20 апреля, 2024

Ырчы, актриса АЙПЕРИ КУЛБАЕВА: “Быйыл жеке концерт берип, 100 пайыз жандуу ʏн менен  ырдайм”

Айпери Кулбаеванын аткарып чыккан  ар бир жаңы ыры хит болуп, эл арасына сиңип кетет. Ырчы  айымдын чыгармачылыгы  кɵɵдɵндʏн толтосунан чыккандай кубаттуу жана эмоцияга бай кубулжуган доошу менен айырмаланат. Айрыкча элдик жана классикалык ырларды жʏрɵккɵ жеткире аткарып, ошол ырлардын ичинде жашагандай таасир калтырат. Ал кыргыз музыка дʏйнɵсʏнɵ ɵзʏнʏн мукамдуу ʏнʏ жана аткаруу чеберчилиги менен кирди. Ырдоо ɵнɵрʏнɵ олуттуу мамиле жасаган Айпери Кулбаева жалган атак-даңк куубай,  азыркы  шоу-бизнестин  жеңил-желпи азгырыктарынан алыс болуп, талантын бапестеп багып келатат.

Айпери музыка жаатында кʏйɵрмандарына 500гɵ жакын ырды, 50гɵ жакын клипти тартуулады. Ырчы айым  Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган “Ырга айланган ɵмʏр” аттуу эл аралык сынакта Гран-прини, 2017-жылы Казакстанда ɵткɵрʏлгɵн  эл аралык маданий-этникалык эл аралык сынакта 1-орунду жеңип алган. Мыскал Ɵмʏрканова жана Даркʏл Кʏйʏкова атындагы республикалык сыйлыктардын лауреаты жана Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты. КМШ  мамлекеттери боюнча парламенттер аралык Ассамблеясынын атайын  тɵш белгиси менен сыйланган.  “Кыргыз Республиканын маданиятынын мыкты кызматкери”. Жаңы жыл алдында Президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы мененсыйлангандардын бири болду. Айпери менен ушул кубаныч ʏстʏндɵ маектештик:

– Айпери, мамлекеттик сыйлыгың кут болсун! 

– Ыракмат, эже! 2023-жылдын башталышында президентибиз Садыр Жапаровдун колунан сыйлык алганым бир чети бактылуу, экинчи жактан  жоопкерчиликтʏʏ сезимге бɵлɵдʏ. Анын ʏстʏнɵ, “Кубанычты бɵлʏшсɵң эки эселеп кɵбɵйɵт” дегендей, чыгармачылыгымдын кɵптɵгɵн кʏйɵрмандарынын, дос-туугандарымдын, кесиптештеримдин куттуктоосуда менин кɵңʏлʏмɵ канат байлап, бешенемди жаркытты.

– Сыйлык-наамга кандай кɵз караштасың?

– Бул чыгармачыл инсан ʏчʏн болгону стимул берʏʏчʏ нерсе деп ойлойм. Мен сыйлыктарды чыгармачылыгым чындап бааланып, татыктуу алганды жакшы кɵрɵм. Ошондо гана жугуштуу болот. Кудайга шʏгʏр, аткаруучулук эмгегимдин ʏзʏрʏн аздыр-кɵптʏр кɵрʏп келатам.  Ар кандай тармактардан чыгармачылыгымды баалап беришкен же сынактарда, фестивалдарда жеңʏʏчʏ катары алган жʏзгɵ жакын грамоталарым, дипломдорум жана онго жакын медалдарым бар.

– Ɵзʏңдʏн ырчылык атак-даңкыңа кандай карайсың? “Даңкка жараша жʏктʏ” сезбейсиңби?

–Албетте, элдин адамы болуунун сыймыктуу жагы да, ошого жараша жоопкерчилик жʏгʏ да бар. Мен чыгармачылык жолумда ɵзʏмдʏн таза эмгегим жана нукура ɵнɵрʏм менен ушул деңгээлге жеттим десем  болот. Кɵптɵгɵн кʏйɵрмандарым бар, алардын сый-урматы мени чыгармачылык бийиктиктерге шыктандырып турат.  Эл алдында жʏзʏм жарык деп ойлойм. Бирок, кɵпчʏлʏккɵ тааныла баштаганда артыңдан жакшы сɵз да, жаман сɵз да ээрчийт экен. Бирɵɵ билип айтат, бирɵɵ билбей айтат. Ошонун баарын кɵтɵрɵ билʏʏ абзел.  Жаман кɵздɵн алыс болоюн деп этияттанасың. Элдин кɵзʏндɵ болгондон кийин кийген кийимиңден тартып, баскан-турганың, сʏйлɵгɵн сɵзʏң, жашоо стилиң —  баарына кылдат кɵз салууга туура келет.

