8 сентября, 2024

СОЮЗДУ САКТАП КАЛУУ МYМКYНЧYЛYГY БАР БЕЛЕ?

30-декабрда Советтик Социалисттик Республикалар Союзу – СССРдин тʏзʏлгɵнʏнɵ туптуура жʏз жыл толот. 69 жашка аз гана кʏн жетпей кулап калган бул улуу державанын  бир кылымдык маарекеси албетте, прогрессивдʏʏ коомчулукта тигил же бул ыңгайда белгиленбей калбайт. Бул таптакыр унутуп коюуга мʏмкʏн болбогон дата экени талашсыз.

БАРААНДУУ БОЛОМ ДЕП БААРЫНАН АЖЫРАГАНДА

1991-жылдын 8-декабрында Россия, Украина жана Беларусь лидерлери Беловежск токоюнда Советтер Союзунун андан ары жашоосуна чекит коюу ʏчʏн чогулушканы белгилʏʏ. Мындай айбат-кубаттуу улуу державанын жетимиш жылга жетпей кулап калуусун  табигый себептер шарттадыбы же ʏлкɵн саясатчылардын да кесепеттери роль ойнодубу деген собол кʏн тартибинен тʏшпɵй келе жатканы деле жашыруун эмес.

Союздун кулап калуусунда, тилекке каршы, лидер саясатчылардын кесепеттери биринчи роль ойноду  деген пикирди  СССР  Жогорку Кеңешинин жана Мамдуманын ʏчʏнчʏ-тɵртʏнчʏ чакырылыштарынын депутаты Виктор Имантович Алкснис да карманып келет.

“Менин оюмча, Союздун кулап калуусу ʏчʏн биринчи кезекте Ельцин менен Горбачевдун келишпес эрктери чечʏʏчʏ  роль ойноду”,- дейт Алкснис. “Ооба, кризисттик моменттер, эл кеңири керектɵɵчʏ товарлардын таңкыстыгы да болду. Бирок, алар система ʏчʏн ɵлɵсɵлʏʏ эмес эле. Экономика 80-жылдардын башында  жылына 2-3 пайызга  жетип ɵсʏп турган. 1985-жылы мурдагы комбайнер Горбачев бийлик башына  келгенден кийин заман ɵзгɵрʏп, акыбети кыйроого алып келди. Интеллекти боюнча да, турмуштук тажрыйбасы боюнча да Горбачев бийлик башчылыгына татыксыз фигура эле. Ал кайда бараарын билбей,  ɵлкɵнʏ “тездетʏʏ” жана “кайра куруу” деген сɵздɵрʏнʏн астындагы жасап кɵрʏʏ  жана жаңылуу жолу менен алып кетти.

80-жылдардын аягында Горбачев Яковлев менен биргеликте кезектеги экспериментти жасап кɵрʏʏнʏ каалашты: партаппарат реформаларды тормоздоп жатабы, ага астейдил чара кɵрʏʏ зарыл!

Бул максатта ошол кезде СССРдеги “эң эле европалык” деп эсептелген Прибалтика республикаларында реформаларды колдоочу “элдик кыймылдарды“  тʏзʏʏнʏ чечишти. Эгер тажрыйба оңунан чыгып калса, аны башка республикаларга да жайылтуу керек эле. Латвия, Литва жана Эстония компартияларынын Борбордук Комитеттерине Москвадан тиешелʏʏ директивалардын жɵнɵтʏлгɵнʏнɵ кɵптɵгɵн кʏбɵлɵр бар. Бул ишке СССР КГБсы да бʏтʏндɵй агентурасы менен тартылган. Ошентип, “элдик фронттор” да тʏзʏлгɵн. Бирок, алар башталышында гана кайра куруу реформасын колдоочу кыймыл катары  чыгышкан. Кийин алар улуттук-сепаратисттик кыймылга бат эле айланышып,  бийликти колго алууга жетишкен. Прибалтиканын мисалы, Украинадагы мурдагы бандеровчуларды,  грузин улутчулдарын шыктандырды да ошол бойдон кетти-кетти башталып кетти. Эс-акылы сергек бир да саясатчы мындай ɵлɵсɵлʏʏ экспериментке бармак эмес. Горбачев барды да, мамлекет жок болду.  Горбачев ɵзʏ  ɵлкɵнʏ бараандуу жетекчи катары тынымсыз бекемдеп жатам деген пикирде болгону менен эмне эксе, ошону гана оргондой болду.

Алкснистин пикири боюнча,  мында  Горбачев  менен Ельциндин жекече каршылашуусу да тиешелʏʏ ролду ойноп койгону талашсыз. Биринчи каршылашуу Горбачев Ельцинди анын Борбордук Комитеттин пленумундагы ызы-чуулуу сɵзʏ ʏчʏн Москва шааркомунун башчылыгынан алып койгондо эле башталган. Ельцин отставканы аябай кайгыруу менен кабыл алган. Албетте, Горбачевду жининен да жаман кɵргɵн. Элдин сʏймɵнчʏлʏгʏнɵ ээ болуп, РСФСРди башкаруу колуна тийгенден кийин Союздук жетекчилик менен кʏрɵшʏн баштаган. Бул да СССРдин кыйрашын  кыйла тездеткен.

