27 апреля, 2024

2023-Коён жылы

Жаңы жыл бул балдар кʏткɵн, кереметтер боло калчудай болгон сезимдерди тартуулаган  майрамдардын бири. Жыл тогошуп жатат деп аны чоңдор да кʏтɵт. Майрам артынан аны улай кышкы эс алуу мезгили келет. Ошого байланыштуу жаңы жылды же болбосо коён жылын кандай тособуз ушул тууралуу сʏйлɵшɵбʏз. Коён тынчтыктын жана туруктуулуктун символу. Андыктан бул жылда жалаң жакшы жаңылыктарды жана окуяларды кʏтсɵ болот. Айрыкча коён жылында тɵрɵлгɵндɵр ʏчʏн жыл бою бардык тармакта ийгиликтер жылмаят дешет астрологдор.

Коён ызы-чууну жактырбайт

Коён бул ʏй-бʏлɵлʏк жаныбар. Ошондуктан жылды тосуп алуу да ʏй-бʏлɵ менен болгон жакшы. Ал ызы-чуулуу кечени жактырбайт, ошондуктан ʏй- бʏлɵ мʏчɵлɵрʏ менен кɵңʏлдʏʏ кечти уласа болот. Майрамдык кечеге тизме жазып атканда сырттан келген адамдардын болбоосу талапка ылайык, жакшы тааныбаган адамды чакырбай эле койгон туура. Ошондой эле алыста жашаган жакын туугандарды унутпай, аларды куттуктап баруу аларга жакшы маанай тартуулайт.

ʏйдʏ жасалгалоо

Майрамга карата ʏйдʏ жасалгалоодо жумшак тʏстɵргɵ басым жасоо зарыл. Мисалы, кɵк, алтын, шоколад тʏстʏʏ, жашыл жана башка тʏстɵр. Коён кɵзгɵ бат таштала тʏрган “кыйкырык” тʏстɵрдʏ жактырбайт. Негизги атрибут арча, ал кадимкидейби, же жасалмабы, мааниге ээ эмес, жан дʏйнɵ менен жасалса болду. Столдорду жасалгалоодо жылан же илбирстин сʏрɵтʏ жок болушу керек. Андай болбосо жылдын “ээси” “ɵзʏнʏн тарелкасында” сезбеши мʏмкʏн.

Белектер идеясы

Бул жылда белектин баасына кɵңʏл бурбайбыз. Эң негизгиси кɵңʏл буруу. Эгер сиз символикалык тʏрдɵ белек берем десеңиз оригиналдуу кутудагы таттуулар топтому, жылдын символун элестеткен сувенир, жаңы жыл тематикасында жасалгаланган фотокарточкалар жакшы вариант. Жакын адамдарга картина, шейшептер, ашкана буюмдарынан турган топтомдор же болбосо идиште ɵскɵн бɵлмɵ гʏлдɵрʏ майрамдык маанай тартуулайт.

Тазалыкка маани бериңиз

Жаңы жыл тʏн кереметтерди кʏткɵн мезгил. Ошондуктан тазаланбаган ʏйдɵ майрамдабайбыз.  Коён ыңгайлуулукту, жагымдуулукту жакшы кɵргɵн жаныбар. 31-декабрь кʏнʏ ʏйдʏ катуу тазалабай эле коюңуз. Бул тууралуу мурунтан кам кɵрʏңʏз. Керексиз буюмдарды майрамга чейин ыргытыңыз. Жаңы жыл кʏнʏ кол ɵнɵрчʏлʏк менен же топчу тигʏʏ менен алектенбеңиз. Майрамдык дасторконду начар маанай менен жасабаңыз. Жаңы жылды кандай тоссоң, жыл бою ошондой болот деген сɵз бар. Мʏмкʏн болсо карыздардан кутулуп жаңы жылга кирип барсаңыз, кɵңʏлʏңʏз да жай алып, жылды жакшы ниет менен тосуп аласыз.

Кандай тʏстɵр менен тосуп алуу керек?

