27 апреля, 2024

Онлайн окууга жеткирген грипптин кайсы тʏрʏ катталууда?

Бул ирет катталып жаткан сезондуу грипп элди кыйла тʏйшʏккɵ салды. Адис айтмакчы биздин эл ооруп баштаган алгачкы кʏндɵн эле дарыканага чуркап, жɵн дары же антибиотик экенин карабай ичип, ɵз алдынча дарылана берет. Мындай жол менен ооруну жеңе албайбыз сыягы. Андан кɵрɵ дарыгердин кеңешине кулак салып, ден соолукка туура кам кɵрʏʏнʏ ɵздɵштʏрʏʏ зарыл.

Тамила Нуркамилова, 2-жугуштуу оорулар бɵлʏмʏнʏн бɵлʏм башчысы:

“Вируска антибиотик таасир этпейт, тескерисинче, иммунитетти тʏшʏрɵт”

— Бʏгʏнкʏ кʏндɵ кɵпчʏлʏк жарандарыбыз грипптин кайсыл тʏрʏ менен кайрылып жатышат?

-Азыркы учурда грипптин H1N1 тʏрлɵрʏ кɵп катталып жатат. Бул вирустун ɵзгɵчɵлʏгʏ чоңдордо да, балдар арасында да тез жугуп, адамда оор ɵтɵт. Алгач 2009-жылы грипптин жогоруда айтылган H1N1 тʏрʏ “чочко тумоосу” деген ат менен чыккан. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ грипптин бул тʏрʏ чочко тумоосу деп аталбайт. Муну кадимки эле сезондуу грипп катары кабыл алышыбыз керек. Ооруп жаткан адамдын дене табы кɵтɵрʏлʏп, тамагы ачышып, кɵзʏнɵн жаш куюлуп, аз-аздан кургак жɵтɵл менен коштолушу мʏмкʏн. Мындай учурда дарыканага барып, кɵрʏнгɵн антибиотиктерди алып, иче берʏʏ туура эмес. Себеби вируска антибиотик таасир этпейт, тескерисинче, иммунитетти тʏшʏрɵт. Ошондуктан дене таптын кɵтɵрʏлʏшʏ менен коштолгон сасык тумоодо биринчиден парацетамолду сунуштайбыз. Ооруп калган адамды бир бɵлмɵгɵ бɵлʏп, бɵлмɵнʏ таза аба менен желдетип туруусу зарыл, аны менен байланышта болгон адамдар сыртка чыкканда сɵзсʏз медициналык бет кап тагынып жʏрʏʏсʏ абзел. Себеби, башка адамдарга жугуп калуу коркунучун алдын алууга милдеттʏʏбʏз.

“Асма уколду ʏй шартында алууга такыр мʏмкʏн эмес”

-Кандай учурда адам укол же капельница алуу деңгээлине жетип калат?

-Биздин биринчи кɵйгɵй ушул болуп жатат. Мисалы, капельницаны ʏй шартында алууга такыр мʏмкʏн эмес. Ал реакция берсе, ɵлʏмгɵ чейин дуушар кылышы ыктымал. Анан грипп башталган биринчи кʏндɵн тартып эле дарыканага жʏгʏрʏп, антибиотиктерди алып келʏʏ туура эмес. Жарандарга кайрылар элем, ɵз саламаттыгы ʏчʏн мындай олуттуу аракеттерге барышпаса. Азыр билесиздер, дарыканадагы сатуучу да врач катары барган адамга “мынаны ичесиң” деп дарыларды кармата салууда. Негизи грипптин башталган алгачкы ʏч кʏнʏндɵ мʏмкʏн болушунча суюктук ичип, дене тапты тʏшʏрʏʏ аракетин кɵрʏшʏбʏз керек. ʏй шартында суюктукту кɵп ичʏʏ ооруну дарылоонун эффективдʏʏ жолдорунун бири. Эгер оору кʏчɵп баратса, врачка кайрылып, анын кɵрсɵтмɵсʏ менен гана керектʏʏ дары-дармекти, укол же капельница алуу керек.

-Алдыда грипптин оор тʏрʏ кайра массалык тʏрдɵ кайталанышы мʏмкʏнбʏ?

-Алдын ала прогноз берʏʏ кыйын. Бирок, бʏгʏнкʏ кʏндɵ грипптин H1N1 тʏрʏ катталып жаткан болсо, бул басаңдагандан кийин грипптин В же H3N2 тʏрлɵрʏ башталышы мʏмкʏн. Демек, кайталанбайт дегенге кепилдик жок. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе азыркы учурда вакцина бар. Биздин медицина кызматкерлери баары алышкан.

