29 марта, 2024

Комуз уста: “Комузда кыргыздын кубанычы, кайгысы, муңу бар”

Комуз  – элибиздеги эң кɵрʏнʏктʏʏ музыкалык аспаптардын бири. Илгерки замандарда комуз ʏнʏ ар бир кыргыздын боз ʏйʏндɵ жаңырып келсе, ал эми ХХ кылымда чоң концерттик сахнада жаңырган. Комуздун жардамы менен аткарылуучу кʏʏ ɵзʏнʏн маанисинин байлыгы, жанрдык – тематикалык жана ритмдик ɵзгɵчɵлʏгʏ менен уккан-кɵргɵндɵрдʏ кызыктырып келет. Аспапты жасоо да чоң ɵнɵр, ал баарынын эле колунан келе бербейт. Комуз чапкан усталар калк арасында саналуу гана. Алардын бири 15 жылдан бери ата ɵнɵрʏн улантып келе жаткан Жусуп Эргешов. Каарманыбыз комуз жасоодогу сырлары менен бɵлʏштʏ.

“Комуз чабуу ɵнɵрʏ атамдан ɵткɵн” 

-Комуз устачылык кесипке атам тʏрткʏ болду. Себеби атам ɵзʏ комуз чертип, анан анча-мынча туугандарга комуз чаап берер эле. Атамдын аты – Эргеш. Атам ɵзʏ молдо киши болгон, анан эски кʏʏлɵрдʏ кɵп чертчʏ. Мага атамдын ошол ɵнɵрʏ, кесиби калды. Ɵзʏм комуз чапкандан сырткары молдомун, устачылык кылам, бир аз комуз чертем. Мен мынчалык кɵп комуз чабам деген оюмда жок болчу. Атамдын комузу болчу, аны бир туугандар баарыбыз талашат элек. Ошондо шашпагыла, мен ɵзʏмɵ комуз чабам деп сɵз бергем. Туугандардан бирɵɵ ɵрʏк кескен экен, барып алып келип, комузду сомдоп чаап баштадым. Чаап атсам ɵрʏктʏн ичинен комуздун формасы, чара жагы чыгып калды. Ɵтʏп бараткан бирɵɵнʏ чакырып келип, ага кɵрсɵттʏм, ал киши деле таң калды. Бул 1998–жылдар болчу. Комузду бʏтʏп, кыл тагып чертип жʏрдʏм. Кʏндɵрдʏн биринде айылдаш молдо киши келип, “сен комуз чабат экенсиң, менин небереме комуз керек эле” деп калды. Башка чаап берейин десем, “жок, ушул комузуңду бер” деп ɵзʏм чертип жʏргɵн комузду миң сом берип алып кетип калган. Ал кездер кыйын жылдар эле. Чапса болот экен деп бир айда 3-4 комуз чаап, 1500 сомдон саттым. Комузду сатууга эмес, ʏнʏнʏн чыгышына кызыгып калдым. Бир комузду баштаганда эртерээк бʏтʏп, кыл тагып черткенге ашыгам. ʏнʏ жакшы чыкса кубанып калам. 

“Ɵрʏк — дарактардын болоту”

-Базарга барганда комуздарга кɵп кɵз жʏгʏртɵм. Жыгачты кɵп иштеткен уста катары ным болгон комузду дароо байкайм. Комуз кургак болушу керек. Атам “комуз бир жылда кургабайт” деп айтып калчу. Кийин мен ɵзʏм да 3 жылда кургаган комуздарды кɵрдʏм. Ɵрʏктɵн комуздарды даярдоо чоң эмгек. Мында алгач комузга чабылчу ɵрʏктʏ кайнатып, анан чапканга даярдалат. Бул ʏчʏн атайын 7 комуз бир батчу бачок жасагам. От жагып 7-8 саат кайнатам. Жыгачтын майы, чайыры чыгып, суу кыпкызыл болуп калат. Негизи комузду бардык эле дарактан, алмадан, карагай, жаңгак, каражыгач, талдан деле чаап койсо болот. Бирок, ɵрʏккɵ жетпейт. Ɵрʏк комузду азыркы мезгилде чапса жакшы, анткени ɵрʏк уйкуда болуп, суусу тартылып калат. Ал эми жазында кесилген ɵрʏктɵрдʏн кургашы кыйынга турат. Анан кайнатуу зарыл. Кайнатпаса ичинде желими чыкпайт. Кайнаган соң ɵрʏк жеңил болуп калат да, ал кийин жарылбайт. Кайнатылбаган ɵрʏк болсо кийин кʏнгɵ чыкканда жарылып кетет. Кээ бирɵɵлɵр  бир аптанын ичинде чаап бер десе акча кылуу ʏчʏн чаап берип коёт. Бирок, ал кийин моюну кыйшайып кетет. Арты да формасын бузуп, капкакты жарат. Ɵрʏк дарактын болоту болот. Комуздун сырты кандай болсо, ичи да ошондой болушу керек. Баткенде да комузду жакшы чабат. Бирок, базарга эрте алып чыгып коюп, моюндарын кɵп оңдоп-тʏзɵдʏм. Мен акча ʏчʏн эле кылбайм. Оболу элдин ыраазычылыгы болуш керек. Комузда кыргыздын кубанычы, кайгысы, муңу бар. Комуздун тили эле жок. Ошол ʏчʏн муну акчага ɵлчɵбɵш керек деп ойлойм. Комузду черткен адам ырахаттаныш керек. 

