25 апреля, 2024

2023-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫЗ ТƟЛГƟ

“Коён бардык жаңы нерселерди колдойт. Бул жыл чоң ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн башталышы» дешет астрологдор. Алдыда кайсы жылдыз белгисин кандай ɵзгɵрʏʏлɵр кʏтɵт, байкап кɵрɵлʏ.

 КОЙ (21.03-20.04)

Коён жылы кой жылдызында тɵрɵлгɵндɵр ʏчʏн маанилʏʏ жана ийгиликтʏʏ болот. Алгачкы чоң ийгиликтер январь жана февраль айларынын аягында карьера, каржы жана сʏйʏʏ жаатында да болуусу мʏмкʏн. Ал эми жаз айлары курулушка же оңдоп-тʏзɵɵгɵ ылайыктуу мезгил, бирок май айында активдʏʏлʏктʏ азайтып, ден соолукту сактоо керек. Жайдын биринчи жарымы романтикалык чɵйрɵдɵ коогалаңдуу окуялардын мезгили болсо, август бизнес жаатында ийгиликтʏʏ айлардын бири болорун убада кылат. Ноябрь айынын ортосуна чейин ишти тыныгууга коюп, ɵнɵктɵштʏктɵ гармонияга жетишʏʏгɵ кɵңʏл бурганыңыз оң. Ошондой эле ноябрь жана декабрь жылды эң сонун жыйынтыктоочу айлардан болорун белгилешет жылдыздар. Материалдык абалыңыз туруктуу болуп, каржы жаатында олуттуу маселелер жаралбайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жыл сиз ʏчʏн кызыктуу окуяларга бай болот. Январь айы издɵɵ жана эксперимент жʏргʏзʏʏ мезгили болсо, февраль айында жайлуу жана туруктуу мамилелер сиздин приоритетиңизге айланат. Март жана апрель айынын биринчи жарымында ийгиликтʏʏ каржылык салымдарды жасап же кошумча киреше булактарын таба аласыз. Жаздын калган айлары талаш-тартыштуу болуусу мʏмкʏн, бир жагынан энергияга, амбицияга толосуз. Экинчи жагынан шашылыштан улам ката кетирʏʏ ыктымалдыгы жогору. Жайында эс алып, маанилʏʏ иштерди колго албай койсоңуз болот. Ал эми жылдын калган бɵлʏгʏ ноябрь айындагы айрым апталарды эске албаганда ийгиликтʏʏ ɵтɵт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер ʏчʏн да бул жылы ийгилик жылмаят. Жыл башында ɵзʏңʏздʏ анчейин активдʏʏ сезбешиңиз мʏмкʏн, бирок февраль айында энергияга бай болосуз. Апрель айында убактыңызды, энергияңызды эң маанилʏʏ иштерге арнаганыңыз абзел. Сиз ʏчʏн коён жылындагы ийгиликтʏʏ мезгил июнь жана июль айлары болот. Август айында жетишкендиктерден ырахат аласыз, эс алуу ʏчʏн ыңгайлуу учур. Ал эми сентябрь, октябрь айлары бардык жылдыз белгилериндей эле жакшы ɵтɵт. Ноябрь жана декабрь айлары бойдокторго жеке жашоосун курууга ылайыктуу мезгил.

БƟЙƟН (22.06-22.07)

Февраль айынын ортосуна чейин ɵз кʏчʏңʏзгɵ таянып, жеке долбоорлор менен алектенишиңиз керек. Марттан баштап иштер тездейт, апрель абдан энергиялуу ай болорун убада кылат. Болгон кʏчʏңʏздʏ жумшап, максаттарыңызга жол ачууга аракет кылыңыз, жеңишке жетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏңʏз бар. Мындай ыңгайлуу, жагымдуу мезгил июлдун ортосуна чейин созулат, демек, кɵп нерсеге жетишʏʏ ʏчʏн жетиштʏʏ мезгил. Бул убакыттардан кийин гана сиз тыныгуу алып, зарыл болсо ден соолугуңузду чыңдай аласыз, ал ʏчʏн сентябрь айы эң жакшы. Октябрь айында романтикалык мамилелерде гармонияны сактоого кɵңʏл буруңуз. Жылдын жыйынтыктоочу айлары позитивдʏʏ маанайда ɵтɵт, бирок 20-декабрга чейин эң маанилʏʏ иштерди бʏтʏрʏʏнʏ эсиңизден чыгарбаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)

