19 апреля, 2024

ЭСТЕ КАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛ

Жаркыраган укмуш фейерверктер, салюттар, ыр-бийге толгон кɵчɵ, кооздолгон балаты жана майрамдык ʏй-бʏлɵлʏк дасторкон, каалоо-тилектер, аяз атадан белек, мунун баары жаңы жыл дегенде кɵз алдыбызга тартылары анык. Ар бирибиздин “эсибизде калган жаңы жылыбыз” болсо керек. Бул майрам тʏрдʏʏ окуяларга бай келет эмеспи. «Жаңы жылда жаңы жашоо башталат» деп да коюшат эл ичинде. Алдыда ошол эсте калган жаңы жылдык кʏндɵрдɵн бир ʏзʏм.

Жеңишбек Беков, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын нɵɵмɵт бɵлʏмʏнʏн ыкчам нɵɵмɵтчʏсʏ, милициянын полковниги:

«КYЧƟТYЛГƟН ТАРТИПКЕ ƟТКƟНДƟН КИЙИН YЙ-БYЛƟБYЗДY УНУТАБЫЗ»

-Ички иштер органдарынын кызматына 1991-жылы киргенмин, 31 жылдын жʏзʏ болду. Тармакта ар тʏрдʏʏ кызматтарда иштедим. Анын ичинде нɵɵмɵт бɵлʏмʏндɵ ыкчам нɵɵмɵтчʏ катары кызмат ɵтɵдʏм. Кызмат учурунда, айрыкча майрам кʏндɵрʏ атуулдардын коопсуздугун коргоо боюнча кʏнʏ-тʏнʏ кызмат ɵтɵйбʏз. Ар бир чакырууларга, кырсык, кылмыштарга ыкчам тергɵɵ тобу ɵз убагында чыгууну камсыз кылабыз. Ошону менен бирге майрам кʏндɵрʏ, атуулдар эс алган кʏндɵргɵ карата биздин башкармалыктын буйругуна ылайык, кошумча ыкчам тергɵɵ тобу тʏзʏлʏп, ар бир чакырууларга байланышты ʏзгʏлтʏксʏз камсыз кылуу максатында иш алып барышат.

Атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ыкчам тергɵɵ тобу же нɵɵмɵтчʏлɵр гана эмес, бардык кызматкерлер кʏчɵтʏлгɵн тартипте кызмат ɵтɵшɵт. Башкача айтканда, майрам же атуулдар эс алган кʏндɵрʏ милиция кызматкерлеринде эс алуу деген жок. Отуз жылдан ашык эмгек жолумда кызматтын ысык-суугун кɵрдʏм. Ички иштер органдарында кесибин сʏйгɵндɵр гана кызмат кыла алат деп айта алам. Кылмыш, кырсык майрам же эс алуу кʏндɵрʏнɵ карабайт да. Тʏшкɵ чейин тынч болсо, тʏштɵн кийин эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Тʏрдʏʏ чакыруулар болуп калат. Маселен, майрамдарда нɵɵмɵттɵ турганда ʏй-бʏлɵңдʏ, жакындарыңды куттуктап койгону убакыт таба албай каласың. Коом экен да, ар тʏрдʏʏ учурларга туш болосуң. Бардыгы дем алып жаткан кʏндɵрʏ жɵнɵкɵй кʏндɵргɵ салыштырмалуу эки эсе жоопкерчиликти талап кылат. Себеби майрам кʏндɵрʏ коомдо ичкилик болот, мас болуп алып жол эрежесин бузгандар, кырсыкка учурагандар кездешет. Мындан улам жоопкерчилик чоң, кызмат учурунда майрамдык дасторкон уюштуруу деген жок, тартип ушундай, бизди да видео аркылуу кɵзɵмɵлдɵп турушат.

Ал эми ʏй-бʏлɵ милиция кызматкерлеринде экинчи орун десем жаңылышпайм. Биринчи орунда кызматтын кызыкчылыгы турат. Кʏчɵтʏлгɵн тартипке ɵткɵндɵн кийин биз ʏй-бʏлɵбʏздʏ унутабыз. Ырас, ант бергенден кийин кызматтык милдетибизди так аткарууга милдеттʏʏбʏз.

