25 апреля, 2024

Кыш мезгилинде муздак сууга жуунуу адаты

Кыш чилдесиндеги суу менен ысытмасы кɵтɵрʏлгɵн балдарды жуунткан пайдалуу экенин уккан белеңиз? Ал эми муз тоңгон дарыяга барып чɵмʏлгɵндɵрдʏчʏ. Бул православдардын диний ишенимдерине таандык “крещение” жɵрɵлгɵсʏн эсиңизге салышы мʏмкʏн. Ошол эле учурда окумуштуу, жазуучу, илимпоз же жɵнɵкɵй эле адамдар арасында кʏнʏгɵ бир чака муздак суу менен сергип алууну адатка айланткандар да жок эмес. Демек, муздак сууга тʏшʏʏ бир эле христиан ɵкʏлдɵрʏнɵ таандык десек жаңылыштык болот. Бул ден соолукка ɵз алдынча кам кɵрʏʏнʏн бир ыкмасы. Кызыгы, Оштогу “Ак-каркыра” балдар бакчасы да ушул ыкманы колдонгон ɵлкɵ боюнча жалгыз мекеме болуп саналат. Бала бакчага баш багуу менен муздак сууга тʏшʏʏнʏн пайда жана зыяндары тууралуу алдыда айтып беребиз.

Айнагʏл Султанова, №61 “Ак-каркыра” атындагы мектепке чейинки билим берʏʏ мекемесинин директору.

-Сиздердин бала бакчадагы муздак сууга жуунуу адаты жылдын кайсы айларында болот?

-Буга чейин жыл бою токтобой уланып келген. Бирок, азыркы учурда сасык тумоо кʏчɵп, бир чети аба ырайы кескин тɵмɵндɵгɵндʏктɵн муздак сууга жуунуу жɵрɵлгɵсʏн убактылуу токтотуп турдук. Буюрса, февраль айынан кайра баштайбыз деп турабыз

-Жуунтуу ата-энелердин макулдугу менен болобу?

-Албетте, ата-энелердин уруксаты менен жуунтабыз. Жогорку, даярдоо тайпасындагы балдардын ата-энелери кɵбʏнчɵ макул болушат. Ошол эле учурда “суук ɵтʏп калсачы” деп кооптонгондор да жок эмес. Биз дал ушул валеология программасы боюнча иштейбиз. ʏстʏрттɵн айтканда валеология  — бул сергек жашоо образы жɵнʏндɵгʏ илим. Ɵткɵн жылы ушул боюнча бизде иштеген Маргарита Нагаева республикалык сынакка катышып, «Жылдын мыкты тарбиячысы-2021»  деген наам менен биринчи орунду алып келди. Учурда республика боюнча бир гана биздин бала бакча бул долбоордун ʏстʏнɵн иштеп келет. Мисалы, сырттан алып карай турган болсок Россияда да валеология программасы кенен жайылган. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой, пандемия мезгилдерин баштан ɵткɵрдʏк, кɵп оорулар катталды. Ушуларды эске алып, валеология программасы башка балдар бакчаларында да болсо деген сунушумду айтар элем. Бул боюнча биз Ош шаардык билим берʏʏ башкармалыгы менен тыгыз иштешип Саламат Айдарованын жетекчилиги  астында бала бакчалардын директордоруна семинарларды ɵткɵрдʏк. Ата-энелерге сунуштарды айттык. “Ак-каркыра” балдар бакчасында жетекчилик кызматты аркалаганыма тɵрт жылдын жʏзʏ болду. Буга чейин бул долбоорду мурдагы директор Алевтина Михаиловна балтика ɵлкɵлɵрʏнɵн ʏйрɵнʏп келип, ишке ашырган.

Гулмира Мансурова, методист.

-Айтсаңыз, валеология программасы боюнча канча жылдан бери иштеп келесиздер?

-Негизи бул бала бакча 1986-жылы колдонууга берилген. Ал эми валеология программасы боюнча 1996-жылдан иштеп баштаган. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ чейин дээрлик 30 жылга жакын убакытты камтыйт. Мезгилге, аба ырайына карабай кʏнʏмдʏк тʏзʏлгɵн расписание боюнча чоң тайпалар сыртка чыгып, бир сыйра чуркап келишип муздак сууга жуунушат. Ал эми кичине тайпадагы балдардын ата-энеси кааласа, ɵзʏбʏздʏн бакчадагы врачтын кɵрсɵтмɵсʏ болсо, жуунуга уруксат берилет. Эскерте кетчʏ жагдай, ɵнɵкɵт оорулары бар балдар ʏчʏн муздак сууга жуунууга тыюу салынат. 

