23 апреля, 2024

“Эч бир ата баласына жамандык каалабайт!”

Мындан кɵп жыл мурун эрте жаздын салкын соккон кʏндɵрʏнʏн биринде айылда болгон окуя. Чоң ата адаттагысындай кɵкʏрɵгʏнɵ жеткен ак сакалын сылап, бир нерсенин тʏбʏнɵ жетʏʏгɵ аракет кылгансып терең ойлонуп олтурат. Чыныгы ак сакал адамдын сʏйлɵгɵнʏ таалим- тарбиялуу сɵз, караганы сʏрдʏʏ, ал эми унчукпай отурганы керектʏʏ нерселер жɵнʏндɵ ой жоруп олтуруу керек экендигин чоң атадан байкадым. Ал аз сʏйлɵчʏ, бирок сʏйлɵгɵндɵ да саз сʏйлɵчʏ. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ андай адамдар азыр арабызда азаюуда. Жанына барсаң жети атаңды сурап, ата- энеңдин ал- акыбалын сурап, учурда эмне менен алек болуп жатканына кызыгып, арада кеп-кеңешин, наасатын айтып, аягында колун жайып батасын берген аксакалдарыбыз аябай эле азайып бара жаткандай сезилет… Замандын талабы деген куру шылтоо менен толгу менен материалдашып кеткен же болбосо заманбап болуу деген болбогур ой менен колуна шарап алып бата иретинде тост айткан улууларды кɵрʏп замана кайда баратканын тʏшʏнбɵй да кетесиң.

Атам менен араздашып, кантсе да атама урматсыздык кылганымды билип, жан дʏйнɵм азап тартып ʏйгɵ батпай койдум. Короодо ары- бери басып жʏрʏп короонун да, ʏйдʏн да мага тар келип жатканын сездим. Эмне кыларымды билбей, аягында чоң атамдын жанына барып, жакшы наасатка чаңкап турган жан дʏйнɵмдʏ сугарып алууну чечтим. Жол бою эч нерсени деле ойлогон жокмун.  Болгону мындан бир саат мурун “Тиги балдар менен достошпо!” дегендиги ʏчʏн атам менен араздашып кеткениме, эмне болгон чакта да атама катуу каяша айтканыма ɵзʏмɵ- ɵзʏм ачуум келип бараттым. Ойго батып баратып чоң атамдыкына кантип жеткенимди ɵзʏм да билбей калыптырмын. Ал кезде чоң атам атамдын эң кичʏʏ иниси менен бирге турчу. Алар менен учурашкандан кийин чоң атамдын адатта олтурган бɵлмɵсʏнɵ кирдим. Адаттагысындай сындуу карап сʏрдʏʏ олтуруптур. Мени кɵрʏп мурдагысынан дагы да ойлуу карады.