Кʏмʏш Ражапова, Нариман айыл ɵкмɵтʏнɵ караштуу Осмон айылынын фельдшердик-акушердик пунктунун ʏй-бʏлɵлʏк медайымы:

“Вакцинаны алсам таптакыр грипп болбойм” деген тʏшʏнʏктɵн алыс болуу керек”

-Гриппке каршы вакцинаны кимдер ала алат?

-Учурда бизге Россия Федерациясынан бир дозалык “Гриппол” вакцинасы алынып келинет. Биз жыл сайын Саламаттыкты сактоо министрлигине калктын аярлуу катмарына вакцина алуу ʏчʏн билдирме жɵнɵтɵбʏз. Мисалы, кош бойлуу аялдар, 60 жаштан жогоркулар, кант диабети барлар, жʏрɵктʏн коронардык оорусу менен жабыркагандар, 5 жашка чейинки балдардын ичинен майыптыгы бар, тез-тез ооручу балдар, ошондой эле медицина кызматкерлери, мектеп мугалимдери мамлекет тарабынан вакцинаны акысыз алышат. Калган жарандарыбыз сатып алса болот. Вакцина медициналык мекемелерде гана сатылат. Муну атайы дарыканаларда саткандар да бар. Бирок, вакцина муздаткычтан муздаткычка келип тʏшʏп, +2, +8 градуста сакталышы керек. Ошондуктан дарыканада сатылып жаткан “грипполдор” боюнча бир нерсе дей албайм. 

-Вакцинанын алгандан кийин тумоолоп калуу коркунучу азаябы?

-Биз сɵз кылып жаткан «Гриппол» вакцинасын алгандан кийин 8-12 кʏндɵ грипптин кооптуу делген H1N1, H3N2 жана В тʏрʏнɵ каршы иммунитет пайда болот. “Вакцинаны алсам таптакыр грипп болбойм” деген тʏшʏнʏктɵн алыс болуу керек. Себеби вирустун тʏрлɵрʏ кɵп. Мындан сырткары вакцина алган адам жогоруда айтылган грипптин ʏч тʏрʏ менен ооруп калчу болсо жеңил тʏрдɵ ɵтɵт.

-Эмдɵɵнʏн календардык планына жараша «Грипполду» кайсы айда бересиздер жана ал организмди канча убакытка чейин коргой алат?

 -Баарыбызга белгилʏʏ болгондой грипп бир мезгилден экинчи мезгилге ɵтʏп жатканда кʏчɵйт, ошондуктан вакцинаны суук тʏшкɵнгɵ чейин сентябрь, октябрь айларында беришибиз керек. Ал организмди 12 айга чейин, тагыраагы, бир жыл коргой алат. Демек жыл сайын алына турчу вакцина. Албетте, вакцинадан баш тарткандар болбой койбойт. Бирок вакцинанын пайдалуулугу жɵнʏндɵ элге жакшы тʏшʏндʏрʏлсɵ баары алышат. Мисалы, мен иштеген аймакта бир да эмдɵɵдɵн баш тарткан адам жок. Баары чакыртылган убакта келип, вакцинасын алып кетишет.  

Бардык мектептер убактылуу жабылды…

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борбору шаардагы мектептерде сабакка келбеген окуучуларга кɵзɵмɵл жʏргʏзгɵн. Иш чаранын алкагында ʏстʏбʏздɵгʏ жылдын 12-декабрында Бишкек шаарындагы 101 мектептин жана 50 жалпы билим берʏʏ мекемесинде окуучулардын 20%ы курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруп, сабакка келбей жатканына байланыштуу онлайн билим берʏʏ боюнча 8 санитардык нускама даярдалган. Чектɵɵ чараларын киргизʏʏ, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди жабуу маселеси Бишкек шаарынын вице-мэри менен талкууланып, окуучулардын 20%ы жок болгон мектептерди жана бала бакчаларды тандалма тʏрдɵ жабуу чечими кабыл алынды. Ал эми Санэпидемия кызматынын корутундусу менен Ош шаарындагы 10 мектепте окуу токтотулган эле. Бирок 15-декабрь кʏнʏ Кыргызстандагы бардык мектептер аралыктан окууга ɵттʏ. Бул 24-декабрга чейин уланат. Ал эми ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген балдар 16-декабрдан 30-декабрга чейин онлайн окушат. Мындай чечим окуучулар арасында сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция ооруларынын жайылышын жана эпидемиологиялык кырдаалдын катталышына жол бербɵɵ максатында кабыл алынган.

 Айжылдыз Тойчиева