– Сенин ырчылык тушооң кайсыл ыр менен кесилди?

– Ыр дʏйнɵсʏнɵ бала чагымдан эле аралаштым.  Мектеп босогосун алты жарым жашымда аттап, эрте окудум. Эсимде, 1-класста окуп жатканымда  мектепте ɵткɵрʏлгɵн  кароо-сынакка катышып, 500-600 орундук чоң залда эл алдына чыгып манас айтып, биринчи орунду ээлегем.  Менин ырчылык тушоом ошентип кесилген. Андан кийин окуучу кезимде  ɵздʏк кɵркɵм чыгармачылыктын айылдык, райондук кароо сынактарында ырдап жʏрдʏм. Ырчы болом деген максат менен ОшМУнун искусство факультетине тапшырып, бʏтʏрдʏм.  Жеке репертуарымда алгачкы ырым Улан Нурдиновдун акын Айзада Бегимкулованын ырына жазылган “ʏйʏңʏзгɵ болом шаң” деген чыгармасы болду.  Ал эми 2007-жылы Кутман Султанов менен бирге ырдап чыккан“Тамашалуу ыр”  мени элге белгилʏʏ кылган. 

– Репертуарыңды кɵбʏнчɵ салмактуу ырлар тʏзɵт. Аларды кандайча тандайсың?

– Ушуга чейин  чындыгында, улуттук колориттеги ырларды жана Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сыяктуу залкар композиторлордун чыгармаларын кɵп аткарып келдим. Мындай ырларды тандоомо улуттук жана классикалык  музыкабызга болгон куштарлануум жана аткаруу чеберчилигимди ɵстʏрʏʏгɵ умтулуум шыкак берчʏ.  Ошондой эле ʏнʏмɵ туура келе турган жана музыкалык билим-дараметиме ылайык олуттуу ырларды тандайм. Р.Абдыкадыров менен А.Керимбаев — менин кумир туткан обончу-ырчыларым. Алардын  чыгармаларын аткарууга диапазону кең кубаттуу ʏн керек. Мен бул улуу таланттардын кɵптɵгɵн чыгармаларын ырдап чыгып, эл тарабынан жылуу кабыл алынганына сыймыктанам.

– Тойлордо кɵп ырдайсың? Той менен сахнада ырдоонун айырмасын сезесиңби?

– Тойлор деле ырчылардын чыгармачылыгын ɵркʏндɵтʏʏчʏ киреше булагы болуп калды. Азыр бардык ырчылар тойлордо элге кызмат кылып,  акча таап жатышат. Тапкан кирешелерибизди кайра эле чыгармачылыкка жумшайбыз: ыр жаздырабыз, клип тарттырабыз. Ɵзгɵчɵ ырчы айымдар сахнага кийʏʏчʏ кийимдерибизди кымбатка тиктиребиз. Эл алдына дайыма эле бир эле форма менен чыга албайсың. Чач жасалгалары, макияж жана башка сулуулук каражаттары да арзанга турбайт.

Бирок, той менен сахнада ырдоонун айырмасы бар. Сахна ыйык жай, ырчыларды апкаарытчу же эргитип жиберчʏ сʏрʏ болот. Сенден бир кереметти кʏтʏп тиктеген жайнаган кɵздɵрдʏн ишеничин актагың келет. Алардын алдына эптеп-септеп чыгуу мʏмкʏн да эмес Угармандар ыраазы болуп кетсе дейсиң. Ал эми тойлордо адамдар ырыңды тамак жеп олтурушканча угушат, ошон ʏчʏнбʏ, ырдоо бир аз ыңгайсызыраак.

– Азыркы кыргыз эстрадасынын кандай кɵйгɵйлʏʏ маселелери бар? Эмне жагат, эмне жакпайт?

