20 апреля, 2024

Ош улуттук драма театрынын жетекчиси Керимбек Калыкулов: “ТЕАТРДЫН ЖАШОО ƟЗƟГY  –   МЫКТЫ СПЕКТАКЛЬ ЖАНА ТУРУКТУУ КƟРYYЧY”

– Керимбек мырза, ɵзʏң жетектеген театр жамааты 2022-жылды кандай жыйынтыктады?

– Жыл жаңырар алдында кɵңʏл кубанарлык жаңылыктар жана ийгиликтер арбын болду десем жарашат. 3 ишмерибиз президентибиз Садыр Жапаровдун колунан мамлекеттик сыйлык алганына толкунданып турам. Ɵз кесибинин чеберлери, таланттуу, тажрыйбалуу артисттерибиз: Зейналиева Калидахан, Кайыргʏл Жуманова «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамына, ал эми Айпери Кулбаева Кыргыз Республикасынын ардак грамотасына ээ болду. Ошондой эле Бакыт Мойдунов «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы» тɵш белгиси, Арген Тойчуев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды.

–Чындыгында бир жамааттан бир эле учурда 3 кызматкердин мамлекеттик сыйлык алышы сейрек кɵрʏнʏш.

– Сыйлык ээлери – таланты жана эмгеги менен элге таанылган ишмерлер. Алардын талапкерлиги  театрдын кɵркɵм кеңешинин мʏчɵлɵрʏ тарабынан талкууланып туруп, бир добуштан кɵрсɵтʏлгɵн. Ɵз ишинин чеберчилигине жетишʏʏ ʏчʏн жан аянбай мээнет жасагандардын эмгеги бааланыш керек. Быйыл кʏзʏндɵ театрдын кɵркɵм жетекчиси Талант Апыевге “Кыргыз Эл артисти” наамы ыйгарылса, артисттер: Надира Сарыкова  Алиман Жангорозова атындагы, Арген Тойчиев Советбек Жумадылов атындагы, ал эми  режиссер Ниязбек Абдыразаков Марат Козукеев атындагы театралдык сыйлыктардын лауреаты болушту. Мындан тышкары 20га жакын кызматкерлерибиз Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏнʏн, Ош шаардык мэриянын жана маданият башкармалыгынын ардак грамоталары менен сыйланышты. Бул сыйлыктар алардын театр искусствосу тармагында жараткан ийгиликтери ʏчʏн берилди. 

– Керимбек мырза, жетекчи болуп иштей баштаганыңа 5 айдын жʏзʏ болуптур. Театр чɵйрɵсʏнɵ ыңгайланышуу кандай ɵттʏ?

– Буга чейин бир топ эле жооптуу кызматтарды аркалап жʏрсɵм да, театрга жетекчи  болуу мен ʏчʏн кʏтʏʏсʏз болгонун жашыргым келбейт. Жамаатка таянуу менен театрдын ɵнʏгʏшʏнɵ бардык кʏч-аракетимди жумшап жатам. Артисттер ак кɵңʏл жана ичине кек сактабаган, бала кыял калк болот экен. Чыгармачыл адамдардын бул табиятын тʏшʏнгɵндɵн кийин иштɵɵ да жеңил боло тʏшкɵнсʏдʏ.

–Жаңы жетекчилик кызматка келгенде ишти кандай баштадың?

– Ош улуттук драма театрындагы акыркы жылдардагы жагдайлар элге жакшы эле маалым эле. Эң биринчи жамааттын ичиндеги ынтымакты бекемдɵɵ жана иштɵɵ шарттарын оңдоо максатын кɵздɵдʏм. Театр –маданияттын кʏзгʏсʏ. Бул жерде искусствонун мыкты чыгармалары элге тартууланат. Кɵрʏʏчʏнʏ ɵзʏнɵ тарта турган эстетикалык кооздук болуш керек. Имаратыбыздын ички-тышкы тазалыгын, жасалгасын, кɵркɵмдʏгʏн эч кандай каражат кетирбей эле ɵз кʏчʏбʏз менен оңдоп-тʏзɵй баштадык. Эки жолу жалпы ишембилик ɵткɵрдʏк. Мындан тышкары адистер ʏчʏн керектʏʏ компьютердик техникаларды, чарбалык аспаптарды ɵз каражатыбызга сатып алып жатабыз.

