• Чт. Ноя 26th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ош шаарында Президенттик шайлоого даярдык көрүү иштери талкууланды

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 26, 2026

Бүгүн Ош шаарында 2027-жылдын 27-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү.
Ош мэриясынын, Борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларынын, ошондой эле шаардык мекемелердин жетекчилери катышкан жыйында шайлоо участкаларын техникалык жактан камсыздоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин бейтараптуулугун сактоо маселелери каралды. Ошондой эле 18 жашка толгон жаштарды шайлоого активдүү катыштыруу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү зарылдыгы белгиленди.
Жыйынтыгында жооптуу кызматтарга 18-ноябрдагы тесттик добуш берүүдө аныкталган техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюп, 16-декабрдагы жабдууларды кайра тестирлөөгө даярдануу тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы 105 шайлоо участкасында жалпы 262 миң шайлоочу катталган.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *