8 сентября, 2024

Карапачы уста (керамист) Зафарбек Матмусаев: “Карапа менен иштɵɵ ушунчалык ырахаттуу эс алуу”

“Каалагандай жакшы ɵмʏр сʏрɵм десең, ɵзʏңɵ жаккан иш менен алек бол” дешет. Жакшы жашоонун бир гана тʏбɵлʏктʏʏ эрежеси ушулдур. Бирок ɵмʏрдɵ ɵзʏңɵ жаккан иш менен алек болуп, ɵзʏң каалагандай жашоого тоскоол боло турган нерселер кɵп. Айланаңды жана ɵзʏңдʏ жеңип жашоо бʏгʏнкʏ кʏндɵ – эрдик. Жетимиш ɵнɵрдʏн ичинен ылайды камырдай жууруп карапа жасаган ɵнɵр ээси Зафарбек мырза да эрдик кылыптыр дедим…

Керамика деген эмне?

Керамиканын кыргызчасы “карапа” деп аталат. Керамика сɵзʏнʏн мааниси байыркы грек тилинен “керамос” деген сɵздɵн келип чыккан. Башкача айтканда, “ылай” деген маанини берет. Керамика ɵтɵ байыркы кол ɵнɵрчʏлʏктʏн катарына кирет. Тактап айтканда, 30 миң жылдай илгери биринчи керамика башталган. Анда баары колдо жасалып, кийинчерээк 5 миң жылдай мурда карапа айлампасы пайда болгон. Керамика бул – чоподон жасалган идиштердин баары. Идиш эле эмес, азыр заманбап керамикалар да кенен тараган. 

Керамикага баштапкы кадам…

-1979-жылы Ɵзбекстан Республикасына караштуу Андижан облусунда колхозчунун ʏй-бʏлɵсʏндɵ тɵрɵлʏп-ɵстʏм. Азыр Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл ɵкмɵтʏнʏн Гʏлбаар айылында жашайм. 4 баланын атасымын. ʏй-бʏлɵдɵ бир туугандарымдан мен ушул ɵнɵрдʏ аркалап калдым. 1993-жылы ОшМУда “Алтын ɵрɵɵн” чыгармачылык борбору ачылды. Кийин таякем Сахабидин Мурзаев Россия федерациясынан окууну аяктап келип, ОшМУнун астында сʏрɵтчʏ- керамист жана сʏрɵтчʏ-модельер адистигин ачкан. Керамиканын баштапкы кадамын, сырларын ошол убакта баштаганмын. Ал жерде 3 жыл окуп анан ОшМУнун искусство факультетине тапшырдым.

Керамика мен ʏчʏн…

-Качан гана “карапа айлампасына” (гончарный круг) отурган кезде бул иштин ушунчалык ырахаттуу эс алуу экенин сезем. Кимге кандай билбедим, бирок муну бир нерсеге салыштырыш керек болсо, мен наркотикке салыштырат элем. Кудум ошондой. Ɵзʏнɵ тартып турат. 

Менин жашоомдо керамиканын орду чоң. Себеби, турмуш-тиричиликке керектʏʏ болгон бʏт буюмдар ɵзʏңдɵн чыгат. Пластик идиштерге караганда экологиялык жактан таза. Андан тышкары, бул ɵнɵр аркылуу кɵптɵгɵн чыгармачыл адамдар менен таанышып, кɵп нерселерди билдим. 2000-2005- жылдары АКШдан Ларсондор ʏй-бʏлɵсʏ (Гретчен Ларсон-Рон Ларсон) менен таанышып, алар менен тажырыйба алмаштык. Кɵп нерселерди билдим. Бир топ кɵргɵзмɵлɵргɵ барып катышып келдим. “Кыргызстан-Экспо” кɵргɵзмɵсʏнɵ 1999-жылы жазда, 1999- жылы кʏздɵ катыштым. 2000-жылдары алтын медалдын ээси болдум. Гановердеги(Германия) кɵргɵзмɵдɵ дагы биздин ɵнɵрдʏ баалап, алтын медалды ыйгарышты. Кытайда болуп ɵткɵн кɵргɵзмɵнʏн жана дагы башка кɵптɵгɵн кɵргɵзмɵлɵрдʏн катышуучусу болуп жʏрɵм. Атайын кызыгып издеп келгендер кɵп болот. Алардын арасында чет элдиктер кɵп. Мен жасаган эмгектер “Поле чудеске”, Югославияга, Тʏркия, АКШ, Германия, Россия, Казакстан ж.б. кɵп эле жерге кеткен. 

Карапага жарай турган топурак…

-Карапага жарай турган топуракты “чопо” деп атап коёбуз. Бардык эле топурак жарай бербейт. Ноокаттын чопосу жана гʏл ботосу ɵтɵ туздуу болгондуктан, Ɵзгɵндɵн алып келебиз. Ɵзгɵндɵгʏ Кара-Дарыянын жээгинен жуулган тазасы табылат. Ɵзгɵн чопосу Кыргызстанда топурактын эң жакшыларынан. 

   Элибизде ɵнɵр ʏйрɵнɵм деген дээринде бар жаштар кɵп. Мага шакирт тʏшʏп, ʏйрɵнʏп, бирок азыр турмуш шартына байланыштуу ар жерде иштеп жʏргɵндɵр бар. Телефон аркылуу байланышып турабыз. 

Эмнелерди жасаса болот?

-Чоподон практика жʏзʏндɵ бардык ойго келген нерсени жасай берсе болот. Эргʏʏгɵ карап, оюма эмне келсе жасай берем. Чоң карапалар, тарелкалар, чай сервиздери, кичинекей сувенирлер жана “карандашник” деп коём, калем салгычтар жана башка кɵп буюмдарды жасайм. Кɵбʏнчɵ мамлекеттик ишкана, мекемелер менен иштешебиз. Ɵздɵрʏнʏн логотип, гербдерин тʏшʏртʏп, сувенирлерге буйрутма беришет. Бишкек менен кɵп иштешип келем. 

Чʏнчʏп кетпей, элди кызыктырып…

-Адамдын колунан бир иш келсе, ɵнɵрʏң болсо, бардык ɵнɵр менен жакшы киреше таап, ɵнɵрʏңдʏн мыктысы болсоң болот. Керек болсо, ʏй-бʏлɵндʏ бакканга да жетишесиң. Мен керамика менен мезгилинде жакшы эле киреше тапкан кʏндɵр болгон. Баштаган жылдары эч ким билбегендигине байланыштуу кыйын болду. Бирок, чʏнчʏп кетпей, ɵжɵрлʏк кылып жʏрʏп заман талабына ылайык кылып, элди кызыктырып, жаңы керамиканын кооздугун кɵрсɵтʏшкɵ аракет кылдым. Азыр кудайга шʏгʏр, жакшы эле акча тапса болот деп айта алам. 

Баштаган болсоң кайра сɵзсʏз кайтып келесиң…

-Узак жакка ɵтɵ кɵп убакытка кетип кɵргɵн эмесмин. Бирок, бир аз алыстап жʏрʏп калсам кадимкидей сагынып калам ишимди. Ɵзʏнчɵ эле жарымыңды бир жерге калтырып койгондой сезим боло берет. Жогоруда айткандай, бир баштап алсаң, кайра сɵзсʏз кайтып келесиң. Бул ɵнɵрдɵн кетип калууга болбойт. 

Мындан сырткары азыр Араван архитектурасында эмгектенем. Мамлекеттик кызмат болгондуктан керамикага азыраак колум тийип, азыраак кɵңʏл буруп калдым окшойт. Керамика мен ʏчʏн хобби. Ошондуктан ʏйгɵ кичинекей цех (мастерской) ачайын деген оюм бар. 

Бʏкалча Маматали кызы