8 мая, 2024

Бакыт Осмонканов, актёр, сценарист: “Азырынча элге кʏлкʏ  гана тартуулап туралы…”

Бир мезгилдери кыргыз керемети аталган кыргыз киносу солгундап кетти деген пикирлер кɵп айтылып калган. Акыркы учурда ɵлкɵдɵ ата мекендик тасмалар байма-бай тартылып, кɵрармандар назарына тартууланып келет. Эки жылдан бери сатыктан тʏшпɵй келе жаткан тасмалардын бири “Аяш” кино тасмасы, учурда кɵрʏʏчʏлɵр 2-бɵлʏгʏнɵ кʏбɵ болуп жатышат. Тасманын сценарийин жазган Бакыт Осмонканов 1987-жылы 2-февралда Бишкек шаарында тɵрɵлгɵн. Бул тасмага чейин да бир топ фильмдерди тартып, кɵрɵрмандын купулуна толгон таланттуу мырза менен маектештик.

“Тасманын сценарийин Динара ʏчʏн жазганбыз”

-Бакыт мырза, саламатсызбы, акыркы кезде ɵлкɵдɵ сиздин калемиңизге таандык “Аяш” тасмасы кɵңʏл борборунда болуп келʏʏдɵ. Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

-Саламатсыздарбы, кудай буюрса, февраль айында Казакстанда жаңы кинобуз жарыкка чыгат. Жаңы кино дегенде кандай, биздин “Аяш-1” тасмабыздын ремейкин казак актёрлору менен жайында тартканбыз. Алар бизге кинону кɵргɵнʏ келишкен, ошондо алар “бизде да тарталы” деген сунушун айткан. Учурда ошол тасманын жарыкка чыгышын кʏтʏп жатабыз. ʏй-бʏлɵдɵ баары тынч, жай турмуш ɵтʏп жатат.

-«Аяш» тасмасын тартып баштоодон мурда ушундай божомол «прогноз» дейбизби болду беле, сатыкта узакка кармалган кино болорун билчʏ белеңиз?

-“Аяш” тасмасын айта турган болсом анын алдыда “тагдыры” тууралуу эч ким билген эмес, аны алдын ала айта да албайсың да. Эл деген ар тʏрдʏʏ болот, дайыма эле кɵңʏлʏнɵ жол таба албайсың. Албетте, кудай буюрса, кино жакшы болду, мындан ары экран кɵрсɵтɵт деп калдык. Ниетти тʏз коюп, жакшы максаттар менен тартканбыз. Тасманын экинчи бɵлʏгʏн тартууну биринчи бɵлʏгʏнʏн премьерасында пландаганбыз. Азыркы учурда бул тасманын 2-бɵлʏгʏ да ɵлкɵдɵ рекорддук баскычты жаңылап атат.

-Актёрдук курам тууралуу айта кетсеңиз, кинодогу Динара Багышбаеванын ролу ушул актриса ʏчʏн жазылгандай же чынында эле ошондой болдубу?

-Ооба, тасманын сценарийи жазылып баштаганда эле Динара ʏчʏн жазганбыз. Анткени, Динара аябай таланттуу актриса. Ɵзʏңʏздɵр кɵргɵндɵй эле Жеңиш экɵɵ сонун тʏгɵйдʏн ролун ачып беришти. Менин оюмча азыр ɵлкɵдɵ жакшы дуэттердин бири десем жаңылышпайм, Динараны жаңылбай тандаганыбызга кубанычтабыз. Мындан сырткары Калипа Таштанова да ɵзʏнʏн ролун майын чыгара аткарды. Ал дагы ɵзʏнчɵ квартетке кирди. Менимче бизге ар тараптан пайдалуу болду.

“Кыргыз киносуна кичине болсо да салым кошсок дейбиз”

-Тасманын экинчи бɵлʏгʏн аябай ысык кезде тарттыңыздар, кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз, айрыкча Ошто тартылган бɵлʏгʏ жеңил болбосо керек, ɵлкɵдɵ Ош ɵзгɵчɵ ысыйт эмеспи.