Жаңы жылдын биринчи ʏчтɵн бир бɵлʏгʏ абдан энергиялуу жана динамикалуу болот. Ɵзгɵчɵ февраль айында энергияңыз ашып-ташат, бирок ошол эле учурда олуттуу кыйынчылыктар да кʏтʏлɵт. Калган айлардын баарында ɵзʏңʏзгɵ чоң максаттарды коюуңуз зарыл. Май айында кескин кадамдарга барышыңыз мʏмкʏн. Алардын айрымдары ийгиликтʏʏ болсо, кээ бири анчейин кɵңʏлʏңʏзгɵ жакпашы ыктымал. Жай позитивдʏʏ жана иштиктʏʏ башталып, романтикалуу уланат. Июль-август айларында мурунку мамилелердин кайра жанданышы мʏмкʏн. Ошол эле мезгилде сиз ɵз чыгымыңызды кылдаттык менен кɵзɵмɵлдɵɵнʏ жылдыздар эскертишет. Жылдын акыркы ʏчтɵн бир бɵлʏгʏ да биринчи ʏчтɵн бир бɵлʏгʏнɵ окшошот, ноябрь айында жашооңузда кыйынчылыктар орун алуусу ыктымал, жоготууларсыз ɵтʏʏгɵ аракет кылыңыз. Декабрь айында бардык аракеттериңиздин ʏзʏрʏн кɵрɵ аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Алдыга секирик менен эмес, ишенимдʏʏ тʏрдɵ барарыңызга даяр болуңуз. Биринчи ишенимдʏʏ кадамдарды март айында жасооңуз керек. Февраль айынан июль айына чейин сизге эч ким тоскоол болбойт. Финансылык маселелерди ушул убакта оң жагына чечсе аласыз. Июль – эс алуунун жана саякаттоонун айы, бирок ɵтɵ ашыгып кетпеңиз, кесиптик жетишкендиктериңиз август айында олуттуу тʏрдɵ сыналышы мʏмкʏн. Ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар экенин эстен чыгарбаңыз. Сентябрь-октябрь айлары кемчиликтердин ʏстʏнɵн иштɵɵ ʏчʏн эң сонун убакыт. Эски долбоорлорго жаңы дем берип, аларды ийгиликке жетелей аласыз. Ал эми жылдын аягы сʏйʏʏ мамилелерине ылайыктуу мезгил.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жылдын биринчи чейрегинде жылдыздар сизге жагымдуу атмосфераны убада кылат. Ал эми март айында кылдат болууңуз кажет, ай ɵтɵ дымактуу ɵтɵт. Ошол эле учурда амбицияңызды иш менен бекемдɵɵгɵ жакшы мʏмкʏнчʏлʏктɵр бар. Апрелде жана май айынын биринчи жарымында сизде энергиянын жетишсиздиги байкалып, чоң иштерди аягына чыгара албай каласыз. Майдын аягы жана июнь айлары ʏй-бʏлɵлʏк эс алуу же жер иштетʏʏ ʏчʏн жакшы убакыт. Июль жана август айлары мамилелер ʏчʏн абдан маанилʏʏ. Бул учурда максималдуу кам кɵрʏʏ жана жакын адамынын кызыкчылыктарын эске алууга даяр болуу талап кылынат. Сентябрь айында алыскы сапарлардан, чет элдик долбоорлордон баш тарткан оң. Ал эми октябрдын биринчи жарымында дээрлик бардык жумушта кыйынчылыктар байкалат. Багынбаңыз жана сабырдуу болуңуз. Жыл аягы кызыктуу, кʏтʏлбɵгɵн окуяларга бай, жалпысынан ийгиликтʏʏ болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Март айынын ортосуна чейинки иш аракеттер, окуялар сиздин пландарыңызга тɵп келет. Андан кийин гана жылдын сюрприздерин кʏтсɵ болот. Алгач жакын адамдар менен болгон жеке мамилелерге кɵңʏл бурганыңыз туура. Сизге жакпаган жагдайлар да орун алуусу ыктымал. Июнь айынын ортосуна чейин жашоонун бардык тармагына таасирин тийгизе турган эксперименттер жана ɵзгɵрʏʏлɵр менен алек болосуз. Албетте, чечим кабыл алуу ɵзʏңʏздʏн колуңузда, бирок эсиңизде болсун, чоң ɵзгɵрʏʏлɵрдʏн убактысы али келе элек. Ал эми жаздын ортосунда ишке киргизʏʏ оңой болгон глобалдык долбоорлор жайдын