-Саат канчаларда жуунган пайдалуу деп эсептейсиздер?

-Тʏшкɵ чейин. Биздин расписаниеге ылайык саат 10:00гɵ белгиленген. Жуунгандан кийин балдар сʏлгʏлɵргɵ аарчынып, кийинип, кыздарыбыз чачын атайы жаш балдарга ылайыкташкан чач кургатуучу каражаттар менен кургатышат. Андан кийин тамактанып, жылуу жууркандарына жатып укташат.

-Жуунгандан кийин балдары ооруп калып, арызданып келген ата-энелер болгонбу?

-Жок, мындай учур каттала элек. Анткени балдар буга акырындан ʏйрɵтʏлɵт. Алгач бутуна муздак суу куюп, анан жогору карай дененин башка бɵлʏктɵрʏн муздак сууга кɵндʏрʏʏ зарыл. Сууну дароо эле баштан ылдый куюп салса бала ооруп калышы мʏмкʏн. 

-Муздак сууга жуунуу балдарга эмнеси менен пайдалуу?

-Мисалы, балага грипп жукса, жеңил тʏрʏ менен гана ооруйт. Грипптин белгилери билинер-билинбес сезилиши мʏмкʏн, бирок, температурасы кɵтɵрʏлʏп, жатып калышпайт.

-Муздак сууга жуунуу ʏчʏн эмнелерди даярдап алышат?

-Бул кɵп каражатты деле талап кылбайт. Ата-энелер болгону балдарга ылайык кичинекей чакаларды алып беришет. Мындан сырткары сʏлгʏлɵрʏн, кошумча ич кийимдерин ала келишет. ʏстʏнɵ суу куярдан мурда балдарыбыз “Мага жана бардык адамга табият ден соолук тартуулайт” деп айтышат. Бул сɵздɵрдʏ айтуу менен баланын табиятка болгон сезими ойгонуп, табият —  бекем ден соолукка кепилдик болорун туюшат деп эсептейм.

Кышында муздак сууга тʏшʏʏнʏн пайдасы

Ар кандай ɵлкɵлɵр кышында сууга тʏшкɵн эр жʏрɵктɵрдʏ деңиз жаныбарлары менен салыштырышат. Мисалы, Россия, Польша жана Нидерландыда аларды “морждор”. Финляндияда “оттер”(суу чычканы) Латвияда “нерпы, тюлень”, Тʏндʏк Америкада “ак аюулар” деп коюшат.

Гарвард коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин маалыматы боюнча, муздуу сууда чɵмʏлʏʏ иммундук системаны жогорулатат. Организм тɵмɵнкʏ температурага туруштук берʏʏ жɵндɵмʏнɵ ээ болот. 1958-жылы кышында Москвадагы бала бакчаларда балдардын тʏшкʏ уйку маалында атайы сыртка чыгарып уктатышкан. Бул бɵбɵктɵрдʏн иммунитетин кʏчɵтʏʏ максатында жасалган.

Дененин капыстан муздашы капилярлар, веналар жана артерияларды тез иштɵɵгɵ мажбурлап, кан айланууну жакшыртат.

Жуунгандан кийин кɵпчʏлʏк адамдын маанайы кескин кɵтɵрʏлɵт. Себеби, бɵйрɵк ʏстʏндɵгʏ бездер организм ʏчʏн эндорфиндерди — бакыт гормондорун чыгара баштайт.

Сууга тʏшкɵндɵ дене жылуулукту сактоого бʏт кʏчʏн жумшайт. Бул ʏчʏн ага кɵп энергия керектелгендиктен майлуу катмарларды да ишке салат. Демек, бул ашыкча салмактан арылууга жардам берет дегенди тʏшʏндʏрɵт. 

Каршы кɵрсɵтмɵлɵр

Муздак суу жʏрɵккɵ кескин оорчулук келтирип, дем алуу жолдорун кысып калат. Бул кан басымды жогорулатып, тамырдын кагышын тездетет. Кан басымдын ɵзгɵрʏшʏ менен баш айлануу пайда болот. Айрыкча кан басымы жогорулар(гипертония) мындай тобокелге барбай эле койгону оң.

Ошондой эле кош бойлуулук, жугуштуу оорусу барлар, гинекологиялык сезгенʏʏ, заара бɵлʏп чыгаруу системанын оорулары кездешкен адамдарга сууга тʏшʏʏ сунушталбайт.

Бронхит, астма сыяктуу ɵнɵкɵт оорулардын кʏчɵшʏ, кант диабети барлар, кары-картаңдар ʏчʏн, же алкаголдук ичимдиктерди пайдалануу менен муздак сууга чɵмʏлʏʏ кооптуу.

Айжылдыз Тойчиева