28 марта, 2024

Кышка сакталган кыркма коон менен кара дарбыз

Эшикте кыш. А базарды араласаң коон, дарбыздар шилекей чууртат. Бул суулуу жемишти кыш ичи кантип сакташат болду экен? Сизге да кызыкпы, окурман? Анда макаланы улантыңыз. Кышкы коон-дарбыздар тууралуу кенен билʏʏ ʏчʏн дарбыздын мекени саналган Отуз-Адыр жергесине барып, 80 жаштагы баба дыйкан Нуралы Тагаев менен баарлаштык. Дени сак, сергек, акыл-эси тетик каарманыбыз карылыкка моюн сунбай азырга чейин дыйканчылык менен алек. Кыймыл – бул жашоо деп бекеринен айтышпаса керек.

-Нуралы аба, канча жылдан бери дыйканчылык менен алектенесиз?

-Дээрлик 45 жылдан бери. 1965-жылдары армиядан келип, 1971-жылга чейин Оштогу Жибек комбинатынын курулушунда иштедим. Кийин Отуз-Адыр айыл округундагы Кызыл-Абад айылында таенеми карагыдай адам жок болгондуктан бул жакка кɵчʏп келдик. Ошентип, 1977-жылдан тарта дыйканчылык кыла баштадым. Гектарлап коон-дарбыздарды жана башка жашылча-жемиштерди эктим. Дыйканчылык мага атамдан ɵткɵн кесип десем болот.

-Кышка сакталган коон-дарбыздар канча кʏндɵ бышып-жетилет?

-Кара дарбыздын “ташкент 1” деп аталган сорту эгилген кʏндɵн тартып 70-75 кʏндɵ бышса, кыркма коон кадимки коондордон айырмаланып 15-20 кʏнгɵ кечеңдеп, тагыраагы, 95 кʏнгɵ чейинки аралыкта бышып жетилет. Дарбыз, коонду апрель айынан баштап майга чейин эгип бʏтʏʏ керек. Кʏздɵ айдалган жерге, жазында мала салдырып, тегиздеткен соң малдын чириген кыгын себебиз. Чириген кык органикалык жер семирткич болуп, жерге алгачкы азык катары пайдаланылат. Ал эми минералдык жер семирткичтерден фосфорду берʏʏ зарыл. Айрыкча биздин ак топурактуу жер шартында фосфорсуз жер жумшабайт. Быйыл фосфор чынында кымбат болду. Килограммын 65 сомдон сатып алдык. Фосфордон кийин мочевина берилет. Айрым дыйкандар дарбызга азот да себишет, бул туура эмес. Себеби, азот дарбызды тез бышырып, жалбырагынын тез катышына алып келет. Сабактары узун болгондуктан ар бир катардын аралыгы тɵрт жɵɵктɵн алыс эгилет. Ал эми бир катарга эгилип жаткан дарбыз уруктары эки даанадан ташталып, 60 сантиметр аралыкта болуусу зарыл. Кокус уруктун бири ɵнбɵй калса экинчиси ɵнɵт деген максатта ушундай ыкма колдонулат. Ошентип, ʏстʏнɵ плёнка тартылган уруктар ɵнʏп чыгып, плёнкага тийип калганга чейин тегерек кылып тешип, ачып коёбуз. Антпесе плёнкага тийген кɵчɵт куурап калат. Экиден ташталган уруктун экɵɵ тең чыккан болсо бири алынып ташталат. Эгер дарбызга плёнка тартылып эгилсе чабылбайт. Плёнкасы жок эгилсе чабылыш керек. Бирок, эртерээк бышып, жетилиши ʏчʏн кɵпчʏлʏк дыйкандар плёнка тартып эгишет. Ал эми дарбыздын тɵрт жɵɵк калтырылган аралыгындагы отоо чɵптɵрдʏ да сɵзсʏз тазалайбыз. Сууну ɵтɵ ашыкча же ɵтɵ кем берʏʏ да туура эмес. Дарбыз кɵчɵттɵрʏ суусаганда жалбырактары соолугандай болуп, ɵзʏ белги берет. Ошентип дарбыздын алды август айларында, кыркма коон болсо сентябрдын аягында быша баштайт.

-Кышка сактоодо кандай ыкмалар колдонулат? 

-Кара дарбызды кышка сактоодо ар кайсы дыйкан ар башка ыкманы колдонот. Айрымдар жылуураак жер тɵлɵсʏнɵ сактаса, башкасы самандын арасына сакташы мʏмкʏн. Кээ бирлери кагаз капка салышат. Мында да дарбыз чирибей кɵпкɵ сакталат. Ал эми коонду ʏзгɵндɵн кийин ар бирин ноктолоп, илип чыгыш керек. Коонду жерге койбогондун негизги себеби урунду болуудан сактоо. Урунду болсо карайып, тез арада чирип кетет. Анан кара дарбыздын эки тʏрʏ болот, жогоруда айтканымдай, “ташкент 1” деп аталган кара данектʏʏ сортунун кабыгы жукараак келип узакка сакталбайт. Ак уруктуу кара дарбыздын кабыгы абдан калың болуп, туура сактаса май айларына чейин жетип берет.