    Мен болсо талп этип чоң атамдын жанына кɵчʏк басып олтуруп алдым да ʏн сɵзсʏз   олтура бердим. Чоң атам болсо бир саамга ойлуу олтурду да анан мага карап бир окуя айтып бере баштады:   “Балам, эсиме келген кезде сага бир окуя айтып берейин.  Бул жомокто болгон окуя эмес, болгондо да Кокон  хандыгынын учурунда болгон окуя.  Ошол кезде бир чоң бай жашаган экен. Атагы алыска кеткен, байлыгына сан жетпеген бул адамды баары билип, сыйлашчу дешет. Ахмад бай деген бул адамдын да жашоодо бир арманы болуптур. Кɵрсɵ колунда бардык нерсеси бар болгонуна карабастан анын баласы ɵтɵ тарбиясыз, жеп- ичкенден жана чардагандан башканы билбеген адам экен. Ɵзʏнʏн бузуку досторуна кошулуп алып чардап жʏрɵ берчʏ экен дешет. Атасы канча жолу ал досторунан узак туруусун кааласа да баласы такыр кулак салбай, алар менен чыныгы досторум.  Жакшы кʏнʏмдʏ да, жаман кʏнʏмдɵ да мени менен бирге болушат, мени жарым жолдо  таштап кетпейт деп айтчу экен. Мына ошентип арадан жылдар ɵтɵт. Ошончо убакыт боюу баласынын же бир кесип ʏйрɵнбɵй, же атасынын кылганын ʏйрɵнбɵй, же пайдалуу илим албай болгону атасынын маңдай тери менен тапкан акчасын суудай чачып жʏрɵ берет. Дʏйнɵгɵ келген ар бир коноктун кете турган убакыты бар дегендей, Ахмат бай да кʏн жетип аябай картаят. Дʏйнɵдɵ кɵптʏ кɵргɵн, нечендеген жерлерди кыдырган бул адамдын  ɵлʏм астында жʏрɵгʏн ɵйʏгɵн жалгыз маселе жанагы эле баласы. Акыры баласын жанына чакырат да: “Балам, менин жашым ɵтʏп калды.  Бул жалганда кɵп деле жашай турган убактым калбай калганын сезип турам. Мен сага артымда калган байлыкты бул баштыкка салып койдум. Бул баштыкты ʏнɵмдʏʏ пайдалансаң, сага кɵпкɵ чейин жете турган алтын бар. Бирок жанагы бузуку досторуңа кошулсаң мага ишенип кой, бир канча айда колуңда бир тыйын да калбайт. Андан кийин сенин дос деп билген адамдарың  баары сага карабай да коюшат. Ушунча жылдан бери досум деп жʏргɵн адамдарыңдын чыныгы жʏздɵрʏн ошондо кɵрɵсʏң. Жада калса бир кʏн келет, ал кʏнʏ жегенге нан таппай ошол адамдарга барсаң, алар сага эшиктерин да ачпай коюшат. Жашың бир топко келгенине карабастан курсагыңды тойгузуп, ырыскыңды таба турган эч нерсе ʏйрɵнгɵн да жоксуң. Балам, сага керээзим, сенден ɵмʏрʏмдɵ бир гана жолу суранарым, эгер бир кʏн жегенге нан таппай калсаң курсагыңды тойгузуу ʏчʏн арам жолдорго барба. Андан кɵрɵ аркы бɵлмɵдɵ сен ʏчʏн жипти илип даярдап койдум, ошол жипке асынып ал!”  деп айтат да жаныңда турган алтын толо баштыкты уулуна узатат. Дайыма эле жаш бойдон жʏрɵ бере тургандай болгон бала атасынын картайып калганынан да, азыркы айткан сɵздɵрʏнɵн да кɵп таасирленбейт. Болгону баш ийкеп “макул ата, сиздин айткандарыңызды аткарам” деп коёт.  Ошентип арадан бир канча кʏн ɵтпɵй эле атасы каза болот. Атасы ɵлʏп, эми ɵзʏ токтолоор бекен деген эненин ʏмʏтʏ текке кетет.  Анткени бала мурункусундай эле кара жыландай болгон достору менен чардап жʏрɵ берет. Бирок качанкыга чейин чардамак эле. Кɵп ɵтпɵй колундагы алтындар да тʏгɵнɵт. Башта сезилбегени менен кʏн ɵткɵн сайын акчасыз ɵзʏнʏн досторунун алдында такыр кадыр- баркы жок экенин тʏшʏнɵ баштайт. Мурун дос деп жʏргɵн адамдары эми жолдон кɵрʏшʏп калганда жʏз буруп кетмей болот. Бара- бара атасынын айткандарынын канчалык туура экендигин байкай баштайт. Бир кʏнʏ   жегенге бир тиштем нан таппай калган бала досум деп билген ар бир адамдарынын ʏйлɵрʏнɵ чейин барат. Бирок анын да куру убарагерчилик экендигин тʏшʏнɵт. Атасынын сɵздɵрʏнɵ кулак салбаганына арман кылат, бирок арман кылгандан не пайда. Чачын жулуп салчудай болуп манжалары менен башын кысып кучактап олтурган бала ɵмʏрʏндɵ бир да жолу атасынын айткандарын аткарбагандыгына ыза болот.

 Ошентип отурган жеринен атасынын керээзин эстейт.  “Жок дегенде атамдын керээзин аткарып ɵзʏмдʏ- ɵзʏм асып салайын” деп айтылган бɵлмɵгɵ кирет. Ɵлʏмдʏ мынчалык жакындан сезбеген бала башында селдейип бир убакка чейин асылып турган жипти карап турат. Аягында бʏт кʏчʏн топтоп бутунун астына коюлган дɵңгɵчтʏн жардамы менен мойнун жипке салат да, буту менен дɵңгɵчтʏ тээп жиберет. Кɵзʏ караңгылап, эс учун жоготуп баратып демек ɵлʏм деген ушул тура да деген ой кетет… 

Арадан бир канча саат ɵткɵндɵн кийин бала кɵзʏн ачса жанагы эле бɵлмɵдɵ жатат.  Эмне болуп кеткенин ɵзʏ да тʏшʏнбɵй аркы- берки жагын караса бɵлмɵдɵ жайнаган алтындар, баалуу таштар жатат. Тʏшʏмбʏ же ɵңʏмбʏ деп эмне болгонун дагы эле тʏшʏнɵ албай жаткан бала жайнаган алтындын арасында атасынын калтырып кеткен катты окуганда гана тʏшʏнɵт. Катта мындай деп жазылган экен: “Балам, эч бир ата ɵз баласына жамандык каалабайт. Кантип эле мен сага ɵз ɵмʏрʏңдʏ кыюуну айтмак элем. Болгону, башка чара калбай калганынан улам ушундай жолго барууга аргасыз болдум. Эгерде бул катты окуп жаткан болсоң анда дос деп билген адамдарыңдын чыныгы дос эмес экендигин ɵзʏң да жакшы тʏшʏндʏң окшойт. Мына эми сага калтырып кеткен бул байлыкты колдонуп, ɵзʏңɵ жакшы жашоо кур. Апаңды да асырап кара. Ага кызмат кылуу менен буга чейинки кылган кʏнɵɵлɵрʏңɵ кечирим ʏмʏт кылсаң болот.” Ошол кʏндɵн тартып бала атасынын берген бир ɵмʏрлʏк наасатын бек тутуп, татыктуу жашоо жашап калган экен”,- деди да чоң атам мага кайрылып: “Уулум, эч бир ата баласына жамандык каалабайт!” деп жылмайып койду…

Сыдык  Токонов