2 февраля, 2023

“Генерал Ысакбек Монуев – дастан болуп айтыла турган инсан”

Ата-теги

Ысакбек  Моноуев 1902-жылы тʏштʏк Шиңжандын батыш тарабындагы Кош-Ɵтɵк деген жеринде туулган. Ал жерди Жыгын айылы деп да аташат. Кийинчерээк Сымкана деп да аташкан. Себеби, илгери телефон шыргыйларын ушул жерден орнотуп алып ɵткɵндɵн кийин Сымкана атка коно баштаган.  Кош- Ɵтɵк деп аталып калышы, тɵрт тарабы тоо менен курчалып, кышкысын ɵтɵ суук болбой, тоолордун ар кайсы жактан келе турган шамалдарды  тосуп тургандагынан, малга жайлуу жер болгондуктан ушинтип аталган. Айрым документтерде Ысакбектин атасын жарды кɵрсɵтʏп, Ысакбекти бир малчынын ʏй-бʏлɵсʏндɵ дʏйнɵгɵ келген деп жазышат. Бул чындыгында туура эмес. Анткени, Ысакбек чоң аталарынан тартып эле бий жана колунда бар байлардан болгон.

Албетте, алты канаттуу ак ɵргɵɵ тигип, алыс-жакындан келген меймандарды тосуп алуу бардык эле адамдардын колунан келе бербесе керек. Мону аксакал байдын баласы болгондуктан молдолорду жалдап, акча тɵлɵп окуган. Ал киши дин илимин тырышып ɵздɵштʏрʏп , атактуу дин уламаларынын сыноосунан ɵтʏп, имам деген атак алган. Ошондуктан эң оболу ɵз айылына мектеп ачып, ɵспʏрʏмдɵргɵ тарбия берʏʏ максатында аракет жасаган жана алгачкылардан болуп Жыгын айылына мектептин пайдубалын курган.  Ысакбек адигине- мунгуш уруусунан, жооштон тараган Чамаштын Сейит, Кадырберди, Абдымомун, Мону, Момун деген беш уулу болгон. Монудан Ысакбек, Такмат, Шаакмат, Мурзакмат, Кожоакмат, Ажыакмат, Термиз, Ɵмʏралы деген 8 уул,  Чʏрɵк, Бʏбʏкан, Абиба деген ʏч кыз менен бардыгы 11 бала тɵрɵлɵт.  Ысакбектин чоң атасы Чамаштан тартып Жыгын айылын ээлеп келишкен. 

Ысакбек ɵз доорунун билимдʏʏ адамдарынан болгон

Мону ɵзʏ кайда барбасын Ысакбекти жанына ээрчитип жʏрɵт. Зээндʏʏ бала  атасынын айткандарын дээрине бʏгʏп кɵргɵн- уккандарына ой чуркатып ɵзʏнчɵ талдоо жʏргʏзʏʏгɵ аракет жасайт. Мону Меккеге барып келген соң дʏйнɵгɵ болгон кɵз карашы ого бетер кеңейип, жаңылыкка болгон талпынуу сезими кʏчɵй баштайт.  Айрыкча элинин маданият деңгээлин канткенде кɵтɵрʏʏгɵ болот, канткенде жакырчылыктан кутулуп элдин турмушу жакшырат, ал ʏчʏн эмне кылуу керек деген суроолор аны кыйнай баштайт. Ɵзʏ аткара албаган ой-тилегин иш жʏзʏнɵ ашыруу ʏчʏн баласына илим- билим ʏйрɵтʏп, ошол аркылуу кɵздɵгɵн максатка жетʏʏ мʏмкʏн экендигин баамдайт