–Мен кыргыз эстрадасынын улуу муундагы ɵкʏлдɵрʏнɵ таазим этем, алар чыныгы таланттары жана ак кызматы менен атак-даңкка жетишкен. Ал эми азыркы ырчыларга байланыштуу бир топ орчундуу кɵйгɵйлɵр бар.  Ырчылыкка киреше табуу ʏчʏн гана келгендер кɵп. Жагымдуу ʏнʏ жогу деле аранжировка жаздырып,компьютерде ʏнʏн оңдотуп, фонограмма менен ырдап,соцтармактарда “пиарды” катуу кылса  эле  ɵздɵрʏн  “жылдыз” сезип, эстраданын деңгээлин тɵмɵн тʏшʏрʏп жатат. Фонограмма менен ырдап, элди алдоо бул туура эмес деп ойлойм. Албетте, чыныгы таланттуу, фонограммасыз эле, табигый ʏнʏ менен шаңкылдап  ырдашкан артисттер да жок эмес. Жандуу ырдаганда ɵзʏң да  эргʏʏ алып, жан дʏйнɵңдʏ тɵшɵп, эмоцияң менен угармандардын жʏрɵктɵрʏнɵ жеткире аласың.

–Эстрада жылдыздары азыр инстаграмдагы катталуучулары,  алган  “лайктары” менен мелдешип калышкансыйт. Буга кандай карайсын?

– Ырчылардын рейтингин инстаграм жана башка соцтармактардагы катталуучуларынын жана алган “лайктарынын” саны менен баалоо таптакыр туура эмес.  Нукура таланты жок туруп, бирок катталуучуларды сатып алган эстрада ырчылары толтура. Ошондой эле  чыныгы кʏйɵрмандарды топтогон жылдыздар да бар. Чыгармачыл адамдар чыныгы таланты, жасаган эмгеги менен гана атаандашып, бааланышы керек деп ойлойм. 

– Канча жашка чейин сахнада жʏрɵм деп ойлойсуң? Андан кийинкиге пландар барбы?

– Бул жɵнʏндɵ азырынча ойлоно элек экенмин. Баары Жараткандын буйругу менен болот эмеспи. Бирок, ɵзʏмɵ да, сахнадагы чыгармачылыгыма да узун ɵмʏрдʏ тилеп жʏрɵм. Кудай буюрса, 60-70 жашка чейин ырчылык ɵнɵрʏмдʏ уланткым келет. Анан ɵзʏмдʏн ордумду илим жаатынан да тапкым келет. 10 жылдын ичинде искусство таануу боюнча илимий изилдɵɵлɵрдʏ жʏргʏзʏп, диссертация жактасам деген максатым бар.

–ʏй-бʏлɵ очогунун жылуулугун кантип сактайсың?

– ʏй-бʏлɵдɵгʏ жылуулук жана ынтымак аялга кɵбʏрɵɵк байланыштуу болот. Биздин ʏй-бʏлɵдɵ жолдошума жана балдарыма мээримдʏʏ жана сый-урмат менен мамиле кылууга аракеттенем. Эки уулум бар, алар азырынча кичинекей. Алардын дагы мага болгон сʏйʏʏсʏнɵн кʏч-кубат алам. Ошондой эле бири-бирибизге болгон ишенич да ынтымагыбызды бекемдеп турат. 

–Театрда кандай ролдорду аткарып жʏрɵсʏн?

– Театрда иштегениме быйыл 13 жылдын жʏзʏ болуптур. Эң алгач “Курманжан датка” спектаклинде Курманжан датканын жаш кезин ойногом. Андан соң Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган кɵптɵгɵн спектаклдерде башкы ролдорду аткардым. Алардын ичинде: Гʏлсараттын кулун кезин, Жамийланын , Алиманын, Мырзагʏлдʏн образдарын жараттым. Азыркы мезгилде да спектаклдерге жок дегенде эпизоддук ролдор болсо да ойноп, ʏзгʏлтʏксʏз катышып турганга аракеттенемин.

– 2023-жылы сенден кандай жаңылыктарды кʏтɵбʏз?

– Албетте, азыр кажынып иштей турган курактамын. Чыгармачылык кɵп ой-максаттарым бар. Анын бири — жаз айларында жеке концертимди берсем деген жигерденип турам. Бул концертимде ырларымды 100 пайыз жандуу ʏн менен аткармакчымын. Кɵрʏʏчʏлɵр ыраазы болот деген ʏмʏттɵмʏн.

Зинакан Пасанова