-Кинону жеңил, оңой эле тартып койдук дебейм. Катянын ролун жараткан актриса Динара Багышбаева 7-айында кош бойлуу болчу. Кʏн аябай ысык, анан жолдо эски машина менен жʏрʏп “Кудай, Кудай” деп эле тарттык, негизи. Бул деле моралдык жактан оор экен, кантсе да Динара ʏчʏн жолдошунан ɵзʏмɵ аманатты алдым. Кʏн сайын кыжаалат болчумун, шʏгʏр, баарын жакшы тартып алдык, Ошко аман-эсен жетип, ал жактан тартыла турган бɵлʏгʏн уланттык. Азыр ошол кыйынчылыктар кɵрʏʏчʏлɵр тарабынан жуулуп кеткендей болду.

-Киного сындар да айтылса керек, «тасмада оштуктарды башкача берипсиң, чындыгында андай эмес» деген ойлор айтылса керек…

-Албетте, сындар конструктивдʏʏ болсо моюнга алабыз. Бирок конструктивдʏʏ эмес сындар дагы болуп жатты. Бул эми кɵркɵм кино да, кинодо ар кандай стереотиптерди кɵрсɵттʏк. Ошол стереотиптерге бир аз юмор коштук. Бул чындык деп элдин баары ойлой бербеш керек. Тасма кɵркɵм ойлонуу, ойлонуп табылган окуя, ошондуктан кимдир бирɵɵ аны кɵңʏлгɵ жакын кабыл албашы кажет.

-Кеп нугун бул тасмадан башка жакка да буралы, ɵзʏңʏздʏ тасма талаасынан башка дагы эмнеден кɵргʏңʏз келет?

-Мен азырынча ɵзʏмдʏ тасма талаасынан гана кɵргʏм келет. Анткени, кинону аябай сʏйɵм. Анан албетте, жаңы бир нерсе чыгарып турганга аракет кылабыз. Акыркы жылдары жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Коомдо биздин тасмалар тууралуу жакшы пикирлер айтылып жʏрɵт. Кыргыз киносуна кичине болсо да салым кошсок дейбиз. Андыктан жакынкы келечек бир гана кино менен.

“Азырынча кандай ата экенимди айтуу эрте”

-Менин билишимче сиз бир нече жогорку окуу жайын бʏтʏргɵн билимдʏʏ кишилердин катарын толуктайсыз, кайсы бир мезгилде сизди ɵзʏңʏздʏн кесибиңизден кɵрɵ алабызбы?

-Туура, бир эмес, 3 дипломдун ээсимин, юрист, экономист, анан эл аралык мамилелер багыты боюнча адистигим бар. Ɵзʏм бир жыл экономист болуп иштеп кɵрдʏм. Чыгармачыл адамдын бир орунда отура бергени жарашпайт экен. Чыгармачылык дайыма жʏрɵгʏмдɵ болчу. Канчалык жакшы окусам дагы баары бир чыгармачылыкка ооп кетти. Менин оюмча ушул нукта калат окшойм.

-Социалдык  тармакта уулуңуздун спорттук жетишкендиктерин жʏктɵп каласыз, буга ɵзʏңʏз кызыкдарсызбы же балаңыздын каалоосубу?

-Балам дагы, кызым дагы спортко катышат. Балам таэк-вандого, ала эми кызым кɵркɵм гимнастикага барат. Ɵздɵрʏ деле спортту жакшы кɵрʏшɵт. Экɵɵ тең мындан сырткары, сууда сʏзʏʏгɵ барып турат. Бул алардын ден соолугу ʏчʏн жасалган аракеттерибиздин бири. Кудай буюрса, 3- балабыз да ɵсʏп келе жатат, аны да спортко беребиз деген тилектерибиз бар.

-ʏй-бʏлɵдɵ кандай ата, кандай жолдошсуз?

