25 апреля, 2024

Кинология бул –иттерди тʏшʏнʏʏ жана тарбиялоо искусствосу

Кинология бул иттерге байланышкан суроолорго жооп  издɵɵ. Кинолог иттерди белгилʏʏ бир нерсеге  тарбиялаган, алардын кулк-мʏнɵзʏн изилдеп, жетиштʏʏ деңгээлде жыйынтык кɵрсɵтʏʏчʏ адам. Негизги милдеттери катары иттердин тамактануусун, сейилдɵɵсʏ, командалык ʏйрɵтʏʏлɵр жана ар тʏрдʏʏ тапшырмаларды аткаруу болуп саналат. Ошондой эле, ɵз убагында иттер медициналык кароодон  ɵтʏп туруусу керек.  Бул кесиптин келип чыгуу тарыхы жана илим катары таанылуусу XIX кылымдын аягына туура келет. Кесиптин коомго тийгизген пайдалуулугу катары иттердин кылмышкерлерди жана жарылуучу заттарды, баңги заттарды издɵɵсʏн айтса болот. Кинологиянын 3 багыты бар алар: кызматтык, аң-уулоочулук жана декоративдʏʏ(булар сынак, кɵргɵзмɵлɵргɵ иттерди даярдайт). Биздин “Кесип” рубрикабыздын алкагында Ош ШИИБинин кинология борборунун инспектор-кинологу Кубанычбек Бакиров кинолог кесиби тууралуу айтып берет. 

Итти атайын кызматка даярдайт

-Кинология кесиби ɵзʏнчɵ илим десе туура болот. Бул багытта окуткан атайын адистик же билим берʏʏ мекемелери жок. Биз юридика багытында иштеп калган адистер кошумча окуп, ʏйрɵнʏп жʏрɵбʏз. Мунун тʏбʏнɵ жетʏʏ деле кыйын, ɵзʏм кʏн сайын изденип турам. Ит менен ойноп, аны нары- бери бастырып эле койгон кинолог эмес. Кинолог итти атайын кызматка даярдайт. Иттердин да нерв системалары болот, ошого карап итке мамиле кылып, кандай багытта итти ʏйрɵтʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар экенин билʏʏ керек. Жɵндɵмʏ бар, жɵндɵмʏ жок деген сыяктуу иттер деле ошондой болуп бɵлʏнɵт.

Кинологияда иттерди кызматка алып жатканда кʏчʏк кезинен текшерип кɵрʏп анан алабыз. Мисалы, бир ит 5-6 кʏчʏк тууса анын ичинен экɵɵ же бирɵɵ, кээде бири да кызматка жарабай калышы мʏмкʏн. Балким, тескерисинче, баары жарактуу болуп чыгат. Аны кинологдор кɵрʏп, байкаштырышы керек. Жарылуучу заттарга кандай реакция кылат, кыймыл-аракетине карап иттин жɵндɵмʏ аныкталат. Андан соң даярдоо иштери башталат.

Кыймылдуу, акылдуу, сезимтал

-Биз иттерди атайын типтерге бɵлɵбʏз. Холерик иттер кыймылдуу болушат. Буларда сɵзсʏз жɵндɵм болот. Сангвиник иттер акылдуу болушат. Дрессировкада тез кабыл алып, тез ʏйрɵнʏп кеткен иттер. Флегматик иттер булар сангвиник сыктуу эле болушат. Бирок, буларда бир аз артка чегинʏʏ деген бар. Анан акыркы меланхолик иттер бар. Булар айыл жергесинде курсагы ток, бир нерсенин астында жата берген, кыймылы аз иттер. Булар кызматка жарабайт. Биз сангвиник, холерик, флегматик иттерди ɵстʏрɵбʏз. Кɵбʏнчɵ флегматик менен холерикке басым жасалат. Ушул типтеги иттер менен алектенсең, ɵзʏңɵ да жеңил, кызматка да жакшы.

“Токчулукта чоңойгон иттер мурду менен тамак издебейт”

-Ɵзʏ кызматка кʏчʏктɵрдʏн 3-4 айынан баштап 6 айга чейин окутуу мɵɵнɵтʏ башталат. 6 ай бʏткɵндɵн кийин кʏчʏк алдыда даярдоого жарактуу болушу керек. Бизди кинологияга ʏйрɵтʏп жаткан кезде агай-эжекелер айтып калчу, “кызматка жарай турган жакшы ит бул кɵчɵдɵ жʏргɵн жолбун иттер” деп. Себеби алар тɵрɵлгɵндɵн баштап мурду менен жыт, тамак издеп ɵмʏрʏ ɵтɵт. Аларда жыт сезʏʏ жакшы ɵнʏккɵн. Ал эми бизде кызматка даярдалып аткан багуудагы иттер токчулукта ɵскɵн иттер. Токчулукта чоңойгон иттер мурду менен тамак издебейт, алар кɵзʏ менен издейт. Сен келатасыңбы, демек ал кɵрдʏ, тамак берет деп ойлойт. Кɵчɵ иттери болсо тапса сʏйʏнʏп жейт, таппаса мурду менен издеп жʏрɵ берет.

