26 апреля, 2024

“Ата-энелердин ʏмʏтʏн, окуучунун келечек аманатын жоопкерчилик менен сезебиз”

Бʏгʏнкʏ конокторубуз Ош шаарындагы “Кел Бил” билим берʏʏ комплексинин негиздɵɵчʏлɵрʏ, ʏлгʏлʏʏ жаш ʏй-бʏлɵ Акбарали уулу Ɵмʏрбек жана Кушбак кызы ʏмʏт.

-Экɵɵңʏздɵргɵ студенттик убакты эстетели. Студенттик доор сиздерге эмне берди?

Ɵмʏрбек: -Экɵɵбʏздʏн тең студенттик жылдарыбыз Ош мамлекеттик университетинде ɵттʏ. Ал учурларды эстɵɵ жагымдуу да, ары сыймыктуу да. Мен 2010-жылы ОшМУнун юридика факультетинин “Социалдык иштер” адистигине тапшырып, 2015-жылы ийгиликтʏʏ аяктадым. Студенттик учурда окуу менен катар коомдук иштерге активдʏʏ аралашып, тʏрдʏʏ мелдештерге катышып, айтор ар тараптан ɵзʏбʏздʏ сынаган, издеген учурлар кɵп болду. 

3-курсумда ОшМУнун студенттик акыйкатчысы (студенттик омбудсмен) болуп шайланып, кадыресе айлык алып иштеген кызматкер болдум. Эрте менен тайпамда билим алып, тʏштɵн кийин ОшМУнун башкы корпусуна келип, 219 “б” деген кабинетте иш алып барчумун. Азыр ойлосом жоопкерчиликти сезʏʏгɵ, иш кагаздар менен иштɵɵгɵ, адамдар менен мамиле тʏзʏʏгɵ, жакшы чɵйрɵ кʏтʏʏгɵ, тажрыйба алуума, мыкты аянтча болгон экен.

Студенттик доор жаңы мезгилге, чоң тагдырга жол ачты.

Yмʏт: -Студенттик жылдар тыным албаган изденʏʏ, алдыга умтулуу, толуп-ташкан энергия, жаштык максимализм менен ɵттʏ.

2011-жылы ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде “финансы жана кредит” адистиги боюнча билим алдым, 2016-жылы ийгиликтʏʏ аяктап. Кийин орус филологиясы факультетинде “орус тили жана адабияты” боюнча да окуп, 2019-жылы бʏтʏрдʏм. Илим жолуна кадам таштап, аспирантурага тапшырып, былтыркы жылы аяктап алдым. Айтор окуу менен эле жʏрɵм. Алдыда буюрса, изилдɵɵмдʏ жыйынтыктап, ийгиликтʏʏ коргоп алсам деген ниетим бар.

Ɵмʏрбек: -Уруксат болсо,ʏмʏттʏн студент курактагы эң ири ийгиликтерин мен айтып берейин.

• Айтканга жеңил болгону менен студент мезгилинде 2 китепти жазып, басмадан чыгарып, бет ачаарын кылды.

• Факультеттин жаштар комитетинин тɵрайымы болду.

• Эң негизгиси ОшМУнун “Мыкты студенти” болуп, президенттик “ʏмʏт” стипендиясын алган.

— Кантип таанышып, ʏй-бʏлɵ куруп калдыңыздар? ОшМУ себеп болсо керек.

Ɵмʏрбек: -Ооба, окуу жай себеп! Университетте коомдук иштерге аралашып жʏрʏп тааныштык. Башында ага -карындаш катары жакшы, жылуу мамиледе жʏрдʏк, акырын тартылуу кʏчʏ иштеди окшойт (кʏлʏп).Негизгиси жылдызыбыз келишти. Убакытты созбой, колумдан алдырып ийчʏдɵй болуп, акыры чечкиндʏʏ кадамга барып, сʏйʏʏмдʏ билдирдим. Менчиктеп алгандай болбой, ашыкча кетпей, ɵз орду менен, китептегидей кыз-жигит болдук. Кийин кесиптеш катары чогуу иштешип калдык. Башка коллегаларыбызга тойго чакыруу катын бергенибизде мамилебизди билишип, таң калышкан.

Ата-энебиздин, эли-журттун батасын алып, баш коштук. Кɵктɵп, шактап, мɵмɵлɵп жатабыз. Учурда бир уулубуз бар.

— Устаттар жɵнʏндɵ айтсаңыздар…

Ɵмʏрбек:-Тагдырыма жазылган чоң жакшылыктардын бири Каныбек Исаков агай менен чогуу иштешип калганым болду.

