24 апреля, 2024

Дʏйнɵ эли жаңы жылды кантип белгилейт?

“ʏйдɵ жалгыз” тасмасын кимдер гана кɵрбɵдʏ дейсиз. Кыш, жаңы жылдык балаты, белектер, балдардын аруу дʏйнɵсʏн, ʏй-бʏлɵлʏк баалуулуктарды чагылдырган кандай гана керемет тасма. Бʏгʏнкʏ коомдо чоңдор бул майрамды ар кыл кабылдаганы менен дʏйнɵ элдеринин балдары ʏчʏн баары бирдей. Балдар ʏчʏн кооздолгон балаты маанилʏʏ, балдар ʏчʏн аяз ата бар жана ал белектерин алып келет. Жаңы жыл темасынан узабай балалыкты эске салган майрам тууралуу ар кайсы ɵлкɵдɵ жʏргɵн журтташтарыбыз, ошол ɵлкɵдɵгʏ жаңы жыл кандай белгиленери тууралуу айтып беришет.

Жылдыз Азимбаева:

“Германияда жаңы жылды чакан компанияда тосушат”

-Бириккен араб эмиратынын Дубай шаарында жʏргɵндɵ жыйырма ɵлкɵдɵн келген жарандар менен бир командада иштедим. Христиан дининин ɵкʏлдɵрʏ рождество майрамын белгилешти. Бул кʏндɵрʏ ислам, буддизм дининдеги адамдар кадимки кʏн катары эле жʏрʏштʏ. Ал эми жаңы жыл кʏнʏ баарыбыз чогуу белгиледик. Негизи Дубай башка эмираттардан заманбап кɵз карашы менен айырмаланып турат. Ошого жаңы жылды жакшы белгилешет экен. Майрамга жакын соода борборлорунда бʏт балатылар кооздолуп, жаңы жыл тʏнʏ эң бийик мунарасы саналган Бурдж-Халифада саат 00:00гɵ 12 секунд калганда эсептелип, аябай шаңдуу тосуп алышты. Германияда болсо рождествого абдан маани беришет. Биз жаңы жылда дасторкон жасап, туугандарды чакырган сыяктуу рождество ошондой жɵрɵлгɵлɵр менен ɵтɵт. А жаңы жылды немистер “силвестр” деп атап, ʏй-бʏлɵсʏ менен чогуу, чакан компания менен гана тосушат экен.   

Нарима Асек:

 “Америкада кɵз жоосун алган кɵчɵлɵрдʏ жергиликтʏʏ бийлик кооздоп бербейт”

-Биринчиден, америкалыктар жаңы жыл тосушпайт. Алар 25-декабрдагы крисмасты негизги майрам дешип, кɵпчʏлʏк адамдар ʏй-бʏлɵсʏ менен чогуу болушат. ʏйлɵрʏнɵ балаты коюп, ɵтɵ жакшы кооздошот. Майрамдык шаң тартуулап, кɵз жоосун алган кɵчɵлɵрдʏ жергиликтʏʏ бийлик жасап берет деп айтуу кыйын. Ар бир ишкана же эл ɵзʏ баарын кооздоп алат. 27-декабрдан тарта кооздолгон балатылар таштандыга чыга баштайт, анткени крисмас бʏттʏ. Ал эми 31-декабрь чоң концерт, шоулор менен коштолуп, аны кɵрʏʏгɵ барган эл аянттарга топтолот. Бул кʏнʏ дасторкон деле жасашпайт, тʏнкʏ саат 12де майрамдык салюттар атылат. Ошентип Америкада крисмас майрамынын алдында эс алуу башталып, 2-январь баары кадимкидей жумушка чыгып калышат.

Айсулуу Амирова:

 “Корейлердин “сольналь” деген жаңы жылы бар”

-Кореяда “жаңы жылың менен” деген сɵз ɵтɵ кɵп колдонулбайт. Бирок, “Рождество майрамың менен” деген сɵз абдан популярдуу. Себеби, кореялыктар рождество майрамына кɵбʏрɵɵк маани беришет. А жаңы жылда мектеп, бала бакчаларда эч кандай майрамдык иш чаралар ɵткɵрʏлбɵйт, бири-бирине белек беришпейт. Бул жаңы жылга таптакыр маани бербейт дегендик эмес. Ошондой эле корейлердин ɵзʏнʏн “Сольналь” деген жаңы жылы бар. Бул кʏнʏ улуттук кийимдерин кийишип, бири-бирин куттуктап, балдары ата-энесине жʏгʏнʏшɵт, ата-энеси аларга акча берет. “Тток” деп аталган кʏрʏчтɵн жасалган шириндик жешет. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе ɵтʏп кеткен ата-бабаларын эскерип, “чеса” ырымын кылышат. Мында атайы дасторкон жасалып, тамак-аштар коюлат.  