Мону ажы соода- сатык менен да алектенип, уулунун  кичинекейлигине карабастан бир канча жолу Анжиян, Фергана, Ош, Наманган сыяктуу шаарларга да ээрчитип келген. Ысакбек атасы менен чоң шаарларды кыдырып, эл менен мамиле жасаганы ал ʏчʏн ɵзʏнчɵ бир чоң мектеп болду.  Жогоруда айтылган жерлерден башка Кытайдагы бир топ шаарларды соодагерлер менен кошо аралап кɵргɵн Ысакбек Ош, Анжиян, Наманган сыяктуу шаарларга караганда маданият, окуу агартуу жагынан кɵп артта экендигин байкайт. Ошондуктан ɵздʏгʏнɵн ʏйрɵнʏп билим деңгээлин тереңдетʏʏгɵ тырышат. Бул кездеги Шиңжандын абалына келсек, Кытайдагы гоминьдандын бийлиги кʏч алуу менен Шиңжанда Жиңшуриндин бийлиги кулап, Шиңшисай такка отурган эле. Ар бир тараптан Кеңеш ɵкмɵтʏ менен жакындашса, дагы бир жагынан гоминьданга жашыруун кɵмɵктɵшʏп иш алып барган болчу. Ошол кездеги Шиңжандын бийлигинде туруктуулук болгон эмес.  Айтууларга караганда Ысакбек уйгур, ɵзбек, казак, кытай, орус тилдерин билген, ɵз доорунун билимдʏʏ адамдарынан болгон. ʏч аймак кɵңтɵрʏшʏ- гоминданьга каршы улуттук, эркиндик кɵңтɵрʏлʏшʏ болуп эсептелет. Ошол кездеги адаттан тышкары катуу эзʏʏчʏлʏк, теңсиздик, аёосуз зордук- зомбулук жана улуттук кемсинтʏʏлɵргɵ каршы кɵтɵрʏлгɵн бул ыңкылапка Шиңжанда жашаган ар бир улуттун ɵкʏлдɵрʏ активдʏʏ катышты. Кɵптɵрʏ жанын аябай кʏрɵшʏп, кан майданда курман болушту. Ɵзʏнʏн жоокердик таланты жана эң мыкты аскер колбашчылыгы менен элге таанылып Шиңжанда ɵзгɵчɵ ʏч аймак (Иле, Алтай, Тарбагатай) легендарлуу генерал деп эсептелип, даңазаланып жʏргɵн адам –Ысакбек Мону уулу. Ɵзгɵчɵ ал киши жɵнʏндɵ ɵзʏ туулган жана  курман болуп сɵɵгʏ коюлган жерде кɵбʏрɵɵк эскерип, бир кыйла макалалар жана анын ɵмʏрʏнɵ байланыштуу очерктер, китептер жарыяланган.  Ошол эмгектердин арасындагы толук жана алгылыктуу жазылганы Шаршабек Сыдык, Кусайын Саякбаев (казак), Окап Мукыиев (татар), Аблат Гохти (уйгур) тɵрт автор биргелешип жазган “Ɵчпɵс эмгек, ɵлбɵс ыр” деген эскерʏʏ китепти айтууга болот.