Каныбек агай менен Ош мамлекеттик университетинде 5 жыл, кийин Билим берʏʏ жана илим министрлигинде 1 жыл жардамчы болуп иштештим. Ушул аралыкта агай мага, менин жашоомдогу ɵзгɵрʏʏлɵргɵ  чоң таасир этти. Кол алдындагы кызматкердей эмес, ɵз уулундай мамиле жасады. Ишеним артты, кеңешин берди, жол кɵрсɵттʏ, эч ким айтпаган баам-парасатка, дилгирликке ʏйрɵттʏ. Майда, жɵнɵкɵй, бирок маанилʏʏ, мазмундуу, таасирдʏʏ эрежелерди тʏшʏндʏрдʏ. Ар бир ишке жан дилиңи коюп, кылдаттык, чыгармачылык менен майын чыгара, мыкты деңгээлде жасоону сиңирди.

Жакшыны жакшы, мыктыны мыкты деш керек. Агайдын тарбиясын алып, колдоосун кɵрʏп, арткан ишенимин актайын деп мен да аракет кылдым. Адамдар менен тил табышууну, мамилеге бек болууну, адамгерчиликти, “адамдыкты” жоготпоону, дресс-кодду сактоону, ɵзʏмдʏ тʏздɵп, дилди тазартып, жеңил желпиден алыстап, бар менен жокко топук кылып, мээнет, бешене тер, ак эмгек менен таза жашоону ʏйрɵнʏп, жуктурду десем болот. Бул мен ʏчʏн чоң мектеп болду. Ушундай улуу инсан менен “Устат-шакирт” болгонума шʏгʏр келтирип, сʏйʏнɵм. 

Агайым, жашоодогу устатым, экинчи атам болду. Агайдын чоң пландары, максаттары бар эле, жылмайып “чогуу болобуз” деп калчу.

Кудайдын буйругу, тагдырдын жазганы экен, 2020-жылы дʏйнɵгɵ кʏтʏʏсʏз келген вирустун айынан агайыбыз акка моюн сунуп, тʏбɵлʏктʏʏлʏккɵ жол салып кете берди. Кʏндɵр ɵтʏп, жашоо улана берет экен. Ар бир адамдын артыкчылыгын айтып турбаса, адамдар  да унутула берет окшобойбу!

Каныбек агайды дайым эстеп, эскерип, куран окуп турабыз. Каныбек Исаковдун окуучусубуз, шакиртибиз деп башыбызды бийик кɵтɵрʏп, сыймыктанып ɵтɵбʏз. Буюрса, агайдын жолу уланат.

— Yй-бʏлɵлʏк жеке билим берʏʏ мекемесин ачуу кɵп тажрыйбанын негизинде болсо керек. Азыр ал мектепте кимиңиздер кандай кызмат аткарасыздар?  Башка мектептерден эмне ɵзгɵчɵлʏгʏ бар?

Ɵмʏрбек:-Кɵп жылдан бери билим берʏʏ тармагында жʏргɵнʏбʏздɵн, Каныбек агайдын жанында жʏрʏп, улуттук баалуулуктарга ыктаган, ɵзгɵчɵ “Мырза жигит”, “Мырза айым” концепциясы, заманбап, ʏлгʏлʏʏ, мектептептерди ачуу ойлорунун таасиринен улам 2021-жылы, жакын агаларымдын колдоосу менен Ош шаарында «Кел Бил» билим берʏʏ комплексин ачтык. Бир топ кыйынчылыктардан, тоскоолдуктардан, сыноолордон ɵттʏк, чыдадык.

 Акыркы мезгилде мектепке, бала бакчага болгон суроо-талап жылдан-жылга, айрыкча шаарларда ɵсʏʏдɵ. Ошол эле учурда жеке мектептер да кɵбɵйʏʏдɵ. Бул жакшы, бара-бара атаандаштык кʏчɵп, сапатка умтулуу болот.

Билим берʏʏнʏн  чыгымына чыдап, баласын бизге ишенип берген, ата-энелердин ʏмʏтʏн, окуучунун келечек аманатын жоопкерчилик менен сезип, татыктуу билим берʏʏ аракетиндебиз.

Имаратыбыз чакан болгону менен бʏт ыңгайлуу шарттарды тʏздʏк. Класстар таза, жарык, жылуу жана заманбап каражаттар менен жабдылган. Бир класста 16 окуудан ашпайт, бул мугалимдин ар бир балага кɵңʏл буруусуна, жеткиликтʏʏ тʏшʏндʏрʏʏгɵ ыңгайлуу. Окуучулар 8:30 дан 17:00 чейин мектепте болушат, тамак-аш берилет, алып келип, жеткирʏʏ кызматтарын да уюштурганбыз.

Учурда башталгыч билим берʏʏ багытында иштеп жатабыз.

Буюрса, дагы чоңоюп, 11-класска чейин толук кандуу билим берʏʏгɵ жетишебиз деген амбициялуу планыбыз бар. Инвестиция тартуу, ɵнɵктɵш катары иштɵɵ боюнча тʏрдʏʏ жолдорду издеп жатабыз. Анткени баламды силерге окутсам деп сурагандар, жазылгандар кɵп болууда.