Санжарбек Суранбаев, №13 Атайын ɵрткɵ каршы куткаруу бɵлʏгʏнʏн башчысы, майор:

“МАЙРАМДЫК ДАСТОРКОНДОН ДААМ ТАТКАНГА YЛГYРБƟЙ КАЛЧУБУЗ”

-1996-жылы мектепти бʏтʏп, эки жылдык аскердик кызматты ɵтɵгɵндɵн кийин эле ɵрт ɵчʏрʏʏчʏ болууга кызыгуум артып, 2001-жылы ɵрт ɵчʏрʏʏ, куткаруу кызматына ишке киргенмин. Бʏгʏнкʏ кʏнгɵ дейре ушул тармакта иштеп келем. Билесиздер, биздин жумуш ɵтɵ жоопкерчиликтʏʏ. Кɵп жыл кʏзɵт башчысы болуп иштедим. Майрамдарды жумушта ɵткɵргɵн убактар кɵбʏрɵɵк эсте калат эмеспи. Анда жаңы жыл кʏнʏ болчу, 31-декабрь. Нɵɵмɵттɵгʏлɵр да майрамдык дасторкон жасап алганбыз. Башкалар сыяктуу эле саат 12 болушун кʏтʏп, майрамдык дасторкондон эми даам таталы деп турганыбызда 23:55 чамасында болсо керек, ɵрт чыккандыгы тууралуу чакыруу келди. Андайда токтоосуз жɵнɵɵ милдетибиз да. Мындан улам майрамдык дасторкондон эртеси кʏнʏ даам таткан кʏндɵрʏбʏз кɵп эле болгон.

Мурун жаңы жылдык жардыргыч заттарды ар бир ʏй аткандыктан, туура колдонуу эрежелерин билбей, короосундагы чɵбʏ кʏйʏп кеткен, ɵрт кырсыгына алып келген окуялар кɵп болчу. Бир канча ɵмʏрлɵрдʏ куткарганбыз. Биз ʏчʏн биринчи орунда адамдын ɵмʏрʏ турат. Андан бери адамдарда тʏшʏнʏк ɵзгɵрдʏ. Тагыраагы, 2015-жылдан бери жаңы жыл кʏнʏ ɵрт кырсыгы катталган учурлар азайды десек болот.

Каныкей Мамырова, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин уюштуруу, усулдук иштери боюнча орун басары:

“КАЙНАК СУУГА КʏЙʏП КАЛГАН ЫМЫРКАЙ МЕНЕН АЛЫШЫП…”

-Медицина тармагына келгениме 15 жылга чукулдап калыптыр. Жумуш деген жумуш, майрамдарды да жумушта тоскон кʏндɵр медицина кызматкерлерине жат эмес. Майрам кʏндɵр деле майрамдай сезилбейт, катардагы эле иш кʏнʏ болот. Тескерисинче, майрам кʏндɵрʏ жоопкерчилик кɵбʏрɵɵк. Себеби башка дарыгерлер эс алышат. Аларга чалып, тынчын албаганга аракет кылып, жоопкерчиликтин баарын ɵз моюнубузга алып, иштейбиз. Эсимде, анда Кара-Суу районунун балдар ооруканасынын реанимация бɵлʏмʏндɵ иштечʏмʏн, нɵɵмɵттɵ турар элем. 31-декабрь кʏнʏ термостогу кайнак сууга кʏйʏп калган бир жашка толо элек ымыркайды алып келишкен, 6-7 айлык наристе болсо керек. Ага жардам берʏʏнʏн чарасын кɵрʏп, алышып атып майрамдын ɵткɵнʏн билбей калганбыз. Анын ʏстʏнɵ жаш балдардын реанимациясы абдан татаал, ошол жылдары кыйын болчу. Ал тургай ыйлаган учурларым эсимде. Оор абалда келген балдарды кɵрʏп, апасы менен кошо ыйлачумун.

