20 апреля, 2024

“YКY” ЖАНА “ТОРГОЙ”

Эрте ойгонгондор тартиптʏʏрɵɵк, ал эми кечирээк ойгонгондор жакшыраак сʏйлɵшɵт деп эсептешет изилдɵɵчʏлɵр.

“Эрте турган ырыскыдан кур калбайт” деген сɵз бар. Узагыраак уктасаң, карызың узарат деп да коюшат. Кыскасы, элдик накыл кɵбʏнчɵ эрте  тургандарга артыкчылык берет. Бирок, окумуштуулар кɵбʏнчɵ накыл кептерге эмес, эксперименттердин жыйынтыктарына ишенген жайы бар. Оттава университетинин изилдɵɵчʏлɵрʏ кимиси эстʏʏ: эрте ойгонгон  “торгойбу” же узагыраак уктаган “ʏкʏбʏ?” деген  суроого жооп табуу ниетинде эксперимент жʏргʏзʏшкɵн.

Эсперименттин  20 жаштан 78 жашка чейинки 61 катышуучулары оболу Хорн-Остбергдин хронотипти аныктоочу (киши ʏкʏбʏ же торгойбу?) тестин толтурушкан. Бирок, куру сɵзгɵ изилдɵɵчʏлɵр ишене бебей, уктаган жана ойгонгон мезгилин аныктоочу “акылдуу” билериктерди тагышкан. Эксперименттин катышуучулары тʏнкʏ сменада иштешкен эмес, алкоголдук  ичимдик же кофе кɵп ичишкен эмес. Эксперимент мезгилинде кʏнʏнɵ бир кʏрʏшкɵдɵн кофе ичʏʏгɵ уруксат берилип, алкоголдон такыр баш тартууну ɵтʏнʏшкɵн.

Хронотип ( торгой менен ʏкʏ таптакыр эки башка хронотиптер)  адам качан уктайт жана ойгонот дегенден башка анын кʏндʏзгʏ активдʏʏ жана пассивдʏʏ мезгилдерин, гормоналдык шарпалары менен кошо да аныктай алат.

Хронотип генге кɵз каранды болуп, эгерде ʏкʏ болуп тɵрɵлсɵңʏз, анда айла жок, бул дʏйнɵ окуя жана кɵрʏнʏштɵрʏ боюнча торгойлорго ылайыкташтырылганына гана ынанууга туура келет. Ушуну менен бирге, хронотип жашыңыз менен кошо ɵзгɵрʏп турат: бала чакта жана карылык куракта бардык адамдар ɵспʏрʏм жана жетилген куракка караганда кɵбʏрɵɵк торгой болушат. Албетте, жашоонун реалдуу режимине сиздин тубаса хронотибиңиз эле таасир бербейт –  жумуш же сменаңыз саат сегизден башталса, кечиккениңизди ДНКга шылтай албайсыз да.

Кɵрсɵ, торгойлор кʏн режиминин алкагынан алып караганда, стабилдʏʏрɵɵк келишет экен. Алардын уктоо жана  ойгонуу маалдары башкаларга салыштырмалуу туруктуу мʏнɵзгɵ ээ. Муну менен бирге торгойлордун кʏнʏ бою активдʏʏ жана пассивдʏʏ мезгилдеринин аралыктарында так айырмачылыктарды байкоого мʏмкʏн. Башкача айтканда, алар же тоону омкорууга да даяр турган сергек болушат же жалкоо жана чарчаган мʏнɵз кʏтʏшɵт. Yкʏлɵрдɵ мындай моменттер анча деле сезилээрлик эмес.

Сʏйлɵшʏʏ жɵндɵмдʏʏлʏгʏ же вербалдык интеллект ким кечирээк уктаса, ошолордо мыктыраак:ʏкʏлɵр жакшы сʏйлɵшɵт, талашат, башкалардын жʏйɵɵлɵрʏн жакшы кабыл алышат.Мурдараак ушинтип айтышчу. Бирок, канадалыктар маселенин ньюансын ɵзгɵрткɵн маңызды табышты: маанилʏʏсʏ кʏндʏн режиминин стабилдʏʏлʏгʏ. Ал  биз билгенден, торгойлордо мыктыраак. Мындан чыкты, эгер ʏкʏ тартипʏʏ болсо, чечендиктен, спикерликтен жана баарлашуудан ага эч ким тең келе албайт. Ал эми логикалык ой жʏгʏртʏм эс тутум сыяктуу эле хронотипке таптакыр кɵз каранды эмес.