25 апреля, 2024

Бурул Капар кызы, стилист, чачтарач: “Чачтарачтын кɵрʏнбɵгɵн мыктары, кɵрʏнбɵгɵн таштары кɵп”

Адам чачтарачка анан фотографка барганда сен дʏйнɵдɵгʏ кандай даңазалуу адам болбо баш ийесиң,  журт башкарган ажолор да ушул кишилердин алдында ошолор кɵрсɵткɵн жолго тʏшʏшɵт экен. Ушундай кесип ээлеринин бири болгон Бурул Капар кызы менен болгон маекти сунуш кылабыз. Тʏштʏк борбордо бир топ таанымал болуп калган чач адисинин бул тармакка кантип келип калганы тууралуу кызыктуу баянды тɵмɵнкʏ макаладан окуңуздар.

“Балалыгымда журналист болгум келчʏ”

Саламатсызбы Бурул айым, жаңырган жылдын башталышында сиз менен амандашып турганыбызга кубанычтабыз. Окурмандар журтуна алгач ɵзʏңʏз тууралуу эки ооз сɵз айта кетсеңиз

-Саламатсыздарбы, ɵзʏм жɵнʏндɵ айта турган болсом, аты-жɵнʏм Бурул Капар кызы, быйылкы 2023-жылда 30га чыгам деп турам. Ɵзʏм Алайдын кызы болом, кадимки карапайым ʏй-бʏлɵдɵ чоңоюп- ɵстʏм. Биздин ʏй-бʏлɵ да кичинекей эмес, мен 14 бир туугандын онунчусумун. Балалыгым аябай жакшы ɵткɵн, ал ʏчʏн мʏмкʏнчʏлʏктɵн пайдаланып ата-энеме ыраазычылык билдирем.

-Бала кезден эле чач боюнча адис болом деп кыялданчу белеңиз?

-Ата -энем экɵɵ тең айыл жергесинде мал чарбачылыгы менен алектенген карапайым кыргыз ʏй-бʏлɵсʏ. Бала чагымда журналист болгум келчʏ. Кɵп балалуу ʏй-бʏлɵлɵрдʏн бардык балдарын жогорку окуу жайына окутканга кээде мʏмкʏнчʏлʏгʏ болбой калат. Ушундай мезгилге мен туура келип калгамын. Ошондон улам мындан 12 жыл мурун чач кыркуу боюнча кыска мɵɵнɵттʏʏ окуу курстарына окуп калдым. Ал кезде айына 2 миң сомдон эле тɵлɵп окуйт элек. Ош шаарында “Солнечная долина” деген ʏлпɵт той салонуна барып, ошол жерден 2 ай окудум. Кийин агам Москвага алып кетип калды. Ал жактан чачтарач боюнча окууну улантып, чач кыркып 5 жыл иштеп да калдым. Чачтарач болом деле деп кыялданган эмесмин. Башка кесиптер сыяктуу мында деле 1 пайыз талант менен 99 пайыз эмгекти талап кылат. Жашоонун жазылбаган мыйзамдары сыяктуу мен да ушул тармакка зарылчылыктан улам келип калгам.

“Кардардын чачын эле эмес, кулагын кошо кыркым койгом”

-Кардардын чачын кыркып атып бузуп койгон кездер болгонбу? Ошол эле кезде сизди издеп келип, жазылып, кʏткɵндɵр да кɵп болсо керек…

-Жашоо ар дайым эле тегиз, сыйка эмес, ар тʏрдʏʏ кырдаалдар болот. Москвада иштеп жʏргɵн кезде кардардын чачын кыркам деп бузуп алган мезгилдер да башыман ɵттʏ. Жаңыдан чач кыркып ʏйрɵнʏп аткан кезим болчу. Пенсионерлер келсе жаңыларга берип коюшат эле. Бир ирет жашы улуураак аялдын чачын кыркып баштагам же жарытып орус тилин билбейм. Кардардын чачын бузганым аз келгенсип кулагын кошуп кыркып койгомун. Тиги аялдын сезʏʏ органдары иштебей калганбы, кулагынын кесилгенин байкаган эмес (кʏлʏп). Мен аябай таң калгамын адам эч нерсени сезбей, ушундай болуп карыйбы деп. Бʏткɵндɵ “ничего доча, спасибо” деп кеткен. Сыягы чач кыркканым жакса керек. Кийин чач кырктырганы келип жʏрдʏ.

-Артисттердин чачын жасап сахнага чыгарып жʏрɵсʏз, ошентсе да баарына бирдей жагуу мʏмкʏн эмес дегендей, жаман пикир уккан учурлар болобу?

