27 апреля, 2024

Ишкерлердин багын ачкан “Аракетчил” долбоору

Ага Хан Фондунун Тоолуу Коомдорду Ɵнʏктʏрʏʏ Программасы (MSDSP KG) Дʏйнɵлʏк Банктын тɵрт жылдык “Аракетчил»  долбоорун ишке ашырды. Ага Хан Фондунун демилгеси менен Кыргызстандын Тоолуу Жамааттарын Ɵнʏктʏрʏʏ Программасы (MSDSP KG) Дʏйнɵлʏк Банктын АРАКЕТЧИЛ деп аталган 4 жылдык жаштарды иш менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда. Долбоор  Япониянын Социалдык Ɵнʏктʏрʏʏ Фонду (JSDF) тарабынан каржыланып Жалал-Абад, Ош, Баткен шаарларындагы 41 максаттуу жамааттардагы 18-34 жаштагы 4000 жаш аялдар менен эркектердин экономикалык ишмердʏʏлʏк ʏчʏн инновациялык чечимдерди колдоого жана ишке орноштурууга кɵмɵк кɵрсɵтʏʏгɵ багытталган.

Бул долбоор MSDSP KG коомдук фондунун (Кыргызстандагы тоолуу коомчулукту ɵнʏктʏрʏʏнʏ колдоо программасы) демилгеси менен эки багытта ишке ашырылууда. Биринчиси, чакан гранттар аркылуу алардын бизнесин ɵнʏктʏрʏʏгɵ колдоо кɵрсɵтʏʏ, ишкердикти ʏйрɵтʏʏ. Экинчиси, кесиптик билим берʏʏ. Долбоор ошондой эле жумуш орундарын тʏзʏʏгɵ, жумушсуздукту кыскартууга багытталган.

Техникалык жана кесиптик билим берʏʏ боюнча окуу программасына: тигʏʏчʏ, электрик, автослесарь, агроном, официант, ветеринар, электр жана газ менен ширетʏʏчʏ, сантехник, чач тарач, компьютер оңдоочу, ашпозчу сыяктуу кесиптер кирет.

Ошондой эле долбоор ГОИ (жалпы кызыкчылыктар тобу) ʏчʏн кɵптɵгɵн тренингдерди ɵткɵрдʏ. Анын максаты айыл тургундарынын алар тартылган кошумча нарк чынжырындагы боштуктарга жана кɵйгɵйлɵргɵ жооп кайтаруу мʏмкʏнчʏлʏгʏн жогорулатууга багытталган. Кошумчалай кетчʏ нерсе, бул тренингдер айыл тургундарына атаандаштык, салыштырмалуу артыкчылыктарга ээ болуу, айыл тургундарынын финансылык абалын жакшыртуу жана кɵз карандысыз коммерциялык уюмдар катары туруктуу ɵнʏгʏʏгɵ жардам берет.

Долбоордун алкагында 2019-жылдын апрель айынан баштап тɵмɵндɵгʏлɵр окутулду:

• Техникалык жана кесиптик билим берʏʏнʏн курамында – 1421 адам;

• Ишкердикке окутуунун алкагында – 692 адам;

• Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча окутуунун алкагында – 1020 адам;

• 831 мʏчɵсʏ бар 30 жалпы кызыкчылык топтору тʏзʏлгɵн жана технологиялык жабдуулар менен жабдылган;

• Техникалык жана кесиптик билим берʏʏ боюнча 24 окуу борборлору 326 жабдуулар менен жабдылган;

• Ишкананы ɵнʏктʏрʏʏгɵ 79 субгрант берилген;

Ошондой эле ишкерликти жана бизнесин  ɵнʏктʏрʏʏгɵ колдоо кɵрсɵтʏʏнʏн алкагында MSDSP KG Accelerate Prosperity коомдук фонду жана DevCIT окуу борбору менен биргеликте тɵрт бизнес акселерациялык программасы уюштурулду.

Акселерациялык программада ар бир катышкан ишкана, долбоор бизнес-трекшндан ɵттʏ, атайын заманбап ыкма менен окутулуп, мыкты кɵрсɵткʏчтɵрдʏ кɵрсɵтɵ алышты.

Трекшн(traction) — жаңы баштаган компаниянын прогрессинин кɵрсɵткʏчʏ. Ал тɵмɵнкʏдɵй жол менен ишке ашырылат:

— бир нече ɵсʏʏ ыкмаларынын жыйындысы

— туура чечим кабыл алуунун жолдору

— башкарууга ийкемдʏʏ мамиле кылуу

Акселерациялык программаны ɵткɵрʏʏгɵ 60тан ашуун ар кандай тармактагы кесипкɵй эксперттер жана консультанттар тартылган.

