19 мая, 2024

ЖАҢЫ ПОЛИГОН КƟЙГƟЙДY ЧЕЧЕБИ?

Ошто жаңы таштанды полигону курулат. Дээрлик он жылдан бери айтылып келген демилге 2023-жылы ишке ашуу алдында турат. Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, январь айында тендер жарыяланат.

Таштанды талаалары Кыргызстанда, айрыкча Бишкек менен Ош шаарларында орчундуу кɵйгɵй болуп келʏʏдɵ. Кɵйгɵй жакын жашагандардын ден соолугуна гана эмес, абанын булгануусуна да ɵз салымын кошуп жатканын экологдор белгилеп келишет. Абалды жеңилдетʏʏ максатында шаарыбызда таштандыларды атайын урналарга сорттоп таштоо боюнча да бир катар долбоорлор ишке ашкан болчу.

Тазалык жаатында аткарылчу иштер жана аткарылган долбоорлордун натыйжасы тууралуу тиешелʏʏ тараптардын жообун уктук.

“ЖАҢЫ ПОЛИГОНДУН КУРУЛУШУ ЖАЗ АЙЛАРЫНДА БАШТАЛАТ”

Ош шаарындагы таштанды калаадан беш чакырым алыстыктагы талаага тɵгʏлɵт. Бул полигон 1959-жылы негизделген, анын жалпы аянты 54 гектарды тʏзɵт. Ал эми демилгеленип жаткан жаңы, заманбап ʏлгʏдɵгʏ бардык талаптарга жооп берген полигон башка жактан жер табылбагандыгына байланыштуу дал ошол эски полигондун жанына курулат. Таштанды талаасынын жалпы аянтынын 24 гектарына жаңы полигон куруу ишке ашат. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тɵмɵндɵгʏлɵргɵ токтолду:

-Жаңы полигон куруу боюнча бʏт документ иштери бʏттʏ, тендер ɵткɵрʏʏгɵ документтер даяр десек болот. Буюрса, январь айында курулуш иштерин жʏргʏзʏʏ боюнча тендерди жарыялайбыз. Мында 6 млн. евро жаңы полигондун курулушуна, ал эми эски полигондо рекультивация иштерин жʏргʏзʏʏгɵ 3 млн. евро каралган. Каражат Европа реконструкциялоо жана ɵнʏктʏрʏʏ банкы тарабынан бɵлʏнʏп, анда 5 млн. евро грант, 5 млн. евро насыя тʏрʏндɵ берилген.

Таштанды полигонунун жай мезгилдерине салыштырмалуу кышкысын анчейин коркунучу болбойт. Жайкысын кээде кʏйʏп, ɵрт чыккан учурлар болот. Ошол эле маалда ал жерде ɵрттʏ кɵзɵмɵлдɵп туруучу атайын кызмат бар. Бирок, ачыгын айтыш керек, жакын жайгашкан Жапалак айылынын тургундары кечинде жагымсыз жыт келерин айтып, нааразычылыктарын билдирип келишет. Мындан улам маселени эртерээк чечʏʏ ʏчʏн мэрия аракет кылып, ɵз кɵзɵмɵлʏнɵ алууда. Жаз айларына барып, курулуш иштери башталып калат деген ʏмʏттɵбʏз.

“СОРТТОП ТАШТООГО ƟТСƟК, ПОЛИГОНГО ТАШТАНДЫ ЧЫКПАЙ КАЛМАК”

“Ош-Тазалык” муниципалдык мекемесинин маалыматында, полигонго кʏнʏнɵ 1000 кубдан ашык таштанды тɵгʏлɵт. Мекеменин жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, таштандыларды сорттоп таштоочу урналар кɵбɵйсɵ, полигонго тɵгʏлчʏ таштандылардын да кɵлɵмʏ азаймак:

-ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын август айында таштандыларды сорттоп таштоочу пилоттук долбоорду Араван аялдамасы жактагы кичи районго да ишке ашырганбыз. Долбоор ɵз натыйжасын берди десем болот. Анткени ал жерден полигонго кʏнʏнɵ 8 кубдук таштанды чыгып жатса, долбоор ишке киргенден кийин 1 куб таштанды чыгып калды. Себеби тургундар таштандыларды атайын урналарга сорттоп таштоону ʏйрɵнʏштʏ. Анда атайын видео кɵзɵмɵл орнотулган, ошондой эле кʏзɵтчʏ да бар. Жакынкы кʏндɵрʏ дагы бир аймакка пилоттук долбоорду ишке ашыруу алдында турабыз. Шаарга мындай долбоор керек экен. Жашоочулар да таштандыларды сорттоп таштоону ʏйрɵнʏшɵт. Мунун натыйжасында кагаздарды, пластиктерди, тамак-аш калдыктарын алгандар ошол жактан эле алып кетишип, полигонго таштанды чыкпай калат. Долбоорду шаар боюнча кылсак деген ниеттемин. Мэрия дагы бул пикирди колдоодо. Шаар ичине 20-30 жерге койсок да, бир кыйла натыйжа болмок. Мындан сырткары жыйырма жерге камера орнотулган, андан туура эмес тɵгʏлгɵн таштандыларды карап, кɵзɵмɵлдɵп турабыз. Эрежени бузгандарга айыппул дагы салынат. Келе жаткан жылда камералардын санын кɵбɵйтʏʏгɵ да аракет кылабыз.

Ɵлкɵдɵ чынында полигон маселеси бар. Полигондун ɵрттɵнʏп кетʏʏ маселелери да орчундуу. Кудайга шʏгʏр, Ошто полигон 2-3 жылдан бери кʏйɵ элек. Шаардан кʏнʏнɵ мурун 600 куб таштанды чыгарылса, бʏгʏн миң кубдан ашык таштанды чыгат. Шаарда калк кɵбɵйгɵн сайын, таштандылардын кɵлɵмʏ дагы кɵбɵйʏʏдɵ.