-Эмне ʏчʏн коон-дарбыз мурдагыдай кɵп эгилбей калды?

-Туура байкапсыңар, мурда кɵп эгилчʏ эле. Жыл ɵткɵн сайын азайып баратат. Биринчи себеби дарбыз-коонго кɵп шор тʏшʏп, айрым ɵлкɵлɵрдɵн алынып келинген сапатсыз дарылар таасир этпей калууда. Негизи эле дыйканчылыкка чыдаган адам дыйканчылык кылат. Кеткен чыгымга чыдаш керек, тʏшʏм болбой калган учурлар болот. Ал эми кɵпчʏлʏк дыйкандар кышкы коондорду сактоодон кооптонуп экпей жатышат. Ошондуктан бʏгʏнкʏ кʏндɵ кыркма коон коңшу Ɵзбекстандан кɵп алынып келинет.

-Кээ бир коондор бышканда ɵздɵрʏ сабагынан ʏзʏлʏп калат, а кыркма коон кандай белги берет?

-Туура, кадимки сары коон, кɵкчɵ коондор бышканда ɵзʏ сабагынан ʏзʏлʏп калат. Бирок, кыркма коон андай эмес. Анын бышканын билʏʏ ʏчʏн сабагына маани берʏʏ керек. Сабагы бир аз куурап баштаса коон бышты делет. Анда да ойду-келди ʏзбɵй, кайчы менен акырын кыркып алуу керек. Кыркама коон ушундай кылдаттыкты талап кылат.  

-Тʏшʏм бышкан кезде кайсыл жактарга сатасыздар?

-Кɵбʏнчɵ талаадан дʏң баада алып кетишет. Кышка сактаган дыйкандар болсо базарга аз-аздан алып барып сатышат. Мисалы, азыр коон 400-500 сом болсо, алып- сатарларга 300-350дɵн беребиз. Алып-сатарлар бизди базарга жолотуп да койбойт (кʏлʏп).

-Азыр жеп жаткан коон-дарбыздын уругун алып койсок, жазда эккенге жарай береби?

-Жок, тилеке каршы, кийинки жылы башкадан сатып алууга туура келет. Мисалы, “ташкент 1” кара дарбызы, кадимки астрахань дарбызынын уругун алып кийинки жылы эгем десең жарабай калат. Ал эми ак уруктуу кара дарбыздын уругу кийинки жылга жарай берет. Ушундай ɵзгɵчɵлʏктɵргɵ маани берʏʏ керек. Дарбыздын уругу да кымбат, 1 банкасы 5-7 миң сом турат. Кыркма коондун жарым килограмм уругу эле 700 сомдун тегерегинде. Кадимки коондордуку арзаныраак болот.

Кызыктуу фактылар

Кара дарбыз Япониянын Хоккайдо ɵрɵɵнʏнɵн чыккан, аны жапондор “денсуке” деп аташат. Дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат дарбыздын бири.

Тарыхчылардын айтымында, дарбыздын мекени Тʏштʏк Африка. Ал жерде азырга чейин жапайы дарбыздын тʏрлɵрʏ кезигет.

Ал эми байыркы Египетте дарбыз кеңири колдонулганын фараондордун мʏрзɵлɵрʏнɵн табылган сʏрɵттɵр жана дан уруктары далилдеп турат.

Дарбыз Россия менен Европага 13-14-кылымдарда келген. Америкага болсо 16-кылымда европалыктар менен африкалык кулдар аркылуу жетип барган.

Дарбыз сɵзʏ ирандын “харбуза” сɵзʏнɵн алынып, тʏз которгондо “чоң бадыраң” дегенди тʏшʏндʏрɵт. Индияда аны тарбуз  деп аташат.  

Кытайдын салттуу медицинасында коондун ɵзʏн, уругун, жалбырагын да дары катары пайдаланышат.

Дарбыз сыяктуу коон да 90-92% суудан турат.

Дʏйнɵ боюнча Кытай коон менен дарбызды ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏн сап башында турат. 

Коон менен дарбызды туруктуу пайдалануу организмди шлактар менен токсиндерден тазалайт.

Коондун курамындагы темир сʏттɵн он жети эсеге кɵп. Ошондой эле витамин А, С, К жана В3, В6, В9 витаминдерине бай. Ал эми дарбыздын курамы А, В1, В2, В6, В9, С, Е, магний, калий, кальций, фосфор, темир, натрий витаминдер жана минералдарын камтып турат. Ашказан, боор, бɵйрɵктʏн иштешин жакшыртып, кант диабети, жʏрɵк ооруларын алдын алат. Теридеги зат алмашууну жакшыртат.

Айжылдыз Тойчиева