24 апреля, 2024

“Шизофрения айыкпаган оору”

Бир ʏй-бʏлɵ психикалык оорусу бар бир баласынын кандай гана азабын тартат. Алар менен сʏйлɵшʏп, пикир алышуу абдан оор. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ акыл-эси соо адамды да тʏшʏнʏʏ кыйындап бараткансыйт. Ал эми биз сɵз кыла турчу кесип ээлери тагдырдын жазмышы менен психикалык ооруга чалдыккан адамдар менен иштешʏʏгɵ ар бир кʏнʏн арнаган ак халатчандар. Апта каармандары Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун жамааты.

Абдурахман Ɵмʏрзаков, жетекчи:

“Жиндикана дегендин ɵзʏ туура эмес”

-Психика деген кʏнʏмдʏк жашоо аракетибиз. Качан гана ага доо кеткенде адамга баары бир болуп калат. Бизге кайрылган жарандарды 5 жаштан кийин карайбыз. Анткени адамдын психикалык абалы 5 жаштан кийин калыптана баштайт. Дарылануу ʏчʏн кайрылгандардын 75 жаштан ɵткɵндɵрʏ карылык делет дагы аларды ʏйдɵн бир адам сɵзсʏз караш керек. 40 жылдык тажрыйбама таянып айтар элем адам ɵмʏр бою психикалык ооруга кабылбашына кепилдик жок экен. 40 жаштан ɵткɵндɵ кан басымы кɵтɵрʏлʏп же кант диабетине кабылып, психикалык оорунун себебине окшогон кулагына ʏндɵр угулуп же артынан бирɵɵ аңдыгандай симптомдор пайда болушу мʏмкʏн. Бул шизофренияга (ɵнɵкɵт психикалык ооруга) кирбейт. Муну аз убакытта дарыласа болот. Ал эми 18 жаштан 40 жашка чейин болгон шизофрения айыкпаган оору. Бейтап ɵзʏн ɵлтʏрʏʏгɵ чейин барат. Белгилей кетʏʏчʏ нерсе, жакында Т-медиа каналы “Жазадан куткарган жиндикана” аталышындагы журналисттик иликтɵɵ чыгарды. Жиндикана деп жазгандын ɵзʏ туура эмес. Бул кутурма деген сɵзгɵ маанилеш. Анан дагы “Силер соттор менен менен сʏйлɵшʏп алып ал адамды жазадан куткарган жатасыңар” деген айыптоолорду коюшту. Тʏрмɵдɵ отурса да мыйзамда каралган психикалык оор абалдан чыгып кеткенче дарылансын, андан кийин кайра иши карала берет деп. 4-октябрда эки адам асынып алды го. Тʏрмɵдɵ мындай нерсе болот да, тʏрмɵгɵ тʏшкɵнгɵ чейин психикалык оорулуу болгон эмес болсо тʏрмɵ адамга ар кандай таасир этиши мʏмкʏн. Уйкусу келбей, коркуп, депрессиядан улам ɵлʏп алууну ойлой баштайт. Ошол убакта жардам берели десек кʏнɵɵлʏʏ кылып чыгарып коюп атышпайбы. Медицина кызматкерлери болгондон кийин бардык жарандын ден соолугуна кам кɵрʏʏгɵ милдеттʏʏбʏз. Мына ушуларды кенен тʏшʏндʏрсɵм журналисттер сɵздɵрʏмʏ кыскартып отуруп, элге маалыматты ɵздɵрʏнɵ ылайыктап, ортодо бизди жаман кɵрсɵтʏп чыгарып коюптур. Ооруканада 1966-жылдан бери 80 миңдей адамдын картасы бар. Бейтаптардын документи 75 жыл сакталсын деп мыйзамда каралган. Ар бирин ɵтɵ кылдат карайбыз. Каалаган адам келип жатып алып ɵзʏн оорулууга чыгаруусу мʏмкʏн эмес, эч качан андай болбойт.

“Блогер 250 миң сом сурап таң калтырды”