Айзирек Дарманбай кызы:

“Катарлыктар жаңы жылды кадимки кʏн катары эле ɵткɵрʏп жиберишет”

-Араб ɵлкɵлɵрʏндɵ жаңы жыл тосушпайт. Катарлыктар жаңы жылды кадимки кʏн катары эле ɵткɵрʏп жиберишет. Бирок, 1-январь майрам деп эсептелинип, эс алуу кʏнʏ. Мында башка улуттагы, башка религиядагы адамдар болгон ʏчʏн Рождество сɵзсʏз майрамдалат. Кийим дʏкɵндɵрʏндɵ же башка ишканаларда балаты жасалып, арзандатуулар болот. Жаңы жыл тоскондор ʏчʏн отелдерде, соода борборлорунда иш чараларды, ар кыл кызыктуу оюндарды уюштурушат экен. Катарлыктар айтка чейин, айттан кийинки майрамды ɵздɵрʏнʏн жаңы жылы деп эсептешет.

Султанали Аширалиев:

“Англияда фейерверктерге абдан кɵңʏл бурулат”

-Рождество майрамынын алдында бардык ʏй-бʏлɵлɵр белек салынган кутуларды даярдашат. Кокус аяз атанын курсагы ачып келсе, жеп кетсин деген максатта балатынын астына тамак-аш да коюп коюшат. Жаш балдар болсо аяз ата белек коюп кетиши ʏчʏн ɵз бɵлмɵсʏнʏн бир бурчун даярдап коюшат. Рождестводо Лондондогу кɵпчʏлʏк ишкана, мекемелер, соода тʏйʏндɵрʏ алтургай коомдук транспорттор да иштебейт. Болгону кичинекей дʏкɵндɵр гана иштеп калат. 26-декабрь бул жакта белек берʏʏ кʏнʏ. Бардык достор, кесиптештер бири-бирине белек беришет. 31-декабрда ʏй-бʏлɵнʏн бир дасторконго чогулушу зарыл эмес. Бул кʏнʏ фейерверктерге мамлекеттик даражада кɵңʏл бурулуп, ар бир шаар ɵтɵ чоң суммада акча бɵлɵт. Жаңы жыл тʏнʏ атылган фейерверктер шаарды укмуш кɵрккɵ бɵлɵйт. Кызыгы, шаардын ортосуна чоң балаты орнотушпайт. Балаты саткан дʏкɵндɵр абдан кɵп болгондуктан, ар бир ʏй-бʏлɵ ɵздɵрʏнʏн ʏйʏндɵ жасашат. Мени таң калтырган нерсе англичандар ʏйдʏн ичинен сырткары кɵчɵлɵрдɵн бери жасалгалап, жарыктандырып ɵтɵ кɵп акча коротушат экен. Бири-биринен жакшы кылууга тырышышат. 1-январь кʏнʏ карасаң эле баарын жыйып, балатыларды таштандыга алып чыгып коюшкан болот.

Курманбек Акыйкат уулу:

 “Австралиялыктар жаңы жылдык жасалгага кɵп акча коротушпайт”

-Жаңы жылга саналуу кʏндɵр калганына карабай Австралияда кʏн ысык. Бул жакка келгенден бер кышты кɵрɵ элекмин. Тɵрт мезгил тең жаздай болуп тура берет. Учурда Австралиянын кɵчɵлɵрʏ жасалгаланып, балатылар орнотулду. Бирок, экономикасы эбегейсиз дʏркʏрɵгɵн мамлекет экененине карабай жаңы жылдык жасалгаларга кɵп акча коротуп, чыгым кылышпайт. Аз-саз, баарын ылайыктуу гана жасашат. Быйыл рождество майрамынан баштап ɵлкɵдɵ 5 кʏн расмий дем алыш деп жарыяланды. Азыр элдин баары эс алып, ойноп жʏрʏшɵт. Тоолорго чыгып, деңиз жээктерине барышат, сууга тʏшʏшɵт. Базар аралагыны базар аралайт. Австралия континентиндеги жаңы жыл мына ушундай маанайда уланып жатат…

Айжылдыз Тойчиева