“…Генерал- лейтенант Ысакбек жɵнʏндɵ бир нече эскермелер жазылып жарыяланды. Биз маектешкен, абал тааныштырган жолдоштордун эсине сактоо жɵндɵмдʏʏлʏгʏнʏн окшобостугу себебинен кээ бир айкын китептерде айырма кɵрʏлсɵ, аны ɵз ара пикир алмаштыруу, ичкерилеп изилдɵɵ аркылуу айгинелештирʏʏ тийиш деп карайбыз…” деп эскеришет, жогорудагы аты аталган авторлор. Алардын кичи пейилдʏʏлʏк менен мынтип кайрылганын да колдоп, кубаттоо керек. Себеби ошол ʏч аймак кɵңтɵрʏшʏнɵ катышып, Ысакбек менен бирге жʏрʏп, бирге туруп же болбосо кол астында иштеген ошол кездеги улуттук армиянын ардагерлери бʏгʏнкʏ кʏндɵ  Орто Азия республикалары менен Казакстанда бир топ эле бар. Албетте, алар да Ысакбек жɵнʏндɵ кɵп нерселерди билет. Ошондуктан, алардын да билгендерин чогултсак, кемтик жерлери улам толуктала берет деген сɵз. Турсун Ясиндин “Тɵңкɵрʏшчʏл курман болгондорду эскерʏʏ” деген уйгур тилинде жарык кɵргɵн китебинде: “Бул атты укканда адамдар чоң кызыгуу, суктануу менен эскеришет (Ысакбекти айтып жатат). Кытай революциясынын бир бɵлʏгʏ болгон ʏч аймак кыймылында элдин урмат-сыйына ээ болгон, дастан болуп айтыла  турган генерал- лейтенант Исакбек.  Ысакбек 1902- жылы Таш- Коргондун Суу- Башы деген жеринде кедей чарбачы кыргыздын ʏй-бʏлɵсʏндɵ дʏйнɵгɵ келген. Ал бала кезинен тоо- ташта ɵскɵндʏктɵн, ата кесиби мал чарбачылык менен ɵтɵт. Атасы аны окумуштуу кылуу ʏчʏн кɵптɵгɵн азаптар менен кɵчмɵ мектепте окутат.  15 жаштан эми эле 16 жашка караган Ысакбек ɵзʏнʏн тырышчаактыгы менен орто билимдʏʏ деңгээлге жетет. Ɵзʏнʏн билимге болгон ынтаасы менен 1917- жылы Советтер Союзуна келип Анжиян, Оштогу институтта 6 жыл окуйт…”.  Зунун Тайиповтун “Чыгыш Тʏркстан жергесинде” деген китебинде: “Исакбек Монуев  ʏч- Турпан ооданында чарбачыл ʏй- бʏлɵдɵ туулган…”, Сайпидин Азиз “Теңири тоо бʏркʏтʏ” деген китебинде  Ысакбек Монуев  Улуучат ооданындагы бир кыргыз чарбачы ʏй- бʏлɵдɵ дʏйнɵгɵ келген” деп жазат.   Юсупжан Айсанын “Иле дайрасы” журналынан: “Генерал- лейтенант Ысакбек Монуев 1900- жылы 20- ноябрь кʏнʏ Шиңжаң  Улуучат ооданынын Сымкана кыштагында чарбачыл кыргыз  ʏй- бʏлɵсʏндɵ туулган…”   “…Ысакбек бала кезинде тирикарак, адептʏʏ балдардан эле. Ал алган сабатын ошол Сымканадагы дин мектебинен чыгарып,  “Молдо Ысхак” деген наам менен ɵз элине тааныла баштайт. Ошондон баштап Ысхакбек элге аралашып,  элдин окуу- агартуу  жана чарбачылык иштерин жакшырта баштайт. 1917-жылы Россия тараптан качып ɵткɵн каракчы бандиттердин жергиликтʏʏ бийликтер менен биргелешип жасаган кедей- кембагалдарды таплап- тоногон жосунсуз аракеттерине кыжырланган Ысакбек ɵзʏнʏн бектик мансабын таштап, 1917-жылдан  1918- жылга дейре Сымкана менен Эркеш- Тамдын ортосунда кат ташуучу болуп иштеген. Ушул кезде Сымканада сарай ачкан соодагер Монун ахун хамчы, Нияз ахун дегендер менен таанышып, аларга жалданып  Кыргызстандын Ош облусу, Ташкент, Анжиян сыяктуу шаарларды кыдырып, бул жерлердеги Октябрь революциясынан кийинки ɵзгɵрʏʏлɵрдʏ кɵргɵндɵн кийин, идея жагынан чоң ɵзгɵрʏш жасап, социализмге болгон кɵз карашы артат, бул жɵнʏндɵ ɵз элине  ʏгʏт- насыят иштерин жʏргʏзɵт…” деп жазат.  Автордун айтуусу боюнча туулганда  азан чакырып коюлган аты Исхак,  кийин бек деген мансап алып Исхакбек деп аталып калган деген ɵзʏнʏн кɵз  карашын макала аркылуу кубаттап, далилдемекчи болот. Бул жерде Шиңжан кыргыздарынан  чыккан биринчи генерал Абдыкадыр Токторовдун “Тоо бʏркʏтʏ” аттуу тарыхый аңгемесинде да аты туура жазылбаган.  Ысхакбектин кошундары аттуу 35 полк жана бир бригада болуп курулуп,  Кашкар, Ак- Суу,  Хотен аймактары боюнча мамлекет чегин коргоону ʏстʏнɵ алган. 

1949- жылдын август айында Ахмеджан Касими, Ысакбек, Абдукарим Аббасов, Далилкан Сугурбаев жана Ложикдар Кытай Эл  Республикасынын Курулуу арапасындагы мамлекеттик саясий маслакат кеңеш жыйынына катышуу ʏчʏн Бейжинге кетип бара жатканда аэроплан кырсыгына учурап курман болушкан.  Курман болгондорго  Кулжа шаарынын ортосундагы эң кооз жерден эстелик тургузулган.  Биздин ордолуу Ош шаарыбызда да Ысакбек Монуев атындагы кɵчɵ жана анын эстелиги бар.

Даярдаган:  Сыдык  Токонов