27 июля, 2024

«Макарон»  таттуу токочтору

Макарон таттуу токочторун акыркы кезде биздин ɵлкɵдɵ да байма-бай жасап, коомдук тамактануучу жайларда кеңири колдонулуп келʏʏдɵ. Ар тʏрдʏʏ тематикалык майрамдарга карата алардын формасы, даамы да адаттагы тегерек калыбынан ɵзгɵчɵлɵнʏп жасалып жʏрɵт. Анын кооз кɵрʏнʏшʏ кɵпчʏлʏктʏн кɵңʏлʏн буруп, адамдар арасында белек катары бергендер кɵп экенин бул таттууну жасагандар тастыктап келет. Биз Ош шаарында макарон таттуу токочторун жасаган Жийдегʏл Нурумбетованын кепке тарттык.

Макарон – жумуртканын агынан, кумшекер жана бадам унунан жасалган француз таттуусу. Ал печеньенин формасында жасалып, эки печеньенин ортосуна крем же кыям коюлуп жасалган таттунун тʏрʏ. Италия аталышы maccarone/maccherone ammaccare сɵзʏнɵн алынып “сындыруу”, “ныктоо” дегенди тʏшʏндʏрɵт. Негизги азык бадам унунан жасалат. Даяр болгон азыктын сырткы кɵрʏнʏшʏ жылмакай келип таттуу, оозго салганда эрий турган,  даамынын тʏрʏ боюнча ар тʏрдʏʏ болуп бɵлʏнɵт.

Таттуунун жаралуу тарыхы боюнча ар тʏрдʏʏ ажырым ойлор айтылып жʏрɵт. Айрым булактарда таттуу  Италия ɵлкɵсʏнɵ таандык, ал Венецияда Кайра жаралуу доорунда пайда болгон да деп айтылат.  Дагы бир маалыматтарда макарондор Франциянын Кормери шаарында 791-жылга чейин пайда болгон делет. Ушул маалыматтарга таянуу менен шириндикти Францияга италия ашпозчулары алып келишкен деген сɵздɵр маалымат булактарында кеңири колдонулуп жʏрɵт.

1830-жылдары макарондорду ликер алкоголу, кыям жана татымалдар менен бирге дасторконго тартуу кылышкан. Убакыттын ɵтʏшʏ менен эки печеньени крем менен бириктиришкен. Макарондор француз жана поляк Макдональс ресторандарында сатылып келет. 2010-жылдан тарта АКШда популярдуу десерттерге айланган, ал тургай пасха майрамына карата белек катары да пайдаланылып келет.

-Жийдегʏл айым, таттууларды алгач кимден ʏйрɵндʏңʏз, кимден окудуңуз, азыр ɵзʏңʏз окутасызбы,кепти ушундан баштасаңыз?

-Негизги кесибим англис тилинен котормочу. Ош мамлекеттик университетинин студентимин. Макарон печеньесин жасоо менен бир жылдан бери алектенип келем. Мен ʏчʏн хобби дагы, кесип дагы десем туура болот. Ɵзʏм атайын окууга барып окуган жокмун, бирɵɵдɵн ʏйрɵндʏм деп да айта албайм. Ɵзʏмдʏн кызыгуум кʏч болгондуктан азыр интернет деген бардык адамдар ʏчʏн жеткиликтʏʏ болуп калбадыбы. Ошол сыяктуу мен да интернеттен карадым, видео материалдарды кɵрʏп, окуп ɵздɵштʏрʏп кеттим. Кайра-кайра практика кылып, аракеттенип жатып жасап калдым. Социалдык желелерге жасаган макаронстордун сʏрɵттɵрʏн илип турам, кызыгып сурагандар бар, окутасызбы деп. Суроо-талап болгондуктан кээде окутуп да калам.

-Бул иште шык-жɵндɵм сɵзсʏз талап кылынабы же ар бир адам ʏйрɵнʏп кетсе болобу?

-Адам кɵңʏл бурса, кызыкса ар бир нерсени ʏйрɵнʏп кете алат деп ойлойм. Кызыгуу болбосо адамды зордоп эч нерсени ʏйрɵтɵ албайсың, эң оболу кайсы бир деңгээлде болсо да адамдан кызыгуу болуу керек. Мен мисалы, ɵзʏм ушул нерсеге кызыктармын. Демек мен ʏчʏн жеңил.