Жаңы жылда майрамды кандай тʏстɵ, эмне менен тосом деген кыздардын кɵйгɵйʏ башталат. Быйылкы жылдагы тʏс палитрасы ɵтɵ ар тʏрдʏʏ. Ошентсе да мода эксперттеринин ою боюнча 2023-жылда кара жана кɵк тʏстɵр модада деп белгилейт. Табигый тʏс катары кум тʏстʏʏ жана жашылдан кийимдерди кийсе болот. Ошондой эле жаңы жылды жылтырак кийимсиз кантип элестетʏʏгɵ болсун. Жылтырак тʏстʏʏ кɵйнɵк, костюмдарды кийсе да болот. Коён ɵтɵ пафос, эпатаждуу кийимдерди жактырбайт. Кийимдериңиздин элементтеринде табигый жʏн (мех)  болбошу керек. Эркектерге кум жана ачык кʏрɵң тʏстɵгʏ кɵйнɵктɵрдʏ кийсе болот. Ошондой эле ак тʏстɵгʏ костюм жакшы жарашыкты берет. Чɵнтɵгʏнɵ “изюминка” катары жоолукча салып койгон кооз кɵрʏнɵт.

Кара тʏстʏ аза тʏсʏ катары кабыл албай, элегенттуу тʏс катары карашыбыз керек. Эгер ɵз тандооңузда ушул тʏскɵ токтосоңуз кандайдыр аксессуарлар менен кийимиңизди толуктап койсоңуз болот. Кийген кийимиңиз бир аз жылтырап турса андан да жакшы. Кара сиздин оригиналдуулугуңузду бɵлʏп кɵрсɵтɵт. Ошондой эле кызыл тʏс сʏйʏʏнʏн, оттун, жылуулуктун тʏсʏ болгондуктан бул жылда ким сʏйʏʏсʏн тапкысы келсе кызыл тʏстɵ да кийим кийсе болот.

Жаңы жылдык кийимдерди тандоодо ɵзгɵчɵ басым жасалган чектɵɵ жок. Кайсы багытта болсо да эксперимент жасап кɵрʏңʏз. Коён табигый тʏстɵргɵ басым жасаарын эстен чыгарбоо керек. Кош бойлуу кыз-келиндер ɵзʏнʏн тандоосун жумшак жана жайкалып турган материалдарга басым койсо болот. Же болбосо жɵнɵкɵй тигилиштеги, бирок кымбат ткандардан тиксе жакшы вариант. (бархат, шелк, атлас).

Жаңы жылдык дасторкон

Столго ар тʏрдʏʏ мɵмɵ-жемиш, жашылчаларды койсо болот. Ошондой эле гʏл салуучу вазага арчанын бутактарынан коюп коюңуз. Эң негизгиси коён этин койбош керек. Канаттуулардын эттери, балыктар талапка ылайык. Салаттарды жаңы жулунган ашкɵктɵр менен жасалгалоону унутпаңыз, бул маанилʏʏ.  Ɵтɵ майлуу, тез тойгузган тамактардан баш тартып, жɵнɵкɵй тамактарга кɵңʏл бɵлɵсʏз, негизги басымды жасалгалоого коёбуз. Десерт катары ʏйдɵ жасалган торт, печенье, конфеттер жана ар тʏрдʏʏ таттуулар. Коёнду таарынтып албоо ʏчʏн бардык кызыл тʏстɵгʏ азыктарды столго койбоңуз.

Балаты салаты

Керектелʏʏчʏ азыктар:

2 жумуртка

100-150 грамм тоок тɵш эти

1 даана помидор

4 даана киви

1 даана кызыл пияз

60-70 грамм катуу сыр

Туз, майонез татымына жараша

Кооздоо ʏчʏн 1 даана анар

Даярдоо жолу оңой:

Жумуртканы он мʏнɵт сууда кайнатып алабыз, тооктун тɵш этин да ɵзʏнчɵ сууда бышкыча кайнатып алабыз.

Тоок этин, помидорду жана кивини майда бɵлʏктɵргɵ, пиязды жана жумуртканы майда бɵлʏктɵргɵ туурайбыз. Сырды сʏргʏчтɵн ɵткɵрɵбʏз. Жашылчаларды майдалаңыз.

Салат идишине тооктун этин, жарым пиязды жана сырды, жашылчаларды жана ортосуна бир аз туздалган помидорду, жумуртканы, калган пиязды жана сырды салабыз. Ар бир катмардан кийин майонезди  сʏйкɵңʏз. ʏстʏнɵ кивини коюп, укроп жана анар дандары менен кооздоп коюңуз.