта суу булганып токтогон учурда скважиналарды ишке киргизип, калкка убактылуу суу жеткирип турсак деген ой. Жазга чейин буга жетишебизби билбейм, жетишип калсак абдан жакшы болмок. Буюрса, жай айларында маселени чечебиз.

Мындан сырткары жол тыгын болгон маселе бар. Борборго салыштырмалуу Ошто бул маселе кɵйгɵйлʏʏ экен. Ал боюнча да шаарды кыдырып, кɵрʏп чыктым. Алсак, А.Масалиев кɵчɵсʏндɵгʏ унаа кыймылын азайтуу максатында ага параллель болгон Алай кɵчɵсʏ, шаарга кире бергендеги Ы.Монуев кɵчɵсʏндɵгʏ аркадан сол тарапка кыймыл ачылды. Ушул сыяктуу жол тыгынын азайтууга негиз боло турган кошумча кɵчɵлɵрдʏ ачуу каралууда. Бирок, муну менен маселени чече албайбыз. Шаар курулуп калган, жолдор кууш, азыр кеңейтʏʏгɵ да болбойт. Аталган кɵйгɵйдʏ чечʏʏгɵ чоң долбоорлор керек. Ошондой эле шаардын четинде «Ош сити» деп аталган долбоор бар экен. Муну ишке ашырсак, буюрса ал жакка жаңы шаар курсак болот. Ошондо маселе чечилет деген ʏмʏттɵмʏн.

— Шаарда бала бакча кɵйгɵйʏ бар. Жеке менчикке ɵтʏп кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу маселеси козголуп келет. Бул боюнча кабардар болсоңуз керек?

-Ооба, бала бакчалар боюнча тааныштым. Жеке менчикке ɵтʏп кеткен 30дан ашык объект бар экен. Бʏгʏн шаардык Кеңеш менен биргеликте кайтаруу иштери жʏрʏʏдɵ. Мында кеп тартып алуу эмес. Болгону, ээси эгер кайтарып бергиси келбесе, анда профилин ɵзгɵртпɵстɵн бала бакча бойдон калтыруу сунушу берилди. Ким ээлик кылат мааниге ээ эмес, болгону бала бакча болсун деген пикирди айтуудамын, ушул жол туура болот деген ойдомун.

-Шаардагы социалдык объекттер, имараттардын дээрлик баары эле эски, байкасаңыз керек. Жаңы муниципалдык мекеме, имарат куруу планыңызда барбы?

-Имараттар боюнча ойлор бар. Азырынча шаарга тиешелʏʏ кызматтардын баарын бир имарат куруп, бирдиктʏʏ терезе сыяктуу жайгаштырсак деген план бар. Мында бардык жумушун бир жерде бʏтʏрʏп, элге да ыңгайлуу болмок.

-“Кадрлар баарын чечет” дейт, жаңы жылдан кийин аппаратта ɵзгɵрʏʏлɵр болот дегендей болдуңуз эле. Кандай ɵзгɵрʏʏлɵр болуусу мʏмкʏн?

-Кечээ жакында аппарат жетекчи башка жумушка которулгандыгына байланыштуу деп ɵз арызы менен кызматтан кетти. Ал эми социалдык блокту тейлеген вице-мэрдин орду боюнча ɵйдɵ-ылдый сɵз болуп, маселе чечилбей келген. Жакында бул кызматты аркалап, кийин ʏч тараптуу келишимдин негизинде окууга кеткен Нурбек Кадыров кайтып келет. Мыйзамга ылайык, ошондой. Калган кадрларды дагы кɵрɵбʏз. Келип эле бардыгын алмаштырып салуу оюмда жок. Кызматкер жакшы иштеп, милдетин так аткарып жатса, иштей берʏʏсʏ керек. Эгерде туура эмес иштерге аралашып, башка маселелер болуп кетсе, анда сɵзсʏз орду каралат.

-Мурунку мэр Алмаз Мамбетов жаңы келген учурда кɵпчʏлʏк аял вице-мэр дайындоосун суранышкан болчу. Аял кишилерден вице-мэр дайындоо сиздин планыңызда барбы?