-Анан кайсы бир блогер бейтапты уруптур деген сыяктуу маалыматтарды тиктокко, ютубка чыгарыптыр. Негизи бир тараптуу жыйынтык чыгарбаш керек. Ал блогер “250 миң берсеңер жабам” деп таң калтырды. Медайымдарыбыз 10 миңдин тегерегинде маяна алса бизде  мындай акча кайдан болсун. “Эч болсо 100 миң берсеңер жабам” деп кайра ошентет. Мындай акчага иштеген амалкɵйлɵрдʏ журналист же блогер деп атоого да ооз барбайт. Дарыгерлердин милдети жарандарга жардам берʏʏ. Ансыз да келип кетпей койгондоруна кийимдерди алып келебиз, жуунгандан кийин таза кийинтʏʏ керек го. Дарыланып, абалы оңолуп калгандан кийин жакындары келбей койгондуктан машинага салып алып барсак не алып келдиңер дейт. Мына ушундай тʏйшʏктʏʏ жагын эске албай туруп оорукананы жамандай берген туура эмес. Кийин ар жактан келип текшере беришти, чайыңардын мɵɵнɵтʏ ɵтʏп баратыптыр дегенге чейин барышты. Эки журналисттин чыгарган маалыматы бардык психиатрлардын эмгегин жокко чыгарып жатат, анда бизди жаап салышсын. Ансыз да Украинадагы согушка байланыштуу дары-дармектерибиз убагында келбей кыйналдык. Анан Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып эми дарылар Тʏркия аркылуу келген жатат. Райондордо дары жоктугуна байланыштуу бейтап 10 кʏндɵн кийин кайра ооруканага келип жатпайбы. Милдеттʏʏ медициналык камсыздандыруу фондунун программасы боюнча ар бир жаран жылына эки ирет акысыз дарылана алат. Андан ашык келгендерге дары-дармек бере албайт. Ошондуктан эч болбосо психикалык оорулуулар жылына 3-4 жолу бекер дарылануусуна шарт тʏзʏп берʏʏсʏ боюнча учурда министрликке кат жолдоп жатам.

Нурланбек Акпышаров, директордун дарылоо иштери боюнча орун басары:

“Психикалык оорулар тукум куйт”

-Жакын туугандардын, карын бɵлɵлɵрдʏн баш кошуусунан улам тɵрɵлгɵн балдарда кем акылдуулук жана психикалык оорулардын пайда болуу ыктымалдуулугу жогору. Ошондой эле кош бойлуу аял кɵп стресс болсо, физикалык абалын карабаса же витамин жетишпей, хроникалык оорулары болсо ошонун баары биригип баланын психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Экологиялык кɵйгɵйлɵр, миграция маселесин кошпосок да болбойт. Анткени, акыркы он жылдын ичинде аутизм оорусу абдан кɵбɵйдʏ. Мурда аутизм деп айрым адамдардан гана укчубуз. Азыр айрыкча чет ɵлкɵдɵ жашап, ошол жактан тɵрɵп келген жаш энелердин балдарынан бул оору кɵбʏрɵɵк аныкталып жатат. Ал эми улуу курактагы энелердин тɵрɵтʏндɵ мындай нерсе катталбайт. Бул да изилдɵɵгɵ жата турган маселелердин бири деп эсептейм. Анан туңгуч президент айткандай “ойлон, изден, тап, ɵзʏндʏ ɵзʏң бак” деп азыркы базар экономикасынын шартында канчалаган адамдар жумушсуздуктан стресс болушат, миграцияга кетишет. Ɵнʏккɵн ɵлкɵлɵрдʏ кууп жете албай канчалаган жаштар, ал тургай классында жакшы окуган же колунда бар ʏй-бʏлɵнʏн балдарынан ɵзʏн артта калгандай сезген жаштар суицидге чейин барып, психикалык оорулардын кɵбɵйʏшʏнɵ себеп болушууда.

Негизи жаз-кʏз мезгилдеринде психикалык оорулардан сырткары организмдеги бардык ɵнɵкɵт оорулар гормоналдык ɵзгɵрʏʏлɵрдɵн улам козголот. Биз мындагы бейтаптарды жеңил жана оор топторго бɵлʏп карайбыз. Жеңил тʏрʏн уйкусуздук, тынчсыздануу, бирɵɵ менен эч бир мамиле тʏзɵ албоо, адамдарды каалабай жалгыз калуу сыяктуу белгилер коштойт. Оор психикалык орулуулар кɵбʏнчɵ чындыкка жакындабаган маалыматтарды, кубулуштарды чын деп кабыл алат, жакындарын ашыкча кызганып же тамак-ашка уу кошуп берип жатасыңар деши мʏмкʏн. Улгайып калгандар арасында “мени жакшы карабайсыңар же балдарым кɵчɵгɵ чыгарып койду” деген нааразычылыктар кɵп болот. Бирок тактап келсең эле алардын айткандары чындыкка дал келбей калат. Ошондуктан айрым ММКлар ушундай жагдайларды эске албай, оору тууралуу адистерден сурабай туруп элге туура эмес маалыматтарды берип жатышат.

