• Пт. Ноя 27th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Аралыктан добуш берүү жана электрондук кол топтоо: БШК студенттерге шайлоо жаңылыктарын түшүндүрүүдө

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 26, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү борбор калаадагы жана түштүк аймактагы жогорку окуу жайлардын студенттери менен көчмө маалыматтык жолугушууларды улантууда. Иш-чаралар 11-декабрга чейин созулат. Жолугушуулар бир катар окуу жайларда: Кыргызстан Эл аралык университетинде, Кыргыз-Россия Славян университетинде, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалында жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде, М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде, М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда жана И. Раззаков атындагы КМТУнун филиалында уюштурулду. Жолугушуулардын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүү жана талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды электрондук түрдө чогултуу маселелерине өзгөчө кызыгуу көрсөтүштү. Жаштар бул жаңы жол-жоболордун техникалык өзгөчөлүктөрүнөн тартып, добуш берүүнүн ачык-айкындуулугу жана коопсуздук кепилдиктерине чейин суроолорду узатышты.
Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын шайлоо мыйзамдары боюнча маалымдуулугун жогорулатуу жана алардын шайлоо процесстерине аң-сезимдүү, активдүү катышуусуна шарт түзүү.
Студенттер менен болгон баарлашууга БШКнын төрага орун басарлары Лейла Лурова менен Русланбек Жакышов, БШК мүчөлөрү Бодош Мамырова, Миргүл Темирбаева жана Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун эксперттери катышып, мыйзам ченемдерин жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп беришти.

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *