12 апреля, 2024

Каляк – тʏштʏк аялдарына таандык баш кийим

Улутту улут кылып турган анын тили жана каада-салты. Ата-бабаларыбыз нечендеген кылымдардан бери кыргыз аттууну жер бетинен ɵчʏрбɵй баалуулуктарын муундан-мунга ɵткɵрʏп келе жатат. Мындай улуу милдетти аткарууда айрыкча кол ɵнɵрчʏлɵр ɵзгɵчɵ мааниге ээ. Ташкулова Шарипа, Философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз-ɵзбек эл аралык университетинин окутуучусу, Кыргызстан кол ɵнɵрчʏлɵр кеңешинин Ош шаары боюнча тɵрайымы, этнодизайнер.

“Апам да, чоң энем да чебер болгон” 

-Балалыгым Алай районунун Сары-Могол деген айылында ɵттʏ. Ак кар, кɵк муздуу улуу Ленин чокусунун тʏбʏндɵ жайгашканбыз. Ошол жерде кыргыздын кɵптɵгɵн ɵнɵрлɵрʏ сакталып калган. Анын ичинде кийим-кече, баш кийимдерди тигʏʏ да бар. Мисалы, менин апам да, чоң энем да чебер болгон. Кичинекейимден ошолордун жасаган иштерин кɵрʏп, аларга жардам берип чоңойдум. Чоңойгондо кайра эле кол ɵнɵрчʏлʏк багытын тандап, бул мага ылайык кесип экенине кɵзʏм жетти. Мугалимдик кесипке кошо эле ушул тармакты алып кеттим. 2014-жылы апам аялдардан куралган “Ууз Даткалар” деген ишкана ачкан. Ошону менен ишибизди андан ары улап кеттик. Ɵнɵр бул кыргыздын дээринде, канында бар нерсе. Сурап келсең ар бир кыздын шык-жɵндɵмʏ бар. Ошону кайсы бир деңгээлде ойготуп, алып чыгыш керек деген максатты койгонбуз. Бʏгʏнкʏ ааламдашуу доорунда ɵзʏбʏздʏн уңгубузду, ɵздʏгʏбʏздʏ таануу жана ага кайтуу замандын талабы деп айтар элем. Батышты деле, чыгышты деле туурабай кыргыз эле бойдон калып, кыргызчылыгыбызга кайтсак суктанаарлык эл экенибиз талашсыз. Мисалы, биз ар кайсы ɵлкɵдɵн келген туристтер менен иштешебиз, алардын кɵз карашында такыр башка элбиз. Болгону биз ɵзʏбʏздʏ ɵзʏбʏз баалабай жатабыз. Ɵзʏбʏздʏ баалаш ʏчʏн ɵнɵрлɵргɵ кайтуубуз абзел деп ойлойм.

Калякты изилдɵɵ 

 Каарманыбыз акыркы 10 жылдан бери тʏштʏк аялдар салттуу кийимдерин, баш кийимин изилдеп келе жатат. “Ууз-Даткалар” коомдук бирикмеси калякты жана улуттук кийимдерибизди кийип алып ар кандай иш чараларга, фестивальдарга барып калышса жергиликтʏʏ эле кыргыздар “Силер Оогандан же Кытайдан келдиңерби?” деген ыңгайсыз суроолорду беришчʏ. Бул кɵрʏнʏш аларды ойлонууга, изденʏʏгɵ, далилдерди издеп табууга тʏрткʏ берип, 2011-жылы кыргыздын салттуу баш кийими калякты изилдɵɵнʏ башташкан. Аялдардын бул ɵзгɵчɵ баш кийими кимдерге таандык, аны качан кайда кийишкен деген суроолорго жооп издɵɵ менен кытайлык кыргыздарга, Вандагы, Мургаптагы этникалык кыргыздарга да барып келишкен. Эмгектердин натыйжасында калякты кɵбʏнчɵ ичкилик уруусундагылар кийгени маалым болду. 

-Биздин айылда “каляк” деп аталган баш кийим сакталып калган. Ичкиликтерче “калак”. Кийин терминологиясын бир аз ɵзгɵрткɵнгɵ туура келди. Кыргыздар башка ɵтɵ маани берген калк. Анын ичинде аялдардын баш кийимине ɵзгɵчɵ маани берилген. Баш кийимдер керек болсо адамдын статусу, уруусу, жерлиги, аймагы тууралуу бардык маалыматтарын камтып турган. Каляк жɵнɵкɵй баш кийим эмес. Мен качан гана айылдарды кыдырып, апалар менен баарлашканда алар “мен мына урууданмын, бизде калякты мынтип орошчу экен” деп кɵрсɵтʏп, маалыматтарын беришкен. Тʏштʏк аялдарынын баш кийими деп айтабыз. Себеби тʏндʏктɵ элечек болгону анык. Каляктын орому кɵлɵмʏнɵ жараша батис, ыстанбул, дакиден же ак сурптан жасалган. Жашоо-шарты анча жакшы эмес ʏй-бʏлɵлɵрдɵ бɵздɵн же марлиден деле орошкон экен. Учурда биз Индиянын малмал деген кездемесин атайы буюртма менен алдырып, жасайбыз. 

 Каляк 3 компоненттен турат

Бул баш кийим кызды турмушка узатып жатканда колдонулат. Каляк 3 компоненттен турат: кеп такыя, ичинен кийилип, эки жаагын, чачтарды жабат. Саймалар менен шɵкɵттɵлʏп кооздолот. Кийинки компонент бул ором. Элечекти орогон сыяктуу эле ором 5 метрден 40 метрге чейин болот. Каляктын элечектен айырмасы маңдайы оркоюп, алдыга чыгып турат. ʏчʏнчʏсʏ сыртынан жапкан дʏрʏя жолук.

“Аял ааламды кармап турат”

-Аял жɵн эле тукум улоочу бир жɵнɵкɵй зат эмес. Бул тарыхты сактоочу, бʏт ааламды сактап турган жан. Баарыбызга белгилʏʏ болгондой элечектин, каляктын орому абдан чоң оролуп, аппак тоону элестетет. Демек аял тоодой жоопкерчиликти мойнуна алган. Тʏркияда Тажигʏл Кʏндʏз деген сʏрɵтчʏ эже ɵз эмгегинде аялдын баш кийими ааламды кɵтɵрɵт деген философиялык маанини берген. Биздин “Ууз-Даткалар” коомдук бирикмесинин логотиби да ошол идеядан алынган. Тагыраагы, элечектин ʏстʏнɵ алты материктин сʏрɵтʏ тʏшʏрʏлгɵн. Калякты турмушка чыгып жаткан кызга орогондо айылдын сыймыктуу, ʏй-бʏлɵсʏ бекем, бала-чакалуу аялдарын чакыртып келип оротушкан. Андан кийин аял аны бала тɵрɵлʏп калса чулгоо катары, бирɵɵнʏн бир жери сынса таңуу катары, кокус адам жолдо кайтыш болсо кепин катары колдонгон. Мунун баары аялдын башында болуп жатпайбы. Бул бир жагынан сулуулук катары, аялдын боюнун тʏз алып жʏрʏʏсʏнɵ себеп болгон. 

“Кептакыя, дʏрʏя жоолук кенен тарап калганын байкадым”