“МЕДИЦИНАЛЫК КАЛДЫКТАР СƟЗСYЗ ТYРДƟ ЗАЛАЛСЫЗДАНДЫРЫЛАТ”

Кʏнʏмдʏк тиричилик калдыктарынан сырткары эң коркунучтуу таштандылар делип, медициналык калдыктар саналат. Ачык маалыматтарга таянсак, медициналык таштандылар жалпы таштандылардын 2-3%ын тʏзɵт. Медициналык мекемелердин таштандылары коркунучтуу микроорганизмдерди, уулуу дарыларды камтыйт жана радиологиялык коркунучка ээ. Ошондуктан, аларды зыянсыздандыруу маселеси бʏт дʏйнɵдɵ абдан олуттуу каралып келет. Ош шаардык тɵрɵт стационарынын башкы акушери Роза Култаева таштандылар атайын сорттолуп, андан соң зыянсыздандыруу иштери жʏргʏзʏлʏп, тиешелʏʏ чаралар кɵрʏлɵрʏп келерин билдирди:

-Тиешелʏʏ буйруктун негизинде медициналык таштандылар А класс, Б класс болуп бɵлʏнɵт. А классы — курамы боюнча тиричиликтин катуу калдыктарына жакындатылган эпидемиологиялык коопсуз медициналык калдыктар, ал эми Б класс да Б-1, Б-2, Б-3 деп бɵлʏнɵт. Б-1ге анатомиялык калдыктар же кан, кандын калдыктары кирет. Булар залалсыздандырылгандан кийин Беккари чуңкуруна (Беккари чуңкуру — бул инфекциялык оорунун жайылып кетʏʏсʏн алдын алуу максатында жаныбарлардын ɵлʏгʏн таштоо ʏчʏн казылган атайын чуңкур) ташталат. Б-2ге хирургиялык ийнелер, лезвия, скарификаторлор, шприцтердин ийнелери кирет. Бул типтеги калдыктар да алгач залалсыздандырылып, автоклавда 132 градуста 20 мʏнɵт коюлуп, андан соң гана жерге кɵмʏлʏп, асфальт тɵшɵлɵт. Ошондой эле Б-2ге пластикалык бɵлʏк, щприцтер да кирет. Бизде калдыктардын бул тʏрлɵрʏ ʏчʏн жеке менчик ишкана менен келишим тʏзʏлгɵн. Ишкана калдыктарды кайра иштетʏʏнʏн негизинде чɵмʏч, чака сыяктуу пластикалык буюмдарды жасап чыгарышат. Мындай калдыктар да алгач автоклавда 132 градуста залалсыздандырылат.

Ал эми Б-3 класска кан менен байланыш болгон таштандылар, буларга медициналык кол каптар, системалар жана ушул сыяктуу калдыктар кирет. Мында да сɵзсʏз тʏрдɵ залалсыздандыруу жʏргʏзʏлɵт. Бул атайын баштыкка салынып, жалпы таштандыларга кошулат. Келишимге ылайык, жумасына ʏч жолу келип таштандыларды алып кетишет.

“ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТYYЧY ЗАВОД КУРУШ КЕРЕК”

Эркин эколог, жарандык активисттер жаңы полигон таштанды маселесин чечпей турганын айтышат. Таштандыларды кайра иштетʏʏчʏ завод курмайын эл жабыркай берерин айткандардын бири Марат Юсупов. Ал 24 гектарга курулчу полигон 24 жылда толо турганын айтып, башталган долбоор натыйжасыз болорун белгиледи:

-Таштанды полигону кʏн ɵткɵн сайын жакын жашаган элге ɵтɵ чоң зыянын алып келʏʏдɵ. Биринчиден, тʏтʏнʏ, экинчиден, жамгыр жааганда пайда болгон саркынды суусу, ʏчʏнчʏдɵн, кадимки саат, пульттардын батерейкалары аркылуу зыянын жеткирʏʏдɵ. Мисалы, ыргытылган бир батерейка 4 миң литр сууну жараксыз кылат. Андан сырткары 100-200 жыл жашай турган пластикалык таштандылар бар. Ал эми азыр мэрия тарабынан жаңы полигон куруу планы толугу менен туңгуюкка алып кетʏʏдɵ. Муну биз Бишкектин мисалында айтсак болот. Анда да так ушундай эле жаңы полигон куруп, эскиси кɵмʏлмɵк. Бирок, маселе чечилген жок. Долбоордо эски полигонду рекультивация кылабыз дешʏʏдɵ. Кʏндɵ шаардан таштанды чыгып жатса, кантип рекультивация болот? Ачык айтканда европалык бир компаниянын туткунуна эле баратабыз. Мен долбоорду сындап да, сунуш берип да келе жатам. Таштандыны кайра иштетʏʏчʏ завод куруш керек. Бул боюнча изилдеп кɵрʏп, бизге ылайыктуу келе турган заводду таап, тиешелʏʏ жетекчилерге кɵрсɵтʏп, сунуштагам. Бирок, мындай заводду курууга жеке кызыкчылыктарынан улам каршы болгондор бар экен. Болжолдуу 30 млн. доллардын тегерегинде каражат сарпталмак. Убакыт ɵткɵн сайын баалар да ɵсʏʏдɵ. Демек, шаар тургундары уттуруп жатабыз. Эгерде завод курулса, жаңы полигонду кеминде 75 жыл, эң кɵп дегенде 100 жылдан ашык колдонсок болот. Ансыз 24 гектарлык полигон 24 жылда эле толот.

Жумагʏл Кочкорбай кызы