“Бейɵкмɵт уюмдар темир торлорду адам укугун тебелегендик деп алдыртып салышты эле, бир адам кулап кетип…”

-Психиатрия борборунда студент кезден бери иштейм, быйыл 15 жыл болду. Учурда иштин эң татаал жагы аутизм оорусу барлар менен иштешʏʏ. Аутизмди дарылоо процесси абдан кыйын, кɵпчʏлʏк учурда айыктырууга мʏмкʏн эмес. Психикалык оорулардын жеңил тʏрʏн эртерээк айыктырууга болот. Мисалы, статистика боюнча 2021-жылы биздин борбордо 2 миң бейтап дарыланган болсо, быйыл алардын 300ʏ гана кайрылды. Бул деген убагында алдын алып, оору менен кʏрɵшɵ алгандардын кɵрсɵткʏчʏ. Эгер оору ɵтʏшʏп кетсе ɵнɵкɵт бронхит, астма сыяктуу ооруларды ɵмʏр бою дарылаган сыяктуу эле психикалык ооруну да айыктырууга мʏмкʏн болбой калат. Байкасаңыздар керек, борборубуздун терезелерине темир торлор орнотулган. Мурда бейɵкмɵт уюмдар «темир торлор болбошу керек, бул адам укугун тебелегендик» деп алдыртышкан эле. Кийин бир бейтап тɵртʏнчʏ кабаттан кулап кетти. Ошол учурда анын жанын сактап калуу, башка ооруканага алып барып операция жасатуу, туугандары менен иштɵɵ абдан оор болду. Кудай колдоп, бейтап тирʏʏ калды. Ошондой эле психикалык орулуулар арасында вич инфекциясы жана туберкулез менен ооругандар бар. Алар ʏчʏн психо-туберкулездук бɵлʏм ишейт. Башка бейтаптарга жугуп калбоосу ʏчʏн ар бир аракетин катуу контролго алабыз. Психиатрия борборунда иштегендерге мына ушундай зыяндуу, кооптуу тараптарын эске алып айлык маянага 50% кошумча тɵлɵп беришет. Азыр КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн ичинде Кыргызстанда гана психиатр дарыгерлеринин эс алуусу 42 иш кʏнʏ деп каралган. Ал эми Казакстанда 60 кʏн. Стандартка ылайык бул аралыкта дарыгердин психикасы кайра калыбына келет. Ал эми биз экономикалык абалыбызга жараша 42 кʏн эле эс алабыз. Бул да мамлекет тарабынан жетиштʏʏ деңгээлде кɵңʏл бурулбаганы десем жаңылбайм.

“Кызматкерлердин коопсуздугу каралган эмес”

-Милдеттʏʏ медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан ар бир бейтаптын дары-дармегине финансы жагы эсептелип бɵлʏнɵт. Клиникалык протоколдун негизинде бейтап эң кɵбʏ 35 кʏн дарыланат. Айрымдары 60 кʏн жатат. Себеби алардын туугандары келбейт. Айрыкча кышта бир ʏйдɵ жашагандан кооптонуп алып кетишпейт. Ал эми мында иштегендердин коопсуздугу каралган эмес. Бейтаптар ысык чайды медицина кызмакерлерине куюп салган учурлар катталат. Ал тургай айнекти сындырып сыныгы менен кызматкерлерди сайып алган учурлар да болгон. Айрыкча эпилепсия оорусу барлар ɵтɵ кекчил келип, ɵч алууну кɵп ойлонушат. Мына ушундай окуялардан улам жабыр тарткан кызматкерлер жɵнʏндɵ кɵпчʏлʏк ММКлар эч бир чыгарайын дешпейт.

 Наргиза Шеркозу кызы, аялдар бɵлʏмʏнʏн башчысы:

“Жаш медицина кызматкерлери чыдабай кетип калышат”

-Биздин борбор аялдар жана эркектер бɵлʏмʏ болуп бɵлʏнɵт. Сыркоолуулар эч качан ооруганын моюндабайт. Аларда ɵзʏнɵ-ɵзʏ баа берʏʏ деңгээли жок. Качан гана туугандары алып келгенде алардын макулдугу менен гана борборго кабыл алабыз. Аялдар бɵлʏмʏндɵ деле бейтаптардын ооруп турган учуру болсо, урушуп бири-бирине зыян келтириши мʏмкʏн. Мындай учурда бейтаптын психикалык дартына жараша тиешелʏʏ процедуралар жасалып, дарылар берилет. Ɵкʏнʏчтʏʏ жери жаңы келген медицина кызматкерлеринин кɵбʏ чыдабай кайра кетип калышууда. Иш чынында оор. Атайы чайынма кызматкери да бар. Ɵз алдынча жууна албаган бейтаптарды жуунтуп, кирин жууп карайт. Абалы жакшыраак бейтаптар ɵзʏ жуунуп, кирлерин жууп жʏрɵ беришет. Кɵпчʏлʏгʏ уйкусуздук менен жабыркагандыктан кезектешип тʏндɵсʏ карап чыгабыз. Кʏндʏзʏ оорукананын короосуна чыгып таза абадан дем алып, сейилдеп келишет. Качканга жɵндɵмдʏʏ бейтаптар сʏйлɵшкɵнʏн жʏрʏм-турумунан билинип калат. Аларга жакшыраак кɵңʏл буруп карайбыз. Анткени качып барып машинага урунуп алуусун же башка жарандарга зыяны тийип калуусун каалабайбыз.

Айжылдыз Тойчиева

Фото: Бекмамат Айдаркулов