19 апреля, 2024

“Топоз баккан тозбойт”

Жакында эле Айыл чарба министрлиги Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттой турганын, 100 топоз 115 миң долларга бааланганын кабарлады. Бийик тоолуу, катаал шарттуу аймактарды мекендеген топоздорду кармап, ʏй-бʏлɵлʏк туруктуу кирешеге айланткан элеттиктерге бул ɵндʏʏ кабар дем берери анык. Мындай элеттиктердин катарын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургуну Жапарбек Алмамат уулу да толуктайт. Анын короосунда 50 баш топозу бар. «Аймактарда алды 300 баш топоз кармагандар бар» дейт каарманыбыз. Ал эми статистика комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылдын январь айына карата ɵлкɵдɵгʏ топоздордун жалпы саны 53,9 миңди тʏзгɵн. Ошондой эле беш топоз чарбада 1543 баш асыл тукум топоз катталган.

“Топоз бийик, суук жерди мекендейт”

Каарманыбыз Жапарбек 29 жашта, ʏй-бʏлɵдɵ уулдардын кичʏʏсʏ. Ал ата жолун улантып, айылда мал чарбачылыгы менен алектенип келет. Анын айтуусунда топоз кармоо чоң аталарынан бери уланууда:

-Топоз кармаганыбызга 17-18 жыл болуптур. Бизге чейин чоң аталарыбыз да топоз багып, тиричилик кылышкан. Мындан улам биз да кармап калганбыз. Топоз кɵбʏнчɵ суук жерлерди мекендейт. Кышкысын Чоң-Алай суук болот эмеспи, абанын температурасы -30 градуска чейин тʏшɵт. Ал эми жазында ак кардын тʏбʏнɵ бийик жайлоолорго, суук жактарга чыгып кетишет. Бул жаныбар ɵзʏ ошондой бийик жерлерди жакшы кɵрɵт. Аба ырайы ысык жерлерде жашай албайт, суукка чыдамдуу келишет. Башка малдардан да ушунусу менен айырмаланат. Ошондой эле жылдын кɵп мезгилинде топоз талаада жʏрɵт. Талаадан оттоп, талаада тʏнɵйт. Артыкчылыктарын айтсак, таза келет. Бийик жерлерде жʏргɵндʏктɵн, таза, дарылык касиетке ээ чɵптɵрдʏ жешет. Кар оор тʏшкɵн жылдары айылга сарайларга алып келип караган учурлар да болот. Топоздорго тоют анчейин кɵп талап кылынбайт. Мисалы, уйга салыштырмалуу чɵптʏ, тоютту азыраак жейт. Сарайга дегенде жылуу жерде кармабайсың. Курсагы тойсо, сыртта эле жата беришет, кароо жеңил.

Кыш мезгилинин декабрь айынан тарта бир жылдык торпокторду, мамалактарды колдо кармайбыз. Чоңдору кыштын оор-жеңилине карап, талаада же жогоруда айткандай айылда болушат. Кар азыраак тʏшʏп, кыш жеңил болуп, топоз от алгыдай болсо, кышты талаада ɵткɵрʏшɵт. Тагыраагы, кырларда кар жаап, шамал болуп, айрым жерлерде карларды учуруп, кара жер ачылып калганда гана топоздор отун таап жей алышат. Кой, жылкыларга окшоп буту менен карды казып чɵп издешпейт. Кыш оор болгон, кар калың мезгилде башка малдар сыяктуу эле чɵп салып, колдо кармоого туура келет.

“400 килограммга чейин эт берет”

Топоз акыркы кезде эт багытында кɵбʏрɵɵк талап кылынып жатканын айткан каарманыбыз, эти кой-эчки, жылкынын этине салыштырмалуу сиңимдʏʏ, экологиялык таза болорун белгилейт:

— Орточо бир топозду ала турган болсок, 150 килограммдан, 200 килограммга чейин эт берет, мындай топоздор 70-75 миң сомго бааланат. Ал эми 7-8 жаштагы чоң букалар 400 килограммга чейин эт берет, баалары 100 миңден ашат. Эки-ʏч жаштагыларынан 90-100 кг эт чыгат да, базарда 40-45 миң сомго бааланууда.