Биринчи акселерациялык программага рыноктогу алдыңкы, лидер компаниялардан 17 ɵтʏнмɵ тʏшʏп, анын ичинен 8 ишкана тандалып алынган. Биринчи акселерациялык программа (БАП1) 13 жумага созулуп, 58+ трекшн сессиялар, 40 саат окутуу, 32+саат консультациялык жолугушуулар жана 15 эксперт, конок спикерлер тартылган.

БАП1 аяктаган 8 ишкана тɵмɵнкʏ жыйынтыктарды кɵрсɵткɵн:

— 5 ишкана кирешесин 61% кɵбɵйткɵн

— 3 ишкана 24 жаңы бош иш орундарын тʏзгɵн

— 4 ишкана бизнес процесстерин оптимизациялады

— 3 ишкана брендингин ɵзгɵрттʏ

—  4 ишкана жаңы 402 рыноктук мамилелерин тʏзɵ алды.

БАП2 катышууга 310 ɵтʏнмɵ тʏшʏп, алардын ичинен 30 ишкана тандалып алынган. 7 жумалык бизнес акселерациялык программанын негизинде ишкерлер тɵмɵнкʏдɵй ийгиликтерди кɵрсɵтɵ алышты:

— 8 ишкана кирешесин 111% кɵбɵйткɵн

— 9 ишкана 37 жаңы бош иш орундарын тʏзгɵн

— 7 ишкана бизнес процесстерин оптимизациялады

— 10 ишкана брендингин ɵзгɵрттʏ

— 18 ишкана жаңы 280 рыноктук мамилелерин тʏзɵ алды

— 12 ишкана 22 жаңы продукт жасады

Тɵртʏнчʏ бизнес акселерациялык программасына — CASA 1000 Коомчулукту колдоо программасынын (CSP) ɵнɵктɵштʏк долбоорунун алкагында аныкталган Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан тандалган 12 маанилʏʏ экономикалык объекттерге консультациялык колдоо кɵрсɵтʏлдʏ.

 CASA 1000 Коомчулукту колдоо программасынын (CSP) ɵнɵктɵштʏк долбоорунун негизинде грант алууга 39 айыл аймактан ɵтʏнмɵ тʏшʏп, алардын ичинен 12 айыл аймактан кошумча чынжырды тʏзгɵн бизнес проект Кыргыз Республикасынын коомчулукту ɵнʏктʏрʏʏ жана инвестициялоо Агентствосу  (АРИС) тарабынан тандалып алынган.

Тандалып алынган экономикалык объекттер менен 3 жумалык бизнес акселерациялык программасынын негизинде жазылган бизнес пландын ʏстʏнɵн иштɵɵ, финансылык моделди тʏзʏʏ, тобокелчиликтерди аныктоо, ишкананын маркетингдик стратегиясын тʏзʏʏ, организациялык структураны тʏзʏʏ жана профилдик индивидуалдык консультациялар ɵткɵрʏлгɵн. Окуу онлайн жана оффлайн форматта жʏргʏзʏлʏп, ар бир тема боюнча атайын эксперттер ишке тартылган.

Ошондой эле Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы жаш ишкерлер ʏчʏн санариптик стартаптар ʏчʏн Ош шаарында 3 жумалык бизнес акселерация (Hackathon) ɵткɵрʏлгɵн. Катышууга 200 ɵтʏнмɵ тʏшʏп, анын ичинен 35 катышуучу тандалып алынган. Жыйынтыгында:

— 17 ишкана хакатондун башында коюлган максаттарына жетишти

— 16 ишкана ɵзʏнʏн кɵрсɵткʏчтɵрʏн жакшыртты

— 4 ишкана идея этабынан MVP  этабына жете алышты

— 3 ишкана MVP этабынан биринчи сатыкка чейин чыга алышкан.

Ошондой эле субгрант берилген 18-35 жаштагы жаш ишкерлер ʏчʏн насаатчылык программасы ишке ашырылды. Насаатчылык программасынын негизги максаты болуп L4Y долбоорунун алкагында чакан гранттарды утуп алган, тандалган стартаптарга техникалык колдоо кɵрсɵтʏʏ болгон.

Насаатчылык программасы эки айга созулуп, жаш ишкерлерге ɵз бизнесин ачууда жана алдыга жылдырууда кездешкен кɵйгɵйлɵрʏн чечʏʏгɵ, аларга техникалык колдоо кɵрсɵтʏʏгɵ жана учурдагы бизнес моделдерин бекемдɵɵгɵ багытталган.