“Итти адамдын жытына ʏйрɵтʏʏ аябай кыйын иш”

-Бардык кызматтарга жарактуу ит бул универсалдуу овчарка породасындагы иттер. Мындан сырткары ууга жарактуу иттердин 3-4 тʏрʏ спаниель, лабрадор ушулар кирет. Азыр бизде немис овчаркалары, чыгыш-европа овчаркалары, Белгия овчаркалары бар. Иттер менен 6 ай, 1 жыл машыгуу жʏргʏзгɵндɵн кийин кызматка даяр болот. Бул убакытта же адам издɵɵ, же баңги заттарды издей турган, же жарылуучу заттарды издей турган ар бири ɵзʏнʏнʏн багыты боюнча даяр болушу керек. Адамды издетʏʏдɵ иттер менен машыгууда дем алыш, майрам кʏндɵрʏн кошкондо бир жыл убакыт бою машыкса кызматка даяр болуп калат. Ал эми баңги заттарды издɵɵ багытындагы иттер бир аз жеңилирээк. Алар тамактын жыты менен, топтун жыты менен ʏйрɵтʏлɵт. Себеби итти адамдын жытына ʏйрɵтʏʏ аябай кыйын иш.     

“Иттер да акылдуу анан амалкɵй келишет”

-Наркотикалык заттарды табуу ʏчʏн кызматка даярдалган иттерди жыт, оюнчуктар менен ʏйрɵтɵбʏз. Мисалы, итти 2 кʏнгɵ чейин ачка калтырса эч нерсе болбойт. Иттерге биз айлык тɵлɵбɵйбʏз да. Алар кылган кызматынын акысына тамактанышат. Булар ошол мен ушуну жасасам мага тамак берет деген мээсинде дайыма болот. Тамакты айлык катары кɵрɵт. Биз деле иттерге сен ушуну жасасаң, мен тамак берем дегендей ʏйрɵтɵбʏз. Ошон ʏчʏн ʏйрɵтʏʏ учурунда бир нерсени тап десең бир эле жолу кɵрсɵтɵт дагы сени карап тура берет, эми тамак бересиңби дегенсип. Иттер да акылдуу анан амалкɵй келишет.

Багыттары

-Адамды жытынан издетʏʏ, баңги заттарды издетʏʏ, жарылуучу куралдарды, ок атуучу куралдарды издетʏʏ, массалык башаламандык болгон кезде, топтолоңдо кызмат кɵрсɵткɵн ушул тɵрт багытта иттерди ʏйрɵтɵбʏз. Мындан сырткары кɵчкʏ кɵчкɵндɵ жердин астында калып кеткен адамды таап чыгуу боюнча Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинде атайын иттерди ʏйрɵткɵн багыттар бар. Ошондой эле кылмышкерлерди кармоо багытында ʏйрɵтʏлгɵн иттер болот.

“Карыган иттин кыймылы азаят”

-Иттерди 6 айынан баштап биз кызматка тарбиялап, аларды иштетип, белгилʏʏ бир убакыт ɵткɵн соң эмненин негизинде кызматтан алынат, бул тууралуу бизде атайын китептер бар.  Ɵзʏбʏздʏн ветеринардык кызматкерлер бар, ар дайым иттин ден соолугуна кам кɵрɵт. Иттер 8 жылдан 10 жылга чейин бизде кызмат аткарат. 8 жылдык кызмат кылган ит адам менен салыштыра турган болсок 50-60 жашка чыгып калган кишидей эле болуп калат. Аны 8 жылдан кийин  ден соолугун текшерип, алдыда дагы 2 жыл кызмат кыла алабы, ден соолугу туруштук береби билебиз. Адам катары эле ал дагы ооруйт, жаш ɵткɵн сайын. Эгер ден соолугу жол бербей, жыт билʏʏсʏ басаңдап, кыймыл-аракети солгундап баштаса демек, аны кармап отуруп, зордоп кызматка салуунун кереги жок. Карыган иттин кыймылы азаят. 

“Ургаачы иттер адамды издɵɵгɵ жакшы кызмат кылат”

-Иттердин ургаачысы эркегине салыштырмалуу туруктуу келет. Эркеги бир аз агрессивдʏʏ болот, токтотуу кыйыныраак. Эркек иттер кɵбʏнчɵ баңги заттар менен иштɵɵгɵ жакшы жардам берет. Ургаачы иттер адамды издɵɵгɵ жакшы кызмат кылат. Себеби ургаачы ит адамдын жытынан жакшы таап барат. Ошого ургаачы иттерди издɵɵ иштерине жакшы алабыз. Негизи биздеги кɵбʏрɵɵк пайызды ургаачы иттер тʏзɵт.

“Ит ɵз балаңдай эле болуп калат”

-Иттерди урбай тарбиялаш керек. Урсаң кайсы бир деңгээлде коркок анан артка чегине турган болуп калат. Менде бир ит бар эле, аны урушуп койсом таарынып иштебей коёт болчу. Кайра сылап, сен азаматсың деп тамак-аш берип алдап койсом ɵзʏнɵ келип калчу. Иттер жаш бала сыяктуу алдасаң сɵзгɵ кɵнɵт. Ɵзʏбʏз деле жаш балага мамиле кылгандай мамиле кылабыз. Жакшы сʏйлɵп, эркелетесиң себеби тур, иште деп буйрук бере албайсың. Алдабасаң иштебей коёт. Биздин иште сабырдуулук талап кылынат. Итти ʏйрɵтʏʏ ʏчʏн кɵп убакыт талап кылынат. Ит ɵз балаңдай эле болуп калат.   

Элира Чынтемир кызы