Ошону менен бирге театрга кɵрʏʏчʏлɵрдʏ тартууга жана туруктуу кɵрʏʏчʏлɵрʏбʏздʏ кɵбɵйтʏʏгɵ бардык кʏч-аракет жумшалууда. Кɵрʏʏчʏсʏз театр жашай албайт. Кудайга шʏгʏр, андан бери ондон ашуун спектаклдерди, театралдык композицияларды, концерт койдук. Театралдык 50-сезонубузду ийгиликтʏʏ аяктадык. Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыевдин режиссёрлугу менен Г.Фигейредонун классикалык “Эзоп” трагикомедиясынын бет ачары аншлаг менен ɵттʏ.  Зал кɵрʏʏчʏлɵргɵ толуп, артисттерди чыгармачылыкка шыктандыра баштады.

– Былтыр 21-ноябрда Ош улуттук драма театрынын тʏзʏлгɵнʏнɵ 50 жыл толду. Мааракелик расмий салтанат белгиленбей калганына эмне себеп болду?

– Бул маселе дагы деле каржыга барып такалат. Анткени 50 жылдык мааракени Бишкек шаарына отчёттук гастролго барып, борбор калаанын кɵрʏʏчʏлɵрʏнɵ жана театр адистерине спектаклдерибизди тартуулап, алардын сынынан ɵтсɵк дегенбиз. Маданият министрлиги менен макулдашып, 50 жылдык мааракени  2023-жылдын жаз айларында ɵткɵрʏʏнʏ чечтик.

Албетте, маараке салтанатыбыз бул катар-катар боз ʏйлɵр тигилип, казан-казан эт быша турган той тʏрʏндɵ ɵтпɵйт. Баарынан мурда чыгармачылык дараметибизди, театрды тʏптɵгɵн алгачкы ишмерлердин бай тажрыйбаларына таянуу менен ɵзʏбʏздʏн жаңычыл табылгаларыбызды элге кɵрсɵтɵ алышыбыз керек. Жаңы жылдык майрамдан кийин ошол кʏнгɵ даярдана баштайбыз.

Белгилей кетейин, чыгармачыл ишмерлерибиз 50 жылдыкка карата “Жарым кылым жаңырып, театрда жаңылык” аталыштагы театралдык композиция даярдап, 21-ноябрда элге тартуулады. Анда Ош улуттук драма театрынын тарыхы жана азыркы муундун ɵнɵр дарамети чагылдырылды. 

– Жаңы жылга кандай ой-максаттар менен кирип бардыңыздар?

– Жамааттын кʏчʏнɵ жана биримдигине таянуу менен театрды азыркы замандын талабына ылайык ɵнʏктʏрʏʏ иштерибизди эки эселеп улантабыз. Кɵрʏʏчʏ спектаклдерибизге келип жан дʏйнɵсʏнɵ ой-азык, асыл сезимдерди тʏнɵтʏп кетиши керек. Ал ʏчʏн театрыбыздын тейлɵɵ сапаты да маданий очок деген статусуна шайкеш келип турушу ʏчʏн кам кɵрɵбʏз. Учурда экинчи кабаттагы фойеде мурда иштеп кеткен улуу муундагы ишмерлердин жана азыркы мезгилде иштеп жаткан кызматкерлерибиздин портреттери илине турган жайды жасап жатабыз. Театрдын тарыхын чагылдырган архивдик сʏрɵттɵр, материалдары сакталган музейди биринчи кабатка кɵчʏрʏп, спектакль жана концертке келгендер кɵрʏʏчʏлɵр тааныша алышына ыңгайлуу болсун дедик. Дагы кɵп-кɵп максаттар бар. Эң башкысы: мыкты спектаклдер коюлуп жана зал толгон кɵрʏʏчʏ болсо деген каалоом бар.

Зинакан Пасанова