“Жаш балдар ʏчʏн карагай комуз жакшы”

-Ɵрʏк ɵзʏмдɵ жок кезде бирɵɵлɵрдɵн сатып алам. Узуну 1 метр, кулачы 27 см болсо, ошондон 2 комуз чыгат. Отун кылам деп айылда кескендер кɵп да.

Жаш балдар ʏчʏн карагай комуз жакшы. Анткени алар комуздун баасын билбейт. Сындырып алат, жаанда кɵтɵрʏп калат. Дайыма чехолдо сактоо зарыл. Жакшылап ʏйрɵнʏп алган соң ɵрʏк комуз алса болот. Комуздун калыңдыгы кырынын ɵлчɵмʏ 6 смди тʏзɵт. Андан кɵп болсо ичине ʏн сактап, сыртка жакшы ʏн чыкпай калат.

Токтогул комуз деген бар. Тарыхта биринчи чыккан комуз ошол, кийин убакыттын ɵтʏшʏ менен бир аз формасы ɵзгɵргɵн. Азыр андай комузду эч ким колдонбой калган. Каалоочулар буюртма берип жасатып калышат. Бир жаш тɵкмɵ акын бала “кичинерээк кылып чаап бериңиз” деп кайрылган болчу.

 “Ɵзʏм каалагандай комуз чаба элекмин”

-Кыргызда кʏʏ менен окуяны сʏрɵттɵгɵн.

Мен комузду укмуштай чаба алам деп мактана албайм. Менде да жетишпестиктер кɵп. Менин кылган эмгегими менден комуз алган кишилер гана баалайт, ɵзʏмдʏн эмгегиме ɵзʏм баа бере албайм. Бʏгʏнкʏгɵ дейре ɵзʏм каалагандай комуз чаба элекмин деп ойлойм.

Абдыкерим Ахмедов деген искусство адамына комуз чаап бергем. Ошондой эле Жолболду Алыбаевдин, Болуш Мадазимовдун комуздарын оңдоп–тʏзɵп жʏрɵм. Бабаравшан Турганбаевге карагай комуз чаап бергем. Комуздарын оңдоп – тʏзɵп бердим.

Тʏзʏлʏшʏ

-Комуздун моюну жаздыкка чейин 33, 33.5см болуш керек. Капкак 39-40 смден 41 сантиметрге чейин болот. Чаранын эни 22смге чейин болуш керек. Чоң комуздардыкы 22см болот. 5-6 комуз чапсаң арасынан бирɵɵнʏн ʏнʏ башкача, ɵзгɵчɵ чыгып калат. Мен анын сырын билбедим. Балким, башка усталар билеттир. Ар бир кулактын ортосу 4-4,5 см, кулак койчу жери 15-17 см болот. Куткун кайыш койгон жери 4 см болсо жетиштʏʏ. Кайыш капкакты кɵбʏрɵɵк басып калса ʏн чыкпай калат. Комуздун узуну 87 см болот.

 Комузду кʏтʏʏ

 -Комузду бардык уста кыйынчылык менен чабат. Бул чоң мээнет. Ошол ʏчʏн комузду да кʏтɵ билʏʏ керек. Ɵзʏ деле оңой акчага келбейт да. Ар дайым чехолдо болушу керек. ʏйгɵ алып келгенде тамак бышырган, чай кайнаткан бɵлмɵгɵ койбоо зарыл. Себеби комуз кургак болгон ʏчʏн нымды тартып алат. Жыйынтыгында комуз калыбынан  кете баштайт. Ɵрʏктʏн боегу ɵзʏндɵ, ага ɵң берилбейт, анткени ɵрʏк ɵзʏ кызыл. Моюну кыйшайбоосу ʏчʏн жаткырбай дайыма тикесинен турганы жакшы  же илинип турганы оң. Балдарга карматып койбоо кажет. Сууктан ысык ʏйгɵ киргенде да дароо ысык ʏйгɵ алып кирбегиле. Башка бир бɵлмɵдɵ туруп, анан ысык ʏйгɵ кирсе жакшы болот. Кʏнгɵ да койбоо зарыл. Кʏн да терс таасирин тийгизет.

Койдун ичегисинен кыл жасагандар болсо керек. Садабай Шабданов деген киши ɵзʏ чаап, ɵзʏ кылды жасап чертет. Койдун, эчкинин ичегисинен жасалган кыл тез эле тытылып кетет. Нейлон, жибектер колду оорутуп коёт. Мен 0.7 деген ɵлчɵмдɵгʏ кылдарды колдонуп жʏрɵм. Карагайларга 0.6 такса да болот. 

Элира Чынтемир кызы

Фото: Сыдык Токонов