-Чачтарач, негизи эле адамдар кайсы кесипте болбосун адам менен баарлашканча иштеген жакшы эмеспи. Ал кардарга да жагымдуу, сʏйлɵшʏп иш кылсаң убакыттын ɵткɵнʏ да байкалбайт. Бирок мен андай эмес экемин. Ɵзʏм сʏйʏп бул кесипке келген эмес болгон ʏчʏнбʏ билбейм, чач кыркып атканда унчукпастан эле ɵз ишимди кыла берчʏмʏн. Бирок кийин орустар издеп келишчʏ. Ошого кийин Кыргызстанга келип кайра ушул тармакта иштеп калганда мага кардар топтоо оор болду. Кыргыздар аз берип, кɵптʏ талап кылган калкпыз. Айпери Эрматова деген чачтарач эжени кɵптɵр тааныйт, борбордо ɵзʏ сулуулук салонун ачып, кʏчтʏʏ мастерлердин катарында, ошол эже мага кɵп нерсени ʏйрɵттʏ. Кардар менен кантип иштɵɵ жолдорун, ыкмаларын ошол эже ачып берди. Кийин “Гʏлзат Саипова” деген ʏлпɵт салонунда иштедим. Ошол жерде иштеген коллегаларым, администратор менин эмгегимди баалап, азыркы Бурул болуума жол кɵрсɵтʏштʏ деп айтар элем. Акыркы мезгилде айрым кыргыз эстрада жылдыздары менен кɵбʏрɵɵк иштешип калдым. Эч бири келип, нааразылыгын айткан жок. Балким, биздин менталитет ага жол бербейт. Мʏмкʏн болушунча ырчы айым болобу, алып баруучу мырза болобу ɵзʏнчɵ мамиле кылам. Бири-бирине окшобогон, башкача стиль кылганга аракеттенем.

-Азыр кʏн ɵткɵн сайын улам жаңы нерселер пайда болууда, илим-билим ɵнʏгʏʏдɵ, адам ɵзʏн ɵстʏрʏп, ɵнʏктʏрʏп турбаса артта калат. Сиз бул багытта эмнелерди жасайсыз? Балким, китеп окуйсуз же курстарды сатып аласызбы?

-Ɵзʏн ɵстʏрʏʏ ʏчʏн адамдар китеп окуса, ишенесизби мен кино кɵрɵм. Тарыхый кинолор менин табитиме жакын. Кинонун ичиндеги окуялар, сɵздɵр мени ɵстʏрɵт, тарбия берет, билбейм мен негедир кино кɵргɵн кезде ошонун ичиндеги пайдалуу жагын издей берем. Мындан сырткары албетте, чачты кʏтʏʏ, кыркуу боюнча окуу курстарына тынымсыз жазылып окуп турам. Азыр чач кыркуунун техникасы да башкача.

-Шакирт таптап кɵрдʏңʏзбʏ, ʏйрɵнɵт элем деп келгендерге баарына ʏйрɵтʏʏгɵ болобу же карап кɵрʏп жɵндɵмʏ барларга гана ʏйрɵтʏʏ керекпи?

-Албетте, кыздарды окутуп, бир топ шакирт таптап чыгардым. Учурда колумда иштеп аткан кыздар да менин окуучуларым. Шаардагы айрым салондордо иштеген кыздарды да мен окуттум деп сыймыктанып калам. Аябай ийгиликтʏʏ болуп кʏчтʏʏ мастерге айлангандар андан кɵп. Эсептесем 200дɵн ашык окуучуларды окутупмун. Арасында сулуулук салонун ачып, ийгиликтʏʏ иштетип аткандарын кɵрʏп кубанам.

-Негизи эле бул кесипти ар бир адам ɵздɵштʏрʏп кете алабы же жалаң талант, жɵндɵмʏ барлар гана талап кылынабы?

-Чачтарач кесиби айрымдарга оңой кɵрʏнʏшʏ мʏмкʏн. Татаалдыктары кɵп. Ар дайым адамдар менен тыгыз байланышта болгон ʏчʏн жɵнɵкɵй, адептʏʏ болуу зарыл деп эсептейм. Ɵз ишиңе так адам болуш керек. Кɵрʏнбɵгɵн мыктары, кɵрʏнбɵгɵн таштары кɵп. Ар бир эле бул кесипти аркалаган адам иштеп кете алат деп айта албайм.

“Чачты жууган соң сɵзсʏз тʏрдɵ кургатуу керек”

ʏй- бʏлɵдɵ эч ким чачтарач болуп иштеген эмес. Кээде отуруп апам менен атам да таң калат, сенде мындай жɵндɵм каяктан пайда болду деп. Бул тармакта иштеп калганыма быйыл 12-13 жыл болот экен. Тынымсыз иштегеним бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ мыкты мастер болуума себеп болду деп ойлойм.

Мээнет кылса адам сɵзсʏз ырахатын кɵрɵт. Эң негизгиси ɵздʏгʏңдʏ жоготпой ар бир кесипте канчалык мыкты адис, мастер болбо адамгерчилигиң тɵмɵн болсо сен чɵйрɵдɵн билинбей алыстап каласың.

-Чач демекчи сɵз соңунда чачка кам кɵрʏʏ тууралуу кандай кеңештерди айта аласыз, мынча сомдук маска эмес, бардык адамдар ʏчʏн оңой жеткиликтʏʏ болгон кеңеш болсо…

-Чачка кам кɵрʏʏ тууралуу баарыбызга ыңгайлуу болгон бир кеңешти айта алам. Чачты жууган соң сɵзсʏз тʏрдɵ кургатуу керек. Аны менен жатып уктап калганга же тумакты кийип алып кɵчɵгɵ чыгып кеткен туура эмес. Ɵзгɵчɵ азыр кыш мезгилинде чачка какач тʏшʏп, чачтын майланышуу кʏмɵнʏ жогору. Эгерде чачым жылтырасын десеңиз кадимки буудайдан жасалган сыра менен жуусаңыз болот. Ал эми какачтан арылуу ʏчʏн эски ыкма катары айранды пайдаланган жакшы жыйынтык берет.

Элира Чынтемир кызы

Сʏрɵттɵр каармандын ɵздʏк архивинен алынды.