-ʏй-бʏлɵдɵ сонун атамын, сонун жармын деп мактана турган киши эмесмин. Аны буюрса келечек кɵрсɵтɵт, балдарды тɵрɵп эле коюш эмес, аны келечекке тургузуш керек. Азырынча кандай ата экенимди айтуу эрте. Жубайым экɵɵбʏз тең жакшы ата-эне болушту, туура аракеттерди кылышты ʏйрɵнʏʏ ʏстʏндɵбʏз. Дем алышты келинчегим экɵɵбʏз балдар менен ɵткɵргɵнгɵ аракет кылабыз. Бирок дайыма эле бул боло бербейт. Анткени жумуш бизде нормалдуу график эмес. Кээде дем алышта да иштеп калабыз.

-Ɵзʏңʏздʏн бала чагыңыз кандай ɵттʏ, кичинекей кезиңизде ким болгуңуз келчʏ?

-Оой, кичинекей кезимде кыялдарым аябай кɵп болчу. Алардын бири режиссёр болуу, киного аралашсам деген кыялым бар эле, ошол ишке ашты. Мындан дагы негизги кыялымдын бири элге пайдам тийсе, мекениме пайдам тийсе дечʏмʏн. Кайсы гана сферада болбоюн ɵнʏктʏрʏʏгɵ жардам берип, мыкты болгонго аракеттендим. Буюрса, акырындык менен ал жакка да бара жатабыз.

“Кайрадан спортко кайтып келдим”

-Спорт менен ɵзʏңʏз достошуп кɵрдʏңʏз беле, акыркы учурда элге белгилʏʏлɵр активдʏʏ жашоо образын чагылдырып, спорттук залдардан сʏрɵт, видеолорду социалдык желелерге  илип, ар тʏрдʏʏ витамин, БАДдарды ичип калышат, сиз ушулардын катарындасызбы?

-Мен ɵзʏм илгери спортко ɵтɵ жакын адам болчумун. Кɵптɵгɵн спорттун тʏрʏнɵ катышкамын. Мен азыр ойлой берем жаракат (сотрясение) албасам, ошол бойдон кетсем кайсы бир спорттун тʏрʏ боюнча ийгиликке жетишмекмин деп.  2 жылдан бери кайрадан спортко кайтып келдим, сууда сʏзʏʏгɵ барам, кээде баскетбол ойнойм, мʏнɵздɵп тамактанам. Спортко кайтып, ɵзʏңʏздɵр байкагандай 14 килограммга арыктадым. Мурда бир аз толук элем. Мен витамин, БАДдарды ɵтɵ кɵп ичпейм. Келинчегим кʏнʏмдʏк тонуста кармаганга карата витаминдерди алып келип берген, ошону гана пайдаланбасам, ашыкча сʏйʏʏм жок.

-Сиздин калемиңизге таандык «Ата» тасмасын билебиз, ошол кинодон кийин негедир бул багытта тасма тарткан жоксуз. Мындай жанр жаккан жокпу же жʏрɵгʏңʏзгɵ кɵбʏрɵɵк комедия жанры жакынбы?

-Бул кинону тартууда мен ɵзʏмɵ “чакыруу” жасагандай болдум. “Ой сен комедия эле тарта аласың, башка жанрда тарта албайсың” дегендей сɵздɵрдʏ уккам. Ал кезде бир аз жашыраак да болчумун. Мен драманы да тарта алам деп “Ата” тасмасын тарттык. Шʏгʏр, аябай жакшы пикирлерди укканбыз. Эмнеге кайра улантып тартпай калдык? Анткени, жабык кɵрсɵтʏʏдɵ жарыкты кʏйгʏзгɵндɵ элдердин баары кɵздɵрʏ шишиген, ыйлагандан кийин кызарган, ушул сыяктуу эмоциялар менен чыккандарды кɵрʏп ɵзʏм жаман болуп кеттим. Ошондон кийин мен элге азырынча кʏлкʏ эле тартуулайын деп чечтим. Андай жанрга келечекте кайтып келебиз, бирок азыр эмес.

-Кирип келген жаңы жылыңыз кут болсун, Бакыт мырза! Келечекте мыкты тасмаларды кʏтʏп калабыз.

Элира  Чынтемир кызы