-Менин оюма койсо, Венера Рыскулова иштей берсе болмок, ɵз милдетин аткарып жатыптыр. Бирок, мыйзам боюнча келишимге ылайык, ордун бошотууга туура келʏʏдɵ. Келишимде кɵрсɵтʏлгɵндɵй, окуудан келген соң жок дегенде бир жыл кызматында иштɵɵсʏ керек экен. Мындан улам мен эч нерсе кыла албайм. Эгер жогорудагыдай маселе болбогондо Венера Рыскулова иштей бермек.

-Кадрларды адилет тандоо, конкурстук негизде, комиссиянын калыс чечиминин жыйынтыгында кызматка дайындоо маселеси буга чейин кɵтɵрʏлʏп келген.  Сиз дагы буга кɵңʏл бурасызбы?

-Албетте. Ар бир кадр ɵз ордунда, функциясын так аткарып, татыктуу болсо жакшы да. Анан таанышым, жакыным деп эле кызматка коюп койсок, ал милдетин аткара албаса, андайдын кереги жок. Жоопкерчилик кызматкерде эле эмес, менде да. Мэриянын кайсы кызматкери болбосун, иштей албаса, сɵз мага тиет. Ошол ʏчʏн кадрларды тандоодо туура, адилеттʏʏ карайм.

-Кадрларды ротациялоо саясаты жʏрʏп жатпайбы. ʏй-бʏлɵ менен жер которуу, барган жердеги эл менен тил табышуу кызматкер ʏчʏн оңой болбосо керек. Андан сырткары эл ичинде “кɵйгɵйдʏ ичинен билген, жергиликтʏʏ кадр келсе жакшы эле” деген пикирлер бар. Кандай ойлойсуз, ротация жыйынтыгын береби?

-Ооба, ротация ɵз жемишин берет. Союз учурунда да ушундай болгон эмеспи. Эгемендʏʏлʏк алгандан кийин эле ротация токтоп калган болчу. Азыр эми кайра жанданды. Мисалы, мен бул жакка жаңы келдим. Эч ким менен буга чейин аралашкан эмесмин, эч кимди тааныбайм, баарына тегиз карап, бирдей мамиледемин. Жумушта бул нерсенин орду чоң десем жаңылышпайм. Анткени кыргыз дос-тууган, тааныш-билишке бай элбиз, мунун жумушка залакасы тийип калуусу мʏмкʏн. Ротациянын жакшы жактары кɵп.

— Шаарда мыйзамсыз курулуштар боюнча да маселе кɵп. Ар бир келген калаа башчысы “мыйзамсыз курулуштарга жол бербейбиз” дейт. Мэрлик мɵɵнɵтʏңʏздɵ мыйзамсыз курулуштар менен кʏрɵшʏʏгɵ кʏчʏңʏз жетеби?

-Ооба, мыйзамсыз курулуштар бар экен, буга чейин курулуп калыптыр. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Ар бир куруучу тарап тиешелʏʏ документтерин толук бʏткɵрʏп, уруксатын алганда гана ишин баштай алат.

Ош дʏйнɵдɵгʏ байыркы шаарлардын бири. Шаарды туризмге ылайыктуу жайга айландырсак болот. Ага байланыштуу архитектурасын, багытын карап чыгып, долбоорлорду баштап, шаарыбызды ɵнʏктʏрʏп, кɵрктɵндʏрʏп алсак, мамлекетке да, ɵзʏбʏзгɵ да жакшы болот деп ойлойм. Ал ʏчʏн элдин да жардамы керек. Баарыбыз чогуу иш алып барсак, натыйжага эртерээк жетебиз. Туура, эл сын айтат. Сын болуп туруш керек. Кемчиликтерди, кɵйгɵйлɵрдʏ кɵрсɵтʏп турушса, кайра мага жакшы. Мисалы, мага азыр шаардыктар соцтармактардан кайсы жерде жылуулук жакшы болбой атканын, кɵйгɵй болгон жерлерди ачык айтып кайрылышууда. Мына ушинтип тургундар менен биргеликте тыгыз иштесек, буюрса шаарыбызды ɵнʏктʏрɵбʏз.

-Маегиңизге чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз!

Жумагʏл Кочкорбай кызы