Негизинен топоз ʏч жашка барганда курмандыкка жарап калат. Эти ушул маалда даамына келет. Кээде кардарлар жаш мамалактарын да этке деп алып кетишет. Бирок, алардын эти ʏч жаштагылардын этиндей даам бере албайт. Мында тамак-аш азыктарында колдонулчу эттерден эң жештʏʏсʏ топоздун эти десек болот. Топоздор кɵп ооруй беришпейт, ага ылайык, дары-дармек да колдонула бербейт, экологиялык таза продукция.

ʏй-бʏлɵгɵ эң эле пайдалуу жагы саткандан тʏшкɵн пайда. Ошондой эле эт менен ɵзʏбʏздʏ камсыздап турабыз. Бардыгына эле тамак-ашта колдонууга сунушталып келет. Кайсы бир оору менен ооругандарга тыюу салынганын укпаптырмын. Сʏт, май азыр албай калдык. Топоздун майы жештʏʏ келип, кан басымды кɵтɵрбɵйт. Мындан бир топ жыл мурун сʏтʏн саап, курут, айранын иччʏбʏз. Акыркы кезде жайлоого чыкпай, топоздор саалбай, сʏт, май жасалбай калды. 

“Март-июнь айларында тɵл кызуу жʏрɵт”

-Ата-бабаларыбыз топозду кʏндɵлʏк турмушта кɵп колдонуп келгенин угабыз. Бирок, ɵзʏбʏз ага кʏбɵ болбодук. Чоң атамдар деле топоздун кʏчʏн пайдаланышпаптыр. Илгери топозду кɵбʏнчɵ унаа катары пайдаланышып, жʏк артып, минишчʏ экен. Мунун артыкчылыгы да мына ушунда. Анткени топоз тоо-таштарда, ашууларда жылкыга караганда жакшы басат. Азыркы жашоодо топоз мингендер жок. 

Топоздун жашы жылкынын жашы сыяктуу айтылат. Мисалы, бир жашка толуп, эки жашка ɵткɵнʏн тай (тай торпок), ʏч жашка толгонун кунан, тɵрт жашында бышты, беш жашка барганда асый деп коюшат. ʏч жашында тɵл бере баштайт. Туут маалы февраль, март айларында башталып, июль, августка чейин созулат.

 “4-5 жаш болгон букаларга карышкыр тие албайт”

-Талаада мал калбай калган мезгилдерде карышкырлар топоздорго да кол салат. Кɵбʏнчɵ топоз жаңы тɵлдɵп, туут маалы башталган мезгилде карышкыр тийип, торпокторун жеп койгон учурлар кɵп кездешет. Башка малга караганда топоздордо ɵзʏн коргоо жагы жакшы. Бирок, баары бир бɵрʏлɵргɵ жем болуп калгандар жок эмес. 4-5 жаш болгон букаларга гана карышкыр тие албайт. Жырткыч кол салганда алгач топозду ʏйʏрдɵн ажыратып, шамал уютуп, кар калыңдап калган жерлерге кууйт. Кɵбʏнчɵ кар калың болгон жерлерде жакшы кача албай калышып, жем болушат.

“Топоз баккандардын ɵз-ɵзʏнчɵ жайыттары бар”

Каарманыбыз кошумчалагандай, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында топоздор жыл сайын яшур, карасан, кара ɵпкɵ сыяктуу ооруларга каршы эмдɵɵдɵн ɵткɵрʏлʏп турат. Ошондой эле айылда топоз кармоого кызыккандар кɵбɵйгɵнʏн айтат:

— Биздин айылда мал чарбачылыгынын бул тʏрʏн тандагандар кɵп. Жылдан-жылга топоз кармап, ɵндʏрʏʏгɵ кызыккандардын саны ɵсʏʏдɵ. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ айылыбызда 600 тʏтʏн жашаган болсо, анын элʏʏгɵ чукулу топоз менен алектенишет. Топоздорунун саны 300гɵ жеткен тургундар дагы бар.

Бул жаныбарды кой ɵңдʏʏ ысык-суукка, жамгырга карабай кайтарып, кɵзɵмɵлдɵɵ зарыл эмес. Анчейин кɵп эмгекти талап кылбайт. Айылда топоз баккандардын ɵз-ɵзʏнчɵ жайыттары бар. Баары кɵзɵмɵлдɵп, карап турушат. Жайында негизинен топоздор чогуу жʏрʏшɵт, тобунан бɵлʏнʏшпɵйт. Ал эми кышкысын от издеп, топ-топторго бɵлʏнʏп кетишет. Жылына бир-экиден баш жоголуп да кетет. 

Жумагʏл Кочкорбай кызы