Андан сырткары баласын карап ооруканада жаткан энелер да болуп калчу бɵлʏмдɵ. Алардын маанайын кɵтɵрʏʏгɵ аракет кылчубуз. ʏй-бʏлɵм да ɵздɵрʏ жаңы жыл тосуп кɵнʏп калышкан. Башында жолдошум “нɵɵмɵтʏңдʏ алмаштырсаң болобу?” дей берчʏ. Бирок, баары ал кʏндʏ ʏйʏндɵ ɵткɵргʏсʏ келет да. Майрам кʏнгɵ кимдин нɵɵмɵтʏ туура келсе, жоопкерчилигин алат. 31-декабрь нɵɵмɵттɵ турганда эртеси 1-январда ʏйдɵ дасторкон жасап, кайрадан майрамды белгилеп койгон учурлар болот. Мурун кыздарымдан “Чоңойгондо дарыгер болосуңбу?” деп сурап калсам, “жок, апа, сиз ооруканада ʏйгɵ келбей иштеп каласыз го, биз дарыгер болгубуз келбейт” деп калышчу. Азыр ойлосом, ɵзʏмдʏн балдарым калып кетип, ооруган балдарга кɵбʏрɵɵк кɵңʏл бурчу экенмин.

Майрамды утурлай бардык мекендештерди жаңы жылы менен куттуктайм. Мамлекетибиз ɵнʏгʏп, ɵсɵ берсин, ар бир ʏйдɵ балдардын кʏлкʏсʏ жаңырып турсун. Бардыгыбыз жаңы жылда жаңыланууну кʏтɵт экенбиз, жакшылыктар кɵп болсун. Оору-сыркоодон алыс бололу. Назима Алмазбек кызы, Ош шаардык Кеңешинин депутаты:

“ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЖАҢЫ ʏЙ-БʏЛƟДƟ ТОСКОМ”

-Жаңы жыл – майрамдардын эң жандуусу, эң шаңдуусу болсо керек. Менин жашоомдогу эң эсимде калган жаңы жыл 2019-жылы болгон. Ал жаңы жыл жашоомду бʏтʏндɵй ɵзгɵрткɵн десем болот. Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар бɵлʏмʏндɵ иштечʏмʏн, 31-декабрь дагы кадимкидей жумуш кʏнʏ болчу. Жумушка келе жатып, дароо токтой койгон аксакалдын унаасын артынан сʏзʏп алып, чыгымга учураганым аз келгенсип, катуу да коркуп калгам. Ар бир жамандыктын артынан жакшылык келет дегендей, жакшылык кечке жеткирбей эле келип калган (кʏлʏп). Анда жолдошум менен кыз-жигит болуп сʏйлɵшʏп жʏрчʏбʏз, келе жаткан жаңы жылды жаңы ʏй-бʏлɵ болуп тособуз деп чечим чыгарып, мени ʏйʏнɵ алып кетип калган. Ошентип жыл жаңыраардын алдында жаңы ʏй-бʏлɵгɵ келин болуп барып, бойдокчулук менен кош айтышкам. Кудайга шʏгʏр, 2020-жылды экɵɵбʏз тоссок, 2021-жылы ʏчɵɵбʏз, 2022-жылы тɵртɵɵ болдук. Жаңы жыл биз ʏчʏн маанилʏʏ майрамдардын бири. Жыл сайын жаңы жыл менен кошо ʏй-бʏлɵбʏздʏн тʏптɵлгɵн кʏнʏн да белгилейбиз. Учурдан пайдаланып, бардыгыңыздарды жаңы 2023-жылы менен куттуктайм! Элибизде ар дайым тынчтык, токчулук, ɵлкɵбʏздɵ туруктуулук жана ɵнʏгʏʏ болсун. Кичинекей мамлекеттер кɵбɵйʏп, ар бир ʏй-бʏлɵдɵ нарктуу карылардын батасы, наристелердин кʏлкʏсʏ жаңырып турсун!

Жумагʏл  Кочкорбай кызы