-Кыргызстандын ичинде жана сыртында 2010-жылдан бери ар кандай кɵргɵзмɵ фестивалдарга катышып жʏрɵбʏз. Алгачкы жолу Бишкек шаарындагы кол ɵнɵрчʏлɵрдʏн кɵргɵзмɵсʏнɵ барганбыз. Ошондон кийин каляк жɵнʏндɵ коомго бир топ жарыялар кетти. Ош шаардык мэриясы менен дайыма тыгыз иштешебиз. Кɵчмɵндɵр оюндарына катышып ар дайым байгелʏʏ орундар менен келип жʏрɵбʏз. Чет ɵлкɵлɵрдɵн Азербайжан, Сауд Аравиясы, Ɵзбекстан, Тажикстан жана башка бир топ ɵлкɵдɵгʏ иш чараларга катыштык. 2019-жылы ушул формага басым жасап, аны жайылтуу максатында Ленин чокусунда ɵткɵн “TooFest” фестивальында бир сааттык программаны алып, режиссёрлору менен биргеликте уюштуруп, чоң кɵргɵзмɵ ɵткɵрдʏк, ошондон кийин каляктын дагы жакшыраак таанылып калды. Быйыл дагы катыштык. Акыркы жолу Чуңкурчак жайлоосуна барганыбызда кептакыя, дʏрʏя жоолук кенен тарап калганын байкадым. 

“Батыш эмес, чыгыш эмес, ɵзʏбʏзгɵ ɵзʏбʏз эле керекпиз” 

-Бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ кыргыздын абалы жарымы батышты, жарымы чыгышты туурап кетти деп бири-бирибизди кʏнɵɵлɵп жатабыз. Бирок ɵзʏбʏздʏн ким экенибизди таанып билбей жатабыз да. Баарыңыздарга белгилʏʏ болгондой азыр жоолукчан кыздарыбыз кɵбɵйдʏ. Менин максатым ошол кыздар кыргыз орнаментин кошуп, ɵзʏбʏздʏ салтты, касиеттерди алып жʏргʏдɵй деңгээлге жеткирʏʏ. Бул боюнча улуттук баалуулуктарыбзды жаштарга жеткирʏʏдɵ иш алып баруудабыз. Мектептер менен иштешип, мастер-класстрады ɵткɵрʏп келебиз. Ал жерде апам баш болгон бардык чеберлер билгенин жасап кɵрсɵтʏп, маани-маңызын тʏшʏндʏрʏп беришкен. Кубантаарлыгы, аракетибиз окуучуларга абдан жакшы таасир эткендиги. 2020-жылы “Аруузат” аталышындагы куурчактар коллекциясы коомчулукка абдан таанылган. Куурчактар аркылуу аялдардын жаш ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ карап кийине тургандыгын бергибиз келген. Алдыда дагы бир топ пландарыбыз бар. Биз улуттук баалулуктарыбызды жаштарга берип калбасак алар каякты тааныса ошолмаданиятка бурулуп кетиши мʏмкʏн. Демек, бизде ɵнɵр ээлеринде, дизайнерлердле чоң жоопкерчилик бар. 

Бʏгʏн мен илимий изилдɵɵчʏ катары, докторлук темам “кыргыздын салттуу билимдери” боюнча изилдеп жатып айылдагы апалардан барып сурашым мʏмкʏн, “жаштыгыңызда кандай кийинчʏ элеңиздер?” деп. Алар шашпай отуруп баарын айтып беришет. Эртең 50 жылдан кийин дейли э, ушул кыздарды чакырып алып, кандай кийинген элеңер десең “биздин убакта жɵнɵкɵй эле жолук оронуп жʏрдʏк эле” деген болбошу керек. Албетте, жолукка каршы эмесмин, бирок, кыргыздар илгери эле жабык болгон. Кыздарыбызды кантип, массалык тʏрдɵ, практиикада жолукту ороп чыгып кеткен сыяктуу кʏнʏмдʏк турмушта кɵчɵгɵ кийип чыгып кеткенге ылайыктуу кийимди иштеп чыгышыбыз керек, бул жалпы дизайнерлерге таандык. Мени эң ойлондурган кɵйгɵй ушул. Батыш эмес, чыгыш эмес, ɵзʏбʏзгɵ ɵзʏбʏз эле керекпиз. Азыркы муун эртеңкиге кɵпʏрɵ. Алар менен кɵбʏрɵɵк иштегенге туура келип жатат. 

Айжылдыз Тойчиева