Yмʏт: -Мен да кошумчалайын,мамлекеттик стандарттын негизинде билим берип, кошумча STEAM, 4С базалык программаларын да колдонобуз. Мээнетибиздин кайтарымы жакшы. Аз убакыттын ичинде бир топ ийгиликтерге жетиштик. Атап ɵтсɵм:

• Ɵткɵн жылы “Билимкана” уюштурган жергиликтʏʏ, республикалык олимпиадаларда окуучуларыбыз бир топ ийгиликтерди жаратышты:

• «Матифик» платформасы боюнча уюштурулган сынакта да байгелʏʏ орундарды ээлешти;

• Таэквандо боюнча шаар биринчилигинде орундарга жетишишти;

• Ата-энелер ʏчʏн КИТЕП ОКУУ конкурстарын уюштуруп келебиз.

• Жаңы жаңылыгыбыз менен бɵлʏшɵйʏн, куш кабарды биз да бʏгʏн угуп, аябай сʏйʏнʏп турабыз. Bilimtech.kg уюштурган эл аралык математика боюнча олимпиадада биздин бир окуучубуз алтын,  ʏчɵɵ кʏмʏш медаль алышып, кийинки баскычка жолдомо алышты. Эми алар Сингапурга барышат.

Буюрса,11-класска чейин толук кандуу билим берʏʏ процессин уюштурууну максат кылганбыз. Ал ʏчʏн чыйралып, чымырканып, баш кɵтɵрбɵй иштешибиз керек.

-ʏй-бʏлɵдɵ ким кимди алдыга сʏрɵмɵлɵп турат?

Ɵмʏрбек:-Бойдок кезде жети ɵлчɵп бир кессең, а ʏй-бʏлɵ кургандан кийин кабыргаң менен кеңешип, акылдашып, макулдашып, кескен бармак оорубай калат экен (кʏлʏп).

“Аял эркек кɵп жашап тууган болот акыры, Жок сыяктуу сезилет андан башка жакыны”  деп бир жерден угуп калдым эле. Чынында ошондой экенине жыл ɵткɵн сайын ынанып атам.

Yмʏт:-Ɵмʏрбек кээде дос, сырдаш, кеңешчи, негизгиси ишенимдʏʏ, намыстуу, чечкиндʏʏ жолдош жана камкор ата.

Турмуш жʏгʏн чогуу кɵтɵрʏп, бири-бирибизге жɵлɵк-таяк болуп, тʏрдʏʏ сыноолорго, кыйынчылыктарга чогуу туруштук берип, бири-бирибизди колдоп, дем-кʏч берип, сыйлап, урматтап, тʏшʏнʏп келебиз.

— Нагыз жаш интеллигент ʏй-бʏлɵсʏздɵр. ʏй-бʏлɵ  баалуулуктарын, улуттук баалуулуктарды жакшы кармансаңыздар  керек.

Ɵмʏрбек: Ата-энелерибизге рахмат, алардын тарбиясы, жʏрʏм-туруму, ʏй-бʏлɵ, улуттук баалуулуктар боюнча акыл насааттары кɵкʏрɵгʏбʏзгɵ угут болуп, жан дʏйнɵбʏзгɵ сиңиптир.

-Баланы кайсыл тармакка багыттап тарбиялап жатасыздар?

Yмʏт: -Баланын мыкты инсан болуп калыптануусу ʏчʏн негизги 3 нерсе

1) Сапаттуу билим

2) Мыкты ден соолук

3) Ата-эненин мээрими зарыл.

Ɵмʏрбек:-Азыр уулубуз 3,5 жашта. Аны эрте эле каттуу эрежелер, тартип менен рамкага салгыбыз келбейт. Кайра, эркин ɵсʏп, ɵзʏ каалагандай балалык доорун сʏрʏп алсын дегендей, хандай эле мамиле жасап жатабыз.

— Yй-бʏлɵдɵ сʏйʏʏдɵн  да тʏшʏнʏшʏʏ  маанилʏʏбʏ?  Кантип мыкты ʏй-бʏлɵ болууга  болот?

Ɵмʏрбек: -Бекем ʏй-бʏлɵ ʏчʏн сʏйʏʏ да, тʏшʏнʏʏ да маанилʏʏ. Бул боюнча ар ким тʏрдʏʏ рецепти сунуштайт. Башкысы бешенбизге жазган бакыт ʏлʏшʏбʏз кɵп болсун, жакшы ниет менен алдыга умтула берели. Анткени “Ɵзʏн бактысыз санагандардан бакыт айланып ɵтɵт” деп калышат.

Бʏкалча Маматали кызы