Эгерде Союз жогорку жетекчиликтеги интригалардын айынан гана кыйратылып жатса, эл эмне ʏчʏн аны сактоого кɵтɵрʏлбɵдʏ деген суроого Виктор Алкснис мынтип жооп берет:

“Биздин эл саясий жактан баео болчу, жʏргʏзʏлʏп жаткан реформалар бардык кɵйгɵйдʏ чечет деген ишенимде болгон. Эл Ельцинди колдоп, Союздун кулап жатышына анча деле маани бере алган эмес”.

YЧ  АЮУГА КYЧ ЖЕТПЕЙТ

Ельцин, Кравчук, Шушкевич жолугушуу ʏчʏн Беловежскидеги Вискули аймагын бекеринен тандашпаганы айтылат. Вискулиден Польша чек арасына  беш гана чакырым калат, кол жетээрлик жол. Сыягы, бул ʏчɵɵ эгер аларды кармоого ишарат болуп калса, Польшага кире качууну алдын ала пландаштырышкан.

Аталган ʏчтʏк  Вискулиге келээри менен Беларусь КГБсынын  полковниги аларды коргоо жʏйɵɵсʏ менен “Альфа” тобун жɵнɵтʏп, аларды кармоого даяр экендиктери жагдайында дароо Горбачевго кабарлайт. Арийне, Горбачев аларды камоого тыюу салат: кырдаалды  курчутуунун кереги жок, кандай болгондо да алар союздук республикалардын башчылары, биз алар менен сʏйлɵшɵбʏз, ынандырабыз, баары нормалдуу болот.

“Горбачев неге аларга карата катуу чара колдонбоду, менимче ага саясий эрк жетишпеди. Ал бийликте калууну, айрыкча СССРдин президенти бойдон калууну ɵтɵ эңсеген. Бул ʏчʏн  ɵлкɵнʏ федерациядан конфедерацияга айлантууга да макул эле, бирок утулуп калды. Муну менен кайсыл бир мааниде орустун акыркы  императору Николай Экинчинин тагдырын кайталагандай болду”.

Беловежски токоюнда Советтер Союзунун “жаназасын” окуп басып кетишкен саясатчылар  СССРдин тʏзʏлгɵндʏгʏнʏн 100 жылдыгында биринин артынан бири аркы дʏйнɵгɵ узап кетишкени кантсе да кандайдыр бир кайгылуу символизмден кабар берип тургансыганын талдоочулар белгилешет.

“КЛЕОПАТРАНЫН  МУРДУ КЫЙШЫК БОЛГОНДО…”

Беловежск токоюндагы окуяга кыйыр тиешеси бар саясатчылардын бири –Россиянын биринчи президентинин кеңешчиси Сергей Станкевичтин пикиринде, СССРди сактап калуу ʏчʏн Россия Казакстан менен союз тʏзʏʏсʏ керек эле.

“Беловежскидеги макулдашууга кол коюлган же коюлбаган кʏндɵ деле СССР эч кандай вариантта жашай албай калган. Бул абсолюттук факт. Поссоветтик мейкиндиктеги жаңы абалга ɵтʏʏнʏн ар кандай жолдору бар эле. Бирок, Беловежск келишимине кол коюлбай, Союздук  келишимге кол коюлушу керек болчу. Бул менин 31 жылдан кийинки позициям эмес. Мен мурда эле ушинтип айткан болчумун. Ошондо эле формалдуу болсо да жашап турган  мамлекеттик структурага жабышып жатып калуу керек эле. Чегинʏʏ аз-аздан, сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн жʏрʏшʏндɵ жасала бермек. Горбачевдун акыркы конструкциясындагы башкы  алсыздык ушунда жаткан: Россия, анан  калгандар. Калгандардын баары Россиядан бирдемелерди алгысы келди. Москва андан буйтап, ар бир республикадан лоялдуулук кепилдигин алууга тийиш эле. Казакстан  андай кепилдикти берʏʏгɵ, дегеле  федеративдик бирикмени  тʏзʏʏгɵ даяр эле. Калган республикалар Россия менен Казакстан формулировкалаган шарттар менен кирʏʏсʏ болжолдонгон. Сʏйлɵшʏʏлɵрдʏн жʏрʏшʏндɵ 20-августта Прибалтика жана  Закавказье республикаларынан сырткары 9 республика жаңы Союздук келишимге кол коюуга даяр  болуп калган. Бирок, Союздук келишим 1991-жылдагы август путчасы менен кошо кɵмʏлʏп кетти”.

Станкевичтин айтымында, эгерде Ельцин менен Горбачев СССРди кайсыл бир формада сактап калуу максаты менен ымалага келиши керек эле. Бирок, андай болбоду. Ельцин Горбачевсуз, Горбачев Ельцинсиз эле бийлик жʏргʏзʏʏнʏ каалашканын тилекке каршы, байкабай коюу мʏмкʏн эмес.

“Тарых шарттуу ыңгайды сʏйбɵйт” деп айтылат адатта. “Клеопатранын мурду кыйшык болгондо…” деген учкул сɵз да ошондон улам калган. Ельцин менен Горбачев биргелешип аракет кылганда…” ,“Беловежск келишимине келишпегенде…” деген сыяктуу шарттуу ыңгайдагы кеп- сɵздɵр деле ошого жакындап кетет.

Абдираим  Мамытов