29 марта, 2024

АРЫКТАГЫҢЫЗ КЕЛСЕ, АРТКА БАСЫҢЫЗ

Белгилʏʏ журналист Абдылда Капаров бир ирет мынтип айтты эле: куяң илдетине кабылгандар ʏйдʏн сыртынан арты менен ʏч-тɵрт жолу  айланта басса, дарттан арылууга шарт тʏзʏлɵт. Анын чын-тɵгʏнʏн билбедим, бирок арты менен басуу  (“Айдын жʏрʏшʏ” деп да коюшат) окумуштуулардын пикиринде арыктоого жана бир катар илдеттерден арылууга жардам берет.

Арты менен кадам таштоо абдан  натыйжалуу экендигин атактуу Майкл Жексон 1983-жылы эле кɵрсɵткɵн. Анда анын “ай жʏрʏшʏ” аябагандай эле фурор жаратканы улуу муундардын эсинен чыга элек. Майклдын бой-турпаты да таанымал-балерон!

“Басуунун ɵзʏ эле мыкты машыгууга кирет, анткени басуу адамдын кыймылынын табигый бир  бɵлʏгʏ эмеспи,- дейт Чыгыш Лондон университетинин физиологу Жек Макнамара. -Бирок, биз анын пайдасын баалабайбыз, себеби  ойлонбостон, кɵндʏм адатка салып ары-бери баса беребиз.180 градуска бурулуп, “автопилотуңуз “ɵчкɵндɵ гана  басуу бул аябагандай татаал процесс экенин тʏшʏнɵ баштайсыз”.

Жалпы алганда, тʏз басууну адамдан башка  аз эле жаныбарлар ɵздɵштʏрʏшкɵн: кенгуру,кош аяк чычкан, страус, кээ бир маймылдар жана канаттуулардын айрымдары.

Бул оңой-олтоң иш эмес, вертикалдык абалда тʏз басуу ʏчʏн кɵрʏʏ, вестибулярдык жана дене мʏчɵлɵрʏңдʏн бири бирине мейкиндиктеги катышын сезʏʏгɵ кɵзɵмɵлдʏк кылуучу проприоцептивдик системалардын так синхрондошуусу зарыл.

Биз артка кадам таштаганда бул системаларды координациялоо ʏчʏн мээге чоң кʏч талап кылынат. Мындай кɵнʏгʏʏдɵн мээге бир гана пайдадан башка эч нерсе алып келбɵɵсʏ ɵзʏнɵн ɵзʏ тʏшʏнʏктʏʏ. Инсульту бар пациенттерди реабилитациялоо ʏчʏн арты менен  басуу практикасы мына ошол себептен да колдонулат. Изилдɵɵлɵр кɵрсɵткɵндɵй, арты менен басуунун 30 мʏнɵттʏк кɵнʏгʏʏсʏн ар аптада ʏч жолудан жасоо тең салмактуулук сезимин калыбына келтирип, жɵн-жай басуунун ылдамдыгын жогорулатып,жʏрɵк жана ɵпкɵнʏн иштешин жакшыртат.

Инсульттан кудай сактасын, ретро кадамдардын жардамы менен ашыкча салмактан да арылууга болорун адистер эсептеп чыгышкан. Алардын эсеби боюнча, арты менен басуу учурунда энергиянын сарпталуусу 40 пайызга жогорулайт. 26 студент кыздар катышкан эксперимент 6 апта ретрокадам менен машыккан кыздар башка ɵзʏ теңдʏʏ кыздарга салыштырмалуу алда канча кɵп салмак ташташкан.

Анан да медиктер “ай жʏрʏш” машыгуулары ɵнɵкɵт бел, бел , тизе кан тамырларынын остеоартрити менен жапа чеккендерге жакындан жардам берээрин баса белгилешет.

Ретрокадамдар кɵнʏгʏʏсʏнɵ ʏйрɵнʏʏ оор деле эмес: артыңды карабастан,тулку менен башты тʏз кармап, жыгылуудан жана урунуп алуудан сактануу ʏчʏн ʏйдɵ же имараттын ичинде машыгуудан баштоо керек. Чоң  эмес, мисалы, 20 метрлик аралыкка кʏн сайын артың менен басып кɵргɵндɵн кийин ɵздɵштʏрʏʏңɵ жараша аралыкты кɵбɵйтɵ берсе болот.

Абдираим Мамытов