-Макаронстор эмне себептен кымбат сатылат, тʏйшʏгʏ оорбу же ага жумшалуучу азыктар кымбатпы?

-Ушул суроону мага аябай кɵбʏ беришет, эмнеге кымбат, ʏстʏнɵ кɵп акча кошуп сатасыздарбы дейт. Жок, бул андан эмес. Макаронсторду даярдоодо жумшалуучу азыктар арзан эмес баада. Макаронстор бадамдын унунан жасалат, муну баары биле бербесе керек. Ушуну эле эске алалы, анын 1 килограммы базарда 1500 сомдон турат. Айрым жерлерден андан да кымбатка алса болот. Мындан сырткары, макаронсторду жасап жатканда туура эмес аралаштырып койсоң, же кумшекерди кɵп же аз кошуп койсоң да окшошпойт же духовкадагы “аба ырайы” жакпай калса да сынып кетет. Бышырып жатканда свет ɵчʏп калса ошол макаронстор жок деп элестете бериңиз. Бул ɵтɵ назик десерттин тʏрʏ. Сыныктарды эч ким албайт. Бул таттуу ɵзʏ сулуулукту сʏйгɵн нерсе да. Аны да жɵнɵкɵй адамдар буюртма бербейт, кɵпчʏлʏгʏ кооз кɵрʏнгɵнʏ ʏчʏн белекке алышат. Белекке сынган печеньелер берилбейт. Кыскача ушундай десем болот.

Бышырып жатып кʏйгʏзʏп алып, колуман тʏшʏрʏп, сындырып алган кездер болду. Мындан сырткары бышпай калып, андан улам менин маанайым да тʏшʏп калчу. Бир ирет кой зерикпей “крышкаларын” бышырып коеюн деп ойлонуп калдым. Ортосундагы кремдерин жаба турган печеньесин “крышка” деп коёбуз. Анан мен баарын даярдап бʏтʏп, духовкага салайын деп калганда свет ɵчʏп калса болобу. Жакын арадагы мекемеге чалсам 3 сааттан кийин свет болот деди. Эрте мененкиге чейин тура албайт, ал камыр ачып калат. Анан чоң атама чалсам «жата элекпиз, келе бер» деди. Барып духовкаңызга ушундай печенье бышырып алайын десем макул болду. Атам менен апам, бир туугандарым жардамдашып машинага салып чоң атамын ʏйʏнɵ барып бышырдым. Анан муздай берсин деп терезенин текчесине коюп койгон экемин, эрте менен турсам иним 1-2 листин ойноп, жарып, сындырып салыптыр. Кетирген эмгегиме ичим ачышса да иними катуу урушкан жокмун.

-Беш кол тең эмес да кардарлар тарабынан нааразычылыктар да болобу, негативди кантип жеңесиз?

-Ооба, ар тʏрдʏʏ адамдар менен иштешʏʏгɵ туура келет. Талашып- тартышпайм, эгер мен жаткан кʏнɵɵ кетсе кечирим сурайм. Кардардын ою ар дайым туура да.

-Эң алыс кайсыл аймакка чейин таттуу жасап бердиңиз?

-Оштон сырткары, Жалал-Абад, Бишкекке чейин жасап бердим. Менден буюртма берип алып, аны Бишкекке жибергендер да бар экенин угуп калчумун. Бишкектен алгандар мени белгилеп социалдык тармактарга илгенден кийин билип калчумун.

-Кардарлар тарабынан кызыктуу суроо-талаптар да тʏшсɵ керек, ушундай кылып жасап бериңиз деген ар биринин каалоосун аткарууга болобу?

-Ооба, ар тʏрдʏʏ ойлорун айтат, жасап бергенге аракет кылам. Айрымдары чоң печеньени жактырса, айрымдары кичинекей жасап бер дешет. Кээ бирлери «ичине жемиш салбаңыз, аллергиям бар» дешет. Андайда алардын каалоосун эске алам.

Элира Чынтемир кызы