ортосунда токтоп калышы мʏмкʏн,  эң жакшысы кийинки жылга жылдырылат. Жаңы жашоону каалагандар жумушун же жашаган жерин алмаштыруудан мурун туура тамактануу жана жаман адаттардан баш тартууну колго алганы дурус. Июль айынан августтун орто ченине чейин толугу менен жеңе турган тоскоолдуктарга жана чектɵɵлɵргɵ туш болушуңуз мʏмкʏн. Кʏз жана кыштын башталышы сиз ʏчʏн ийгиликтʏʏ болот. Октябрдын экинчи жарымы гана тынчсызданууну жаратышы мʏмкʏн, бул мезгилде жʏктʏ азайтуу керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Дээрлик жылдын биринчи жарымында сиз поезддин ылдамдыгындай максаттарыңызга жетʏʏгɵ шашасыз. Март кирешени кɵбɵйтʏʏгɵ багытталган аракеттерге жакшы натыйжаларды берʏʏчʏ ай. Бирок, май жана июнь айынын экинчи жарымында негизсиз тобокелчиликтердин жана каржылык кыйынчылыктардын ыктымалдуулугу жогору. Балким, жумуштан тыныгуу алып, эс алууга баруу акылдуулукка жатат. Бул аралыкты тынч жана жайбаракат ɵткɵрʏʏгɵ арзыйт. Ал эми август-сентябрь айларында жаңы жетишкендиктерге аракеттенсеңиз болот, бул эки ай жыл башына караганда алда канча ийгиликтʏʏлʏктʏ убада кылышат. Октябрдын аягында жана ноябрь айында бир аз сабырдуулук жана этияттык талап кылынат. Декабрь сиздин айыңыз, андыктан жакшы болоруна ишениңиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жылды мʏмкʏн болушунча активдʏʏ баштоого аракет кылыңыз. Январь жана февраль алдыдагы пландарыңызды ишке ашырууга ɵтɵ ыңгайлуу айлар. Каалооңуз кʏчтʏʏ болсо, баары сиздин колуңуздан келерин унутпаңыз. Сизди чоң ɵзгɵрʏʏлɵр кʏтʏп турат, жаңы шарттарга кɵнʏʏ кɵп убакытты талап кылары анык. Жылдын аягына чейин ɵзʏн-ɵзʏ башкара билʏʏ, тартип сиз ʏчʏн абдан маанилʏʏ. Кʏнʏмдʏк талыкпаган эмгек гана каалаган натыйжаны берет. Жеке жашооңузда олуттуу кɵйгɵйлɵр болбойт. Жылдыздар апрель жана май айлары сизди бактылуу кыларын белгилешсе, август, сентябрь жана декабрдын башында бир кыйла тынч, туруктуу мезгил орун алат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Суу куярларда бул жылы зеригʏʏ, бош калуу деген болбойт. Ɵзгɵрʏʏгɵ болгон аракетиңиз кʏчɵйт. Андыктан, максаттарыңызды аныктап алыңыз. Кыялдарга жетʏʏ ʏчʏн албетте, кɵп эмгек кылуу талап кылынат. Жумуш ордун алмаштырууну каалагандарга жыл ийгиликтʏʏ болот. Жылдын эң жагымдуу айлары деп жай мезгилин кɵрсɵтʏшɵт жылдыздар. Ошондой эле жыл бою кылган аракеттин ʏзʏрʏ кʏздʏн башталышында ɵз жемишин берет. Бирок, ноябрда бул жетишкендиктерди коргоо ʏчʏн дагы аракет кылууга туура келет. Ал эми декабрда ийгиликтин накта даамын татасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Жыл абдан позитивдʏʏ башталып, июнь айынын ортосуна чейин эч кандай ɵзгɵчɵ кыйынчылыктар кʏтʏлбɵйт. Ырас, апрель-май айларында жʏрɵккɵ байланыштуу кооптонуулар болушу мʏмкʏн, бирок бул жерде да кырдаалды оң жагына чече аласыз. Июль жана айрыкча август айлары олуттуу аракетти талап кылган оор айлар. Мунун учкундары сентябрдын аягында басаңдайт. Ал эми жумушта баардыгы жайында болот. Жылдын аягы кʏтʏлбɵгɵн позитивдʏʏ ɵзгɵрʏʏлɵр менен эсте калышы мʏмкʏн.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы